Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

Үй бүлөдө ата эненин балдарына болгон үлгүсү.

Мазмуну

Кубанычбек Токонов

 Баарыбызга маалым болгондой, үй-бүлөдөгү тарбияда баланын эң көп үлгү ала турган адамы-бул ата эне. Демек, адегенде баланы кандай тарбиялоону эмес, тарбиялоочу адамдын кандай болуусу керек экенин  карап чыгуу абзел.  
Мына, айтып өткөндөй эле, балага  алгачкы жылдары диний тарбия берүүдө ага эң жакшы үлгү, өрнөк болууга кудурети жетиштүү болгон үй-бүлө түптөлүүсү керек. Баланын диний ишениминин жана тарбиясынын башатында үй-бүлө мамилелеринин таасирдүү экендиги изилдөө жана байкоолордун негизинде тастыкталган.
Педагогикада жана психологияда баланын үлгү алуучу обьектиси үй-бүлө болгондуктан, диний тарбия берүүдө алгач ата-эне өздөрүнүн жашоосу менен баладагы диний аң сезимди калыптандырат. Бала булардын диний жашоосунан үйрөнгөндөрүн өз тажрыйбалары, жөндөмдүүлүгү жана адамдык түшүнүктөрүнүн негизинде анализ жүргүзүп, өзүнө төп келген диний түшүнүктө жашоону өрчүтүүгө аракеттенет.
Ошондуктан, бул жерде динди карманып  жашаган үй-бүлөнү үлгү ирээтинде сунуу менен биргеликте, бул үлгүлөр Исламды жаңыдан аңдап келе жаткан кыргыз үй-бүлөсү үчүн аз да болсо пайдалуу маалымат болот деген ойдомун.
Үй-бүлөнүн жана үйлөнүүнүн негизги максаттарынын бири-бала тарбиялап өстүрүү жана адамзат тукумун улоо болуп саналат. Бул биринчиден атага байланыштуу. Ата балдарын тарбиялап өстүрүүдө канчалык этият жана аракетчил болсо, балдар ошончолук адамгерчиликтүү болуп чоңоёт жана коом ичи тарбиялуу адамдардын жашаган бейпил жерине айланат.
Ошондой эле, балдардын туура же туура эмес тарбия алуусу эң алгач ата энесине байланыштуу. Мисалы: Сигарет чегилген жана ичимдик ичилген үй-бүлөдөгү балдарды карап көрсөң, алар ойногондо да кичинекей чыбыктарды ооздоруна тиштеп, сигарет чегишип же болбосо чыныларга суу куюшуп, бир бирине кагыштырып тос айткан болуп ичишип ойношот.
Ал эми намаз окуган, ислам динин карманган үй-бүлөдөгү балдарды карап көрсөң, алар сүлгүлөрдү же болбосо жоолуктарды жерге салып, намаз окушуп ойношот.
Мына ушул балдар бул нерселерди кайдан үйрөнүштү? Алар көчөдөгү бирөөдөн үйрөнүшкөн жок, албетте өздөрүнүн эле ата-энелеринен үйрөнүштү.
Ошондой эле, баланы тарбиялоодо бир ооз сөз менен гана айтып коюу да жарабайт. Ал айткан нерсени өзүң аткарбасаң,  анда бала аны кантип аткарсын. Бул бир адамдын оозуна сигарет тиштеп туруп элдерге: «Эй элдер сигарет чекпегиле ал зыян!» -деп айтуусуна окшош.
Буга дагы бир окуяны мисал катары бере кетсек;
Бир үй-бүлөдө ата энеси балдарын тарбиялап өстүрөт. Күндөрдүн бир күнүндө атасы балдарына калпычылык жана анын кесепеттери жөнүндө айтып түшүндүрөт. Ошол учурда телефон шыңгырап калат. Телефон чалган адам атасына карызга акча берген адам болот. Атасы баласына: «Балам, телефонду алып атам жок деп айтып койчу!»-дейт. Ошондо баласы телефонду алып: «Атам үйдө эле,  азыр эле бизге калп айтпагыла деп үйрөтүп, эми атам жок деп айтып кой! деп өзү калп айтып жатат»-деп атасына чоң сабак берген экен. Ошондо атасы катасын мойнуна алып, бул катасын кайталагыс болгон экен. Ошондуктан, бирөөгө акыл айтаарда аны алгач өзүбүз аткаралы, биз да бул адамдын абалына түшүп жүрбөйлү.
Биз баланы тарбиялоодо үлгү катары пайгамбарыбыздын жашоосунан көптөгөн мисалдарды алсак болот.
Бул жерде Ислам үммөтүнүн жол башчысы болгон Аз. Мухаммад (с.а.в.)дын үй-бүлөлүк жашоосунан, теориялык Исламды тажрыйба жүзүндө кандай аткаргандыгынан жана пайгамбардын эң улуу педагог болгондугунан учкай сөз кылмакчыбыз.
Пайгамбар Мухаммад (С.А.В.)  үй-бүлөлүк жашоосунда жеке инсан катары үй-бүлө күткөн жана андагы турмуш тиричилигинин баарын Кудайдын айткан чектеринде гана аткарган. Ал ар дайым Кудайдын буйруктарын өтө жогорку деңгээлде орундаткан.
Аз. Пайгамбар Мухаммад (С.А.В.) ата катары балдарын жана неберелерин абдан сүйчү. Аз. Батма астына кирген учурда ордунан туруп, колунан кармап, аны өбөт эле жана жанына олтургузат эле. Батма да атасына ушундай мамиле жасаар эле. Пайгамбар(С.А.В.)  кызы Батманы абдан жакшы көргөндүктөн сапарга чыгаарда эң акырында аны менен коштошуп, кайтып келген учурда алгач аны менен учурашып, бетинен өбөөр эле.
Анын намаз кылуусу, орозо кармоосу, ажылык вазийпасын аткаруусу жана, негизи эле, күнүмдүк жашоодо анын таалим тарбия жагынан ата катары да бир үй-бүлөнү башкаргандыгы биз үчүн өрнөк боло алат. Ал бактылуу үй-бүлө жашоосунда күйөөнүн жубайына, атанын балдарына кандай мамиледе болуусу керектигин өз жашоосунда абдан сонун көрсөткөн.
Мына биз дагы Пайгамбарыбыз Мухаммаддын  (С.А.В.) жашоосундагы өрнөктөрдөн өзүбүзгө алып, жашообузда колдонууга аракет кылуубуз зарыл.
Алла Таала ар бирибиздин дилибизге ыйман, тилибизге куран, жашообузга ислам берип, пайгамбарыбыздын жашоосунан үлгү алууну жана эки дүйнөдө бактылуу болуубузду насип кылсын! Элибизге жерибизге тынчтык, ынтымак, береке берсин!

Башына