Жетинчи сан

Журналдын жетинчи саны

ИСЛАМ ДИНИНИН ТҮРКИСТАНГА ЖАЙЫЛУУСУ

Мазмуну

(Уландысы)

Түркистанга Ислам башка диндердей эле тынчтык жана аскердик жол менен да тараганы тарыхтан белгилүү. Буга биз жашаган Түркистан аймагындагы ар түрдүү диний ишенимдердин калыптанып калганынын да себеби бар. Ислам динин орнотуу оңойго турган эмес. Исламдын Түркистанга жайылуусун эки этапка карап бөлсөк болот.

1. VIII –XI – кылымдарды өз ичине камтыйт. 711-751-жылдар арасында Түркистандын батыш тарабы, бүгүнкү Талас аймагына чейинки жерлер менен андан кийин 940-1137-жылдар арасында Карахандар бийлиги учурунда.

2. XVI – XVIII – кылымдарда негизинен биздин Кыргызстан менен чыгыш Түркистан аймагында таралуусун карасак болот.

Биринчи этаптагы Исламдын жайылуусуна катуу каршылык көрсөткөн түрк уруулары бүгүнкү Казакстандын түштүк тарабы менен Кыргызстандын териториясында жайгашкан Төргөштөрдүн ханы Үч-Элик каган болгон. Бирок Ислам аскерлерине каршы Согдалыктар да Төргөштөр да туруштук бере алышкан эмес. Төргөштөрдүн кийинки каганы Чабыш-Чор-Сулуктун тушунда (716-739) Ислам аскерлерине каршы Түрк аскерлери биригип катуу каршылык көрсөтүлгөн, алар Согдадан чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Чабыш-Чор-Сулук өз туугандары тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин бириккен Түрк аскерлери дайыма жеңилүүгө дуушар болушкан. Ошол эле учурда Төргөштөргө каршы жаңы бир күч Карлук түрктөрү күчөп, алардан бийлик талашып турган мезгил эле. Бир тараптан Кытайлар Төргөштөр менен Карлуктардын бийлик талашынан пайдаланып 751-жылы азыркы Кыргызстандын чөлкөмдөрүнө басып киришет. Ислам аскерлери бул учурда Зиад ибн Салихтин жетекчилигинде түштүктөн келишип, Талас өрөөнүндөгү Атлах шаарынын айланасында катуу согуш болгон. Бул согуштун өтө зор тарыхый мааниси болгон. Себеби, Түркистандын тагдыры Исламдын же Кытайлардын таасиринде калуу болочогу чечилген. Ошентип Түрк тайпаларынын Карлук күчтөрү бул согуштун жыйынтыгын берген. Себеби алар кытайлардын тылынан сокку уруп, согушту Ислам аскерлеринин пайдасына чечишкен. Ислам аскерлери бул согуштан чарчап, Согдиананы көздөй кайтышкан. Бул окуядан кийин Карлуктар күчөп бүгүнкү кыргызстандын чөлкөмүндө жаңы Түрк каганаты (766-940ж.ж.) курулат.

942-1137-ж.ж. аралыгында биздин чөлкөмдөрдө Карахандар хандыгынын курулушу менен Исламдын ролу күчөгөн. Карахандар хандыгынын биринчи каганы Сатук Бограхан Абд ал-Карим деген ысым алып, мамлекетти Ислам мамлекети деп атаган. Өз карамагында жашаган 200 000 түтүн түрк тайпалары Ислам динин кабыл алышкан. Карахандар мамлекетинин өнүгүүсүнө Ислам дининин таасири өтө чоң болгон. Белгилүү Балсагундук Жусуп Хас Хажип (1015-16-ж.ж.туулган) түрк тилинде тунгуч “Кутадгу Билиг” (Куттуу Билим) деген эмгегин жазып, Карахандардын башчысы Тамгач Богра Карахан Абу Али Хасанга белек кылып берген.

Карахандар хандыгы негизинен уйгур, ягма жана чигил уруулары тарабынан курулган бир хандык болсо да, бул уруулар арасында ондогон түрк тайпаларын өз ичине камтыгандыгы белгилүү. Ошол түрк тайпаларынын салттык түзүмдөрү; коомдук эрекчеликтери жана башка тараптарынан үлгү алып, бириккен түрк тайпаларына карата орток маңызга ээ болгон бир хандык болуп эсептелген. Демек бул түрк тайпаларынын ичинде Тянь Шань, Памир тоолорунун этектери Талас суусунун бойлору жана Ысык Көлдүн жээктеринде жашаган кыргыз уруулары да бар.

Карахандар доорунда жазылган экинчи көлөмдүү чыгарма Барскоондук Махмуд Кашкари тарабынан жазылган атактуу “Диван лугат ат-түрк” (1072-1074-ж.ж. “Түрк диалектисинин сөздүгү”) китебинде кыргыздар бир канча жерде тилге алынгандыгын билебиз. Бул чыгармадагы маалыматтарга караганда кыргыздардын бир бөлүгү татарлар менен Эне Сай өрөөнүнүн бойлорунда жашаган болсо жана бир бөлүгү ягма тайпалары менен кошуна жашагандыгы көрсөтүлгөн. Ал эми ягмалар болсо Ак Суунун батыш түндүк тараптары, Кашкардын түндүк тараптары, Ысык Көлдүн айланасындагы жерлерде жашаган. Кийинчерээк ягмалар Кашкардын батыш тараптары, Памир тоолорунун чыгыш тараптарына кеңейгендиги айтылган.

Кыргыздар Араб, Перс жана Хазар мамлекеттери менен да соода байланыштарын жүргүзүп турушкан. Карахандардын бир борбору кыргыз уруулары көбүрөөк жайгашкан Баласагун шаарында курулган. Алардын дагы бир борбору Кашкардын тегерегиндеги бир канча кыргыз уруулары жашаган жана түштүк менен батыш райондорунун ортосундагы карым-катнаш жолдору бүтүндөй кыргыз уруулары жайгашкан жерлерден өткөн. Бул доордо Ислам динин кабылдаган кыргыз урууларынын салт-санаасында көптөгөн өзгөрүштөр болгон.

Көпчүлүк тарыхчылардын айтуусу боюнча ислам дини Жети Сууда, Фергана өрөөнүндө, Чыгыш Түркистанда 960-жылы кабыл алынган деп белгилешет. Араб, Перс булактарында мындай деп айтылган; “X-кылымдан баштап азыркы Кыргызстандын териториясындагы шаарларда 10дон ашык чоң мечиттер болгон”. Ал мечиттер биздин заманга чейин сакталып калган эмес. Ошондой болсо да ушул убакка чейин сакталып калган Өзгөн мунарасы, күмбөздөр, Чүйдөгү Бурана Карахандар мезгилинде курулгандыгын эч ким жокко чыгара албайт. Бул Өзгөн архитектуралык курулуштары жана Чүйдөгү Бурана мунарасы Түркистандагы эң байыркы азыркы күнгө чейин сакталып калган кооз курулуштардын бири.

Ислам дининин жалпы кыргыз элинин арасына таркалуусунун мезгили же этаптары боюнча Ислам изилдөөчүлөрүнүн ортосунда бирдиктүү пикир айтылган эмес. Ислам адегенде Кыргызстандын түштүгүндө кеңири тараган. Араб географтарынын маалыматы боюнча IX - кылымда Ош шаары ислам дининин бир борбору катары кабыл алынган. Бул шаар мусулмандар туруктуу жайгашкан жерге кирген. Ошол учурда Ош шаарынан белгилүү аалым факих Мансур аль-Оши (1125-ж), анын уулдары Омар ибн Муса аль-Оши, Масуд жана Имран, жана башка белгилүү болгон Али ибн Осмон, Мухаммед ибн Хамид Абу Абдуллах аль-Оши сыяктуу илимдүүлөр чыгышкан. Талас өрөөнү жайгашкан жерлерге да ислам дини жайылган. Борбордук Тянь Шандын түндүк жагына жана Жети Сууга ислам Карахандардын доорунда таралганы баарыбызга белгилүү. Ал Мукаддасинин билдиргенине караганда “IX- кылымда Тараз, Мерке, Джикил, Атлах, Барсхан, Бехлу, Жамукат, Кулан шаарларынын элдери мусулман болушкан жана бул жерлерде жума мечиттери болгон”. Бир топ Кыргыз уруулары да отурукташып жашоо менен динди кабыл алышкан.

Кыргыздар Эне Сай өрөөнүндө жашап турган мезгилде эле арабдар менен болгон соода байланыштары аркылуу ислам дининен кабардар болушкандыгын тарыхтан билебиз. Себеби, ошол учурда татарлар менен коңшу жашап турушкан Кыргыздар ислам динин кабыл алышкан деген да маалыматтар берилген.

Монголдордун Түркистанга жасаган аскердик жүрүштөрү ислам дининин кээңири жайылуусуна өтө зор залакасын тийгизген. Чыңгызхандын уругунан Чагатайдын урпактары үстөмдүк кылган доордо кыргыз маданияты бир кыйла өнүккөн. Алардын Жети Өгүз, Иле-Талас, Сыр өрөөндөрүнүн тегерегинде жашаган бир канча уруулары илгеркидей эле байыркы кыргыз жазууларын колдонушкан. Ошентсе да бул доордо отурукташып калган кыргыз уруулары ислам динине ишенишкен. Исламдын кайрадан жанданып таралуусу XIV-кылымдын аягында Аксак Тимурдун ислам динин кабыл алуу мезгилине туш келет.

Экинчи этаптагы исламдын жайылуусуна көбүнчө суфистик (сопулар) агымдардын таасири чоң. Сопулардын ишмердүүлүгү ошол убактагы Абдыкадыр Жилани /1077-1166/ тарабынан түзүлгөн “Кадария” агымы, Мавлана Жалалиддин Руми /1207-1277/ тарабынан түзүлгөн “Мавлавия” агымы, Кожо Баxаиддин Наxшибанди /1317-1336/ тарабынан түзүлгөн “Наxшибандийа” агымдарынан таасирленишкен-дигин айта кетүүбүз керек.

Кадария агымы XIII – кылымдын алгачкы мезгилинде Түркистанга жана Тянь Шан райондоруна өз таасирин тийгизген. Наxшибандийа агымы XVI – кылымда Тянь Шан райондорунун тегерегине таркалган. 1514-жылы султан Сейит xaн Жаркен xандыгын курган соң 1521-жылы Кожо Муxаммед Жусуп бин Абдулла, Муxаммед Абдулла бин Кожо Абдулла Аxрари сыяктуу улуу сопулар Фергана өрөөнү менен кыргыз райондору аркылуу Кашкарга келишет. 1535-жылы Түркистандагы Касан шаарынын Даxбад деген жеринде турган Маxдум Азамдын (Аxмет бин Сейит Жалалиддин) жана Кожо Муxаммед Шарип дегендер кыргыз райондору аркылуу Жаркенге келишет. 1542-жылы Маxдум Азам Даxбидке келип өлөт. Кыргыздардын эл бийлеген башчыларынын көбү ферганалык суфий шейхи Лутфулланын, 1601-жылы Шин Жан сопуларынын башчысы Маxдум Азамдын (Аxмет бин Сейит Жалалиддин) эң кенже баласы Кара-Тоолук шейх Ходжа Исхактын дааватчылыгынын (үгүт иштеринин) негизинде кабыл алышкан. Ал Кыргыз уруулары жашаган аймактарда 12 жыл бирге жашап ислам динин үйрөткөн. Ушуну менен көчүп-конуп жашаган кыргыз уруулары ислам динин толук кабыл алышкан деген көз караштар айтылган. 1638-жылы Жаркен хандыгын ээлеген Абдулла хан Жаркен хандыгына караштуу чоң шаарлардын бийлигин бүт бойдон кыргыз уруу башчыларынын башкаруусуна бергендигин тарыхчылар жазышкандыгы маалым. Албетте башкаруучулар кыргыздардан болгондугун эске алсак, ислам динин орду ал учурда биринчи орунда тургандыгын айта кетүүбүз керек.

Бирок, көптөгөн тарыхчылар кыргыздардын көчмөн калктардан болгондугуна байланыштуу динди толук кабыл алышкан эмес жана дин жөнүндө эч кандай түшүнүктөрү жок деген пикирлерди жазышкан. Менимче алар отурукташкан кыргыз урууларын изилдебестен, көчүп-конуп жайлоолоп жүрүшкөн кыргыз урууларын көбүрөөк сурамжылап, изилдешсе керек. Ушуга карабастан кыргыздардын арасында XVIII-XIX-кылымдарда ислам дини окутулуп, үйрөтүлгөндүгүн билебиз. Бир топ улуу инсандарыбыз араб, перс, түрк тилдерин жакшы билген. Мисалы, белгилүү акын Молдо Нияз (1823-1899), Алымбек Датка 1850-жылдары Ош шаарында белгилүү медресесин курдурган, Кошо уулу Мырзакулбек Өзбекстанда медресе курдурган, Молдо Кылыч Шамыркан уулунун (1866-1917)”Зил-зала” поэмасы, Тоголок Молдо, Калыгул олуя, Осмонаалы Сыдык сыяктуу аталарыбыз медреселерде окуп билимдүү болушкандыгын эч ким четке кага албастыр. 1917-жылдагы революция менен бирге жергебизге апаат келди. Коммунисттик система 73-жыл бою атеисттик тарбия берип, бүгүнкү күндөгү жогорку билимдүү бир топ интелигенциябыз динди апийим деп билип маңкурт болушту. Мына бүгүн да кээ бир ага сөрөйлөрүбүз бизге акыл үйрөтөм деп батыштан келген ар түрдүү жаңылыктарды эл арасына таратып коомго бүлүк салып жаткандыгын четке кага албайбыз. Эгер мамлекетибиз, кыргыз эли мындан кийин да жашап өнүксүн десек, келечектин ээлери болгон жаш муундарыбызга туура тарбия берип, аларды ыймандуулук менен өстүрүүбүз керек. Эгерде ушул нерсе колубуздан келбей батыштан келген маданияттын жаман жактарын сиңире берсек, кыргыз элинин келечегине балта чабылат деген сөз.

Ушундай окуяларга карабастан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы бүгүнкү күндө бир топ ийгиликтерге жетти десек болот. Мамлекетибизде 2000ден ашык мечиттер курулуп, медресе, ислам институттары, борборубузда бир Ислам университети, ОшМУнин Ош жана Бишкек шаарында теология факультеттери элибиздин динге болгон муктаждыктарына жардам берип, белгилүү аалым агаларыбыз иштеп келе жатышат. Ушундай шарттарда мамлекетибиздин жетекчилери да четте калбастан элибиздин динге болгон муктаждыктарын жоюуда жогорку окуу жайларында, техникумдарда, мектептерде дин таануу жана ыйман сабактарынын окутулуусуна көмөкчү болуулары зарыл экендигин баса белгилеп кетким келет.

Асан САИПОВ

Башына