Алтынчы сан

Мазмуну
Мазмуну
Урматтуу окурман!
Убакыт учкан аттай зымырап өтүп көп күндөр артта калды, сиз сүйүп окуган Ак Башат биринчи жылын ийгиликтүү толтурду. Келе жаткан жаңы жылга сиздер менен чогуу баруунун өзү эле биз үчүн зор бакыт. Буйруса 2007-жыл Ак Башат журналы үчүн өнүгүүнүн, элдин кызыгуусун арттыруунун жылы болот. Ушул жаңы жылды өзүбүздү таанытуунун жылы катары жарыялап жатабыз. Андыктан окурмандырыбыздын кат кабарларына, сын-пикирлерине жана сунуштарына муктаж экендигибизди баса белгилеп кетмекчибиз.
Ушул санда негизги тема катары үй-бүлө тууралуу кеп козгоону туура көрдүк. Анткени баарыбызга маалым болгондой кандай гана коом, кандай гана мамлекет болбосун анын өзөгүн үй-бүлө түзөт. Ынтымака, сүйүүгө негизделген үй-бүлөнүн пайдубалы, келечеги бек болот, коомдун ички бекемдиги да оо үй-бүлөлөргө жараш нары бекем, нары бакубат болот. Мунун тескерисин алып карай турган болсок ынтымактуу жана келечектүү коомду элестетүү мүмкүн эмес. Андыктан бүлөбүздү кылымдарды карыткан изгиликке шайкеш маданиятыбыз, динибиз менен тааныштырып, бөтөн маданияттардын айрым терс таасирлеринен коргоо парз экенин эстен чыгарбашыбыз кажет.
Коомдун өзөгүн үй-бүлө түзсө, үй-бүлөнүн өзөгүн аял-эне түзөт. Демек бул жерде биз өңдүү перзенттерди тарбиялап өстүрүү үчүн келечектеги энелердин таалим-тарбиясы да учурдун зарыл маселеси болуп турат. Мына ушул маселени канчалык кынтыксыз жайгара алар болсок, үй-бүлөнүн да пайдубалы ошончолук урабас болор.
Жана ошондой эле башка маданият жана диндердин аялзатына болгон мамилесин жана берген баасын изилдеп энелердин өз маданиятыбыздагы ордун, маанисин жана зарыл баасын беришибиз керек. Ислам дини келе электеги түркөйлүк доорлордо аялзатына керектүү маани берилген эмес, жадакалса буюм сыяктуу сатылып, кордук тартып, акы-укугу тепселип, мурастан куру жалак калытырылып, кокус ажырашкан болсо экинчи ирет турмуш курганга уруксат да, мүмкүнчүлүк да берилген эмес, тек гана буюм сыңары колдон колго өтүп турган.
Караңгылык доордо ушундай абал өкүм сүрүп турган. Ал эми дин Исламды кабыл кылбаган батыш маданиятынын куруучулары саналган билгиндери менен фиолософтору аял укуутары тууралуу минтип ой бөлүшчш экен, аялдын руху барбы же ал рухсуз жаратылган макулукпу? Эгер аялдын руху бар болсо, ал кишинин рухубу же айбандын рухубу? Андай болсо эркеке салыштырмалуу аялдын инсандык жана социалдык абалы кулдун абалы сыяктуубу? Же анын абалы кулдун абалынан бираз жогору болушу керекпи? Ушу сыяктуу суроолор суралып, жооп берүүгө далаалат кылгандар болгон. Грек жан Рим маданиятында болсо, аял болгону салтанаттуу шаан шөкөттөрдүн көркү, эркектердин арасындагы мактануу каражаты, көргөзмө куралы катары колдонулуп, биринен бириге белек катары берилип турган нарсе эле.
Ошол доорлордо аялзаты караңгылыка көмүлүп, люкс оюнчук сыңары колдонулган. Кээде тамактанса, кээде ач калтырылган, бой кат болуп азап менен төрөгөн, кыз төрөсө кызпызы менен жээрилген, күн-түн дебей кара жумуш, ак жумуштун баарын жасаган айласыз, аргасыз, чарасыз эле. Бул абал айрым өлкөлөрдө кул жумшоочулук жоюлганга чейин, айрым өлкөлөрдө болсо Биринчи дүйнөлүк согушка чейин келген.
Журналыбыздын ушул санынан өз маданиятыбыздын жана динибиздин үй-бүлөгө, анын куту саналган аялзатына берген берген баасын жана ушул жаатта жазылган изилдөөлөрдү, пикирлерди таба аласыз. Тактап айтканда Ак Башаттын ушул санын окуу менен аялзатынын акы-укугу, орду кайсы маданиятта, кайсы динде кандай корголгону жана кордолгону тууралуу так маалыматтарды ала аласыздар.
Урматтуу окурмандар
Журналыбыздын башка окурмандарга жетиши үчүн сиздердин да жардамдарыңыздарга муктаж экенибизди унутпаңыздар!Сиздердин бул жааттагы жигердүү аракетиңиздер бизге кубаныч тартуулайт. Ак Башат окурмандардын колуна түздөн-түз жана тез жетиши үчүн бул санында абоненттик форумду даярдадык. Мындан ары каалаган окурмандар почта аркылуу Ак Башаттын ар бир чыккан жаңы санын ала алышат. Бул тууралуу кенен маалыматты журналга тиркелген абоненттик форумунан таба аласыздар.
Кадырман окурман
Жаңырган 2006-жылдын курман айт майрамы менен аяктап жатабыз. Бул өңдүү диний майрамдардын канчалык маанилүүлүгү жыл сайын элибиздин аң-сезимине терең сиңип баратат. Ушул келген айт майрамынын жаңы жылга туш келип жатканы жакшы жышаан. Бул күндөрдө муктаж адамдарды сүйүндүрүү коомчулук ичинде ынтымак-ырашкерликтин жанданышына, социалдык тең салмактуулуктун сакталышына өбөлгө түзөт. А бирок, камкродук же жардам берүү үчүн мындай өзгөчө күндөрдү күтүп отура берүүнүнү кереги жок, колдо мүмкүнчүлүк болуп турганда муктаж колунда жоктордун муктаждыктарын камсыздап туруу динибиздин буйругу болгон соң жалпыбыздын адамдык, мусулмандык парзыбыз болот. Ушул учурдан пайдаланып биз Ак Башат үй-бүлөсү жаамы окурмандарыбызды өтүп кеткен курман айт майрамы жана жаңы жыл менен куттуктайбыз! Ушул улуу күндөр Кыргызстаныбызга жана бүт дүйнөгө тынчтыкты жана жакшылыктарды коштоп келишин Жараткандан тилейбиз!