Жетинчи сан

Журналдын жетинчи саны

Мусулмандардын табият илимдерине кошкон салымдары жана ачылыштары

Мазмуну

Коңурбаев Бакыт
bakyttegin@mail.ru

Учурда илимдин булагы Европа деген түшүнүк кеңири жайылып, көпчүлүк адамдар буга ынанууда. Мен бул нерсенин тайкы түшүнүк экендигин айтар элем. Ооба, азыр Европа технология жагынан алдыда. Бирок, бул жакында эле башталган нерсе жана аларга бул багытты мусулмандар берген. Анткени, Европа калкы караңгылык доордо жашап жатканда, ислам ааламында илим-билим өркүндөп, алтын доорду жашап жаткан кези эле. Азыркы учурда батыштагы өнүгүп жаткан илим XVII кылымда башталган. Тактап айтканда, XVII кылымга чейин европалыктар Галилей, Коперник сыяктуу илимпоздорду дарга асып жок кылып келишкен. Ал эми ислам мамлекеттеринде болсо, медреселер, мектептер, ооруканалар курулуп, илимге өтө аяр маани беришкен.

Ислам аалымдары илимдерди ар кандай класстарга бөлүшкөн. Куран менен хадистерге таянган илимдерди “Ислам илимдери”, ал эми башка илимдерди “Табият илимдери” деп аташкан. Тафсир, хадис, ислам тарыхы сыяктуу илимдер бир гана Ислам динине тиешелүү. Башка диндерден мындай илимдерди табуу мүмкүн эмес. Табият илимдери болсо баардык адамдарга тиешелүү. Мусулмандар математика, философия, астрономия, ботаника сыяктуу табият илимдерин башкалардан алышкан жана аны өтө жогорку деңгээлде өнүктүрүшкөн. Ал гана эмес көптөгөн ачылыштарды ачып, өз салымдарын кошкон.

Котормо жаатындагы эмгектер

Ислам дини келээрден мурун илимий иш-аракеттер жана изилдөөлөр Александрия, Антакия, Харран, Нусайбин жана Жундишапур маданият борборлорунда ишке ашып келген. Кийинчирээк, Азирети Умардын заманында мусулмандардын колуна өткөн. Бул аймактагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн көпчүлүк аалымдар ислам динин кабыл алышкан. Мусулмандардын келүүсү менен бул аймактагы илимий иш аракеттер дагы да жакшырып, өнүгө баштаган. Мусулмандар ар кандай илим тармактарына таандык болгон эмгектерди өз тилдерине которо башташкан. Ошондон кийин 813-833-жылдардын арасында өкүмдарлыгын жүргүзгөн Аббасиддер халифасы Аль-Мамундун (Аббасиддердин) доорунда Багдад шаарына чоң китепкана курулат. Илимий иштерди өнүктүрүү жана которуу максатында “Даарул-Хикма” атындагы уюм түзүлөт. Бул уюмда Платон, Аристотель сыяктуу байыркы грек философторунун арифметика, астрономия, география, медицина тууралуу жазган эмгектери которула баштаган.

Философия. Ислам булактарында философия илимине “хикмат”, ал эми философко болсо “хаким” деп айтылат. Аль-Кинди тарабынан башталган философия илими Аль-Фараби тарабынан өнүктүрүлүп, Ибн Сина жана Ибн Рушд тарабынан улантылган. Ошол учурдагы философтор жалаң гана философия менен алектенбестен, табият илимдерин да билишкен. Анткени, философия калган илимдерди өз ичине камтыган.

Медицина. Ислам дини адам баласынын ден-соолугуна өтө кылдат маани берет. Ошондуктан, мусулмандар медицина илимине кызыгышкан. Азирети Пайгамбардын (с.а.в.) медицина боюнча кеңештери мусулмандарга медицина илимин үйрөнүүдө дем берген. Алгач Багдадда, кийинчирээк башка аймактарда ооруканалар жана дарыканалар курулган. Ошол маалда европалыктар караңгылык ичинде жашап, оорукана эмне экенин билбестен, ооруган адамдарды ичине шайтан кирип кетти деп өлтүрүп салышар эле.

Ислам дини тарбиялап өстүргөн дүйнөгө таанымал даарыгерлер:

1) Абу Бакир Закария ар-Рази (өл. 932-ж). X кылымда жашап өткөн бул аалым батышта Rhazes деген ысым менен таанымал. Латын тилине которулган он томдук “Китабу ат-тибб” жана медицина энциклопедиясы болгон “Аль-Хави” аттуу эки эмгеги дүйнөгө белгилүү. Ар-Рази чечек жана кызамык ооруларына каршы алгачкы эмдөөнү жүргүзгөн. Дененин ысытмасынын жогорулашына каршы муздак суу менен төмөндөтүү жолун колдонуп, тажрыйба жүргүзгөн. Горчицаны ойлоп тапкан. Ооруканалардагы эң алгачкы оорулууларды каттоо системасын түзгөн.

2) Ибн Сина (өл. 1037-ж). Бухаралык философ жана дарыгер. Медицинага тиешелүү жазган эмгеги “Аль-Канун фит-тибб” аттуу китеп. Анын бул китеби орто кылымда Европада предметтик китеп катары колдонулган. Бул китеп дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Чыгышта “Башфилософ”, батышта “Авиценна” деген ат менен даңкы чыккан. Кан – азык ташыган суюктук экендигин, кайнатуу жолу менен суунун тазаланашын, суу, топурак жана аба аркылуу вирустун тарарын (Ибн Сина эң биринчи болуп вирустун бар экендигин айткан) далилдеген. Кандагы шекерди таап, кант оорусун дарылаган. Операция жасоодо денени оорутпаш үчүн анестезияны ойлоп тапкан.

Фармакология. Мусулмандар ар кандай заттар менен өсүмдүктөрдүн дарылык касиеттерин изилдешкен жана дарылоодо колдонушкан. Бирунинин (өл. 1051) “Китабус сайдала” жана Ибн аль-Байтардын (өл. 1248) “аль Жами ли муфрадату аль-адвия” аттуу эмгектери фармакология тармагында жазылган табылгыс китептер.

Ботаника. Ислам аалымдары ботаника илимин “Илму аль-набаат” деп аташкан. Өсүмдүктөрдүн түрлөрүн изилдешип, алардын өзгөчөлүктөрүн жазышкан. Абу Ханифа Динаваринин (өл. 895) “Китабу ан-набаат” аттуу эмгеги ботаника тармагында жазылган илимий эмгектердин эң белгилүүсү.

Математика. Мусулман илимпоздор мурунку маданияттардан алган математика илимин кеңейтип, кемчиликтерин толуктап, маанилүү ачылыштарды жасашкан. Европалыктар учурда колдонуп жатышкан цифраларды мусулмандардан үйрөнүшкөн. Ал эми мусулмандар болсо, индустардан алып, колдонууга жарактуу кылышкан. Ошол учурда европалыктар колдонушу татаал жана тиричиликте кыйынчылыктарды жараткан Рим цифраларын колдонушчу. Азыркы цифраларды мусулмандардан алуулары алардын математика илиминде өнүгүүлөрүнө чоң жардам болду.

Нөл цифрасын Мухаммад бин Ахмад (өл. 976) ойлоп тапкан. Нөлдүн табылуусу математика илиминде өтө чоң өзгөрүүлөрдү жана жеңилдиктерди алып келген. Математика дегенде эң алгач эске келе турган адам аль-Хорезми болуп саналат. Математика тармагында жазган эң белгилүү эмгеги “Хисабу аль-жабр ва аль-мукабала” аттуу китеби. Бул эмгегинде барабарлоо жана интеграл эсептөөлөрү тууралуу жазган. Учурдагы математиканын бөлүмдөрү катары каралган “алгебра” жана “логарифмди” киргизген.

Астрономия. Каир, Куртуба, Самарканд, Тулейтула жана Стамбул сыяктуу шаарларда жогорку окуу жайлар менен обсерваториялар негизделип, күн, ай жана жылдыз сыяктуу көктөгү заттарды изилдешкен. Алардын өлчөмдөрүн ченешкен. Мисалы, Мусулга жакын жерден өткөн меридиандын узундугу 111 814 м. деп айтышкан. Ал эми азыркы технологиянын жардамы менен өлчөнгөн узундук 110 938 м. Ошондой эле мусулмандар күндүн бетинде тактар бар экендигин, жердин тоголок шар түрүндө болгондугун, бир окто айланарын жана атмосферанын катмарларын аныкташкан. Улукбек (өл. 1449), Насруддин Туси (өл. 1274), Абу аль-Вафа (өл. 998), Заркали (өл. 1100) сыяктуу улуу аалымдар астрономия илимине көптөгөн салымдарын кошушуп, бул илимге жол көрсөтүп кетишкен.

Физика. Мусулмандардын физика илиминде дагы көңүл бурууга арзырлык ачылыштары бар. Ибн Хайсам (өл. 1039) жарык нурунун сынуусун, үндүн жыңырышы жана күзгүлөр тууралуу жаңы ачылыштарды жасаган. Аль-Кинди (өл. 866) жердин тартылуу күчү жана нерселердин жерге түшүүсү жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Байруни (өл. 1051) жарыктын ылдамдыгы үндүн ылдамдыгынан тез экендигин тапкан. Саатты эң биринчи мусулмандар колдонгон. Европалыктар саат колдонууну жана мылтык дарысын жасоону мусулмандардан үйрөнүшкөн.

Химия. Мусулман аалымдар химия тармагында дагы көрүнүктүү ачылыштарды ачышкан. Абу Закария (өл. 932), Ибнул Хайсам, Байруни сыяктуу атактуу аалымдар химиялык элементтердин жекече салмактарын өлчөгөн так аспаптарды жасашкан. 18 элементтин жекече салмактарын өлчөшкөн. Жабир ибн Хайян (өл. 815) металлдарды аралаштыруу жана болотту чыгарууну, күкүрт менен нитрат кислотасын тапкан. Коргошун карбонатын жасаган. Бул аалымдын эмгектери бир нече кылымдар бою Европада предметтик китеп катары окутулуп келген. Мындан тышкары, мусулман аалымдар сымап, калий, аммиак, нашатыр спирти, күкүрт кислотасы, күкүрт, алтын, күмүш, натрий сыяктуу химиялык элементтерди жана булардын татаал кошулмаларын табууда химия илимине чоң салым кошушкан. Дары, кагаз, айнек жана боёк индустриясында химия илимин ийгиликтүү колдонушкан.

Табигат дагы канчалаган сырларын жашырып жатат, канчалаган кубулуштарды окумуштуулар да далилдей албай жатат. Жараткандын канчалаган сырлары адамдын аң- сезиминен тышкары. Ал эми жогоруда айтылып өткөн эмгектер океандын бир тамчысы гана сыяктуу. Мына ошол тамчынын ичинде мусулман окумуштуулардын табият илимине кошкон салымдарын жазсак, том-том китептер болору шексиз.

Башына