Жетинчи сан

Журналдын жетинчи саны

Шемсеттин Үнал менен болгон маектешүү

Мазмуну

Суроо:

- Урматтуу Шемседдин мырза! Сиз Түркия Дин иштер башкармалыгынын Кыргызстандагы Дин иштер боюнча кеңешчиси катары бул өлкөдөгү кызматыңыз тууралуу кыскача токтолуп кетсеңиз?

- Негизги милдети коомдо дин багытында агартуу иштерин жүргүзүү болгон Түрк дин иштер башкармалыгы бул милдетин өлкө ичиндеги гана эмес чет өлкөлөрдө да жайгашкан Дин иштер кеңешмелери тарабынан иш жүзүнө ашырууда. Бул максатта Түрк мамлекеттеринде 1992-жылдын 25-майында министрлер кеңешинин 92/64-чечими менен Алматы, Бишкек, Душанбе, Ташкент, Ашхабат жана Бакуда дин иштер башкармалыгы ачылган.

Дин иштер башкармалыгы Кыргызстандагы мекендеш, диндеш бир туугандарыбызга ислам дининин ибадат, ыйман жана ахлак багытында агартуу иштерин жүргүзүүдө, ошону менен бирге Кыргызстан дин иштери кеңешине зарыл болгон маселелерде жардам көрсөтүүдө.

Кыргызстан дин иштер кеңеши тарабынан сунулган кызматтарды алты топко бөлүп карап көрүүгө болот:

1. мечит кызматы

2. дин кызматы

3. билим берүү кызматы

4. басылма кызматы

5. коомдук иш-аракеттер

6. өкүлчүлүк аркылуу курбандык чалуу жана таратуу

- Мына ошол кызматтар жөнүндө бир аз баяндап берсеңиз?

- Жакшы болот.

1 – МЕЧИТ КЫЗМАТТАРЫ

Түркия дин куруму жана башкармалыгыбыз тарабынан Нарын областына караштуу Кочкор районуна бир мечит курулган. Кочкор Бишкектен 200 км аралыкта жайгашкан. Калкынын саны 20 миң. Мечит 1996-жылы ачылган. Түрк ислам архитектуралык стилинде салынган 350 кишилик бул мечиттин атайын камсыздалган турак жайы (ложман), куран курсу, короосунда фонтаны жана тор менен курчалган бакчасы бар. Кочкордогу мечит Түркиянын Кыргызстанга кылган белеги болуп эсептелет. Азыркы учурда да ал мечитте бир кызматчыбыз иштеп жатат.

2005-жылы 24-ноябрда Ош теологиялык факультетинин короосунда Анкара университетинин теология факультетиндеги Дин тарыхы бөлүмүнүн бөлүм башчысы проф. док. Мустафа Эрдемдин демөөрчүлүгү жана Түрк дин иштер курумунун колдоосу менен Осмон архитектуралык стилинде дагы бир мечит салынган. Ошондой эле, борбор шаарыбыз Бишкекте Түрк дин иштер куруму тарабынан Осмон архитектуралык стилинде бир мечит салдыруу тууралуу келишим түзүлгөн, бирок, ортого чыккан айрым проблемалардан улам бул проектен баш тартылган. Учурдагы абалдан улам Бишкекте мындай мечиттин керек экендиги байкалууда.

2 – ДИН КЫЗМАТТАРЫ

Учурда кеңешмеде 16 кызматчы иштейт. Алар Бишкекте жана шаар четиндеги айылдарда, Карабалта, Кочкор, Чолпоната, Балыкчы, Караколдо, Ош областында жана Ноокат районунда кызмат кылууда. Дин кызматчыларыбыз тарабынан сунулган кызмат негизги диний билимдерди үйрөтүү менен бирге айрым мечиттерде беш убак намаз окууну эсептебегенде, жума жана майрам күндөрү намаз окутууну камтыйт.

Куттуу майрам күнү, түнү жана куттуу айларда куттуу жумалык, диний үгүт жүргүзүү жана жеке программаларды даярдоодо алардын маани-маңызын, мазмунун түшүндүрүүдө, жума, майрам күндөрү жана рамазан айында тараба намазынан мурун ибадат, ыйман жана ахлак темаларында кыргыз тилинде үгүт-насаат иштери жүргүзүүдө.

а) Куран окууну үйрөтүү

Кыргызстандагы мекендеш, диндеш бир туугандарыбызга Куран Каримди кырааты менен окууну, ибадат үчүн керектүү болгон сүрөө-аяттарды жана дубаларды туура жаттоо жана алардын маани-маңызын түшүндүрүп үйрөтүү, ислам динин ишеним, ибадат жана ахлактын негиздери аркылуу үйрөнгүсү келгендерге үйрөтүп, медреселерде, мектептерде жана институттарда окутуу иштерин жүргүзүү.

б) Ислам институттарында окутуу

Кызматыбыз кыргыз мусулмандарынын Дин иштер башкармалыгына караштуу Аз. Умар атындагы Кыргызстан Ислам университети ж.б. институттарда Куран үйрөтүү иштерин жүргүзүү.

в) Кыргызстанда 2003-2004-окуу жылынан баштап айрым аймактардагы башталгыч жана орто мектептерде тажрыйба катары «ыйман сабагы», «адеп сабагы» предметтеринде адеп-ахлак, дин сабактары окутулууда. Кызматчыларыбыздын бир бөлүгү бул сабактардан билим берүүдө. Бирок, өлкөдөгү жагдайга байланыштуу бул иш аракеттер туруктуу болбой жатат. Мындай абалда проблемаларды чечүүчү сунуштарды киргизүү максатында 2007-жылы май айында ОшМУга караштуу Арашан гуманитардык институ Арашан теологиялык факультетинин демөөрчүлүгү менен «Кыргызстанда диний билим берүү» аттуу симпозиум да пландалууда.

3 – БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЫ

Кызмат ичи билим берүү

Учурда, Кыргызстан дин иштер башкармалыгы менен кызматташуу аркылуу Кыргызстанда диний билим берүү кызматын сунган жергиликтүү дин кызматчыларынын, мүмкүнчүлүгүнө жараша, кызмат ичи билим берүү курсуна катышуусу – алардын өз ара байланышын бекемдеп, мамилесин чыңдап, ийгиликти камсыз кылууда өтө маанилүү. Проект ылайык көрүлсө, анын материалдык багытындагы иштер башталмакчы. Ошондой эле кеңешменин кошкон салымы менен 2006-жылы (июль-август) Нарын жана Талас облустарында бул жаата убактылуу аймактык курстар уюштурулган. Ошол эле учурда Ош теологиялык факультетинде да 2007-жылдын башында 64 жергиликтүү дин кызматчысынын катышуусунда 20 күн бою жаңы кызмат ичи билим берүү курстары пландаштырылууда.

1) Ош теологиялык факультети

Совет доорунда диний билим берүү артта калган Орто Азиядагы тектеш бир туугандарыбыз менен бирге Кыргызстанда жашаган боордошторубузда да диний билим берүү үзгүлтүккө учураган.

Диний билими жетишсиз болгон боордошторубузга бул багытта билим берип, келечекте дин адамдарын даярдоо максатында Түркия дин иштер башкармалыгы жана Түрк дин куруму менен Кыргызстан Ош мамлекеттик университетинин тиешелүү адамдары тарабынан кол коюлган келишимдин негизинде 1993-94-окуу жылы ОШ Мамлекеттик университетинде теология факультети ачылган. Факультет жетекчилик жана окутуу бөлүмүнөн, жатакана жана ашкана бөлүмүнөн жана мекеме тарабынан атайын берилген турак жай болуп (ложман) үч бөлүмдөн турат. Мындан тышкары теология факультетинин бакчасында курулган мечит 2005-жылдын 24-ноябрында ачылган.

Ушул убакка чейин бул факультеттен 278 бүтүрүүчү аяктаган. Учурда 50 студент Түркияда, ал эми 158 студент Кыргызстанда билим алуусун улантууда. Билим берүү Анкара теологиялык факультети жана башка университеттердин теологиялык факультеттеринен ылайык көрүлгөн окутуучулар ж.б. кызматчылар тарабынан ишке ашырылууда. Бул окуу жайы Кыргызстандагы диний билим берген заманбап окуу жайларынын бири болуп эсептелет. Тартиби, окуу мүмкүнчүлүктөрү, китепканасы, компьютердик классы жана академиялык кызматкерлери менен башка окуу жайларына үлгү боло алат.

2)Арашан гуманитардык институтунун Арашан теологиялык факультети

Арашан теологиялык факультети да ОшМУнун карамагында ачылып, учурда Бишкекте билим берүү иштерин улантууда. Бул факультет 2000-2001-окуу жылында ишке кирген. Азыр мында 180 студент билим алууда. Ар жылы 60 студент кабыл алынат жана алар билим алуу менен бирге жатакана менен да камсыз кылынат. Факультет 2004-2005- окуу жылында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурган. Мындан билим алган кесип ээлери Кыргызстан Билим жана маданият министрлигинин карамагындагы башталгыч жана орто мектептерде адеп-ахлак жана ыйман сабактарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана Кыргызстан Мусулмандар Диний башкармалыгына тиешелүү Куран курстарында окутуучу катары иштей алат. Билим берүү Түркиядагы теология факультеттеринин жана ОшМУнун теология факультетинин окуу планынын негизинде жүргүзүлөт. Факультетте Ош мамлекеттик университетине келген кадрлардын тышкары Түркия жана Кыргызстандагы башка университеттер менен түзүлгөн келишимдер боюнча сырттан келген окутуучулар да сабак беришет.

2006-жылы болгон иш сапарында болгон жолугушуулардан кийин Мармара универитетинин теология факультети менен Арашан теология факультети арасында келишимге кол коюлгандыгын да белгилей кетели.

4 – БАСЫЛМА КЫЗМАТТАРЫ

Кыргызстанда кыргыз тилиндеги калктын калың катмары пайдалана ала турган диний багыттагы илимий китептердин саны арбын эмес. Диний башкармалыктын мындай китептерди чыгарууга материалдык жактан мүмкүнчүлүгү да аз жана бул багытта бир боштук бар. Бул боштукту толтуруу жана бир туугандарыбыздын диний багыттагы муктаждыктарын канааттандыруу максатында Түркия дин иштер башкармалыгы китеп, журнал ж.б. басылмаларды кыргыз туугандарыбыздын колдонуусуна сунууда.

5 - ӨКҮЛЧҮЛҮК ЖОЛУ МЕНЕН КУРБАНДЫК ЧАЛУУ ЖАНА ТАРАТУУ

Өкүлчүлүк жолу менен курбандык чалууну каалаган мекендештерибизге жардамчы болуу максатында башкармалык жана Түркия дин куруму иштейт жана алардын курбандыктарынан Кыргызстандагы боордошторубуз да пайдалана алат. Мында курбандык эттерин жакырларга, жетим-жесирлерге таратуусу үчүн белгилүү бир өлчөмдө курбандык малынын акчасын жөнөтүшөт.

6 – КООМДУК ИШ-АРАКЕТТЕР

Боордошторубуздун коомдук, маданий жана диний абалдары менен жакындан таанышуу, алардын өтмүшү менен келечегинин ортосундагы маданий байланыштын курулуусун жана анын чыңдалышын, карым-катнаштын бекемделишин калыптандырууга чаралар көрүлүүдө.

1) Куттуу жумалык

Түркиядагыдай эле Кыргызстанда да Кутуу жумалык майрамдала баштады. Куттуу жумалык алгачкы жолу 2002-жылдын 24-майында Кыргызстан Мусулмандар дин иштер башкармалыгы менен биргеликте Филармониянын чоң залында өткөн. Ушул эле жерде 2005-жылы 1500 кишинин катышуусу менен экинчи жолу майрамдалган. Элдин кызыгуусун арттыргандыктан жана зал толтура болгон. Куттуу жумалыктын үчүнчүсү 2006-жылы ошол эле залда чоң толкундануу менен майрамдалган.

2) Диний жана маданий багытта уюштурулган ачык отурум, талкуу жана чогулуштардын өткөрүлүүсүн туура көрүлүүдө. Акырында, Дин иштер башкармалыгынын уюштуруусу жана БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурулган «СПИДге каршы акцияга мамлекеттик органдар, диний мекемелер жана жарандык уюмдардын кызматташуусу» аттуу чогулушка чечим чыгарылды жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

3) Чакырган учурда нике кыюу, той, жаназа сыяктуу каада-салттарды унутта калтырбай, өлкө элинин расмий жана жарандык жаатта диний жана улуттук майрамдар ж.б. коомдук иш-аракеттерге байланыштуу уюштурулган программаларга да катышууда.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн сизге чоң рахмат агай! Ишиңизге мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

- Силерге да ошондой эле тилектерди каалоо менен ыраазычылыгымды билдирип кетем!

- НАСИП, МЕНИН АТЫМДЫ КОТОРМОЧУ КАТАРЫ ЖАЗБАЙ ЭЛЕ КОЙ, АЛЫП САЛ. АНАН ТӨРТ САПТАР ДЕГЕН ДИ КАРАП ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВДУН ЫРЫН СӨЗСҮЗ КОШУП КОЙ. БАКЫТ.

Башына