Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

Уй -булоо, анын озгочолуктору жана функциялары.

Мазмуну

Абдраимова Р.А. – п.и.д., проф. КРАУ
Иманкулова Э.Т. – п.и.к., доц. КГТУ

         Бугунку уй – булонун милдеттери менен проблемаларын терен андап тушунуу максатында окумуштуу тарыхка кыскача экскурс жасайт, байыркы замандан бугунку кунго чейинки уй-булоого болгон коз караштар менен концепцияларды иликтоого алат, уй-булонун негизги тутумун, жогорку класстардагы уй-було курууга даярдоо маселелерин Жана жаш уй-булолордун проблемаларын, уй-булолук тарбиянын мазмуну багыттарын талдайт. Уй-булолордун бири-биринен болгон негизги айырмачылык-белгилеринин илимпоз тарабынан системага салынышы конул бурууга арзыйт. Аларга В. Постовий томонкулорду киргизет: уй-булонун курамы, тузулушу; уй- булодогу башчылык тиби; уй- булолук турмуш, уй- булолук тузум; социалдык курамдын бир тукумдан экендиги ( же бир тукумдан эместиги); уй- булолук стаж; уй- булодоогу мамилелердин жана чойронун сапаты; географиялык белги; керектоо журуш- турушунун тиби, уй- булолук турмуштун озгочо шарттары.

         Атайын адабияттарга таянып, жеткинчекти тура тарбиялоо уй- булодогу мамилеге коз каранды деген бутумго келууго болот, анткени тарбиянын негизги дал ушул жерде туптолот. Балага Уй- булонун таасири эки багытта тиет. Биринчиден, бул максаттуу таасир, б.а. ата- энелер оздорунун алдына кандайдыр бир конкреттуу максатты коюшат (эпчилдикке, кондумго уйротуу, белгилуу сапаттарды калыптандыруу, жаман жоругу учун жазалоо, сыйлоож.б.) Жана ушуга ылайык бала менен мамиле тузот, тарбиянын тигил же бул методдорун, ыктарын колдонот. Бирок бул уюштурулган тарбиядан болок да бала уй- булодо жашап жатып анын ( уй- булонун) туздон- туз таасирин ата-энеси менен озунун мамилеси, алардын бири- бири менен болгон мамилеси, уй- булооук турмуш, уй- булолук салт аркылуу сезет. Ушул негизги аспект болуп саналат.  Анткени бала торолгондон баштап белгилуу бир карым-катнаштардын чойросундо жашайт, алардын таасирин туюп-сезет, озгочолукторун озуно синирет. Анын толук кандуу осушунун негизги шарты – пикиралышуу, чондор менен мамиле тузу, анткени ушул жол менен гана белгилуу журум- турум эрежелерин жана нормаларын оздоштуруп, озуно керектуу билим алганга, белгилуу кондум, эптуулукторду уйронгонго мумкунчулук алат. Андыктан тарбиянын ийгилиги ата- энеси бала менен кантип суйлошот, кантип сыйлат же жазалайт ошого жараша болот. Анткени ата- энеси менен уй- булонун башка чон мучолорубаланын омурундо маанилу роль ойногон биринчи социалдык чойросун тузушот.
Ушуга байланыштуу уй-булонун тарбиялык потенциалыдеген тушунукту карап кору маанилудой туюлат, себеби уй- булодогу тарбиялык функциянын аткарылышы бир кыйла денгээлде ушул тушунукко   баш ийет.
Тарбиялык потенциал уй-булонун педагогикалык мумкунчулукторун аныктоочу каражатар менен шартардын комплексин тушундурот. Бул комплекс уй- булонун курамын жана мучолорунун  санын, материалдык Жана тиричилик шарттарын, уй-булолук жамаатын жаш курагын Жана алардын ортосундагы мамилелерди озуно камтыйт. Ал ошондой эле идеялык-ыймандык, эмоционалдык-психологиялык жана эмгек чойросун, турмуштук тажрыйбаны, билимди, ата-энелердин жалпы маданияты менен кесиптик жондомдорун оз ичине алат.
Бала торолгондон кундон баштап омур бою уй-булонун таасирин сезет. Ошондуктан инсандын жетилуусундо уй-булолук тарбиянын узгултуксуздугу Жана узактыгы маанилуу фактор экендиги мыйзам ченемдуу корунуш.
Демек, биз корсоткон инсандын осушуно таасир беруучу уй-булонун тарбия потенциясынын эн маанилуу факторлорунун бири бир нече себептер менен шарталат, алардын негизгилери томонкулор.
Биринчиден, уй-було бала учун ар турдуу маалыматтардын алгачкы булагы болуп саналат, дал ушул уй- булодо ошол сезимдердин, нормалар менен баалуулуктардын, коз караштар менентушунуктордун жерпайы туптолот жана «кийин алар бироолорунунтурпатына, экинчилеринин башат-булагына артыкчылык берилгенмаалыматтарды тандоонун чен-олчомуно айланышат».
Экинчиден, так ушул уй-булодо ишмердуулуктун ар кандай турлру балага эн биринчи кондум болот. Мында балдарды уй-булонун тиричиликтик чарбалык, тарбиялык иш-аракетерине аралаштырууга объективдуу мумкунчулук бар.
Учунчудон, баланын инсанынын калыптанышына ата-энелердин жеке орногунун мааниси чон.
Тортунчудон, уй-булонун калыптанып жаткан инсанга таасири баланын эмоциясы менен интеллектин кучагына алат, ал таасир абдан интнсивдуу, сырдана жана кайталангыс уникалдуу микроклимат менен чулгангандыктан, таасирдин узакка созулуучулугун жана бекемдигин шарттайт. Ал таасир ата-энелердин сезимине негизделген, ал балдарга болгон ата-энелик чексиз мээрим жана балдардан кайткан сезим менен туюндурулат.
Бешинчиден, башка эч бир коомдук тарбия институттары менен салыштырууга болбой турган уй- булолук тарбиялык таасирдин узактыгы, узгултуксуздугу, коп кырдуулугу. Бул фактордун кучу жана туруктуулугу ата-энелердин жана башка уй-було мучолорунун турмуштук ар турдуу кырдаалдарда балдарга тарбиялык таасир этуу мумкунчулугунун узактыгы, дайымкылыгы жана кун сайын кайталануусу менен аныкталат.
Ар бир уй-булодо карым-катнаштын белгилуу тиби тузулот жана ошого ылайык балага таасир корсотуунун ыкмалары иштелип чыгат, анын чондор менен баарлашуусу журот. Уй-булонун комуникативдик функциясынын эн чон мааниси ушунда. Маселен, окумуштуу И. Гребенников бул функциядан момундай компоненттерди болот: уй-було мучолорунун массалык маалымат каражаттары (теле, радио, мезгилду басма соз), адабият жана искусство менен болгон байланышында уй-булонун ортомчулугу; уй-булонун оз мучолорунун курчап турган чойро менен болгон ар тараптуу байланышына жана чойронун тарбиясынын мунозуно тийгизген таасири; ич ара уй-булолук баарлашууну уюштуруусу.
Эгер уй-було ушул функциялардын аткарылышына жетишээрликконул бурса, анда анын тарбиялык потенциалы кучойт. Кобунчо коммуникативдик функцияны уй-булодо психологиялык климаты жаратуучу ишмердуулук менен байланыштырышат.
Ар бир уй-булого белгилуу денгээлде руханийлик таандык. Ал канчалык бийик болсо, ошончолук уй-булонун ынтымагына, оз мучолорунун маданий талаптарын канааттандырууга, шык жондомдорун остурууго, балдарды ийгиликтуу тарбиялоого негиз бар. Уй- булонун рухий баалуулуктарын эн биринчи ыймандык тиректер, психологиялык климат, уй-булонун ич ара жана курчап турган дуйно менен баарлашуусу, маалымат каражаттары, адабият жана искусство менен байланышы, тиричилик эстетикасы, тарбия потенциалы, интеллектуалдык умтулуулары кирет. Бул туурасында окумуштуу И. Гребнников минтип жазган: «Балдардын ата-энеси жана чон кишилер менен болгон чыныгы рухий жакындыгы – бул ушундай мамиле, чон киши балага жан дуйносунун эн ыйык байлыктарын берет, ордуна эч нерсе сурабастан чын дили менен берет, а бала болсо жакшы нерселердин баарысын озуно синирет, ошону менен бирге оз учурунда ал дагы шыпалуу тунук эмоциясы менен чон кишинин ички дуйносун тазартат, ага куулук-шумдугу жок жан дуйносунун сырларын ачат. Уй-булодогу дал ушул ич ара мыкты мамилелер инсандын ар тараптуу калыптанышына он таасирин тийгизет».
Уй-булодогу ич ара баарлашуунун спецификасы эн мурда уй-булолук мамилелердин коп аспектуулугу, уй-булонун курчап турган чойро менен байланыштарын ар турдуулугу, анын бул таасирлерди кабыл алуу озгочулугу менен шартталат.
Уй-було бул баланын тигил же бул нерселерге балалык артыкчылык беруусунун, жактоосунун, мудоолорунун, кызыкчылыктарынын калыптануусундагы эн биринчи жана бир кыйла табигый чойро, ал жеткинчектин инсанынын калыптанышына маанилуу роль ойнойт.
Ошентип, психологиялык климат уй-булонун ыймандык баалуулуктары менен жуурулушуп, уй-було мучолорунун оз ара мамилесинин сапатынын корсоткучу болуп саналат. Ошон учун анны кобунчо уй-булодогу жашоо стилинин биримдигин, андагы мамилелердин мунозун эске алышып, адеп-ахлахтык- психологиялык климат деп аташат. Психологиялык климат такыр озгорбой турган нерсе эмес; ал уй-було мучолорунун куч- аракетинен жаралат жана кандай болору аларга коз каранды.

Адабияттар:
Р.А. Абдраимов «Кыргыз этнопедогогикасынынбашаттары жана бугунку                                      абалы»- Бишкек 2001 ж.
Н.Асипова. «Социалдык тарбия» - Бишкек 2004 ж.        
А. Алимбеков. « Кыргыз этнопедогогикасы»(I болук) – Бишкек 1996 ж.                  

Башына