Жетинчи сан

Журналдын жетинчи саны

Азирети Пайгамбарыбызга бапестелген майтарылбас сүйүү

Мазмуну

Сүйүүнүн туруктуулугу

Сүйүү - жүрөк ааламынын абалына жараша даражаларга бөлүнөт. Айрым көөдөндөр солгун, айрымдары толкун сымал күрдөөл, шайдоот келет. Солгун көөдөндөр сүйгөнүнө жетүү жолунан өтө албайт. Бул жолдогу бөгөттөргө, кыйынчылыктарга туруштук бералбайт. Ал эми күрдөөл сүйүү менен сүйгөндөр дабан-ашууларды каптаган деңиз сымал эчендеген бийиктикти басып өтүп, сүйгөнүнүн сүйүүсүнө арзый алышат.

Бул өңүттөн сүйүүнүн эң изгиси жандүйнөнү жандуу кармаган толукшуп турчу сүйүү эсептелинет. Мындай сүйүү нуру өчпөс күн сыңары. Улуу Жараткан Кудай Таала аятта муну «майтарылбас сүйүү» деп сүрөттөйт. Майтарылбас сүйүү - бул сүйүүнүн ашыглыкка айлануусу.

Ырас, сүйүүдө туруктуулук жандүйнөдөгү күрдөөл сүйүүгө, ашыглыкка түздөн-түз байланыштуу. Асыресе, Жараткан Алла жаамы жандуу-жансызды сүйүү кудурети менен жараткан. Кудси хадистердин биринде:

«Мен көмүскө кенч элем. Билинүүнү кааладым. Ошондуктан бул ааламды жараттым» (I. Hakkı Bursevi, Kenz-i Mahfi) – деп буюрат жалгыз Жараткан Өзү.

Бу өңүттөн Алла Тааланы чексиз ажайып жаратылышына назар салып Жараткандын улуулугун, ыракымын аңдап сүйгөн пендени Улуу Кудай Таала сүйүп да, ыраазы кылып да кубантат. Мындай зор бакытка тушуккандар Алланын сүйүүсүнө арзыган ыкласмандар, шейиттер, ыраскөйлөр жана өзгөчө пайгамбарлар сыяктуу тандамал пенделер эсептелет.

Аалам - сүйүү мектеби

Алла Таала жандуу-жансызга сүйүүнү жогору өлчөмдө ширеткен экен, аалам адам баласы үчүн ашык мектеби болгон, анда ар түрдүү ийги жана улуу сүйүү сабагы өткөн. Аллага болгон сүйүү, үй-бүлөгө, адамга, балага болгон сүйүү, пайгамбарга бапестелген сүйүү, мугалимге болгон сүйүү, сый-урмат ж.б.

Бул жерде сөз темабызга байланыштуу Азирети Пайгамбарыбызга бапестелген сүйүү бир гана инсаният тарабынан эмес, башка жандуу-жансыздын да Акыркы Пайгамбарга болгон ашыглыгы туурасында болмокчу. Ырас, жандуу-жансыздын Азирети Мухаммед Пайгамбарыбызга бапестеген ашыглыгы биз үчүн да эң ийги үлгү боло алат.

Жансыз деп саналган заттардын Пайгамбарыбызга деген сүйүүлөрүн алтын доордо эл ачык айкын түрдө көрө алышкан.

Бул мужизалардын бири курма дүмүрүнүн ыйламсыроосу.

Курма дүмүрүнүн ашыглык көз жашы

Бар ааламдын Мырзасы Пайгамбарыбыз бир курма дарагынан калган дүмүргө жөлөнүп алып жамаат менен дилмаек кура турган. Убакыт келип Пайгамбарыбыздын сүйлөгөн сөзү кээ бирине угулса, кээ бирине угулбай, мечитке эл батпай калды. Мына ушул себептен мечиттин төр жагына минбар тургузулат. Алла Элчиси алгачкы жолу Набави мечитиндеги жаңы минбарга чыгып элге кутба окуган күн. Мурун Алла Элчиси жөлөнүп алып дилмаек курчу баягы дүмүр, Пайгамбарыбыздан айрылгандыгын билдиргенсип, төөнүн кынкыстаганына окшош жаны сыздагандай добуш чыгарып ыйлай баштайт. Бул добушту Пайгамбарыбыз дагы угат. Ошентип Алланын акыркы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) дүмүрдү сооротуу максатында минбардан түшүп, дүмүрдүн жанына басып барып жылуу- жумшак гана куттуу колдору менен акырын сылап коет. Анан баягы дүмүр апасынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн баладай ыйын басып, көңүлү ыраазы болгондой болуп туруп калган экен» (Бухари, Жума, 26; Тирмизи, Манакиб, 6Ө 36;27). Пайгамбарыбыздын мындай нары сылык, нары аруу, кала берсе нары бийик адамдык касиети менен курманын дүмүрүн болсо да сооротуп, тынчтандыруусу ошол жерде отурган адамдарга гана эмес, бүтүндөй адам баласына эң изги үлгү болуп келди жана да кыяматка чейин мүлдө инсаният үчүн үлгү бойдон кала бермекчи.

Мухаммед Пайгамбарыбыз баягы курма дүмүрүн айтып:

«Ал зикруллахтан (Жараткан Алланы эстөөдөн) оолак калгандыгы үчүн ыйлады. Анткени анын жанында дайыма зикир болуп турчу!» дейт (Бухари, Манакиб, 25; Ахмед, III, 300).

Кийинчерээк минбардын алды казылып баягы дүмүр ошол жерге көмүлгөн экен. Азирети Осмондун (Алла ага ыраазы болсун!) доорунда мечитти жаңыдан тургузуу үчүн бузулган кезде дүмүрдү Убай бин Кааб (Алла ага ыраазы болсун!) алып, курттар жеп жок кылганга чейин үйүнүн төрүндө сактаган экен.

Алланын сүйүктүү пенделеринен Мавляна олуя Месневи деген эмгегинде айтылуу дүмүрдү мындайча тилге келтирет:

«Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) минбардан түшүп, кут төгүлгөн колу менен курма дүмүрүн сылап:

-Эй, Курма дүмүрү! Эмне ыйлап жатасың? Абалыңды түшүндүрчү? -деп терең ойлуу сурады. Курма дүмүрү ыйламсырап өзүнүн тили менен ичиндеги бугун төгүп:

-О, Алланын Элчиси! Сага болгон кусалыгым мени кыйнап турат. Ичиме белгисиз бир сагыныч, муң, кусалык толуп алды. Мурун кутба учурунда Сен жөлөнгөн ошол таалайлуу, бактылуу тирек мен элем. Эми болсо мени таштап, минбарга чыктың. Эми сенин жөлөгүң ошол минбар болот. Бирок, о, Алланын Элчиси! Суранам мага (суроого) бир акы бер, дүйнөдө кайсы жандуу-жансыз Сенден ажыроого чыдай алат болду экен?

Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) курманын мындай өзүнө болгон терең сүйүүсүнөн жаралган ыйын басып, сооротуп:

-Эй, курма дүмүрү! Сен мага болгон кусалыгыңдын ачуусуна чыдай албай ыйлап жатсаң, кандай тилегиң бар менде?!... Мен сен үчүн Жараткан Аллага жалбарайын да, Алла Таала сени чыгыш менен батыштагы элдердин бардыгына мөмө берип туруучу жапжашыл, соолугус дарак кылсын, каалайсыңбы? Же болбосо Кудайым сени бейиште чынар дарактын уругу кылсын да сен түбөлүктүү эң көркөм, эң сулуу, жаш жана саябандуу кучак жеткис чынар бойдон кала бересиң!...»

Мындай ырайымга тушуккан курма дүмүрү Алла Элчисинен бир суранычын орундатуусун өтүндү:

-О, Алланын Элчиси! Экөөнү тең каалабайм. Менин болгону бир гана арзуум бар, Сага сүңгүп кирүү. Ошондуктан мени көөмп жок кылууң, мени мына бул убактылуу гана турган турпатымдан куткарышыңа тете!.. Анткени дарак деген, канчалык баралына келбесин, канчалык саябандуу болбосун, ал тамагын күндөн, анан суудан алат. Ал эми мен Сенин руханиятыңдын нуру менен азыктандым. Сенин ысыктыгың (руханиятың) менен жылынуунун, Сага сүңгүп кирүүнүн даамын таттым. Мен эми ошол аша ширин, аша таттуу лаззаттан айрыла албайм. Ар качан, түбөлүктүү болушумду каалайм. Мени ошол шекилдүү көм, Сенден, Сенин бир гана нуруңан өнүп-өсүп чыгып, түбөлүк соолугус болоюн!»

Ошентип, ал курма кыямат күнү кайра тирилип өмүр сүрүүсү үчүн жерге көмүлдү.

Сүйүү акыйкаты

Азирети Мавлана бул ибараттуу окуяны баяндаган соң жамы инсаниятка төмөнкүчө насаат менен кайрылат:

«Билип койгула, ыкласман мусулман баласы дүйнөнүн өтүүчү лаззаттарына маани бербей жүзүн негизги максаты Аллага бурат».

«Ээ, капилет! Муса менен Ахмеддин мужизаларына назар сал! Аса таяк кантип ажыдаар болду, курма дүмүрү кантип көсөм болуп жашыды?!»

«Сүйүү акыйкатын дарактан (курма дүмүрү) уккун да, андан ибарат-үлгү ала бил! Өзүңдү дүйнөнүн сан миң лаззаттарына алдырба!»

«Чыныгы бакыттын туучокусу, дененин өтөсүндө, ал бүткөн жерде экенин билип кой!»

«Эсиңе түйүп ал, чыныгы бакыт убактылуу дененин көйүнөн арылып, Жараткандын ыраазылыгын жандилден самап, ошол багытта бар күчүң менен жанүрөөң»

Мына ошол курма дүмүрү Алланын акыркы Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам) өзүн жерге көмдүрүү менен убактылуу денесинен арылып, кыямат күнү Теңирий ырайымга ээ инсан сыяктуу тирилип, көксөгөн максатына жеткиси келди...

Бу не деген ибарат!

Курма дүмүрү болсо дагы Азирети Пайгамбарыбыздын шапаатынан насиптар болуу. Анын көөдөнүнөн өзүнчө орунга ээ болуу. Бул эки күндүк дүйнөгө алданбай, кемелине келген адамзаада сыңары баралына жетүү. Дарак болсо да дубасынын кабыл болушу, нечендеген киши уулу жетпеген рухий макамга жетүү...

Ухуд тоосунун Азирети Пайгамбарыбызды угуусу

Күндөрдүн биринде Бар ааламдын Сыймыгы Мухаммед Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сахабалары Азирети Абу Бакир, Азирети Умар, Азирети Али (Алла аларга ыраазы болсун!) менен Ухуд тоосуна чыгышат. Бир кезде Ухуд үстүндөгү бул заттардын руханият сүрүнөн толкунданып титирейт.

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Ухудду жубатуу таризинде:

«Акырын бол, эй, Ухуд! Үстүңдө бир пайгамбар, бир ыраскөй жана эки шейит турат!» деп буюрат. (Тирмизи, 3703, Насаи, Ахбас, 4Ө5, VI, 235)

Ошентип, Ухуд Жараткандын сүйүктүүсү Пайгамбарыбыздын сөзүн угуп тынчтанып калган экен.

Кирген буура кантип моюн сунду?

Бул дүйнөдө жансыздар гана эмес, барча айбанат дүйнөсү да Алланын Элчисин (саллаллаху алейхи васаллам) таанып, Ага таазим кылышар эле. Бул жагдай туурасында Жабир бин Абдуллах (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт:

«Алланын Элчиси менен чогуу бир сапардан кайткан кез. Мединада Нажжар уулдарынын бакчаларына жетип калганда бир бакчада эч кимди жанына жолотпой, ыргыштап адамга кол салган төө жөнүндө Пайгамбарыбызга кабар беришти. Пайгамбарыбыз бакчага барып, ичкери кирди. Баягы ичкери эч кимди киргизбей жаткан төөнү жанына чакырды. Алла Элчисинин үнүн уккан төө башын шылкыйтып басып келди да, тизе бүгүп чөк түшүп берди. Алланын Элчиси:

-Мага чылбырды бергиле! - деди.

Ошентип, Пайгамбарыбыз төөгө чылбыр салып, ээсине тапшырды. Андан соң ал жердегилерге мындай деди:

-Жиндердин жана адамзааданын баш ийбестеринен тышкары жер менен көк асмандагы барча жандуу-жансыз менин Алланын акыркы Элчиси болгонумду билишет» (Ахмед, III, 310 ).

Азирети Пайгамбарыбызга салават жана дубай салам жолдоо ышкы

Сулейман Челеби:

«Көпөлөктөй күн дагы Аны айланат!..» деп күндүн да Алла Элчисин көпөлөктөй чарк айланганын, аны менен бирге барча жансыздын дагы Ага ашыглык сезимдери күч экендигин сезим үнү менен уйкаштыра таштап кеткен экен.

Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун!) мындай дейт:

«Кээде Меккеде Алланын акыркы Элчиси менен кезчү элем. Күндөрдүн биринде Меккенин кыйырына чыктык. Алдыбыздан чыккан ар бир таш, бак-дарактар Ага:

«Сага салават жана салам (Алланын ырайымы, бейпилдиги) болсун, о, Алланын Элчиси!..» деп салам берип жатты».

Дарактын Азирети Пайгамбарыбызга күбөгө өтүүсү

Жансыздардын ашыглык сезимдери жаатында дагы бир мисал:

Азирети Пайгамбарыбыз сапарларынын биринде жолдон бир көчмөн арапка жолугуп, ага дин Ислам жөнүндө маалымат берет. Арап Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын далилдеп беришин талап кылат. Азирети Пайгамбарыбыз маңдай тарапта турган даракка колун шилтеп жанына чакырат. Береги дарак ошол замат Пайгамбарыбыздын буйругуна моюн сунуп топуракты жиреп жылып келет да, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) алдында үч ирет келме келтирип, анын Алланын акыркы элчиси экендигине күбөгө өтөт. Андан соң кайра Пайгамбарыбыздын буйругу менен ордуна барып туруп калат. Мындай ажайып мужизаны өмүрүндө көрбөгөн баягы көчмөн өзүнчө эндирейт. Кетип баратып:

-Эгер өз уруум мага ишенип, баш ийишсе, аларды Сага алып келем. Жок, баш ийишпесе, анда мен өзүм келем да Сени менен бирге болом - деген экен (Хайсами, VII, 292).

Ойлонуу

Демек, жаамы жандуу-жансыз Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыздын Алланын акыркы элчиси экендигин айкын туюп, таазим кылып моюн сунушат экен. Ал эми бизчи? Адам катары, мусулман катары канчалык даражада ага таазим этип, анын баскан изинен чыкпай жүрөбүз?!...

Өзгөчө бүгүнкү күнү Анын руханиятына муктаждыгыбыз өтө күч. Акындардын бири айткандай: «Тур! О, бар ааламдын Мырзасы, кыямат жакындап калды!..» деген заманда жашап жатабыз...

Оо, Улуу Жараткан Алла Таала! Сүйүү жайы атыккан жандүйнөбүзгө Жалгыз Өзүңө жана Сүйүктүү Пайгамбарыңа болгон күрдөөл сүйүү, ашыглык ыроолой көр! Пайгамбар сүйүүсүнө эрээркип балкыган курма дүмүрүнүн абалынан бизге да үлүш насип буюра көр!

Башына