Алтынчы сан

Башка диндерде аял жана үй бүлө куруу
Мазмуну
Док. Бакыт Мурзараимов
Үйлөнүү жана үй бүлөө куруу ар бир динде ыйык. Кайсыл гана дин болбосун негизинде Кудай эң алгачкы жолу Адам ата менен Обо энени жараткандыгы айтылат. Кудайдын Адам ата менен Обо энени жаратуудагы негизги максаты ал экөөнүн үйлөнүп көбөйүшүнө шарт түзүү болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир диндин өкүлү үйлөнүү учурунда ибадатканага келип алгачкы жолу диний никени окутушат. Андан соң мамлекеттик мыйзамга ылайык расмий никени окутушат. Биз бул макалада Ислам дининен башка диндерде аялга кандай маани берилери жана үйлөнгөндөн кийин аялдын үй бүлөдөгү ролу кандай экендигин таанытканга аракет кылабыз. Ислам дининдеги аялдардын орду жана үй бүлөдөгү ролу жөнүндө кесиптештерим башка бөлүмдөрдө кеңири маалымат бергендиктен биз ага токтолгон жокпуз.
Иудаизмде аял жана үй бүлө
Иудаизмдин диний ишеними боюнча бир кишинин Иудей болушу үчүн ал кишинин ата энеси иудей болушу шарт. Ата энеси иудей болбогондор ал динге кире алышпайт. Иудаизм боюнча атага караганда эненин артыкчылыгы көбүрөөк болот. Ошондуктан иудей болгон аял башка диндеги эркектер менен үйлөнсө алардан төрөлгөн балдар автоматтык түрдө иудей болуп эсептелет. Ал эми атасы иудей болсо жана энеси башка улуттан болсо анда, ал экөөнөн туулган балдар иудей болушу үчүн чоңойуп балактка жеткенде өз ыктыяры менен «мен иудей динин кабыл алдым» деп айтуусу зарыл. Бала ошондо гана иудей болуп эсептелет. Аталган көрүнүш иудейлерде аялга чоң маани бериле тургандай сезилиши мүмкүн. Чындыгында бул жерде аялдардын укугу бир топ басмырланат. Анткени аталган көрүнүш акыркы 30 – 40 жылдын ичинде гана байкала баштаган. Мунун негизги себеби күн сайын өнүккөн дүйнө шарттары жана эл аралык карым – катнаштар болуп эсептелет. Чындыгында иудей шарияты жөөт аялдарынын башка диндеги эркектер менен үйлөнүшүнө катуу тыюу салган.
Иудаизм дини боюнча Кудай аялды эркектен жараткан. Хахамдардын жоромолу боюнча Кудай аялды эркектин башынан же буттарынан жараткан жок. Андай болгондо аял эркектерди башкарып же буттарынын алдында тебеленип калмак. Ошондуктан Кудай аялды эркеке жөлөк болуп жүрсүн деп эркектин дал сөөгүнөн жараткан.
Иудаизмде үйлөнүү диний өкүм болуп эсептелет. +йлөнүүнүн шарттары Талмутта кеңири баяндалган. Ошондуктан үйлөнө турган жубайлар эң алгач Синагокко келип Хахамга жолугушат. Бул боюнча Хахамдардын укугу өтө кенен. Алар кааласа эки жубайды үйлөндүрбөй коюушу да мүмкүн. Синагокко келген жубайларга Хахамдар алгач иудей шариятын түшүндүрөт. Андан соң нике окулат. Нике окулган күнү жубайлар орозо кармашы керек жана никеден мурда мурдакы кылган күнөөлөрү үчүн кечирим сурашы керек. Келин энеси менен күйө бала атасы менен синогоктун ичинде «Хубба» деп аталган көшөгөнүн ичинен орун алышат. Андан соң Хахам шарапты колуна алып дуба кылат жана аны жубайларга ичирет. Андан кийин күйө бала келиндин бетин ачып «сен мага Мусанын жана Исраилдин шарияты менен никелендиң» деп айтат. Ошентип нике аяктайт. Иудейлерде аялдардын ажырашуу укугу жок. Эркек качан кааласа ошондо ажырашышы мүмкүн. Ошондой эле эркектерге көп аял алуу укугу да берилген. (Левиликтер, 20: 10-16; Санак, 22: 22-26) Азыркы учурда бул шарият иудейлер жашаган өлкөгө жараша өзгөрүп турат.
Христиан дининде аял жана үй бүлө
Христиандар боюнча Иса өзүнүн шариятында жалгыз гана бир аял алууну үгүттөгөн. Ага каршы чыккандарга мындайча жооп кылган: «Ыйык жазууларды окуган жоксуңарбы? Жараткан тээ мурунтан эркек жана аял кылып жаратты. Жана мындай деди; «ошондуктан адамдар ата энесин таштап аялына байланат жана экөө бир бүтүн дене болушат...». (Матфей, 19: 4-6)
Христиандарда аял менен эркек үйлөнгөндөн кийин ажырашууга укугу жок. Христиан шарияты буга жол берген эмес. Айрыкча Католик чиркөөсү менен Армян чиркөөсү ажырашууга такыр уруксат бербейт. Орус Православ чиркөөсү кээ бир шарттарга ылайык ажырашууга уруксат берген. Эгерде аял төрөбөс, оорукчан жана майып болсо анда ал аялга үйлөнгөн эркектин башка аял алууга же ажырашып кетүүгө шарият боюнча укугу жок. Бул көрүнүш христиан шариятында жазылуу болгону менен азыркы учурда иш жүзүндө бул нерсе аткарылбайт. Инжилде жогорудагы жазуулар далилдеп тургандай аял менен эркек үйлөнгөндөн кийин ата энесин таштап, өзүнчө жашоого кириши керек. Ата энени багуу жана аларга кароо жаш жубай үчүн негизги маселе эмес. Ошондуктан, учурубуздагы христиан дининдеги кары картаңдардын жалгыз калууларынын негизги себеби мына ушунда жатат.
Христиандарда үйлөнүү аземи чиркөөдөгү негизги жети майрамдын үчүнчүсү болуп эсептелет. Христиан дининдеги үйлөнүү башка диндердикине окшобойт. Аларда жубайлар үйлөнүү менен Кудайдын адамдарга болгон сүйүүсүн чагылдырган гана болуп эсептелишет. Ошондуктан аларда бала чакалуу болуу жана аларды тарбиялоо экинчи планда келет. Ушул себептен христиандарда көп балалуу үй бүлөнү кездештирүү өтө сейрек. Көпчүлүк учурда бир же эки балалуу болушат. Алар да бойго жетип үйлөнгөндөн кийин ата энени таштап өзүнчө үй бүлө куруп кетишет.
Үйлөнүү чиркөөдө өткөрүлөт. +йлөнө турган жубайлар Поптун алдында турушат. Поп аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан ыйыктайт жана аларды жубайлар деп жарыялайт.
Индуизмде аял жана үй бүлө
Индуизм дининде аялдардын өзгөчө орду бар. Аларда чырайлуу жана сулуу аялдары салыштырмалуу мааниде «Кудай» жана «Кудайдын энеси» деп атоо адатка айланган. Индуизм дини боюнча Сүйүүнүн Кудайы деп аталган Вишну, адамдарга сүйүүнү тартуулоо үчүн Кришна деген ат менен адам түспөлүндө жерге түшкөн. Кришна аял түспөлүндө болгон. Ал адамдарды жамандыктардан куткарган жана адамдарга сүйүүнү үйрөткөн. Индустарда аялдар Кришнаны, Кришна Сүйүүнү чагылдырат. Ошондуктан аларда аялдар сүйүүгө бекем болууга аракет кылышат. Аялдар бир гана эркек менен жашоого тийиш. +йлөнүү үлпөтү жалпысынан ибадатканалдарда өткөрүлөт. Бирок кээде үйлөнө турган эки тараптын макулдашуусу менен атайын белгиленген жерлерде өткөлүшү да мүмкүн. Аялдар сүйүүнүн кудайы Вишнуга бекем болгондуктан кудайды нааразы кылбоо үчүн, күйөөсү курман болсо аны менен кошо өлтүрүлгөн. Бул адат азыркы күнгө чейин Индиянын кээ бир айыл кыштактарында аткарылат. Көпчүлүк учурда өлгөн күйөөсү менен кошо өрттөлгөн. Эгерде күйөсү менен кошо өлүүнү каалабаган болсо анда, ал аялды элдер «сен кудайга каршы чыктың, наалатка калдың, күйөөңө бекем эмессиң» деген маанайда бөлүп салышкан жана ал аял менен эч кандай мамиле кылышкан эмес.
Буддизмде аял жана үй бүлө
Буддизмдин негиздөөчүсү Сидхарта Готама 29 жашында дүйнө жашоосунан безип үй бүлөсүн таштап токойго кетип калат. Анын артында аялы жана эки баласы калат. Ал токойдо диний жашоого өтө катуу берилип, дарвиштик кейипке өтөт. Башкача айтканда дүйнө жашоосунун кызыкчылыгынан толук баш тартат. Кийинчерээк ал ар кандай диний көз караштарды жана ойлорду насаат кылгандыктан жактоочулары тарабынан ага каарман деген мааниде «Будда» деген ылакап берилет. Будда өзүнүн жактоочуларын өтө жөнөкөй жашоого чакырган. Аз жеп, аз ичүү, аз сүйлөө ж.б.у.с. Ошондой эле мүмкүн болушунча жыныстык катнаштан узак болуу керек. Монастырларда жашаган буддисттер үйлөнүшпөйт. Аялдар да түрмушка чыгышпайт. Алар өмүрүн монастырларда ибадат кылуу менен өткөрүшт. Жөнөкөй карапайым буддисттер үйлөнгөндө «Пагода» деп аталган ибадатканага келишет жана диний ырасымдар менен нике кыйышат. Буддист үй бүлөлөр коомдук жашоодо өтө пассивдүү келишет.