Алтынчы сан

ҮЙ БҮЛӨДӨГҮ РУХАНИЙ ТАРБИЯ ЖАНА СҮЙҮҮ
Мазмуну
Доц. Док. Неждет ТОСУН
Коомдогу эң маанилүү топтордун бири-үй бүлө. Бала алгачкы тарбиясын үй бүлөдөн алат, үй бүлөдө белгилүү бир мүнөз күтүп, калыптанат. Мектепке барганда билими жана маданияты артса да үй бүлө ичинде калыптанган адеп-ахлак, руханий тарбия жана мүнөз ар дайым маанилүү болот. Ушундан улам үй бүлөдөгү адеп-ахлак жана руханий тарбия жашоодо балдар үчүн зор роль ойнойт.
Үй бүлөдө балдарга руханий тарбия берүүдө ата эненин көңүл бура турган эң негизги нерсеси-жакшы үлгү болуп эсептелет. Мисалы, ушак-айың жаман мүнөз. Бирок, бир эне балдарына мунун туура эмес жана жаман экендигин айтуу менен кээде өзү бул ишти жасап жатса, анда бул акыл насааттын таасири аз болот жана балдары да ушак сүйлөй беришет. Бир ата балдарына сараңдыктын жаман бир мүнөз болгонун айтып, бирок материалдык мүмкүнчүлүгү болуп турса да өзү кайрымдуу иштерди жасабай, сараңдык кылса, анын акыл сөзүнүн эч кандай таасири болбойт. Балдар адептүү болууну да, адепсиз болууну да айланасындагылардын таасирлери аркылуу калыптандырат. Баланын март болуусун каалаган ата эне өздөрү бул иште үлгү болуусу зарыл, ал гана эмес бир кишиге же уюмга материалдык жардам берээрде аны баласына, жасатып, кайрымдуу, жакшы иштерге көндүрүүлөрү керек.
Кичинекей балага жаңы оюнчук сатып бергенде ал оюнчугун башка достору менен бөлүшүүнү каалабашы мүмкүн. Бул учурда апасынын: «оюнчугунду эч кимге бербе, сындырып коюшат!»- деп туура эмес үйрөтүүсү балада жаңыдан калыптанып келе жаткан сараңдык мүнөзүн бекемдеп коет. Ата эне сөзү менен да, мамилеси менен да балдарынын адеп-ахлак жана руханий тарбиясына шык берүү керек.
Экинчиден, балдарга диний билимди туура үйрөтүү ата эненин эң маанилүү милдеттеринен болуп эсептелет. Балдар кичинесинен баштап эле Аллах Таала, периштелер, жана бейиш сыяктуу темада кызыгуу менен суроолорду сурап, жыйынтыктарды чыгара башташат. Алардын суроолоруна кабыл алуу деңгээлине жараша жөнөкөй сөз менен жооп берилиш керек, чыгарган жыйынтыктары туура эмес болсо да ачууланбаш керек. Мында эң маанилүү нерсе-балдарды тозок оту менен коркутуу эмес, аларга Аллахтын сүйүүсүн үйрөтүү. Бул темада төмөндөгү болгон окуяга көңүл буралы:
Бир айылда бир жаш имам болгон экен. Бул имам убагында үйлөнүп, балалуу болуптур. Үйү мечитке жакын болгондуктан баласы көбүнчө мечиттин бакчасында ойночу экен. Апасы болсо намаз окуган адамдарды алагды кылбасын деп ар дайым: «Уулум, ызы-чуу кылба, Аллах жазалайт» дечү экен. 5-6 жаштардагы бала бир күнү кечки тамак учурунда атасынан сурайт: «Ата! Таежемдин айылында Аллах барбы?». Атасы: «Албетте бар уулум, Аллах орундан сырткары (орунга муктаж эмес), каерде болбосун ар дайым даяр жана байкоочу, эмнеге сурадың?»-дегенде баласы мындай жооп берген экен: «Таежемдердин айылында Аллах жок болсо ошол жакка кетели дейин дегем да...»
Ата эне балдарына Аллах Тааланын адамдарды сүйгөнүн, жакшылык кылган адамдарды бейишинде ырыскы-кут жана белектери менен сүйүндүрөөрүн түшүндүрүүсү зарыл. Аллах Таала ак ниет адамдарды сүйгөнүн, андай адамдар да Аллах Тааланын мусулмандары менен дос болгондугун түшүндүрүүсү керек. Ата эненин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп балдарына динди үйрөтүүсү жана ибадат кылууну адатка айландыруусу эсептелет. Ал эми баланы намаз жана орозо сыяктуу ибадаттарга үйрөтүүдө жылуу сүйлөп кең пейил болуу шарт. Мында басым жасоо баланын ибадаттан жана динден алысташына алып келиши мүмкүн.
Баланын адеп-ахлак тарбиясында жакшы дос күтүүсү да өтө маанилүү болуп эсептелет. Ата эне балдарын ким менен достошуп жүргөнүн сырттан байкоого алып турушу жана керектүү эскертүүлөрдү берип турушу керек. Себеби, жакшы дос баланын адеп тарбиясына оң, жаман дос болсо терс таасирин тийгизээри бышык. Ата эненин балдарга карата ушундай милдеттери болгон сыңары балдардын да ата энелерине карата милдеттери бар. Балдар ата энелерине ар дайым жылмайып туруусу керек, өзгөчө ооруп калса же материалдык муктаждыкка кабылса, аларга көбүрөөк көңүл буруулары зарыл. Бул маселеде Үвейс эл-Каранинин энеге болгон сүйүүсү жана туруктуулугу бир үлгү болот. Ривайетте Аз. Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) убагында Йеменде жашаган жана мусулман болгон Үвейс Медине-и Мүневвереге барып Пайгамбарыбызды бир жолу болсо да көрүп калууну эңсейт. Бирок карып калган энесин багуу менен алектенип, барууга эч убакыт таппайт. Бир күнү Пайгамбарыбызга болгон кусалыгы менен жалындап турган көңүлүн басуу үчүн энесинен уруксат сурайт. Апасы: «Жакшы болот уулум, барып кел, бирок Пайгамбар (с.а.в.) үйүндө болсо жолук, жок болсо күтпөстөн келе бер. Билесиң, мен карыдым жана бирөөнүн карап туруусуна муктажмын»-дейт. Үвейс Йеменден жолго чыгат да бир топ күндөн кийин Мединеи Мүнавварага барат жана Аз. Пайгамбардын үйүнө кирет. Пайгамбарыбыздын үйүнөн бирөө чыгып анын жок экендигин жана бир топтон кийин келерин айтат. Үвейс апасынын: Үйүндө болсо жолук, болбосо келе бер! –деген сөзүн эстейт. Энесине берген убадасы боюнча кайра артка кайтат. Кечинде Аз. Пайгамбарыбыз(с.а.в.) үйүнө келгенде: мында Үвейс эл-Каранын жыты келип жатат-дегенде, үй бүлөсү болгонун айтып берет. Пайгамбар(с.а.в.) өзүнүн күрмөсүн ал адамга берип коюсун керээз кылат. Үвейс Аз. Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) көзү өткөндөн кийин экинчи жолу Мединага келип, керээз калтырылган күрмөнү алат. Бул ривайетте негизги айтыла турган ой -Үвейстин энесине болгон сүйүүсү жана ага байлангандыгы.
Улуу көсөмдөрдөн болгон Байезиди Бистаминин да энеси жөнүндө жогоркуга окшогон мындай бир уламыш бар:
Байезиди Бистамини бала чагында,
Билим үчүн энеси мектебине аттаган.
Агайынын айтканын угуп алып кунт коюп,
Үйрөнгөнүн баарысын ошол замат жаттаган.
Убагынан бир күнү, эрте келди үйүнө,
Апакеси эмнеге келгендигин сурады.
«Апа бүгүн бир нерсе, үйрөндүм»-деп сүйүнө,
Эрте келдим алганы, бир өзүңдөн дубаңды
Алла Таала Куранда, буюруптур го мага,
Таазим кылалы ага, анан дагы бир сага.
Дуба кылгын, Раббиме ибадатты кылайын,
Сага дагы ылайык, кызмат кылып турайын.
Ибадатын токтоосуз, ошол күндөн баштады,
Апасынын күнү-түн, кызматынан качпады.
Кары калың, тоңдурган, кыштын суук кечинде,
Жаткан жерден энеси, суу сурады, эсинде...
Апасынын буйругу тура калды шашыла,
Бирок идиш бош экен сууга кетти ашыга.
Кайтканында үйүнө кумурасын толтуруп,
Апасы уктап калыптыр аны күтүп олтуруп.
Ойготууга апасын анын дити барбады,
Кармап муздай идишти күтүп калды ал дагы.
«Суу, суу»,-деди апасы уйку соонун арасы,
Көзүн ачып көрдү ал суу кармаган баласын.
Баласына ал айтты: «Мында не отурасың?
Баш жагымда сен менин кимди күтүп турасың?»
Бала деди: «Апаке, күткөнүмдүн себеби,
Сен ойгонсоң сууну кечиктирбей берейин».
Жашылданган көздөрүн сүрүп алып апасы,
Эки колун көтөрдү берейин деп батасын:
« Йа Раббим, мен уулума ыраазымын мен ага,
Сен да ага ыраазы бол, жакшылыгың бер ага».
Байезиди Бистами урматтаган апасын,
Бизге дагы насип кыл,энелердин батасын!
Дагы бир ривайетте мындайча айтылат: Ферганалы бир адам жыл сайын нафиле (парз болбогон) ажылыкка барып турган. Нишабурга келгенде Азирети Абу Осман Хиринин даңкын укса дагы андан сабак алууга эч качан барган эмес. Бир жолу ага барып салам бергенде эч кандай жооп болгон эмес. Өзүнчө: Салам берип, ал-ахыбалын сурасам эмне үчүн жооп бербей жатышат? Бул кандайча?-деп ойлонуп турганда, Азирети Абу Осман Хири: «Ушундай да ажылыкка барган болобу? Эне үйдө оорулуу абалда калып жатат, Анын ыраазычылыгын албай жолго чыгып жатышат?»- деген экен.
Кийин ал адам айтат: «Жаңылыштыгымды түшүндүм, аябай өкүнүп, энемди көздөй кайра жол тарттым. Энеме кызмат кылдым. Көз жумганча жанынан чыкпай кызматын кылып жүрдүм. Энем дүйнөдөн кайткандан кийин ажылыкка сапар тарттым. Азирети Абу Осман Хириге бардым. Ал мени жакшы тосуп алды. Мындан кийин анын окуучусу болуу үчүн кызматына кирүүнү абдан каалап турган элем. Кабыл алгандан кийин окуучуларына кошулдум. Көп убакыт бою анын сабактарында болуп, берилген иштерди аткарып жүрдүм».
Азирети Бахаеддин Накшбенд да: «Биздин кабырыбызды зыярат кылууга келгендер алгач энемдин кабырына барып дуба кылышсын» -деп, энесине болгон сүйүүсүн жана урматтоосун көргөзгөн.
Жыйынтыктап айтканда, үй бүлө ичиндеги ахлак жана руханий тарбия үчүн ата эне милдеттүү болгон сыңары, аларды урматтап сыйлап туруу балдардын эң маанилүү милдеттеринен болуп эсептелет. Ар ким өз милдетин так аткарганда исламдын адеп ахлагына сугарылган бир коом ортого чыгары шексиз.
Которгон Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ