Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

Абдишүкүр Нарматов менен маек

Мазмуну

1. Ассалому алейкум Абдушукур агай, учурда калктын руханий абалын оңдоодо иштин мерчемдүү жерин чоюп турган Кыргызстан Ислам Университетин жетектеп келе жатасыз. Сиз менен маегибизди баштардан алдын өзүңүз туурасында кыскача баяндап, дин жолундагы алгачкы кадамдарыңызды бир эскерип өтсөңүз?

Алейкум ассалам; чоң ырахмат. Мен 1993-жылы Ташкенттеги Ислам Институтунда окуп жүрүп, Египетке 30 бала экзамен тапшырып жакшы деген баалар менен ийгиликтүү өтүп Ал-Азхар университетинин студенти болуп калдым. Анда 7-жыл билим алып «Шариат Ислам мыйзамдары» деген адистик боюнча жогорку билимдүү болуп чыктым. 200-жылдан 2003-жылга чейин «Азрети Умар» атындагы Ислам институтунда ректор болуп эмгектендим. Андан кийин шатрка байланыштуу өзүмдүн «Алтын-Муун» деген кайрымдуулук фондду жетектеп, анан ушул 2006-жылы май айынан баштап кайрадан Кыргызстан Ислам Университетине ректор болуп дайындалдым да үзүрлүү эмгектенип жатам.

2. Дин деген эмне? Дегеле коомчулукка дин керекпи, устат?
Дин деген Аллахтын буйругун аткарып тыйгандарынан тыйылып, коом менен жакшы мамиледе болуп, алардан өрнөк алуу жана аларга насаат айтуу менен жашоо. Дин (ислам дини) албетте керек, аткени динсиз жашоо-туңгуюк жашоо.

3 Агай, эми сизден алгач бир мусулман, андан соң исламий жетекчи катары Кыргызстандагы дин абалын билгибиз келет

Катардагы мусулман жана жетекчи катары айтаарым ислам дини эми гана адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап келе жатат. Анын тамырын жайы гүдөтүп мөмөлөтүү сабаттуу жаштардын колунда.

4 Бүгүнкү күндө мамлекетибизде жалгыз Ислам университети, аны менен бирге институт, медреселер руханий баалуулугун жайып келет? Булар максатын орундатууда калк үчүн жетерликпи?

Кеп санында эмес сапатында. Шагыраган сайдагы таштан көрө тырнактай болгон берметтин баасы артык эмеспи? Сапаттуу окуу жай сабаттуу студенттерди тарбиялап чыгарат.

5 ал эми азыр чакан өлкөбүздө 300 дөн ашуун диний агымдар, жамааттар бар деп угуп жатабыз. Булар кыргыз коомуна эмне алып келет деп ойлойсуз?

Ооба учурубузга караганда өлкөбүздө 300дөй ар кандай диний агымдар бар. Булар кыргыз коомун таскаткандын ордуна аксатат деп гана ачык айтат элем.

6 Ар жылы Ислам университетине бүтүрүүчүлөрдөн канча студент алынат?

Жылына Кыргызстан Ислам Университетине бүтүрүүчүлөрөн 130 жаңы студент кабыл алынат.

7 Албетте бул жерге көбүнесе дин уялаган үй-бүлөөлөрдөн келсе керек.анткени, тарбияда ата-эненин тарбиясы өтө чоң эмеспи?

Жок, бул жерге ар кандай деңгелдеги бүтүрүүчүлөр тапшырат. Кээ бири диндеги бираз кабары болсо, айрымдары таптакыр кабарсыз келет. Бирок ата-эненин тарбиясы өтө чоң мааниге ээ. Анткени эне жогорку окуу жай, эне жакшы болсо андагы перзент (студент) жакшы болору айдан ачык.

8 Алдыда кандай проектериниз бар?
Келечектеги максатым Кыргызстан Ислам университетин эң жогорку деңгээлге жеткирип жалаң гана элдин элиталарын тарбиялап чыгарып кызмат кылуу.

9 Маегибиздин аягында бүтүндөй кыргыз калкына, жаштарга, айрыкча, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кайрылууңуз?

Кыргыз элине айтаарым: Кыргыздын уюткусун жоготпой, намысын бекем сактап, салт менен каадаланып, үлпүлдөгөн ислам чырагын өчүрбөй жашап өтүп кеткен кадырлуу ата-бабаларыбыздын баскан чыйырынан басып, келечек муунга сабак болуу үчүн алыга ишеним жана өрнөктүү кадам ташта бир тууганым!!!
Рахмат, агай, Кудай кыргыз коомуна ыйман, ырыс-кешик ыроолосун.

Башына