Жетинчи сан

КЫЯМАТ КАЙЫМ КҮНҮНҮН СӨЗСҮЗ БОЛООРУ ТУУРАЛУУ УЛУУ КИТЕП КУРАНДАГЫ ЖАН ХАДИСТЕРДЕГИ АЙРЫМ КАБАРЛАР (.КЫСКАЧА)
Мазмуну
Кыяматка ишеним
Кыямат Күнүнүн сөзсүз болооруна ишенүү – имандын алты шартынын бири жана исламдык дүйнөтаанымдын негизи. Кыямат Күнүнүн сөзсүз болоору тууралуу Аллахтын бардык пайгамбарларынын баары: Адам-Атадан баштап, Нух да, Худ да, Салих да, , Ибрахим да, Исмаил да, Шуайб да, Сулайман да, Даут да, Юсуф да, Юнус да, Муса да, Иса да... ж.б. пайгамбарлардын баары-баары кабарлашкан. Маселен, Нух алейхи салам мындай деген: «Аллах-Таала силерди өсүмдүк сыяктуу эле жерден (топурактан) чыгарды. Кийин Ал силерди кайра топуракка кайтарып, ал жерден кайра тирилтип чыгарат» (Куран, «Нух»:17-18). Ибрахим алейхи салам: «(Жансыз нерселерден жасалган бардык эстелик) идолдор – менин душмандарым. Менин Кудайым – мени жараткан, туура жолго багыттаган, ичирген, тойгозгон жалгыз Кудай – Аллах-Таала! Ал мен ооруп калсам айыктырат. Ал мени өлтүрүп, кийин кайра тирилтет. Ал Кыямат Күнү, – үмүт кылам – күнөөмдү кечирет» – деген (Куран, «Аш-шуара»: 77-78).
Аллах-Тааланын Өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Курандан Кыямат Күнү, акыретте – түбөлүктүү тигил дүйнөдө болуучу окуялар тууралуу кабардалбаган бетти табуу абдан кыйын.
Кыямат Күндүн сөзсүз болооруна ишенүү – мусулман адамга адам баласынын жашоосу жердеги убактылуу ушул жашоо менен кош айтышкан соң эле бүтүп калбасынан, адам өмүрү түбөлүктүүлүккө чейин улануучу нерсе экенин булганбаган акыл менен аңдап, таза жүрөк менен чындап түшүнүүгө жардам берет. Кыямат Күнгө ишенүүнүн аркасында мусулман өз аракеттерине баа берүүдө бул убактылуу дүйнөнүн критейийлерине гана таянуудан кутулуп, адам жашоосун толук камтыган түшүнүккө ээ болот. Ар бир аракетин келечектеги түбөлүктүү жашоонун таразасы менен өлчөөнү үйрөнөт. Мындай адамдын дүйнөтаанымы жер түйшүгү менен гана чектелген ой жүгүртүүлөрдүн орбитасынан алдаганча кеңири масштабга чыга алат. Мындай адам кыйынчылыктар менен жокчулуктардын азабын Аллахтын жардамы аркасында сабырдуулук менен жеңил жеңип чыгып, азга топук, барга каниет кылууну, Аллах-Таала берешендик менен берип жаткан ырыскы-нематтарды, айкөлдүк көрсөтүп жаткан жакшылык-ырайымдарды баалай билүүнү үйрөнүп, акыреттеги түбөлүктүү жашоонун жыргалынан кур калбоодон үмүттүү жашоо кечирет. Сахабалардын бири Сухайб ар-Руминин ривайат кылганы боюнча Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи салам: «Имандуу мусулмандын абалы таң калыштуу мыкты!: Ал башынан кечирген бардык окуялардан пайда менен гана чыгат жана мындай абалды Аллах мусулмандан башка эч кимге буйруган эмес. Эгер мусулман кубануучу жакшылыкка жетсе, ал Аллахты алкайт да, көп соопко ээ болот, Эгер ага кырсык келсе, сабыр кылып кайра эле сансыз соопторго ээ болот!» деген (мухаддис Муслим).
Акырет жашоосуна ишенүү аркылуу мусулман сооптуу жакшы иштерди айкөлдүк, кең пейилдик менен жасап, Жараткан Аллахка чын дилден берилип ибадат кылып, күнөө иштерден качып, айланасындагыларга жакшылык кылууну көбөйтөт. Андай такыба, жакшы мусулман Аллах-Тааланын: «Кудайыңар Аллах-Тааланын кечиримине жана кенендиги асман менен Жердей болгон Бейишке умтулгула. Бейиш ким Аллах-Таалага иман келтирип жана Анын пайгамбарларына ишенгендер үчүн камдалып коюлган» (Куран, Ал-Хадид:21) деген чакырыгына чын дилден кылынган ибадаты менен жооп берет.
Анан да, момун мусулман адам айланасындагы адамдарга жакшылык кылуу менен эле чектелбестен, Аллах жараткан бардык жан-жаныбарларга да ырайымдулук менен кам көрө мамиле кылат. Буга 40 мамлекет баш ийген улуу мусулман халифатынын атактуу адилет падышасы Умар ибн Хаттабдын (Аллах андан ыраазы болсун) төмөнкү сөзү эң сонун мисал боло алат: «Евфрат дарыясынын боюнда менин мамлекетимде жашаган кайсыл бир кедейдин бир кою адашып кетип, өлүп калабы деп корком. Анткени Аллах мага мусулмандарга халиф болууну насип кылуу аркылуу мага баш ийген бардык чөлкөмдөрдөгү адамдардын жанынын жана малынын жоопкерчилигин да жүктөдү» – деп, өз өмүрүн абдан камкор ата сыяктуу өтө адилет падыша катары жашап өткөн (мухаддис Абу-Нуьайм). Ал тургай ал өз кулу менен падышанын төөсүнө бир аралыктарга кезектешип минип ажыга барган.
Кудайга жана акырет жашосуна ишенбеген (Кудай тууралуу туура эмес түшүнүктөгү адашып калган терсаяк), адамдарга келе турган болсок, алар бүт өмүрлөрүн материалдык байлыкты сая кууп, бардык жыргалдарды ушул дүйнөнүн эч качан толук ишке ашпас максаттары менен байланыштырып жүрүп өткөрүп жиберишет. Өздөрүн Жараткан Аллах эмне максат менен жаратканы тууралуу эч эстеп коюшпайт, бул ой мындан келип чыгат: сооптуу жакшы иштерди да чын жүрөгүнөн бирөөгө жакшылык да кылбайт. Болбосо Аллах-Таала: «Мен адамдар менен жиндерди Мага гана ибадат кылсын деген жалгыз максат менен жараттым!"» (Куран, "«аз-Зарият»: 53) дегени алардын эсине да келбейт. Анан да, Аллах-Таала мындай деген: «Аллах-Таалага жана Анын периштелерине, Китептерине, пайгамбарларына жана Акыр-Кыямат Күнүнө ким ишенбесе, демек ал өтө катуу адашкан» (Куран, «Ан-Ниса»:136).
Андай адамдар бул дүйнө менен кош айтышууга бүткүл дүйнөсү менен каршы. Өлүмдү абдан жек көрүшөт. Бирок жек көрүү алардын өлүмдөн баары бир куткарбайт. Өлүмдү жек көрүү күнөөгө Кудайды акыл-эси таанып туруп белчесинен баткан адамдар үчүн да адат. Ошол үчүн каафирлер, динсиздер, адашкандар ж.б. тууралуу Аллах-Таала мындай деген: «Алар миңдеген жылдар бою жашагылары келет. Бирок аларды абдан узак жашоо деле Тозок азабынан сактап кала албайт. Аллах алар эмне кылып жатышканын ар дайым көрүп турат!» (Куран, «Ал-Бакара»:96).
Байыркы гректер сыяктуу бутпарастар же жалгыз Кудайды бир нечеге бөлүп караган азыркы замандагы эле көп кудайлуу адамдар өлүмдөн кийин кайра тирилүү болооруна анча ишенишпейт, ошол үчүн алар бул кыска жашоодо жыргап, ойноп, ичип-жеп, ырахаттанып алгылары келет жана бүт өмүрүн зооктуу (развлекаясь) өткөрүүгө жумшашат. Ал эми «Китеп ээлеринин» дагы бир байыркы тобу болсо өздөрү акыретте кабылчу тозок азабынан кабардар жана ошол үчүн алар көп кудайлуу наадан «диний туугандарына» караганда Аллах алдында андан да ашынган кылмышкерлер болуп саналат. Ыйык куранда бул тууралуу аяттар көп. Бирок аталган эки топ (алардын экөөсүн) тең бузулган адеп-ахлактарынын ыпластыкка чейин түшүп кетиши жана өздөрүнүн пас муктаждыктарын кандай гана болбосун канааттандыруу сезими бириктирип турат...
Уландысы кийинки санда...
Орус тилинен оодарган Садык Гавай, Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Бишкек. 12.02.06.
Корректору Рафаель Садык уулу.