Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

Азыркы жаштардын көйгөйлөрү

Мазмуну

Бакыт Коңурбаев

Жаштар деп айтуу менен биз 15-25 жашка келип калган жаштарды максат кылуудабыз. Бул убакта балакат жашы башталып, жаштык сезимдердин оргуштап турган мезгили болгондуктан өтө маанилүү. Балакат жашына келген балдар жана кыздар жашоонун жаңы тепкичине кадам ташташат. Бул мезгилде ата-энеге өтө оор милдет жүктөлөт!
Жакында эле 20-кылымдын экинчи жарымынын акырында СССР державасы кулады. Державанын кулашы менен жаңы мамлекет түптөлдү. Мамлекет жаңы идеологияны издөө жолуна  түштү. Азыркы жаштар мына ушул жаңы идиологияга туш болгон адамдар. Бардык өзгөрүүлөр, толкундар, турмуштун өйдө-ылдыйы жаштарыбызга таасирин көрсөттү. Тактап айтканда жаңы кылым жаштарыбызга пайдасынан зыянын көбүрөөк алып келди. Учурдагы кылымды “аспирин кылымы” деп атагандар да бар. Анткени жаңы кылым тартуулаган көйгөйлөрдүн натыйжасында пайда болгон кризис, депрессия, стресс, баш оорулардын даарысы аспирин ж.б. болуп эсептелет.
Кандайдыр бир коом канчалык тартиптүү болгонуна карабастан, анын тартибин буза турган күтүлбөгөн алмашуулар же өнүгүүлөр болушу мүмкүн. Ал эми учурда мындай өзгөрүүлөр же өнүгүүлөрдүн ылдамдыгы күн өткөн сайын күчөп барат. Бул ыладамдыкты бардыгыбыз эле сезип байкап турсак керек. Мындай ылдамдык коом ичинде кризис, тартипсиздик, адепсиздик, тынчсыздык жана бактысыздыкты алып келери айдан ачык. Турмуштун олку-солкулары адегенде үй-бүлөнү андан кийин кыйынчылыктарга туруштук берүүгө начар, турмуштун өйдө-төмөнүн жашай элек жаштарга таасирин тийгизет. Ошондуктан коомдун мүчөлөрү болгон жаштарды кучагына кысып, тынчтыкты камсыз кылган жана адамдардын жашоосун тартипке салган факторго муктажбыз. Ал фактор бирөө гана. Ал Ислам. Анткени ислам дининде бардыгы бар. Азыркы жаштарыбыз суусап турган ыйман, тарбия, илим-билим алуу арзуусу, билим берүү жана тарбия системасы деги койчу айтып отурса түгөнгүс. Азыркы жаштарга жашоонун ар кандай пикирлерин топтоп бириктирген, айырмачылыктарды бири-бирине окшоштурган тарбия системасы керек. Ар кандай көз-караштарга, пикирлерге сый көрсөткөн, адил жашоону камсыздоочу тарбияга муктаж жаштарыбыз. Мындай тарбия бир гана Исламда бар. Берилген тарбия кыз эркек, төрөлө элек же али наристе дебестен бардыгын камтыш керек. Тарбия системасы тарбияланып жаткан коомдун өнүгүүсүнө, жаңылануусуна, өнүккөн өлкөлөр менен ат салышуусуна, замандын агымына жараша өзүн жаңылап жаңыртып туруусуна жана күтүлбөстөн келген кыйынчылыкка туруштук берүүсүнө салымын кошуусу кажет. Эгер мындай тарбия системасы мындай нерселерди бере албаса, анда ал жаштардын тегерегин тоскон дубал болуп бергенден башка эч нерсеге жарабайт.
Батыш (европанын) маданиятынын көздү уялткан тышкы көрүнүшү бүгүн ичинен бузулуп, чөгүп бараткан кези. Бардык адеп-ахлактык баалуулуктары өчүп баратат. Батыштын жаштары наркотик, жыныстык катнаш, адам өлтүрүү, өз жанын кыюу ж.б.у.с. ыпылас нерселер менен алектенип калышты. Биздин өлкөгө да бул ыпыластар коммуникация аркылуу жаштарга жугуп жатат. Бүткүл дүйнөгө өтө тездик менен жайылып жаткан терс маалыматтар, пикирлер, көз-караштар жаштардын өнүп, өсүү чагында абдан терс таасирин тийгизүүдө. Өзүнүн улуттук үрп-адаттарынан жана баалуулуктарынан ажырап, өз маданиятына чочун болушууда. “Мен киммин” сыяктуу суроолордун жообун табууда кыйналышууда. Атүгүл, кээде мындай суроону суроо керексиз жана туура эмес деп кабылдашат. Учурда бардыгыбыз күбө болуп турган согуштар, каргашалар, ар кандай идиологиялык көз-караштар көпчүлүк учурда жаштардан чыгып жатышы ойлондуруучу нерсе.
Ошентип заманыбыз алып келген бардык көйгөйлөр жеке эле биздин жаштарга эмес, дүйнөдөгү бардык жаштарга залакасын тийгизүүдө. Акыркы күндөрдө мамлекетибизде көрүнөө байкалып жаткан кийинүүдөн баштап, динибизге чейин батышты тууроо башталды. Мунун акыры барып кризиске алып бараары бышык. Азыркы заманбап нерселердин бардыгы жаштарыбызга ушунчалык өзүнө тартуучу, көз бойоочу, кооз кылынып сунулуп жаткандыктан биздин коом буга туруштук бере албай, жаштарыбыз акылы менен ой жүгүртпөстөн сезимдерин, напсилерин ээрчип калышты. Батыштан келген ыпылас нерселерди эч кынтыксыз туурай башташты.

Жашап жаткан доорубуздун эң маанилүү өзгөчөлүгү – билим доору. Учурда билимдин өнүгүүсү, жайылуусу, жетүүсү абдан жеңил жана оңой. Өткөн заманда бир гана китеп, журнал, газета аркылуу маалымат алышчу. Бирок азыркы доордо таптакыр башкача. Азыр пультту басып гана дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабардарбыз. Албетте мунун жаман жана жакшы тараптары бар. Жаман тарабы биздин жаштар көпчүлүк учурда сырты жалтырак ичи калтырак нерселерин алышууда.

Өлкө ичинде болуп жаткан ар кандай саясий, экономикалык жана маданий кырдаалдар өлкө ичиндеги жаштардын үмүттөрүнө, кыялдарына, билимдерине, ден-соолуктарына кыскасы бардык жагына таасирин тийгизет. Ал эми биздин өлкөдө жаштардын патриоттук, мусулманчылдык сезимдерин коргогон система жок болууда. Өлкөбүз жаңы доорго кирүү менен батыштан жаңы диндер кире баштады. Бул диндердин максаты, идиологиясы кандай экендиги тууралуу жаштарыбыз кабарсыз. Жаштарыбыздын билими кандай деңгээлде өнүгүп жаткандыгы тууралуу өлкөбүздүн иши жоктой. Муну өлкөбүздүн илим-билим боюнча жүргүзүп жаткан саясатынан деле байкасак болот. Биз сыяктуу жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкө үчүн туруктуу, жаштардын камын ойлой турган билим саясаты керек. Бирок өлкөбүзгө карасак мындай нерсе эч байкалбайт. Албетте, булар көйгөйдүн бир гана тарабы. Экинчи тарабы мамлекетибиздин окуу жайлардын билим деңгээлинин төмөндөп баратышы. Адам баласы жаш кезинде сергек болуп, берилген маалыматты өзүнө тез кабыл алат. Чөйрөсүнө карап башына ар кандай көз-караштар жана суроолор пайда болот. Ошол суроолорго жооп издеп, ар кандай илимдерди изилдөө жаштардын табиятында бар нерсе. Бирок биздин улууларыбыз укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн. Анан кантип “жаштар биздин келечегибиз” деп кыйкырып жатабыз. Бул кылыгыбыз өзүнүн бутуна өзү чалынып жаткан адамга окшоп жатат. Эртеңки күнү милдеткер, башчы, мамлекетти аманатка таштай турган жаштарга бүгүндөн баштап аларга керектүү нерселерди берүүбүздү кантип унутабыз. Жаштардын ойлогон ойлорун сыйлоо, ката болсо оңдоо биздин негизги милдетибиз. Бул милдетти Алла Таала Курани Каримде да мусулмандардын бардыгы ушундай болсун деп талап кылат.

            Билимди ийгиликтүү же эптеп алгандан кийин да жаштардын көйгөйлөрү бүтпөйт. Мисалы, адилетсиздик жана жалганчылык аралына түшүп калгандай болушат. Бул абал жаштардын көйгөйлөрүн азайтуунун ордуна, тескерисинче, көбөйтөт. Булардын бардыгы жаштарыбыздын бузуулусуна жардамчы болору жалпыга маалым. Окуусун аяктагандан кийин иш таба албаган жаштардын коомдун жана өздөрүнүн келечегине болгон үмүттөрү үзүлүүдө. Урушаарга жоо таппай, омкорорго тоо таппай турган эр жүрөк жаштарыбыз кафе, бар, дискотека, кумарканаларга кирип, кайра чыга албай калышууда. Бүгүнкү жаштарыбыздын жалкоо, адепсиз болуп баратышын түпкүрүндө мынабу нерселер жатат: жумушсуздук, жан багуу кайгысы жана оңой жол менен бутка туруу көйгөйү. Окуусун аяктаган соң белгилүү жашка келгенге чейин, атүгүл үй-бүлө курганда да жанын багууга жетиштүү иш таба албаган жаштар, албетте, жаман жолдорго барат жана үй-бүлөсү бузулат. Мына ушундай абалдарга калган жаштарыбыз динден, адеп-ахлактан жана улуттук үрп-адаттардан качып, батыштан келген “жаштык кезде ойноп күлүү” азгырыгына жана бузук диндерге кирип жатышат. Өлкөбүздө болуп жаткан уурулук, паракордук, өзүн өзү өлтүрүүлөр башка бузук диндерге кирүү, жыныстык эркиндик, адепсиз кийимдер мунун айдан ачык мисалы. Албетте киришет. Анткени биз аларга динибиз Исламды, адеп-ахлакты, билимди, үрп-адаттарыбызды жеткирбесек. Азыркы жаштар бузулду деп айтууга биздин эч кандай акыбыз жок. Аларды бузган бизбиз.

Үй-бүлөлүк турмуштан чыккан көйгөйлөр

Үй бүлөлүк турмуш өткөн чактарда үрп-адаттарга жараша азыркыга караганда бейкут, бактылуу жана оңой эле. Ата бабаларыбыз курган үй бүлөдө ар кимдин ролу белгилүү болчу. Балким ошондуктан эч кандай проблема чыкчу эместир. Учурдагы заман тартуулап жаткан кыйынчылыктардын көпчүлүгү алардын заманында жок эле. Мына ошондуктан жашоого жараша үй бүлө башчысынын милдети дагы жеңил болчу. Тапкан ырыскыларына шүгүр кылып, жашоолорун тынч өткөрүшчү. Кандайдыр бир проблема чыгып калса, аларды чечүүдө үй бүлө башчысы болгон атанын кадыр-баркы жана аброю жетчү. Бирок бүгүн алардын бардыгы өзгөрдү. Учурдагы адамдар кийимдердин жаңыраагын кийүүгө, даамдуураагын жегенге, мыкты үйлөрдө жашаганга далалат кылышууда. Адамдардын муктаждыктары мурунку замандарга салыштырмалуу көбөйүүдө. Күн өткөн сайын базарлардагы буюмдар, азык-түлүктөр жана кийим-кечектер жаңыланып жаткандыктан бир кишинин тапкан кирешеси жетиштүү болбой жатат. Ушундан улам үй бүлөнүн бөлөк мүчөлөрү дагы киреше киргизүүгө мажбур болушууда. Мына ушундай өзгөрүүлөр үй бүлөгө ар кандай проблемаларды пайда кылууда.
Акыркы күндөрү үй бүлөлөрдө ынтымаксыздык, чыр-чатактар, үйдөн качуулар жана ажырашуу сыяктуу проблемалар көзгө көп учурачу болду. Мындай терс көрүнүштөрдүн залакасы үйдөгү балдарга жана жаштарга тийүүдө. Балдарыбызды стресс жана депрессияга түшүрүп, тынчын алуудабыз. Жада калса үйдөгү баласына арызданбаган жана алар менен чатакташпаган ата-энелерди жолуктуруу мүмкүн болбой калды. Кыска убакыттын ичинде бутка туруп, люкс жашоо менен өмүр өткөзүү үчүн үйүнөн качкан жаштар көбөйдү.
Азыркы жаштардын эң оорчундуу көйгөйлөрүнүн бири – үй-бүлө куруу. Бардыгыбызга маалым болгондой Ислам дини үй-бүлө курууну жеңил кылган. Бул нерсени өзүбүздүн үрп-адаттарыбыздан деле байкап көрсөк болот. Бүгүнкү жаштардын үй-бүлө курууга болгон кызыгуусу бираз сууп бараткансыйт. Жада калса замандын кыйынчылыктарын шылтоолоп, үй-бүлөсүз жашашты каалашат. Албетте, мындай чолок ой-пикирлер заманбап батышта жашалып жаткан жыныстык эркиндиктен келип жатат. Ар кандай көңүл ачуулар жана сойкулук сыяктуу нерселери жаштарыбыздын пайдалуу ой жүгүртүүсүнө тоскоол болуп жатат. Ошентип жаштарыбыз арак, наркотик, ойноп-күлүү, сойкулук ж.б.у.с. ыпылас адаттардын тузагына түшүп баратат десек жаңылышпайбыз. Мына ушулардын натыйжасында үй-бүлөдө ажырашуулар, чыр-чатактар, атасыз же энесиз балдар, аборттор көбөйүүдө.

 

Андай болсо, биз эмне кылышыбыз керек?

            Жер жүзүндө жашаган эң ардактуу жандык - адам баласы. Бул нерсени эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал эми адамдын эң маанилүү жана берекелүү доору жаштык кези. Анткени ар нерсени жасаган да, бузган да адам баласы. Адеп-ахлаксыз, динден алыс жана илим-билимден артта калган жаш адам эч нерсе жасай да, буза да албайт. Алла Тааланын Ислам дини менен жакшы тарбияланган жана илим менен курчалган улуттун чече албай калган маселеси эч качан болбойт. Ошондуктан жаштарбызды адегенде үй ичинде андан кийин мектепте, көчөдө тарбиялайлы. Учурда мамлекетибиз жаштарга билимди жана адепти жеткиликтүү жеткире албай жаткан учуру. Кудай буюрса бардыгыз жардам берсек, мамлекетибиз оңолот. Мамлекетибиз оңолсо, жаштарыбыз өнүнгүп өсөт. Жардамды кандай беребиз деген суроо туулушу мүмкүн. Эгер баарыбыз жаштарыбыздын тарбиясын үй-бүлөдөн баштасак, башкача айтканда жаштарбызды үйдөн чыгардан мурун адептүү, чыныгы мусулман, билимге кызыккан, кыйынчылыктарга туруштук бере алган адам кылып даярдасак, биздин жардам ушул. Өнүккөн өлкөлөр маанини илимге эмес, ошол илимди көтөрүп жүргөн жаштарга беришет. Ошондуктан биз дагы жаштарыбызды илимге үгүттөйлү. Ооба, буларды айтып коюш абдан оңой. Бирок тилекке каршы мындан башка чарабыз жок. Антпесек жаштарыбызды башкалар колдоно баштайт.
Жаштарыбызга улуттук үрп-адаттарыбызды үйрөтүп, анын ичинен эң маанилүүсү динибиз Ислам менен жашатышыбыз керек. Ар бир улут өз улутунун баалулуктары ыйык экенине ишенет жана сактайт. Дүйнөдөгү бардык улуттар бул баалуулуктарын жаштарга өткөрүп берүүдөн мурун жаштарын ошого татыктуу кылып даярдашат. Ал эми биз болсо, “Мамлекетибиздин билим берүү тармактары жеткиликтүү билим жана тарбия бере албай жатат” деп айтып жүрөбүз. Туура, бирок мамлекетти эле карап олтура бербестен тарбияны үй-бүлөдөн башташ керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде мындай дейт: “Ар бир наристе мусулман болуп төрөлөт. Ата-энеси аны жөөт же христиан же мажуси (отко сыйынгандар) кылат”. Пайгамбарыбыз бул хадисинде үй-бүлө тарбиясы өтө маанилүү экендигин баса белгилөөдө. Ата-бабаларыз калтырып кеткен таза урпактарыбызды башка жактан келген бузук агымдарга таштабайлы. Жаштарыбызды кароосуз калтырбайлы. Анткени ошол жаштардын арасында сиздин дагы балаңыз жүрөт. Ата-бабаларыбыз айткандай “Эмне эксек, ошону алабыз”. Жаштардын жүрөктөрү эч нерсе жазылбаган таза ак барак сымал. Бул баракка жакшы нерселерди жазып калтыруу биздин милдетибиз. Пайгамбарыздын төмөндөгү хадисине бизге дем катары жетиштүү: “Адам баласы жалган дүйнө менен кош айтышкан соң, мынабу үч амалынан башка амалдарынын сообу токтотулат: Берилген садагалар, пайдалуу илим жана жакшы тарбияланган баланын дубасы”. Эгер биз жаштарды жакшы тарбияласак тиги дүйнөдө дагы тынч жатабыз.


Азыркы жаштарыбызда төмөндөгү коркунучтар бар: “Бир кесиптин ээси боло албашымдан корком”, “тилеген үмүт-максаттарыма жетпей каламбы деп корком”, “келечегим көрүнбөйт”, “өзүмө ылайыктуу жана ыймандуу жубай таба албашымдан корком” “кесип тандоодо кыйналып жатам” ж.б. Бул коркунучтарды жок кыла ала турган бир гана Ислам. Анткени Ислам жолу менен түз жүргөн, түз илим алган сөзсүз түрдө ийгиликке жетишет. Анткени Алла Таала адилеттүү. Ал бардыгын байкап көрүп турат. Эгер биз амалдарыбыз туура жана так аткарсак, Ал бизге мунун акыбетин сөзсүз кайтарат. Ошондуктан кандайдыр бир душман келип бизди ойготордон мурун, Куран жана Сүннөттүн эскертүүлөрү менен ойгонолу.

Башына