Жетинчи сан

Нооруздун кыскача тарыхы
Мазмуну
Нооруз деген сөз Байыркы фарс тилинин «Науризи» деген сөзүнөн келип чыккан. Ал «Нау»-жаңы, «Рузи»-күн (жыл) деген маанилерди түшүндүрөт. Демек, Ноорузду «жылажыраш» же «жаңы жылды тосуу» деп түшүнүүгө болот Нооруз майрамы б.з. чейинки 7-6-кылымдарда жашаган Зороастризм дининин пайгамбарынын (Заратуштура) диндик көз караш системасы менен тыгыз байланыштуу. Бул диндин негиз салуучусу Зороастра Байыркы Кытайдын жана Байыркы Индиянын улуу ойчулдары Лао-Цзы, Будда, Конфуций менен замандаш болгон жана Авеста окуусун негиздеген.
Нооруздун мекени Иран болуп эсептелет жана анда аткарылуучу диний ырым-жырымдарды, жөрөлгөлөрдү ислам дини пайда болгонго чейинки палестиналык еврейлерден жана башка алыскы өлкөлөрдүн элдеринин салт-санааларынан жана анын калдыктарынан да кездештирүүгө болот. Ишеним боюча Ноорузду майрамдоого 20 күн калганда ушул жылы мол түшүм болсун деп, карапа идиштерде арпа, буудай, буурчак өндүрүшкөн. Ноорузду майрамдоо алдында (1-2 күн калганда) короолордо же дөңсөө жерлерде алоолонгон оттор жагылып, жаш-карысы дебей аны айланып, үстүнөн секиришип, ыпластыктан тазаланышкан. Отту айланта малдарды да айдашкан. «Сенин кызыл нуруң мага келсин, менин сары оорум сага кетсин» дешкен.
Анткени, байыртадан эле тазалыктын, жарыктыктын символу катары отту эсептешкен. Зороастра илими ар кандай карама-каршылыктан: түн-күн, жакшы-жаман, ачуу-таттуу, ак-кара ж. б. бири-бири менен келишпөөчүлүктөрдөн турат. Оттон кийин кырсык, капа-кайгы ушуну менен кетсин – деп, терезеден, үйдүн үстүнөн суу толтурулган карапа идиштерди ыргытышкан.
Нооруздун бул күндөрүндө өткөн жылы дүйнөдөн өткөн жакынына азаа күтүү аяктап, таарынычтык, кек сактоо өндүү нерселер унутулат. Бай да кедей да бирдей аш бышырат (Көжө аш, сүмөлөк ж.б.). Оюн-зоок баарына бирдей болуп, аны 12 күн катары менен майрамдашкан. 13- күнү «шайтан-шапааттарды» кууп чыгуу б.а. сырттагы күнү делинип, үйлөрдү аластоого арналган. Ноорузду майрамдоодо негизинен суу боюнда тамактануу, анда оюн-зоокторду өткөрүү диний ырым-жырымдардын өзөгү болуп эсептелген.
Жогоруда сөз кылган арпа, буудайларды өндүргөндөн кийин аларды чогуу бир казанга салып көжө кайнатышкан. Ал кыргыздарда Сүмөлөк деп аталган.
Сүмөлөк.
Ноорузда сүмөлөк бышыруу эң негизги майрамдык тамактардын бири болуп эсептелет. Сүмөлөк жасоо үчүн алгач буудай (арпа, жүгөрү 100л. сууга 13кг.) өндүрүлөт. Буудайды таза жууп тазалап, сууга 18-24 саатка чейин салынып коюлат (Суу буудайды жаап турушу керек). Андан кийин буудайды суудан алып, күн тийбеген, жылуу жерге (тактайдан жасалган орундукка, столдун үстүнө ж. б.) 2см. ге чейинки калыңдыкта жайып коюу керек. Ал таза жана тез өнсүн үчүн астына эки каат даки салып, үстүнөн да даки менен жаап койсо болот. Буудай кургап калбас үчүн күнүгө 2 жолудан суу себилип турулат, кача гана буудайдын майсасы 5 см. ге чейин өскөндө (6-8 күндүн ичинде өсөт) даяр болот. Майсанын учтары көгөрбөш керек, эгерде көгөрүп калса анда сүмөлөк ачуу болуп калат. Даяр болгон данды эт тарткычтан андан соң сүзгүдөн таза кылып өткөрүлүп алынат. Анын биринчи жолу тартылып алынганы «Шербет суу», экинчиси «Бермет суу» деп аталат. Аларды бирдей болгон 3-4 чоң чарага (табака) тең бөлүнүп салынып, ар бирине 15л. ден таза суу куюлуп аралаштырылат. Мындан кийин гана даярдалган чоң казанга куюлат. Ошондой эле, ага дагы 15 кг. таза эленип алынган унга 5 л. сары май же өсүмдүк майы (акталган) кошулуп жакшы аралаштырылгандан кийин казанга куюлат. Сүмөлөк казандын түбүнө күйүп калбашы үчүн көлөмү өрүктүн данегиндей болгон 41 сайдын ташы кошо салынат. Сүмөлөктүн даамына жараша набат же шекер, мейиз жаңгак кошсо болот. Сүмөлөк 12-14 саатта бышат, андан кийин 10-12 саат демдеп коюлат. Ошентип 24 саатта сүмөлөк даяр болот. Эскерте кетчү нерсе - сүмөлөктү эч тындырбай аралаштыруу керек. Сүмөлөктү баштоодо алгач улгайган энелер жакшы тилектерди айтып баштап берет. Келе жаткан жылда эмне каалоолору болгондор чоң-кичинесине карабай тилектерин айтып казанды аралаштырса тилеги кабыл болот деп айтылат.
Эрматов А.