Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

КООМДУК ТЫНЧТЫК ЖАНА КЕЛЕЧЕКТЕГИ ҮЙ БҮЛӨ

Мазмуну

Абдуррахман Хачкалы

 Алгачкы адам катары белгилүү  Адам (а.с), жер жүзүндө үй-бүлөсү менен бирге жашаган. Кураны Карим жубайлар үчүн: «...өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да-Анын белгилеринен» (Рум сүрөөсү, 30/21) сыпатын баяндайт. Башкача айтканда, үй-бүлөнүн биринчи кут-берекети адам баласынын бактылуулука жетүүсү болуп саналат. Бул адам баласынын табигый өзгөчөлүгү жана ошондой эле бактылуулукка жетүү муктаждыгы болуп эсептелет.
Үй-бүлө, адам баласынын тарыхындагы эң эски түзүлүш. Адамзаттын бар болуусу, коомчулуктун жана келечек муундардын улануусунун негизи. Бир улутка, мамлекетке күч кубат берген эң негизги булак. Ислам ишеними боюнча, үй-бүлөгө алгачкы адам менен бирге көптөгөн маанилүү милдеттер тапшырылган. Үй-бүлө, сүйүү, мээримдүүлүк, коомдук байланыш, бири бирине жардамдашуу сыяктуу адамдык асыл касиеттерди үйрөткөн алтын уя. Адам болуунун, адам деген атка татыктуу болуунун сырларын үйрөткөн куттуу уя. Буга кошумча, үй-бүлөнү бир улуттун бар болуусунун негизги өзөгү десек да болот. Ошол эле учурда, үрп адатттарына, каада салттарына, коомго карата өзгөрүүнүн жана баш аламандык, бөлүнүп жарылуунун да негизги тоскоолдугу болуп саналат. Улуттук жана адеп ахлактык наркка доо кетирүү үй-бүлөнүн бузулуусу менен башталган. Үй-бүлөсүз өскөн кишилерде терс көрүнүштөрдүн деңгээли арбын байкалууда.
Үй-бүлө өзгөчө балдар үчүн тарбиянын алтын уясы болуп саналат.  Ата-эне болуунун белгилүү бир өзгөчөлүгү мээримдүүлүктө жатат. Жубайлар менен балдар үчүн мээримдүүлүк жана айкөлдүктүн башаты. Балдардын үй-бүлөдөн үйрөнгөн нерселеринин башында мээримдүүлүк жана айкөлдүк турат. Булардын баары коомдук тынчтыктын да негиздери болуп саналат.  Коомдук тынчтыктын дагы бир бутагы-жардамдашуу. Жардамдашуу, үй-бүлө жана туугандык байланыштардын адам баласына тартуулаган жакшы мүнөздөрүнөн. Булардын баарын эске алганыбызда гана Ислам динин үй-бүлөгө зор маани беришинин маңызын дагы жакшыраак түшүнөбүз.
Жалгыз, үй-бүлөсүз өскөн адам өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн өзүмчүл, эгоист, тең бөлүшүү сезими жок болуп, жашоосу кооптонуу менен өтөт жана жалгыз гана өзү үчүн жашайт. Ошондуктан, айлана-чөйрөсүндөгүлөргө жана коомчулука татыктуу салымын кошо албайт.
Бир коомдун нарк насилдери, үй-бүлөлөрдүн уул кыздарына берген акыл-насаат, көз карашына жараша болот. Улуттук, маданий жана диний түшүнүктөрдүн пайдубалы үй-бүлөдө курулат. Ошондой эле коомдун улуттук аң сезими, көөнөрбөс булактары, каада салттары үй-бүлөдө берилет.  Үй-бүлө түзүлүшү кыйраган коомдордун тарыхый түшүнүктөрү болбогондон кийин келечектери да туңгуюк. Бул жагынан алып караганда, эгемендүүлүк учурунда Кыргызстандын көңүл бурушу керек болгон курумдардын башына үй-бүлө келиши керек. “Үй-бүлөгө көңүл буруп жатабыз”, “адам укуктарына маани берип жатабыз”, “биз үчүн улуттук  биримдигибиз...” сыяктуу ураан-чакырыктар керектүү булактар жана руханий баалуулуктарды үйрөтүү менен кубатталбаса, ичи бош, коомчулукту  алаксыткан жана ошону менен бирге эле убакытты текке кетирген чакырыкка айланат. Бир коомдун келечегинин туура пландаштырылуусундай кымбат жана керектүү нерсе жок болсо керек.
Үй-бүлө, башкалар менен тынчтыкта өмүр сүрүүнүн да булагы болуп эсептелет. Үй-бүлөдөн алыстаган, үй-бүлө менен байланышын үзгөн же болбосо үй-бүлөсүз өскөн адамдардын терс көрүнүштөргө ооп кетүүгө жөндөмдүү экендиктери маалым болгон. Бүгүнкү күндө үй-бүлө түзүлүшү бузулган коомдор жана мамлекеттер жаңыдан үй-бүлө курумун түзүүнүн жана аны күчтөндүрүүнүн жолдоорун издеп жатышат. Анткени, технологиянын күчүн, анын мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонбогон заманбап эзүүчү күчтөр, үй-бүлөнү бузуу менен көбүнчө жаштарды  эзишүүдө. Жаштар үй-бүлөдөн ажыратылууда, үй-бүлөсүз өсүшүүдө... Ошондуктан бүгүнкү күндө жаштар, алардын келечеги коомдордун орчундуу маселеси катары каралууда. Жаш муундар коомдун келечегин чагылдыргандыктан, жаштардын проблемалары башка  маселелердин өзөгүнөн орун алган. Бирок, айта кетчү нерсе, бүгүнкү күндө жаштар тарыхта кездешпеген көрүнүштөр, коркунучтар менен бетме-бет келүүдө. Наркомандар, таблеткаларды колдонгондор, чөнтөкчүлөр, чыккынчы эки жүздүүлөр, бурмаланган диний агымдар, атеисттик көз караштар жана башка нерселердин баары жаштарды жүдөттү. Материалдык жана моралдык жактан басынтылган балалык, түрдүү көңүл ачуучу тузактар менен алектендирилүүдө. Күн сайын жаштардын проблемалары өсүүдө. Учурда жаштар максатсыз, лаззаттарынын, арзуу жана каалоолорунун аркасында маанисиз, дүйнөгө пайдасы болбогон нерселер менен ичтен кыйратылган, шайтандын жолдорунда убара тарткан, наркотике көз каранды болгон... жана башка. Мындай мисалдар көп. Тарыхта инсанды тааныткан сапаттары катары бул нерселер алга чыккан эмес. Адамды адам кылган асыл сапаттары тартып алынып, үстүртөн карап көргөндө эркин жана көз карандысыз болгон инсан, ушундайча материалдык жактан баш  катырган нерселерге камалып, адамдын алсыз жактары колго алынып оңой эле баш ийе турган абалга келтирилди. Жан дүйнөсү жарды адам! Эмнелерге гана курал болбоду. Ичтен кемирилип, байлык, баңги зат, зына (ойнош күтүү), байлык бийлик, лаззат, ж.б. тузактар менен көңүлдүү кулдар абалына келген адамдардан түзүлгөн коомдордо жана ошондой эле асыл нарк насилдери болбогон коомдордо тең салмактуулук жок. Негизги нарктарга ишенбеген коомдор болсо, улуттар арасындагы жарышта жем болот эмеспи.
Коомдук түзүлүштүн канчалык деңгээлде туура жана бакубат экендигин же болбосо канчалык даражада сапатсыз экендигинин көрсөтмөсү катары кылмыш хроникасын кароо абзел. Өзүн өзү өлтүрүү, аял затына зулумдук кылуу, зынакордук, кол салуу, уурулук, талап-тоноо, атасы белгисиз төрөлгөн балдардын санынын өсүшү, бир кылмыштын башка кылмыштарга жол ачуусу, баңги заттар жана алкоголизм заманбап коомдордун эң негизги маселелеринен болуп калды. Мисалы, Казакстанда Ахмед Ясави Атындагы Университетиндеги жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн натыйжасында, үй-бүлөсүз жашаган жаштар арасында (башкаларга салыштырмалуу) кылмыш иштери көп катталгандыгы байкалган. (Cihangir Doğan Bağımsızlık’tan Sonra  Kazakistanda Üniversite Gençliğinin Alkol ve Uyuşturucu Kullanması, url: http/www.turkstudent.net/papers/viewpaper.php?paper989. 25.09.2006). Алкогол ичимдиктери жана баңги заттары аларга болгон көз карандылыкка байланыштуу болот. Үй-бүлөсү барлар менен үй-бүлөсү жок жаштардын арасында спирт ичимдиктерин пайдалануу деңгээли бир жагынан болсо да үй-бүлөнүн коомдук маанисинин терең экенин көрсөтүүдө. Студенттердин арасында 15 жашка чейинки куракта спирт ичимдиктерин ичүү деңгээлин текшерүүдө, ата-энеси болбогондордун саны көп болгон. Өкүнүчтүүсү- ата-энеси жок студенттердин бардыгы спирт ичимдиктерин ичишкендигинде. Баңги заттарды колдонууда да ушуга окшогон көрүнүш бар. Ата-энеси жок студенттердин жарымынан көбү героин, кокаин сыяктуу баңги заттарды колдонушса, ата-энесинин бирөөсү тирүү болгон студенттердин саны андан аз чыккан. Ата-энеси чогуу жашаган жаштарда баңги заттарды колдонуунун деңгээли аз болсо, ата-энеси ажырашып кеткендер арасында бул көрүнүш өскөн.
Ата-энеси барлардын 8,4%ы банги заттарды колдонсо, ата-энеси болбогондордо бул көрсөткүч 57,1%га өскөн. Жогорудагы изилдөөдөн көрүнгөндөй эле үй-бүлөсү болбогондордо бул көрсөткүч 7 эсеге көп.
Бул сыяктуу изилдөөлөрдүн санын көбөйтүү мүмкүн. Балдардын көчөлөп калышы, баңги заттарга көз каранды болушу, жан кечтилик, уурулук, талап тоноочулукка көнүшү, улуттук тарыхый каада салттарды жактырбоолорунан тышкары айрым учурларда аларды мыскылдоолору, коом менен тынчтыкта болбоолору, кыскасы, проблемалуу инсандар абалына келүүлөрүндө үй-бүлөсүз калуунун чоң таасири бар.
Мындай адамдардын коомго кол кабыш кылууларын күтпөй койсо да болот. Жакшы, күчтүү коом жана келечек үчүн үй-бүлө куруунунун негизин күчтөндүрүү керек, адамдарга улуттук жана руханий баалуулуктар үйрөтүлүүсү керек. Гумандуу, тынчтыкты, боорукердикти, берешендикти, жардамдашууну билген, сүйүүнүн жана мээримдүүлүктүн кадырына жеткен адамдардын тарбияланышы үчүн үй-бүлөдөгү таалим тарбияга маани берилиши керек.

 Которгон Нарбаев Байдылда

Башына