Жетинчи сан

МАЗХАП ЖАНА БИРИМДИК
Мазмуну
Акылбек Баатыр
Мазхап (диний агым) деген эмне жана ал кандайча жаралган деген суроолорго кыскача токтолгондон кийин, мазхаптардын ислам дүйнөсүндө кандайча таралгандыгы тууралуу сөз козгосок туура болот.
Мусулман – бул Аллага ыйман келтирген, ислам дининин ишеним негиздери менен кабыл алуусу мажбурий болгон өкүмдөрүнө моюн сунган адам болуп эсептелет. Мусулман ушул нерселерге моюн сунат жана аларды аткарат. Бирок, ар ким эле диндин негизги булактарындагы, тагыраак айтканда, Куран менен сүннөттөгү өкүмдөр менен буйруктарды түздөн-түз, так баамдай албаганы сыяктуу эле, аларда жок болгон айрым жаңы маселелердин өкүмдөрүн да биле албайт. Мындай кырдаалдан чыгуунун жолу ислам аалымдарынын ижтихад кылуусу, башкача айтканда, диний булактардагы далилдердин негизинде ар кандай маселелерге өкүм берүүсү болуп эсептелет. Инсандардын көпчүлүгү сахабалардын мезгилинен баштап эле билбеген маселелерин, ар кандай диний өкүмдөрдү аалымдардан сурап билишкен жана ошол боюнча амал кылып (аткарып) келишкен. Мына ошентип, Куран менен сүннөттөн диний өкүмдөрдү өз алдынча түшүнө албаган, биле албаган адамдардын өздөрү ишенишкен аалымдардын айткандарына баш ийүүсү, алар айткан жол менен жүрүүсү мазхаптардын пайда болуусунун башаты болгон. Ар бир аймактын эли өздөрү ишенишкен аалымдын айланасына топтоло башташып, ал аалымдын берген фатваларын (диний өкүмдөрүн) аткара башташкан. Ошентип отуруп элдер Имам Азам, Имам Малик өңдүү мужтахид (диний булактардагы далилдердин негизинде ар кандай маселелерге өкүм бералган) аалымдарды ээрчий баштаган. Мына ушундай жол менен ислам дүйнөсүнда (амалий жаатта) төрт мазхап пайда болгон.
Мазхаптар итикадий жана амалий болуп өз ара эки топко бөлүнүшөт. Итикадий мазхаптар ыйман негиздерин үйрөтүшөт. Ал эми амалий мазхаптар болсо ибадат (намаз, орозо ж.б.) өңдүү ар кандай күнүмдүк маселелердин диний өкүмдөрү тууралуу кабар беришет. Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка түрк элдери жайгашкан аймактагы мусулмандардын дээрлик баары итикадий жактан Матуриди, ал эми амалий жаатта болсо Ханафи (Имам Азам) мазхабын тутунуп келишет. Имам Матуриди болсо Самарканд аймагынан чыккан улуу аалым болгон.
Ислам дүйнөсүндө мазхаптардын өнүгүү жана байыр алуу этабы өтө узакка созулган. Баштапкы учурларда көптөгөн аалымдарга суроо узатылып, жооп алынчу. Кийинчерээк, мазхап имамын ээрчиген жана анын методдорун колдонгон аалымдар, мазхап имамдарынын фатваларын гана жайылта башташкан. Бирок, ошентсе да тарыхый аренада караңгылыктын, билимсиздиктин айынан мазхап өкүлдөрүнүн арасында ар кандай пикир келишпестиктер, чыр-чатактар чыгып турган. Андай чыр-чатактардын учурубузда да жандануусу толук мүмкүн. Арийне, азыркы учурда айрым мусулман өлкөлөрүндө мазхаптар аралык чыр-чатактар болуп жатат. Андыктан, айрым учурларда ортого чыккан мазхаптар аралык чыр-чатактарды токтотуу, же болбосо алардын алдын алуу жана коомду, элдик массаны белгилүү бир мазхаптын айланасына топтоо максатында айрым мамлекеттер белгилүү мазхаптардын аалымдарын, казыларын ишке тартуу менен өз өлкөлөрүндөгү биримдик менен ынтымакты сактап кала алышкан. Мындай иш-чара коомдун пайдасына чечилген үлгүлүү иш-аракеттерден болуп эсептелет.
Ал эми Кыргызстан бул жааттан алганда аябай акжолтой, бактылуу өлкө болуп саналат. Анткени, Кыргызстандагы мусулмандардын итикадий мазхабы Матуриди жана амалий мазхабы Ханафи. Имам Матуриди да амалда Ханафи болгон. Мына ошондуктан мындай мазхап биримдиги Кыргызстан үчүн бактылуулуктун, бейпилдиктин жышааны деп айтсак жаңылышпайбыз. Себеби, Азирети Мухаммед Пайгамбардын (саллаллааху алейхи ва саллам) жана анын сахабаларынын жолун жолдогон мазхап өкүлдөрү түзгөн коомдо дайыма биримдик жана ынтымак орноп келген. Мындан ары да мына ушундай абалда кете турган болсо, анда эч кандай мазхаптар аралык чыр-чатактар, пикир келишпестиктер ж.б. болбойт. Учурдагы элди акырындап Матуриди жана Ханафи мазхаптарынан башка мазхаптарга үндөгөн, башка көзкарашка багыттаган агымдар бара-бара Кыргызстандын элинин бөлүнүп-жарылуусуна жана ар кандай проблемалардын чыгуусуна жол ачышы мүмкүн. Мына ошондуктан, Кыргызстан өз элинин менталитетине төп келген диний бир багытта иш алып баруусу зарыл. Биз муну өз мазхабыбызга болгон жантартуучулук, фанатчылык себептүү айтып жаткан жерибиз жок. Туура, калыс болгон аалымдар учурдагы татаал маселелерди чечүүдө фанатчылыкка берилбөөсү керек. Бирок, ар бир коом өзүнүн иш-аракеттеринде, ыйман жана ибадаттарында биримдик менен ынтымакка келиши үчүн белгилүү бир мазхапты тутунушу кажет.
751-жылы араптар менен кытайлардын арасында болгон Талас урушунда түрктөр, анын ичинде кыргыздар мусулмандар, тагыраак айтканда, араптар тарапта болушкан жана ошондон баштап түрк элдери Ислам динин тутуна башташкан. Ошол учурдан тартып эле Түркистан (Орто Азия) мусулмандарына Ханафи мазхабы жайыла баштаган жана жергиликтүү эл тарабынан жакшы кабыл алынган. 940-жылы Ислам динин расмий түрдө мамлекеттик дин катары жарыялаган мамлекет да түрк элинен чыккан Караханиттер мамлекети болгон. Ошентип, Түркистан аймагы дин илимдери аябай өнүгүп-өскөн аймактардын бири болгон. Бул аймактын эли мусулманчылыкты кабыл алган күндөн бери эле Ахли суннат вал-жамаат жолунда итикадий мазхабы Матуриди жана амалий мазхабы Ханафи болгон диний жаатта дайыма биримдик менен ынтымакта жашап келаткан эл болуп саналат.
Кыргызстанда жаңыдан гана түптөлө баштаган диний билим берүү жаатында Кыргызстандыктар өзүнүн тарыхы менен келечегин эске алып, Ахли суннат вал-жамаат жолунда болгон Матуриди жана Ханафи мазхаптары боюнча иш жүргүзүп, ар кандай диний чыр-чатактарга, пикир келишпестиктерге жол бербесе жакшы болот эле.
Кыргызчага оодарган: Шамшидин Маматкулов