Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

Коомдо кыз баланын тарбиясы

Мазмуну

Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ
                                                                                 
Үй бүлө коомду түзүп турган негизги элементтердин бири, ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ошондуктан коомдогу болуп турган окуялар, кубулуштар сөзсүз түрдө үй бүлө  турмушуна өз таасирин тийгизет.  Ошондой эле үй бүлө турмушундагы болгон өзгөрүүлөр да коом ичинде өзгөчө орунду ээлейт, б.а. коомдогу тартип, тарбия, адеп ахлак нормалары ж.б. баары алгач үй бүлөдөн башталат. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» демекчи, ар бир адам үйдө кандай тарбия көрсө, кандай мүнөз күтүп калыптанса, коомдун толук кандуу мүчөсү болуп жетилгенде, ошол мүнөзүнөн жазбай келет.
Ушундан улам ата эненин ымыркайынан берген тарбиясы баланын гана жашоосуна  эмес, бүтүндөй бир коомдун келечеги үчүн болгон даярдык б.э. Ошондуктан, ар бир ата эненин  тарбия маселесине өзгөчө көңүл буруусу өлкөбүздүн, улутубуздун келечеги үчүн өтө маанилүү. Бүгүнкү биздин токтоло турган тема- коомдо жана үйдө кыз балага болгон тарбия.
Ооба, кыз-болочок эне, улуттун жүзү. Кыргызда аялзатына өтө жогору баа берип, сыйлап, назик мамиле кылып келген. Ал гана эмес кыз кишиге катуу сөз айтылбаган. Кыздын тарбиясы бүтүндөй энесине жүктөлгөн. Атасы кызына сөз айтканда энеси аркылуу айтып турган. Ошол эле учурда кыздын оюн да атасына энеси жеткирип турган. Ушунун баары кызды адептүү, ыймандуу, ыйбаа болуп, үйдө ар дайым өз ордун билип жүрүүсүнө тарбиялаган. Эне көргөн тон бычат-демекчи, энеси кызга  өзүнүн бардык өнөрүн үйрөтүп, уз кылган. Себеби, эгерде барган жеринде кыз бир нерсе билбей калса, энесине сөз тийген. Мындан тышкары кыз баланы абийирин баарынан жогору коюга, тазалыкка өзгөчө көңүл бурууга тарбиялаган. Кыз абийири үчүн уруулар чабышып да кеткен, кыз тарап чоң доого жыгылган учурлар да болгон. Себеби, кыздын абийири үй бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй бир уруунун, айылдын, элдин намысы катары каралган. Ал эми буга үй бүлөдө энеси менен жеңеси керт башы менен жооп берчү. Мына ошондой жакшы тарбия көргөн кыз барган жеринде бааланчу, ата энесин сөзгө калтырчу эмес. Кыргызда илгертен күлүк ат, алгыр куш жана сулуу кыз эч нерсеге алмашкыс болуп келген эмеспи. Мындай учурда кыз балага келген калың да тогуздап саналчу. Ошондуктан, бирөө кыздуу болгондо да: «Сүйүнчү!.. Сүйүнчү!..Кырк жылкылуу болдуңуз!»-деп сүйүнчүлөгөн.
Ошол учурда кыз да өзүн ушундай сый-урматка татыктуу алып жүрө алган. Үйдө, коомдо өз ордун билген, улуулардын алдынан өтпөй, аларга жүгүнүп турган. Эркектин пири энеси, аялдын пири күйөөсү-дегендей, келиндер күйөөсүн өтө сыйлаган. Үй бүлөдө тең укуктуулукту эмес тең салмактуулукту, ынтымакты сактаганга бардык күчүн жумшаган. Себеби, үйдө ар ким өз ордун, өз ишин билип турса- ошол тең салмактуулук, ошол ынтымак, ошол бакыт болгон.

Исламдагы тарбия
Ислам дини да кыз баланын тарбиясына  өзгөчө маани берет. Себеби аялзаты үй бүлөнүн башаты, үйдүн куту. Кыз бала–болочок эне. Наристени жарык дүйнөгө алып келген, мээримин төгүп татыктуу тарбия берген да эне. Эненин жылмаюсу менен бардык кыйынчылыктар унутулат. Мына ошондой даражага жетүү үчүн талыкпаган эмгек, татыктуу тарбия керек. «Кызга кырк үйдөн тыюу», «Кыздуу үйдө кыл жатпайт», «Кыздуу үйдө кыңыр сүйлөбө» деген сыяктуу тарбиялык мааниси зор макалдардын чыгышы да ушундан улам.
Кыз баланын тарбиясына Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да  чоң маани берген. Аз. Мухаммед (с.а.в.) бир хадисинде: «Карамагындагы кызын тарбиялаган жана эң сонун тарбия бергенге өтө чоң сооп бар»(27, б-29)-деп буйруган. Ошондой эле аялзатынын укугунун тебеленишине каршы болгон, алардын укугун эркектердики менен бирдей караган. Ал гана эмес ал учурда мүмкүн деп эсептелбеген илим-билим алуу жаатында аялзатын эркектер менен тең даражада караган жана бир хадисинде бул тууралуу мындай деген: «Илим үйрөнүү ар бир мусулман эркек жана аялга парз». Бул хадиске Ислам аалымдары да кошулган жана: «Эркектер билүүсү зарыл болгон бардык билимдерди аялдардын да билүүсү зарыл»-деп айтышкан. Себеби, илим-билим алуу адамды караңгылыктан жарыкка алып чыгат, жакшыны жамандан, адалды арамдан ажыратууга жардам берет. Демек, бул мүмкүнчүлүктөн аялзаты да пайдаланууга толук укугу бар.
Бул маселеде Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) негизги жоопкерчиликти үй бүлө башчысына жүктөп, аны чабанга салыштырып: «Ар бир чабан өз короосу үчүн жооп берет»-деген. Ошондуктан кыз баланын тарбиясы үчүн ата да жооптуу болот. Адамдын жаман жакшысы туулгандан эмес, тарбиядан –демекчи, ата эне кыз баланы, адептүү, ыймандуу кылып жакшы тарбия берип чоңойтсо,  алардын сөзсүз түрдө эки кубанычы болот: биринчиден, кызы кайрымдуу, боорукер болуп, эч качан ата энесин жер каратпай, катуу сөз айтпай, ыраазы кылат. Экинчиден, Алланын ыраазычылыгына ээ болот.
Бул маселеге ыйык Куранда да өзгөчө  маани берилген. Анда: «Эй ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү жана бала-чакаңарды отундары адамдардан жана таштардан болгон тозок отунан сактагыла!» (18, Тахрим-6) – деп айтылган. Ата эне өз балдарын тозок отунан кантип сактайт? Албетте, туура тарбия берүү менен, туура илим берүү менен гана сайтай алат. Себеби, ислам динин терең  түшүнгөн адам өзүн ар дайым терс көрүнүштөрдөн жана мамилелерден сактайт, Куранды жана пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөттөрүн туу тутуп жашайт. Демек, өзүн тозок отунан сактайт. Ал гана эмес Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да учурунда өз кызына мындай деген: «...Эй Мухаммеддин (с.а.в.) кызы Фатима!  Эй Абдумуталибдин кызы Сафийя!  Өзүңөрдү тозок отунан куткаргыла.  Мен силерди Алладан келе турган азаптан куткара албайм.  А менден каалаган нерсеңерди алгыла». Демек, адамды Пайгамбарыбыз (с.а.в.) арачы боло албаган азаптан өзүнөн башка эч ким куткара албайт. Бир гана жолу-туура тарбия берүү.
Өзгөчө азыркы учурда балдар, кыздар, негизи эле жаштар ак сакалдуу аталардын, ак элечек энелердин алтынга тете акыл-насаат кептерине, үлгү иштерине чаңкап турган кез. Ошондуктан ата энелер өз балдарын, кыздарын үй бүлөнүн жана коомдун эң жакшы мүчөлөрүнөн кылып тарбиялоого убакыт жетти.

Учурдагы тарбия
Негизи, үй бүлөлүк тарбиянын максаты коомдук талаптарга ылайык болгону менен анын мазмуну жана жолдору ошол үй бүлөгө мүнөздүү болгон айрым белгилер менен чектелет. Мында тарбиянын негизги күчү биринчиден, үй бүлөнүн социалык статусуна, билим деңгээлине, кесибине, катыштарына жараша болсо, экинчиден, үй бүлөнүн жеке кызыкчылыгына, табитине жана адамдык сапаттарына байланыштуу болот.
Ал эми азыркы учурда «Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол»- деген маанайда жашап калгандай. Кылымдар бою жашап келген адеп ахлак, сый-урмат, абийир, ар намыс деген адамдык касиеттер  акырындап күнүмдүк турмуштун ырахатына алмашып келатат. Канчалаган кыз-келиндер өздөрүнүн күнүмдүк ырахатынын, каалоосунун кулу болуп, эркекке да жарашпаган адаттарга берилип, тамеки, алкогол ичимдиктерине, наркотикке ооп кетип жатат. Буга көпчүлүгүнүн жообу даяр; турмушунун бузулганы, ажырашуу, жалгыздык, өзүн башкалардан пас сезбөө ж.б. Моралдык жактан гана бузулбай, канчасы ден соолугун курмандыкка чалып жатат. Ушунун баары улуулар, ата энелер тарабынан болгон тарбиянын жетишсиздигинен. Болбосо башкалары өз абийирин, ар-намысын жогору тутуп, мындан  да кыйын, мындан да оор абалды сабырдуулук менен жеңип кетип жатпайбы. Ал эми туура тарбия берилген болсо ушунун баарын алдын алууга болот эле. Убагында туура тарбия берилген болсо канчалаган кыздар жаштайынан турмушун бузуп кылмыштуулукка, алдамчылыкка, денесин сатууга барбайт эле.
Тарбиянын боштугу же таптакыр жоктугу үй бүлөгө гана эмес коомго да өтө терс таасирин тийгизет. Тарбия берилбеген үй  каралбай ээн калган жерге окшош. Эч кандай эмгек кылбай туруп каалаган түшүмдү алуу мүмкүн болбогондой эле тиешелүү тарбия бербей туруп уул-кыздарынын адептүү жакшы чыгышын күтүү  акылсыздык. Үйдөн, улуулардан тарбия көрбөй, акыл насаат кебин укпай чоңойгон балабы, кызбы, көбүнчө көчө тарбиясына ооп калат. Демек, аларда жашоо үчүн күрөшүү сезими жогору чыгып, башканы ойлобой өзүмчүл болуп, «меники болсо экен»-деген гана түшүнүк менен жашап калат. Башкача айтканда, адамдын адал эмгегин, мээнетин ойлобой жеңил оокат тапканга өтөт. Кыздар абийир ар намысы мында турсун, өз денесин сатканга чейин барат. Кийин ата энесине каралашмак тургай: «Эмне үчүн мага эл катары тарбия берип, билим берип, эл катары акыл насаатыңдан бөлүшпөдүңөр? Мээримиң төгүп маңдайымдан сылабадыңар? Мага силердин акчаңар керек беле? Ата эненин мээрими керек болгондо иште, базарда жүрдүңөр. Кыйналып, ата эненин акыл сөзүнө зар болуп тарганда көңүл бурбадыңар. Эми бала керек болдубу? Өзүңөр үйрөттүңөр ушунун баарын, демек буга мен эмес өзүңөр күнөөлүүсүңөр!»-деп туруп басып кетсе, түн уйкусунан калып, далай түйшүк менен чоңойткон ата энелер, эмне деген жоопту айтабыз?!... Анан кантип жакшы адеп- ахлак жөнүндө сөз кыла алабыз? Аларга эч нерсе бербей туруп, кантип алардан бир нерсе талап кылабыз?!...
Күнү-түнү иштеп балдарды багабыз, баарын жетиштүү берип жатабыз деп ойлойбуз, бирок бир нерсени ойго албайбыз-материалдык маселесин гана чечүү менен алардын бардык талаптарын канааттандыра албайт экенбиз көрсө. Руханий, моралдык ж.б. жактан колдоого муктаж болуп турганда туура багыт, керектүү тарбия берилбесе, бардар турмуш дагы баланы тарбиясын бузуп коюшу мүмкүн. Анда эмне кылуу керек?...  Эң биринчи кезекте туура  багыт берүү менен кудайын таанытуу керек, дин тууралуу көптөгөн билим, маалыматтарга сугаруу керек. Ошондо өзүнүн бардык ишин, сөзүн контролдоп жүрөт. Адам дин тууралуу канчалык көп нерсени билсе, жакшы менен жамандын, адал менен арамдын айырмалоодо кеңири маалыматка ээ болсо гана тыю салынган нерселерден өзүн коруп, бактылуулукка умтулат.
«Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет» - деген кыргызда таасын сөз бар.  Тарбиясы күчтүү болсо кандай адам болбосун түз жолго түшөт, баардык  нерсени туура кабыл алат. Ал эми тарбия күчтүү болбосо бала жеңил сыноолорго чыдай албай өзүнө да башкаларга да чоң түйшүктөрдү алып келет. Мында кыз бала өзгөчө тарбияны, назик мамилени талап кылат. Жаманды да жакшыны да жүрөгүнө жакын кабыл алгандыктан, абалга эмоционалдык жактан бат эле алдырып коет. Ошондуктан кызды тарбиялоодо  көп нерсеге көңүл бөлүү керек, себеби, алар эртең эле врачтар, мугалимдер, тарбиячылар болуп чыга келет. Эң негизгиси –алар келечектеги энелер. Алар кандай тарбия көрсө, балдарына да ошондой кылып тарбия берет. Бир улуу ойчул айткан экен: «Мага жакшы эне таап бергиле, мен эң мыкты элди, улутту тарбиялап чыгам»-деп. Демек коомду тарбиялоодо эненин тарбиясы биринчи орунга чыгат.
Сөзүмдүн аягын Аз. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бир хадиси менен аяктоону туура көрүп турам. Бир хадисинде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Эч бир ата эне балдарына жакшы тарбиядан артык мурас калтыра албайт!» Ошондуктан, урматтуу ата энелер, балдарыбызга, кыздарыбызга эң жакшы мурас калтыралы. Алар кийин  бизге нааразы болушпасын. Жакшы сөз, жакшы амалдар менен өздөрүн акыреттик азаптан куткарсын. Алланын ыраазычылыгына ээ болушсун!

Башына