Алтынчы сан

Ислам дининин Орто Азия Түрк элдеринин арасына жайылуусу
Мазмуну
Түрктөр менен Арабтардын алгачкы байланыштары Ислам дининин пайда болушунан мурда башталган. Географиялык тараптан бири-биринен алыс жайгашкан эки коом Сасани Иран (Перс) империясынын байланышы аркылуу кээ бирки согуштарда кабардар болгондугу тарых барактарынан белгилүү. Мисалы, 596-жылы Перс императору Хусрав Первиз менен аскер башчы Бархан Чуубинин ортосундагы ички согушта Араб урууларынан жана Турк элдеринен жардам сура-ган эки тараптын чакыруусунда, бири-бирлери менен согуш майданында жолуккандыгын тарых барактарынан билебиз.
Согуштардан сырткары Араб соодагерлеринин Кытайга чейин жеткен соода иштеринде Турк элдеринин жерлерин аралап еткендугун, Турк кал-ктары менен да соода иштеринде байланышы болгондугун эч ким жокко чыгара албастыр.
Ислам дини жацы эранын 7-кылымында Араб жарым аралында май-цанга келгенин баарыбыз жакшы билебиз. Ислам дининин пайгамбары Азрети Мухаммед (сав) жана анын сахабалары (Пайгамбарыбызды керген жана ага ыйман келтирип, жолун жолдогон замандаштары) доорунда Ис-ламдын таасири Араб жарым аралынын бир кыйла белуктеруне тарка-лып, андан кийинки Рашид халифалар Абу Бакр, Умар, Усман жана Али-нин доорунда Араб жарым аралынын сыртына жайылды. Айрыкча Умайа халифалыгынын доорунда (661-750) арабдар азыркы Иран, Афганистан, Тундук Африка, Европанын туштук батыш райондору жана Тохаристан, Индия, Хорасан жана Маверауннахрга (Сыр жана Аму дарыяларынын ортосундагы райондор Эки суу аралыгы деп аталган) чейин Ислам динин жайылтышкан эле.
705-жылы Умайа халифасы Валид ибн Абдулмаликтин доорунда Иран вилайатынын башкаруучусу Хажжаж ибн Юсуф ал Хакам ас Сакафи Хо-расанга башкаруучу кылып Кутайба ибн Муслимди дайындады. Кутайба ибн Муслим белгилуу аскер башчылардан болуп, Орто Азияга Ислам динин (Аз.Умар (ра) дын доорунда Хорасан валиси болуп дайындалган Ах-наф ибн Кайстан кийинки) керунуктуу башкаруучулук, акылдуулугу менен жеткизгендиги маалым. Кутайба 707-жылы Балхты, Байкентти, Буха-раны, Самаркандды жана Хорезмди алгандан кийин Ислам тарыхында биринчи жолу Сыр дарыяны кечип етуп 713-жылы Шаш (Ташкент) жана Фергананы Ислам мамлекетинин чегине кошкон. Кутайба ибн Муслим Турк элдеринин Ислам динин кабыл алуусунда эн жакшы мамилеЯерди пайда-панып, биринчи иретте белгилуу жерлерге мечиттерди курдурган. Мечитке келген адамдарга, колунда жок кедейлерге акчалай жардамдарды бердир-ткен. Турк жигиттеринен аскерликке алып, Исламдын биримдигин аскер-лер арасында да бекемдегенгежетишкен. 715-жылга чейин Мусулмандар бул жерлерди ээлеп Ислам динин таркатышты.
750-жылы араб Умайа халифалыгын кулатып, беш жуз жылдан ашык екум сургон Аббаси халифалыгынын доору башталды. Аббасилердин ба-шында суйуктуу пайгамбарыбыз Мухаммед (сав)дын агасы Аббастын не-оересинин уулу Мухаммед ибн Али 744-жылы Хорасандан угут иштерин баштан Умайа халифалыгынын атына эмес Аббасилердин атына хутба окута баштаган. Ал каза болгондон кийин анын уулу Ибрахимдин доорунда угут-насыят иштери кенири жайылды. Ибрахим Умайа халифасы тара-бынан зынданга салынып елтурулген эле. Анын керээзи боюнча Аббаси халифалыгынын башына А бул Аббас (Абдуллах ибн Мухаммад ибн Али ас-Саффах) дайындалды.
Аббаси халифалары Умайа халифаларына Караганда Араб болбогон мусулмандарга жакшы саясат жургузгондугу менен Ислам динине кошкон салымдары чон. Экинчи Аббаси халифасы Абу Жафар ал Мансур биринчи жолу Турктерду мамлекет иштерине кызматка алган. Аныи уулу Махди Согд, Фергана, Ушрусана жана Карлук башкаруучуларын Исламга угуттеген. Халиф Мамун Ислам динин кабыл алган Турк кагандарына казынадан атайын айлык акы чегерип, аларды езуне жакынтаткан. Андан кийинки халиф Мутасымдын доорунда бир канча Турк урууларынын баш-каруучулары Исламга кызмат кыла баштаган эле. Ислам дини аскердик жол менен эле эмес Суфилердин жардамы жана соодагер мусулмандардын угуту менен да Орто Азияда жашаган баардык Турк урууларынын ички катмарына чейин жеткен.
Турк мамлекеттеринин арасында биринчи жолу Ислам динин мамле-кеттик дин катары Волга боюндагы Булгар турктеру X кылымда кабыл алышкан.
Исламды мамлекеттик дин деп кабыл алган экинчи турк мамлекети Караханид мамлекети. Караханид мамлекетинин тузген Сатук Бугра Ка-рахан езуне Абдулкарим деген ысымды алган. Караханид мамлекетинин доорунда (960-жылдан баштап) 200 жуз мин тутун турк уруулары Исламды кабыл алышкан. Караханид мамлекетинин чеги чыгышта Кашкарга, батышта бугунку Туркменстандын чегине чейин жеткен. Биздин Кыргыз-стандын чеги толугу менен Караханид мамлекетинин карамагына кирген.
1. Кыргыз эли Орто Азияньш эн байыркы элдеринин бири экендиги талашсыз Байыркы Кыргыздар Туштук Сибир, Алтай, Борбордук Азия жана Тенир Тоо аймактарын мекендеген. "VIII IX кылымдарда Кыргыз кагандыгы менен Арабдардын ортосунда соода байланыштары болгон. Кыргыз кагандыгына союздаш мамиледе болгон Карлуктар арабдарды, тибеттиктерди кыргыздарга чейин коштоп узатып барып турушкан".
Г. Клапарт кыргыздар женунде мындай деп жазган: "Алар Хакас деген ат менен белгилуу болуп турган замандарда, алардын кулк мунездеру азыркыдай ашкере катаал эмес эле. Ошол кездерде эле алар жазууну би-лип, арабдар, бухаралыктар жана батыштагы башка элдер менен да соода сатыкты кызуу жургузуп турушкан. Волга менен Дондун боюнда жашаш-кан Хазарлар менен соода сатыкты езгече кеп жургузушкен".
IX кылымдын ортосунда Тенир Тоону мекендеген Кыргыздар Карлук-тардын кийинчерээк Караханий деелетунун карамагында жашашканды-гы маалым.
(Уландысы кийинки санда)
Асан ажы Саипов