Алтынчы сан

БААРДЫК БЕЛГИЛЕРГЕ КАРАГАНДА, КЫЯМАТ КАЙЫМДЫН БОЛООРУНА АЗ КАЛДЫ...
Мазмуну
Азербайжан окумуштуусу Элмир Кулиев:
Окумуштуу тууралуу
Элмир Кулиев 1957-жылы туулган. Бакудагы Азербайжан Медициналык Университитетин бүтүргөн. Бирок университетти бүткөндөн көп өтпөй медицина менен кош айтышып, өзүн ислам теологиясын, тарыхын, философиясын жана динин изилдөөгө арнаган. Анын ичинен 10 жылдык өмүрүн Ыйык Куранды которууга багыштаган. 2002-жылдан тартып Азербайжан Улуттук илимдер Академиясынын философия жана укук Институтунун диссертанты, учурда «Ыйык КУРАН жана ааламдашуу» деген теманын үстүндө иштөөдө. Ал ислам теологиясы боюнча 6 эмгектин автору. Исламдык дүйнөтааным укуктаануунун түрдүү аспектилерине таандык 40тан ашык китептин жана макалалардын түзүүчүсү (составитель) жана котормочусу. Ушул эле темаларга ал тарабынан 50дөн ашык монографиялар, макалалар, жазылып, которулган. Ал – жарыяланган бир нече китептин илимий редактору жана көптөгөн илмий-практикалык конференциялардын, семинарлардын катышуучусу.
Диний билим берүү иштери боюнча мамлекеттик комитеттин ага адиси Элмир Кулиев – азербайжан окумуштууларынын ичинен Ыйык КУРАНды орус тилине которгон биринчи жана азырынча жалгыз теолог. Аталган котормонун бет ачар аземи Орусиянын европа бөлүгүндөгү мусулмандар диний башкарамалыгынын колдоосу, ошондой эле Москва ислам университетинин, «Умма» басма үйүнүн жана Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы шейх Равил Гайнутдиндин жеке катышуусу менен өткөрүлгөн.
Оболу, дүйнөнүн жаралышы тууралуу ой
Улуулугу чексиз Аллах-Таала адамга акыл-эс берип, башка бардык жаныбарлардан адам баласын артыкча жараткан. Бирок көптөгөн адамдар ошол акыл-эсти пайдаланып өз өмүрүнүн маани-маңызын аныктоодон баш тартышат. Андай адамдар өлүү үчүн гана жашап жүргөндөй айбандык инстинкке гана өзгөчө маани беришет. Анткен менен адам баласынын жашоо маңызы, өмүр максаты тууралуу ой жүгүрткөн, Аллах-Тааланын жалгыздыгына иман келтирген жана ошол иман алардын турмушун түп-тамырынан бери өзгөрткөн адамдар да бар. Ушул эки түрдүү адамдын кимиси туура жашоодо? Бул суроого жооп табуу үчүн биздин ички дүйнөбүздө жана айланабызда эмне болуп жатканына жана адамзаттын жашоо-тиричилигинин маани-маңызына тереңирээк ой жүгүртүү эле жетиштүү. Ой жүгүртүү бизди ай-ааламды жараткан жана Жерге адамдарды убактылуу башкаруучу (наместник) кылган Аллахтын -Кудайдын бар экендиги тууралуу ойго, ишенимге сөзсүз алып келип такайт. Бирок Аллах-Таала адамдарды Өзү жараткан соң, кантип эле Өз камкордугунан жана ырайымынан ажыратып салсын? Арийне, эч ажыраткан эмес. Бул, демек, Аллах-Таала адамдарга аткаруу аркылуу өз турмуш-жашоосун ыраатка салып туруучу буйруктарын, тыюууларын жана көрсөтмөлөрүн жиберип турган. Ага карабастан биз көрүнүп тургандай,адамдардын бир бөлүгү жакшылык, бир бөлүгү жамандык кылуу менен алек. Ушундай болгон соң, алардын жакшылык кылгандары Кудайдын сыйлыгына, жамандык кылып жатышкандары жазага тартылууга татыктуу болуп чыгат. Бирок, кээ бир чектен ашкан зулум адамдардын бул дүйнөдө жазаланбастан көзү өтүп кетип, айрым момун адамдар өмүр бою кыйынчылыкта жашаганына да күбө болобуз. Андай болсо адам акылын тумандаткан чексиз ааламдарды, (Ыйык КУРАНда жекелик санда «аалам» эмес, көптүк санда «ааламдар» кабардалат – С.Г.) галлактикаларды... жараткан Кудурети Улук Аллах-Таала эмне үчүн зулумдукту адат кылган зөөкүр, күнөөкөр адамдарды айрым учурда бул дүйнөдө жазалабай койот?» деген ой келиши мүмкүн. Балким, дал ушул суроо имансыз адамдардын Улуу Жаратуучунун бар экендигинен шек санатып келе жаткандыр. Бирок, кандай гана нерсе болбосун, ал тургай кыпындай нерсенин да жаратуучусу бар. Ошондуктан чалкып жаткан кең аалам Жаратуучусу жок эле, өзүнөн өзү жаралып калуусу эч мүмкүн эмес. Көрүнүп тургандай, бул ааламдарды Жараткан, албетте, шексиз түрдө, абдан ырайымдуу. Ал Өзү жараткан бардык нерселерге сансыз-чексиз жакшылыктарды насип кылып койгону буга далил. Ал абдан Даанышман, анткени чексиз ааламдардагы бардык нерселер өз чеги жана ченеми менен өз-өз ордуларында жайгашкан. Анын колунан баары келет, анткени Ал өтө чоң планеталарды жана жылдыздарды... жараткан. Ал баарын көрүп турат, анткени Ал ааламдардын кайсыл гана бурчунда болбосун, Өзү жараткан бардык нерселерге жакындан камын көрүп турганы айдан ачык сезилет. Ал баарын угуп турат, анткени Ал өзү жактырган кулдары – мусулмандардын дубаларына сөзсүз жооп берет. Бирок, айрымдар ойлошот: «Андай болсо эмне үчүн айрым таш боор зулумдар, ууру-кескилер, митайым-акмактарга жыргап жашоого Аллах-Таала Өзү жол койот? Ал эми Кудайдан коркуп уурулук кылбай, түз жолдо жүргөн, такыба жашоо кечирген мусулмандардын кээ бирлери муктаждыкта, кыйын турмушта жашашат? Эмне үчүн адамдарды миңдеген жылдар бою эле жашатып койбой, Өзү жаратып, багып келген макулуктарын, анын ичинде адамдарды да өлтүрөт? Эмне үчүн Ал Өзүнө сыйынып жашап жаткан мусулман адамдарга ар кандай сыноолорду жиберип, ал эми каафирлерге бул дүйнөнүн жыргалдарын тартуулайт?»
Адамдар өздөрүнүн ушул сыяктуу миңдеген суроолоруна туура жооп табыш үчүн Аллах-Таала адамдарга пайгамбарларды жиберип турган. Ошол пайгамбарлар бул убактылуу жана түбөлүктүү дүйнөлөр тууралуу, Кудайдын бар экенин чанган каафирлер түбөлүк күйүүчү Тозок жана момун мусулмандар сансыз жылдар бою өлүмдү, кайгыны, ооруну билбей бактылуу жашоочу Бейиш жөнүндө кабар берип келишкен. (Алардын эң акыркысы – пайгамбарлардын мырзасы Мухаммад алейхи салам).
Бирок, чындыгын айтканда, жердеги жашоодо бардык адамдар, өзгөчө мусулмандар, иманынын бекемдигин далилдөө үчүн Аллах-Тааланын сынынан өтүшөт.
Эгер адам Аллах-Тааланын бар экендигине иман келтирип, Ал ай-ааламды башкарып, тескеп, көзөмөлдөп турарына, баары Ага түздөн-түз көз каранды экенин сезген кезде жоопсуз калган бир да суроо калбайт. Эгер адам Аллахтын бар жана бир экенине ишенбесе, анын жашоосу маани-маңызсыз, оор болуп, жоопсуз суроолор жана кайдан келгени ар дайым түшүнүксүз суроолор менен кайгы-касиреттер коштоп өмүрү өтө берет. Өзгөчө бир аз акылдуу адам болсо, анын акылы өз Жаратуучусун тапканга чейин бир мүнөт да тынчтык бербейт.
Уландысы кийинки санда