Жетинчи сан

Кыргыз кыздарына
Мазмуну
Бир ой дайым түйшүк берип көңүлгө,
Баамдап көрүп чыгаралбайм төгүнгө.
Бүлүк салган шул бороонду айтайын,
Башкы каарман кыргыз кыздар жөнүндө.
Ырга айланттым, ырастыгын калчадым.
Эстүү жандар таамайлыгын талдасын.
Эч болбосо баштан аяк окуп кой,
Турмуш татаал көрөөрсүң дейм пайдасын.
Эй дүйнөнүн көркү болгон сулуулар!
Силерсиңер эртеңкинин куттуу жар!
Байыртадан бүлө ыйык билээрсиң,
Силерсиңер дал ошону кулпунтаар.
Эй кыргыздын түбөлүктүү тумары,
Таза муунду тарбиялаар кунары.
Эмнегедир кутуң качып баратат,
Түбү ураган аппак сарай сыңары.
Сен пайдубал, түпкү ташы инсандын.
Сен канчалык мыкты болсо ыйманың.
Мына ошондо өлбөстүккө жашоочу,
Кыргыз калкын кайра баштан курганың.
Жан дүйнөңөр жакырланып баратат,
Тилегиңер акча, дүйнө, кумар, шат.
Ойлонгула теги нарктуу сулуулар,
Акылдууга кантип ушул жарашат.
Дене сатып жан баккандар көбөйдү.
Акылы кем таштандылар төрөлдү.
Айыкпас дарт, атасыздар, оорукчан коом,
Абийирсиздик, айбанчылык өнөрү.
Билим алып, илгерилеп, көп терлеп,
Эмгектенип жаштыгыңда кылсаң мээнет.
Эртең эле сен эңсеген кыялдарың,
Кийилбейби таажы болуп башка дөөлөт…
Ахлагыңар, мээримиңер, көрөңгөңөр,
Адамзатка рухий кубат, нурун төгөөр.
Таарынба кыз, бетке айтам бул сапаттар,
Дал учурда аздап барат түгөнгөндөй.
Акыл калча, атаандашпа Батыш башка,
Окшош алар, жалбыраксыз куу даракка.
Ээрчийсиңби эссизденип, өздү чанып,
Ак жол турса, кара жолтой жалын жакка.
Оо башта сен дарак элең жашыл кийим,
Ыйманың да тунук эле кандай бийик.
А азыркы абалыңа этек, жеңсиз.
Кантип анан таазим кылам башым ийип.
Тамеки, арак сиңбесинчи биздин канга!
Жетти кезек ойлонууга, ойгонгула!
Жан бакканга түрдүү жол бар баш айланткан.
Ошолордон адил, таза, агын танда.
Каныкейдин, Айчүрөктүн урпактары,
Кайдыгерлик жакасынан чыгар башты!
Аялдык касиетти аруу тутуп,
Айыктыр алсыраган, нарктуу калкты.
Силер үмүт, эртеңкиге жанган чырак!
Элимдин көрөөр көзү зам-зам булак.
Эстечи кандай бийик милдетиң бар,
Зарыгып сени гана күтүп турат.
Тилиңди, диниңди үйрөн, дилди тазарт!
Илимди түрлөп оку, ийгилик тап.
Таалимди эне болуп сен үйрөтсөң,
Таалайга куунабайбы бүт адамзат.
Кыргыздын кыраан, кымбат жүзүн сакта!
Арылып жеңил ойду алыс ташта!
Саймалап гүлгө айлантып адамдыгың,
Абийирден жоолук салын асыл башка.
Намысты желек кылып колго карма.
Ыймандан азык түйүп жолго камда.
Жол узун, тайгак ашуу, тар кечүү бар,
Бакытка жетем десең кана чамда!!!
7.12. 2004.
Он сегиз миң ааламды,
Жараткан экен кудайым.
Жашасын деп ааламда,
Жараткан экен адамды.
Жай алып, көрсүн күнүн деп,
Жараткан сууну, абаны.
Жашасын эми өзү деп,
Акыл-эсти берген кудайым.
Эзелтеден өткөн күндөрдө,
Эл болгон соң бул дүйнөдө.
Эси менен көрсүн күнүн деп,
Элине берген экен исламды.
Жеткирсин деп исламды,
Жиберген экен элчисин.
Пендем эми мындан ары,
Жашагын деген жакшына.
Эми элим карап көрсөк,
Жашап атабызбы жакшына?
Эсибизден тайып бул күндө,
Жыйнап атабыз биз күнөөнү.
Айта турган болсок, бул жашоодо,
Караңгы кирген түндөрдөй.
Кайгырган адам барбы дүйнөдө?
Исламы үчүн күйгөндөр.
Тутуубуз милдет эле исламды,
Туткандар бар башканы.
Турмушта исламдын бар экенин,
Чыгарып койдукпу биз эсибизден?
Башканы туткан пенделер,
Байлыкты аркалап кеткендер.
Бал ичип, байпак кийсе да,
Байкуштун башы калат азапта.
Кары-жашы дебей көчөдө,
Жүрүшөт тоюп аракка.
Улуу-кичүү дебей унаада,
Сөгүп жатат бирин-бири жакка.
Байкеси болуп бул күндө,
Ичи тарыйт бир тууган үкөсүнө.
Акылман эркек, назик айым болсо
үйүндө,
Жайларда арытат көзүн чөнтөккө.
Жалган сүйлөп, күнөө топтосо,
Арам менен жолун бүтүрсө.
Адашып анан ал пенде,
Кетпесин кантип тозокко.
Жашаса минтип пенделер,
Жер анан кантип термелбейт.
Жактыра динин башканын,
Жай береби? Алла бейиштен.
Келгиле анда адам баласы,
Кечирели бири-бирибизди.
Кере сүйлөгөндү токтотуп,
Керели исламдын жолун чоогу басып.
Жашаса адам «Кудай» деп,
Жалынса адам Аллага.
Жакшыны кантип бербесин,
Жалооруп Алла аларга!
Элебесова Салтанант