Жетинчи сан

ДИНИБИЗДЕГИ НАФАКАНЫН МААНИСИ
Мазмуну
Октай Четин
oktaycettin@yahoo.com
Үй бүлөнүн нафакасы (үй бүлөнү материалдык жактан, б.а. турак-жай, кийим-кече жана тамак-аш менен камсыздоо) эркектин мойнундагы милдеттеринин бири. Башкача айтканда нафака – бул эркектерге важип.
Динибиз нафакага абдан чоң маани берген. Себеби, адилеттүү түрдө берилген нафака бактылуу үй бүлөнүн курулушуна өбөлгө, нафака аркылуу үй бүлөдөгү эне баш болгон жаш балдар материалдык жактан камсыз болушат.
Нафака темасында Мухаммед Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бизге көптөгөн осуяттары бар. Бул осуяттардын айрымдарын айта кетсек: Аялың жана балдарың үчүн короткон акчаң, Алла жолунда короткон, бир кулду эркиндике чыгарыш үчүн берген акчадан, бир жакыр адамга берген садакадан дагы даражасы бийик деп эсептелет.
Хадис – үй бүлөнүн башчысы болгон эркектер үчүн эң изги үлгү. Себеби, хадисте айтылгандай, чоң соопко эгедер болуу үчүн кыла турган иштеринин эң алдыңкысы - өз бүлөсүнө кылар жакшылыктары. Башка бир хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир адамга мындай деп айткан: «Эң биринчи өзүңө корот, андан артса аялыңа жана балдарыңа корот”. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул насааты менен нафаканын маанилүүлүгүн билдирген.
Жогоруда айтылгандай, өзүнүн кылган иштерине жооп бере алган адам үй бүлөлүк турмушта керектүү боло турган нерселерди табууга, үй бүлөсүнүн муктаждыктарын каржылоого да милдеттүү. Бул жоопкерчиликтин эң маанилүүсү – жубайынын жана балдарынын нафакаларын таап берип, аларды башкалардын көзүн каратпай, кор кылбай багуу.
Нафаканын эркектин жоопкерчилигине берилишиндеги даанышмандык
Негизинен жашоо үчүн адилеттүү системаны түзгөн динибиз, аялдын жана балдардын укуктарын дагы унуткан эмес жана аларга эч бир укук системасында табылбай турган укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү берген. Аялды жана эркектин турмуштагы ордун, кызматтарын ар башка жараткан Алла алардын табиятында да айырмачылыктарды жараткан. Мисалы, аял алсыз жана назик жаратылган болсо, эркек мунун тескерисинче, физикалык жана руханий жактан күчтүү болуп жаратылган. Мунун табигий натыйжасы катары экөө тең өз өзгөчөлүктөрүн кабыл кылып жана ошого жараша иш кылуулары керек. Алсак, бир аялдын күнү бою иштеп, үй бүлөнүн нафакасын табуусун ойлонуу – бул ал аялдын табигий өзгөчөлүктөрүн эсепке албоо дегенге барабар. Ошол эле убакта күч-кубаттуу бир эркектин эртели-кеч үйдө бекер отуруусу да уят бир иш. Эркектин мойнундагы милдет адал эмгек менен үй бүлөсүнүн нафакасыны табуу. Ошол жоопкерчилигин аткаргандан кийин гана эркек өзүнүн эркектик табиятына жарашкан иш кылган болот. Аялга караганда күчтүү болуп, жаратылышынан тышкы жумуштарга чыдамдуу болгондугу үчүн нафака эркектин жоопкерчилигине берилген. Алла Таала бул жөнүндө мындай деп буйрук кылат: “Энелердин ичкен-жегени мүмкүнчүлүгүнө жараша баланын атасына тиешелүү”. Бул буйругу менен Алла Таала нафаканы үйдүн ээси болгон эркектин мойнуна жүктөйт. Башка бир аятта мындай деп буйрук кылат: “Колунда бар бай адам нафаканы байлыгына жараша берсин. Колунда жок кедей адам да Аллах Таала ага канчалык ырыскы берген болсо, ошого жараша берсин. Аллах эч кимди бергенинен ашыкча нерсе менен милдеттүү кылбайт. Алла ар бир кыйынчылыктын аркасынан жеңилдик берет”. Куранда нафаканын эркектин жоопкерчилигинде экендиги, ошондой эле ар бир үй бүлө башчысынын муну колундагы байлыгына жараша орундатуусу керек экендиги айтылат. Бирок аял өзүнүн каалоосу менен үй бүлөнүн нафакасына салым кошкусу келсе, мында эч бир жаман нерсе жок. Аял киши ислам дининин тыюу салбаган иштеринде иштеп, үй бүлөнүн экономикасына салым кошсо болот. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аялы Зейнеп энебиздин тери иштетип сатуусу аялдын үй экономикасына салым кошо ала тургандыгына жакшы бир мисал.
Нафаканын ичине эмнелер кирет, нафаканын сапаты жана шекили
Эркек үйлөнгөндөн кийин аялынын, балдарынын нафакасын таап берүүсү керек. Нафака термини көп маанилүү сөз. Ошол себептүү бул теманын жакшы түшүнүлүшү үчүн эркектин мойнундагы милдети болгон нафаканын ичине эмнелер кире тургандыгын ачыктап берели.
1. Аялдын тамак-ашы: Бакара сүрөсүнүн 233-аятында айтылгандай, аялдын тамак-ашы эркектин мойнунда жана нафаканын ичинде. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) хадисинде мындай деп айтылат:
– Нафаканы кимге биринчи берейин? – деп сураган сахабага:
– Нафакасы сенин мойнуңда болгон сенин аялың, ал сага: «мага тамак–аш бер же болбосо мени менен ажыраш» - деп айтат.
Башка бир хадиси шарифте Аз. Пайгамбарыбыз Муавийянын:
– Эй, Алланын Элчиси, биздин ар бирибизде аялдардын кандай акысы бар? – деген суроосуна:
–Өзүң ичип жегенде аны да ичирип-жедиришиң керек, – деп жооп берип аялды ичирип-жедириш эркектин мойнундагы милдети экендигин билдирген.
2. Аялдын кийим-кечеси: Бакара сүрөсүнүн 233-аятында айтылгандай, аялдын кийим-кечеси да нафаканын ичине кирген эркектин мойнундагы милдети. Муавийянын:
– Эй, Алланын Элчиси, биздин ар бирибизде аялдардын кандай акысы бар? – деген суроосуна:
– Өзүң кийингенде аны да кийиндиришин керек, – деп жооп берип, аялдын кийим-кечесин алып бериш эркектин мойнундагы милдет экендигин билдирген.
3.Аялдын жашай турган жери: Эркектин мойнундагы милдеттердин бири – аялдын жашай турган жери. Аялдын жашай турган жерин даярдап берүү эркектин жоопкерчилигиндеги иш. Бул жашай турган жер кичинекей бир комната болгон сыяктуу чоң бир квартира да болушу мүмкүн. Негизгиси – жашай турган жана аялын жана балдарын көчөдө калуудан сактоого жарай турган жер болуу керек. Бул жерде мындай бир суроо туулушу мүмкүн – кийим-кеченин, тамак-аштын кандай стандартта болушу керек. Нафаканын негизи материалдык мүмкүнчүлүктөргө таянгандыгы үчүн динибиз бул маселеде так, кесе бир өкүм койбостон, нафаканы эркектин экономикалык абалына жараша милдеттүү кылган. Башкача айтканда, ар ким тапкан акчасына жараша нафака берүүсү керек. Биз үчүн жашоо стандартдарыбызды белгилөөдө телевизордо көргөн ашыкча ысырапка үндөгөн жана жалган бактылуулуктарга толгон рекламалар эмес, Аз. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жана анын аруу жубайларынын жашоосу өрнөк болушу керек. Аз. Айша энебиздин: “Бир ай бою Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) үй бүлөсү жей турган бир нан таба алышпайт эле жана казандары да кемегеге асылбайт болчу” -деген сөзү ошол замандагы мусулман аялдардын сабырдуулугун, жоомарттуулугун жана Аллага болгон тобокелдерин заманыбыз үчүн эң жакшы бир өрнөк катары берсек болот.
Натыйжа
1. Нафака эркектин мойнундагы милдет.
2. Эркектин жоопкерчилигиндеги нафакага аялдын тамак-ашы, кийим-кечеси, жашай турган жери жана башка күндөлүк муктаждыктары кирет.
3. Нафака – аялдын каалаганындай эмес, эркектин экономикалык абалына байланыштуу. Бул жөнүндө бизге Бакара сүрөсүнүн 233-аяты менен Талак сүрөсүнүн 7-аяты кабар берет.
4. Нафаканын эркектин жоопкерчилигинде болушунун хикматы (даанышмандуулугу, сыры) анын аялга караганда күчтүү болуусу. Эркек кыйналбастан иштеп акча таба алат. Ошондуктан, бул, аялдын кыйналып-кысталуусун жана кайдан акча табам деген санаасын жок кылат. Бул болсо динибиздин аялдарга берген жогору баа бергендигин көргөзөт.
5. Эркек нафака табуу жолунда кыйынчылыктарга туш келсе, аялдын милдети – ага жардамчы болуп, жакшы сөз менен болсо да дем-күч берүүсү керек. Жакшы аял – кыйын күндөрдө күйөөсүнө жардамчы болгон аял. Аз. Хатижа энебиз бизге бул жаатта абдан жакшы бир өрнөк. Себеби, ал Аз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) кыйынчылык күндөрүндө материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүп, аны жалгыз таштаган эмес
6. Үй бүлөнүн нафакасынын өлчөмүн белгилеп жатканда ала турган өрнөк телевизорлордон көргөзүлгөн рекламалар эмес, Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) жана анын өмүрлүк жубайлары болушу керек.
7. Эркектин мойнундагы негизги милдет – күчүнүн жетишинче үй бүлөсү үчүн адал тамак таап берүү.
Которгон: Таалайбек Акунов