Алтынчы сан

Жоон ичегинин залалдуу шишик дарты.
Мазмуну
Жоон ичегинин рак оорусу же болбосо залалдуу шишиги акыркы жылдарда көбүрөөк кездеше баштады. Мындай көрүнүш баарлык эле мамлекеттерде катталууда. Онкологиянын практикасында аталган илдет өзүнүн өнүгүп өзүшүнө жараша стадияларга бөлүнүшөт. Дарттын алгачкы башталышында (I – II ст.) бейтаптар тарабынан көп деле көңүл бураарлык датануулар болбойт. Кыйналтып дарыгерлерге кайрылчу симптомдор шишик оорусунун III стадиясынан ачыктан ачык байкалат. Мына ушул оорунун өөрчүшүү баскычында адам өзүн кеселдеп калганын анык сезишет. Залалдуу шишик дартынын пайда болуусуна төмөнкүлөр себеп болот: а) кыймыл – аракеттин басаңдашынан дене – бойдун оорлоп кетиши, б) такай тамак – ашты мал майына даярдалышы, в) тамак рациондорунда жашылча клетчаткасынын аздыгы, г) ичегинин былжыр кабыкчасындагы патологиялык көрүнүштөр, өнөкөткө айланган ич катуу (запор), г) жоон ичегинин исиркектеген синдрому ж.б.
Убагында дарыланбаган жоон ичегинин дарттары ракка айланып кетиши мүмкүн. Буга дагы кээ бир факторлор көмөктөшөт, маселен пиво ичишти жакшы көргөндөр. Кызтекелер (гомосексуалистер) 25-50 эсе көп бул ооруга чалдыгышат. Залалдуу жоон ичеги шишигине байланыштуу төмөндөгүдөй белги – симптомдор кездешет: а) көтөн чучуктун оорусу, б)ичтин көбүшү, ич катуу, в)жижиңдетип чычкы келтирүү, г) былжырлуу кан аралаш заңдын пайда болушу.
Тилекке каршы дартка кабылгандар дароо эле врачка кайрыла коюшпайт. Көпчүлүк бейтаптар өзүлөрүнүн датанууларын ачык айткандан уялышып оорусун күчөтүп жиберишет. Оору деген оору да анын эч кандай уяты жок. Бекер кыргызда айтылбайт ²ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат² деп. Айрым пациенттер традициялык медицинадан четтешишип ²көзү ачыктардын², ²шарлатан -табыптардын² жеми болушат. Бул дартты билип дарылаш онкологдордун гана колунан келет. Эгерде жогорудагы оорунун белгилерин сезип калсаңыз убакытты көп чойбой врачтарга кайрылыңыздар. Ден – соолука кайдыгер болуунун арты муң. Кадырман окуурман муну биз айтпасак деле билесиз. Азыркы шартта ооруну тактап билүү мүмкүнчүлүктөр арбын жана алар жеңилдикте ишке ашырылат. Жанды кейитип диагноз кою бул кечөөкү күндүн иши.
Илимий онкология борбору.
Медицина илимдеринин кандидаты,
онкопроктология бөлүмүнүн
башчысы М.Ш. Осомбаев.