Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

Көйгөйлүү суроолор

Мазмуну

Абдуррахман Хачкалы

Динибизде үйлөнүүнүн өкүмү эмне?

Нормалдуу шарттарда үйлөнүү –бул сүннөт.  Бирок аалымдар  зина кылуу коркунучу болгондордун үйлөнүүсү парз болгонун баса белгилеген. Учурдун шарттарын эске алганыбызда, адамдардын мүмкүн болушунча эртерээк үйлөнүүсү керек болгондугун байкаса болот. Себеби, бүгүнкү күндө үйлөнбөгөндөрдүн тыюу салынган иштерди жасоо ыктымалы көбүрөөк. Телекөрсөтүүлөр, газета-журналдардагы басылмалар, жарым жылаңач көчө модасынын көбөйүшү адамдарга психологиялык жактан өз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, азыркы учурда тыюу салынган арам иштерден коруп, акыл-ойду бийлеп алган сексуалдык ойлордон алыстаткандыгы жана бул жаатта ар кандай психологиялык проблемалардын алдын алгандыгы үчүн үйлөнүү кажет.

Ислам дининде Үйлөнүү кандай принциптерге таянат?
Үйлөнүү динибизде төмөндөгүдөй принциптерге таянат:

  1. Үйлөнүү үй бүлөдө бейкуттукту жана бактылуулукту жаратуу, коомдо жакшы адамдардын пайда болушун жана укум-тукумдун улануусун сактоо үчүн буюрулган.
  2. Мусулман үй бүлөдө ар ким өзүнүн милдеттерин ибадат катары аткарат. Жубайлар жана балдар бири-бирине карата болгон милдеттерин аткарганда сооп табат.
  3. Үй бүлөдө киреше алып келе турган нерсе болуш керек. Бул ишти аткаруу эркектин милдети. Курани Каримде мындай деп айтылат: “Эй момундар! Өзүңөрдү жана үй бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла...” (Тахрим-6). Ошондуктан, эркек адам жубайынын жана балдарынын материалдык муктаждыктарын каржылагандай эле, руханий жактан да акыретке даярданууларына  жардамчы болуусу керек.
  4. Үй бүлөдө жакшы адеп-ахлак үйрөтүлүүсү керек.
  5. Үйлөнөөрдө үй бүлө бактылуулугу, балдардын да , жубайлардын да, коомчулуктун да келечегин ойлоп  жакшы адам менен үйлөнүү керек. Ошондуктан, үйлөнө турган адамдын сапаттарына кароо өтө маанилүү. Аз. Пайгамбарыбыз(с.а.в.) бир хадисинде диндар адам менен үйлөнүүнүн туура экендигин билдирген. Дагы бир хадисинде мындай деген: “Момун адамга Алладан коркуу жана ага баш ийүүдөн кийин жакшы аял менен үйлөнүүдөн өткөн башка нерсе берилген эмес. Эгер аялына буйрук берсе сөзүн угуп, жүзүнө караганда сүйүнүп, ага ишеним көргөзүү менен убада берсе, сөзүнө туруп, күйөөсү болбогон учурда  абийир-ар намысын жана күйөөсүнүн мал-жанын коргоосу керек” (Ибн Маажа, Нике 5).
  6. Жубайлар үй бүлөнүн бузулбастан улануусу үчүн жакшы ниет менен колдорунан келишинче аракет кылуулары керек. Үйлөнгөндөн кийин жубайлар бири -биринин укуктарына, намысына жана кызыкчылыгына урмат көрсөтүүлөрү зарыл. Алар адилетсиз жана зыян деп эсептелбей турган нерселерде бири-биринин айрым кемчиликтерине көз жумуп коюлары керек. “Алар (аялдар) менен жакшы, туура мамиледе болгула. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Мүмкүн силер жаман көргөн нерседен Алла Таала көп жакшылыктарды берээр” (Ниса-19).

7. Ислам дини  жубайлардын ортосундагы мамилелерди белгилүү бир эрежелер аркылуу иретке салгандай эле ата эне менен балдарынын ортосундагы мамилелерди, укук жана милдеттерди да тартипке салган. Аллага ибадат кылуудан кийин эле эң көп ата энеге жакшы мамиледе болууну буйруган.
8- Ислам зинаны, башкача айтканда, никесиздердин арасындагы жыныстык мамилелерге тыю салгандыгы үчүн зинага алпаруучу нерселерге жана мамилелерге да тыюу салган. Аялдардын жарым-жартылай кийингендерин, аял эркек аралашып көңүл ачуусун жана аял менен эркектин адептен тышкары бири-бирине кароосун да күнөө катары санаган.
9-) Алгачкы диний, коомдук жана ахлак эрежелери балага үй бүлөдө үйрөтүлүшү керек. Адал, арам, укук, адилеттүүлүк, башкаларга жакшылык кылуу, жалган айтпоо, чынчылдык, мекени үчүн кызмат кылуу, ишине, айлана чөйрөсүнө, коомго жана өлкөсүнө каршы кыянаттык кылбоо сыяктуу ар бир адамга тиешелүү болгон сапаттар балдарга үй бүлөдө калыптандырылат жана бул өзгөчөлүктөр ата эненин үлгүлүү болуусу менен ишке ашат.

II- Ислам боюнча никелешүүнүн натыйжасы, укуктары жана милдеттери эмнелер болуп эсептелет?
Ислам боюнча нике келишими үйлөнүп жаткандарга да,  алардын  үй бүлөлөрүнө да, алардан төрөлө турган балдарга да тиешелүү укуктарды жана милдеттерди камтыйт. Эркектин да, аялдын да өз укугу жана  милдеттери болот.  Чындыгында  Ислам дининдеги нике келишимин түзүүнүн маанилүү бир себеби - бул укук жана милдеттерди иш жүзүнө ашыруу, мындан качкандарды мыйзам жолу менен мажбур кылуу болуп эсептелет.  Мындай  даанышмандыктарды (хикматтарды) төмөнкүчө тизмектөөгө болот:
1-Нике келишимин мыйзамдуу кылган себеп жана анын натыйжаларынын бири төрөлгөн баланын ата тегинин анык болуусу. Ал бала эркектин урук-тукумунан болуп, анын уруусунун атын алып жүрөт.
2-Нике келишиминин негизги укуктук натыйжаларынын бири-нафака. Нафака-бул үй бүлөнү багуу жана анын ар кандай муктаждыктарын камсыз кылуу болуп эсептелет. Нафаканы материалдык маселе болуп, өз ичине тамак-аш, кийим-кече, турак жай, жана башка күнүмдүк жашоо үчүн керектүү каражаттарды камтыйт жана буларды табуу милдети үйдүн эркегине жүктөлөт. Нафака эркек киши үчүн парз жана ал муну мойнуна алып, үй бүлөсүн таштап кете албайт.
3-Нике келишиминин дагы бир натыйжасы - жубайлардын бири-бирине мураскор болушу. Башкача айтканда, жубайлардын бири каза болсо, экинчиси кандайдыр бир деңгээлде мураскор боло алат.
4-Үйлөнө тургандар нике келишиминдеги шарттарга укуктук негизде  баш ийүүсү керек.
5-Жубайлар бири-биринин намысына жана кадыр баркына шек келтире турган мамилелерден алыс болуулары керек. Алардын бири-бирине жаман мамиледе болбоосу, үй бүлөнүн уланышы үчүн жакшы ниет менен аракет кылуулары керек. Жубайлар бири-бирине акаарат айтпай, шариятка каршы келбей турган ар кандай тилектерин ишке ашырса болот.  Бир хадисте мындайча айтылат: «Сиздин эң ырайымдууңуз аялына карата эң ырайымдуу болгонуңуз», «Аялдарды урганыңар ырайымдуулардан эмес» (Ибн Маажа, Китабун Никах-51).
6-Исламда үй бүлөнүн эркекке жүктөгөн дагы бир милдети - бул Махир болуп эсептелет. Жубайлар нике келишиминен мурун араларындагы сүйүүсүнүн жана кыйышпастыгынын символу катары эркектин аялына төлөй турган материалдык баалуулуктары тууралуу макулдашып алуулары керек.  Ошондо Махир толугу менен аялдын мүлкү болуп эсептелет жана эч ким, керек болсо күйөөсү да аны (аялынын уруксатысыз) колдонгонго укугу жок болот.
7-Исламда нике келишими чогуу жашоону талап кылат. Эркек өзүнүн жоопкерчиликтерин (Махир, нафака) орундатып турган учурда аны менен бирге чогуу жашоосу керек.
8-Нике келишими жубайлардын шариятка ылайык жыныстык мамиледе болуусуна жол берет. Ошол эле учурда, бул, жубайлардын бири-бирине болгон жоопкерчилиги болуп саналат.
9-Балдарды кароо, багуу, тарбиялоо жана билим берүү атасынын жана үй бүлөнүн милдети. Балдарына талапка ылайык тарбия жана билим берүү, динин үйрөтүү ата эненин милдети.
Бир нике келишиминин диний жактан туура болушу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн натыйжаларды орундалуусу зарыл. Бүгүнкү күндө буларды расмий нике менен гана камсыздоо мүмкүн болуп калды. Ошондуктан, үйлөнгөндөр расмий никеге туруулары керек.

Мусулман аял мусулман болбогон эркекке турмушка чыга алабы?
Мусулман аял мусулман эркекке гана турмушка чыга алат. Мусулман болбогон эркек менен никеге тура албайт.
Ата эне  баласын аялы менен ажыраштырууга укугу барбы?
Ислам ата эненин акысына өтө маани берет жана аларга карата балдарынын «оф» дешине да тыюу салган. Бирок, ата энеси балдарына шариятка ылайык келбеген нерсени аткартууну каалашса, балдары аны аткарбай коюга укуктуу. Ата энесинин ал каалоолору этибарга алынбайт. Ошондуктан, ата эне балдарын ажырашууга мажбурлай албайт. Мындай маселелер ар дайым коомдун алдыңкы адамдары менен кеңешилип, адилеттүү жол менен чечилүүсү керек.
Эркектин аялы менен болгон жыныстык мамилесинде адал болгон жана болбогон нерселер эмнелер?
Бүгүнкү күндө айрым жаман жана адеп-ахлакка жат көрүнүштөр ортого чыгууда. Аларды айтып коюу менен ал жаман нерселердин жайылуусун тыя албайбыз. Адам адеп ахлактуу жана таза бир зат болуп саналат. Бардык иштеринде болгондой эле жыныстык жашоосунда да буга көңүл буруусу керек.
Жубайлардын бири-биринин денелерин толук көрүүгө жана кармалоого болот. Бирок, эркек аялы менен жыныстык органдары менен гана катнаш жасоого болот. Аялы менен артынан жыныстык катнашта болуу арам/күнөө болуп саналат.
Аялдардын айыз убагында алар менен жакындашуу да арам. Куранда мындай дейт: «Сенден этек кир жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал-жагымсыз нерсе». Этек кири келген убагында аялдардан оолак болуп тургула. Алар таза болгонго чейин аларга жакындабагыла(алар менен жыныстык катнашта болбогула). Эгер алар тазаланышса, аларга Аллах силерди буйруган жагынан келгиле. Чындыгында, Аллах-тообо кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт» (Бакара-222). Айыз убагында болгону жыныстык катнаштарга гана тыюу салынган.
Махирсиз никелешүү туурабы?
Махир, үйлөнгөндө эркектин аялына бере турган, араларындагы мээримдүүлүктүн жана нике келишиминин маанисинин символу болгон материалдык баалуулугу болгон нерсе. Махир катары асыл таш, акча, көйнөк, ж.б. нерселерди берсе болот, жана анын өлчөмү никеден мурда макулдашылып, белгиленүүсү керек. Себеби, махир нике келишиминде көрсөтүлгөн укуктардын бири жана анын натыйжасыболуп саналат. Махир белгиленбей туруп түзүлгөн нике келишими да негизинен  туура эле. Бирок, ал кийин сөзсүз белгиленип, төлөнүшү керек. Махир белгиленгенден кийин аялдын өз каалоосу менен анын өлчөмүн азайтуусу да мүмкүн. Бир аятта мындайча айтылат: «(Үйлөнгөн) аялдарыңарга калыңын (махир) чын дилден бергиле. Эгерде ал (аял) калыңдын (кайсы бир) бөлүгүн силерге ыйгарса, анда муну адал жана акыбети үзүрлүү абалда жей бергиле!» (Ниса-4)
Махир өлчөмү убакыт жана шарттарга жараша өзгөрө берет. Анын чеги жок.  Сахаба убагындагы иштерден улам Ханафилер махирдин эң аз эки койдун баасындай болуусу керектигин айтышкан.

Эркек тирүү туруп үйүнөн башка жакта жашаса же аялын бакпаса аялынын аны менен ажырашууга укугу барбы?
Бул эки учурда тең аял ажырашуу талабын кое алат. Себеби, нафаканы талап кылууга аялдын толук укугу бар. Күйөөсү үйүн таштап кетсе жана аялын бакпаса, диний негизде да ажырашуу талабын кое алат. Айрыкча эркек аялын жаралана турган абалга чейин урса, ага физикалык жактан зыян келтирсе же орой, жаман мамиледе болсо да аял ажырашуу талабын кое алат.
Ислам боюнча ажырашуу кандай болушу керек?
Исламда нике келишими муктаждык болбосо бузулбашы керек. Бирок айрым учурларда үй бүлөдөн күтүлгөн максаттар орундалбаса, эркек менен аялдын бирге, чогуу болуусу туура эмес жана зыян болсо, алардын ажырашуусуна жана ар бири ар башка үй бүлө куруусуна уруксат берген. Ажырашууну каалаган жубайлар алгач өз туугандарынан бирден өкүл алып келип проблемаларын чечүү аракетин кылуусу керек. Эгер ажырашууну туура деп табышса, бири-бирине зыян бербей тургандай кылып ажырашуулары зарыл. Ислам боюнча ажырашууну аалымдар «сүннөттүн негизинде ажырашуу» дейт. Ал мындайча болот: Эркек аялынын таза учурунда (б.а. айыз убагында эмес) ажырашат, бул убакыт ичинде ал аялы менен жыныстык катнашта болбогон болуусу жана бир талак менен гана ажырашуусу керек. Ажырашуу да нике келишими сыяктуу расмий түрдө болуусу кажет. Ажырашуудан кийин, эгер аял кош бойлуу болсо төрөгөнгө чейин, болбосо боюнда бары же жогу билингенге чейин, башкача айтканда үч ай убакыт күтүү керек.
Ислам боюнча аялдар жоолук салынышы керекпи?
Ислам аялдардын каалаганындай кийинип жана ачык жүрүүлөрүн туура көрбөйт. Ошондуктан, алар көчөгө чыгар алдында колдору жана жүзүнөн башкасын жаап турган кийим кийүүсү шарт. Бул аялдардын сексуалдуу көрүнбөөсүн жана аларга адамдык ариетине жана ар намысына жараша мамиле кылуусун камсыз кылат.
Кийинүү туурасында көңүл бурула турган башка бир нерсе - эркектердин аялдарча, ал эми аялдардын эркектерче кийинүүсү. Карама каршы жыныска окшошуу күнөө катары эсептелет.
Зина
Исламда никесиз болгон жыныстык мамиле зина болот жана ал арам. Зина коомдо сойкулуктун жайылуусуна, тартиптин бузулуусуна, үй бүлөнүн ыдырашына, балдардын ата энесиз өсүшүнө жана машакат тартышына, муундардын аралашуусуна жана туугандык мамилелердин жоголушуна, жугуштуу ооруулардын жайылышына, алдардын бир буюм катары сатылышына жана пас көрүлүүсүнө, абийирсиз, кадыр барксыз бир турмуш курууларына, адеп ахлактын азайышына ж.б. бир топ жамандыкка жол ачат. Куранда мындайча буюрат: «Зинага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол» (Исра -17/32)
Зинага себеп болгон нерселерге да тыюу салынган. Өзгөчө аялдардын жарым-жартылай кийиниши, аял менен эркектин ээн жерде жалгыз калуусу жана карама каршы жыныстагыларга эңсөө менен кароосуна тыюу салынган. Курани Керимде мындайча буйруган: «(Эй Мухаммед!) Момундарга айткын: «(ар кайсыл аялдарды карай берүүдөн) көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин (аягы суюктук кылуудан) сактасын. Бул - алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында Аллах эмне жасагандарынан Кабардар!» (Нур -24/30)
Үйлөнгөнгө чейин экөө бири-бирин көрсө болобу?
Үйлөнө тургандардын ээн жерде чогуу калбоо шарты менен бири-бирин көрүүсүн Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) насаат кылган. Мындан тышкары үйлөнүүдөн мурун чогуу жалгыз калуусу, белгилүү бир убакыт үй бүлө катары жашоосу ж.б. нерселер арам кылынган.
Аялы же күйөөсү экинчисинен уруксат алып иштөө үчүн кетип, бир жылга чейин келбесе никелери бузулабы?
Жок, жубайлардын бирөөсү экинчисинин уруксаты менен иштегенге кетсе, ал убакыт ичинде алар ажырашкан болуп эсептелбейт. Ажырашуу эки тараптын бирөөсүнүн сотко кайрылуусу жана соттун чечими менен гана болот.
Никени жаңыртуунун зыяны барбы?
Никени жаңыртуунун динде эч кандай зыяны жок.
Аялга күйөөсүнүн шариятка туура келбеген каалоолорун аткаруусу керекпи?
Аялга күйөөсүнүн туура эмес каалоолорун  аткаруу зарыл эмес.
Өзгөчө мас абалындагы туура болбогон каалоолоруна баш ийүү шарт эмес. Динибиз ичимдик ичүүнү арам кылган. Алгач бул дарттан арылуу керек. Себеби, ичимдик бардык жамандыктын башаты. Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдө да көп зыян келтиргендиги үчүн алкогол ичимдиктерин рекламалоого тыюу салынган. Бул ичимдиктер менен күрөш жүрүүдө. Үй бүлөнүн ар бир мүчөсү жамандыктардан алыс болуусу керек. Албетте бул эң биринчи эркектердин милдети.
Которгон Жаркынбай Себетов
Байдылда Нарбаев

Башына