Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

ИСЛАМ ДИНИНИН КЫЗ ПЕРЗЕНТТЕРГЕ БОЛГОН КӨЗ КАРАШЫ

Мазмуну

Шамшидин МАМАТКУЛОВ

Ислам дини Улуу Алла Таала тарабынан келген соңку дин болгондуктан анда адам баласынын жашоосу жана табияты менен төп келбей турган эч кандай карама-каршылык жок. Ал дайыма адамзаттын жашоосун жакшы жана оң нукка салып, анын эки дүйнө бактылуулугуна жетүүсүнө жол башчы болуп келүүдө. Бирок, ошентсе да, учурубузда жасалып жаткан инсаният табиятына төп келбеген, коомчулуктун өсүп-өнүгүүсүнө дал келбеген ар кандай туура эмес иш-аракеттердин баарын Исламга оодарып, аны көөлөп: “Ислам - бул орто кылымдагы адамдардын дини”, “Анда аялдар менен кыз-келиндерге эч кандай укук берилген эмес”- деген сөздөрдү айтуу бара-бара модага айланууда. Андыктан биз да Ислам дининин кыз балдарга болгон көз карашын, аларга көрсөтүлгөн камкордуулугу менен гумандуулугун баяндоону туура көрдүк.
Азыркы учурда кыз балдарга болгон жаман, орой мамилелер менен терс түшүнүктөр негизинен эки жагдайда аябай көп кездешүүдө жана мындай гумандуулукка жат, Ислам динине туура келбеген жорук-жосундар адам баласынын зээнин кейитпей, жүрөгүн оорутпай койбойт экен. Ал жагдайлар кыз бала төрөлгөндө жана айрым ата-энелердин кыз перзенттерине болгон адилетсиз, орой, копол мамилелеринде таасын байкалат.
Аялдары кыз төрөгөндө “Кудай буюруп мен да ата болдум” дегендин ордуна кээ бир эркектер андай кабарды жакшы кабылдашпайт, а түгүл айрымдары андан намыстанат. “Кыз эле тууй бересиң”-дешип жубайларын жемелешет. Кээде: “Ээ, дагы кыз тууптур”-дешип колун шилтей басып кетишет. Чындыгында, уул баланы да, кыз баланы да жалгыз гана Алла Таала бере тургандыгын, уул же кыз баланы төрөө эрки аялдардын колунда эмес экендигин эстеринен чыгарып ийишет. Анткени уул же болбосо кыз тандоо ишинде пенденин эч кандай ролу жана мүмкүнчүлүгү жок. Бул маселе жөнүндө Куранда минтип айтылат: «Асмандар менен жердин бийлиги (мүлкү) Аллага гана таандык. Ал каалаганын жаратат: Каалаган адамына кыз, каалаганына да уул берет. Же Ал уулдарды да, кыздарды да (же эгиз перзенттерди) берет. Каалаган адамын тукумсуз (туубас, уруксуз) кылат. Анткени Ал - (бардык нерсени) Билүүчү, (каалаган нерсесин каалагандай жаратууга) Кудуреттүү (зат)». (Шуура сүрөсү, 42/49-50) Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа (с. а. в.) да өзүнүн осуяттарынын биринде: «Перзенттериңер – бул жараткан Алланын силерге берген бир белеги. Алла каалаганына кыз, каалаганына да уул берет» - деген. (Хаким, Абу Абдуллах Мухаммад бин Абдуллах ан-Найсабурий, «Аль-Мустадрак алас-сахихайн», Бейрут - 2002, Даарул-кутубил-илмийя, II, 312)
Эч бир мусулман эркек балалуу болуусу менен мактанбоосу жана кыз перзенттүү болушу менен да уялып жер карабоосу керек. Себеби, эң негизги маселе бул перзенттин уул же кыз болуусу эмес, келечекте анын ыймандуу, адамгерчиликтүү перзент болуусунда жана аларды ошондой кылып тарбиялоодо.
Исламга чейинки мезгилде түрк жана араб элдеринде эркек бала абдан бааланган. Себеби алар өз тукумун коргоп, өз тамагын таап, а түгүл башка туугандарын да колдой алышкан. Кыз балага болсо кубанышчу эмес. Анткени жахилийят доорундагы арабдардын түшүнүгү боюнча кыздар экономикалык жактан пайдасыз болуп, үй бүлөсүнө киреше киргизишчү эмес жана ал өз уруусун уятка калтыруусу да мүмкүн болгон. Ушул маселе тууралуу Куранда төмөндөгүчө айтылган: «Эгерде алардын бирөөсүнө кыз (балалуу болгондугу) менен сүйүнчүлөнсө, ал ачууга буулуп жүздөрү карара баштайт. (Андан да бетери) аны (ал кызды) кордукка салып алып калуу же (тирүүлөй) топуракка көмүп таштоо керекпи? (Ушулар тууралуу ойго батып) өзүнө келген “жаман” кабардын (кыздуу болуунун) таасиринен (анын “жамандыгынан” намыстанып) элден жашырынат. (Карасаңар,) алар (мындай кылыктары менен) кандай жаман (туура эмес) өкүм чыгарышат».(Нахл сүрөсү, 16/58-59)
Ислам дини келгенге чейин арабдарда кыздарды тирүүлөй көмүү адаттагы иш болгон. Ислам буга кескин түрдө тыюу салган. Мындай кылык абдан оор күнөө катары эсептелет. Ислам дининде балдарды өлтүрүүнүн бардык түрлөрүнө тыюу салынган.
Кыздуу болууну кордук катары көрүү, кыздуу болуудан намыстануу, же болбосо кыз төрөгөн аялдарды кемсинтүү, аларды кордоонун негизги себептеринин бири – бул ал адамдын ишениминин начардыгы, ыйманынын күчтүү эмес, тетирисинче алсыз экендиги болуп эсептелет. Анткени андай адамдар кудурети күчтүү Алланын аларга ыроолоп берген кыз перзенттерине ыраазы болбой, Жараткандын берген ырыскысына наалышып, “тагдырыбыз таш боор экен” дешип кайгырышат. Акыйкатта болсо Алланын өкүмүн өзгөрткөнгө, Анын жазмышын, тагдырын алмаштырганга эч кимдин эч кандай кудурети жетпейт. Болбосо момун мусулман пенделерине Алла Таала Куранда кантип кайрылгандыгын, Ал каалаган адамына Лут Пайгамбар (а. с.) сыңары жалаң кыздарды ыроолосо, каалаганына да Ибрахим Пайгамбар (а. с.) сыяктуу жалаң уул балдарды тартуулап, каалаганына болсо Исмаил, Исхак жана Мухаммад Пайгамбарларга (с. а. в.) буюрганындай уул бала менен кыз перзенттерди чогуу берсе, каалаган пенделерине Адам Пайгамбар (а. с.) сыяктуу эгиз балдарды тартуулап, айрым кулдарын болсо Яхя жана Иса Пайгамбарлар (а. с.) сыңары перзент бербей сынай тургандыгын айтып өттүк.
Бул тема менен байланышкан араб урууларынын биринин башчысы болгон Абу Хамза атту киши тууралуу мындай бир риваят бар. Ал бир аялга үйлөнүп, анын уул бала төрөп берүүсүн самайт. Бирок тагдырдын жазмышы менен аялы кыз төрөйт. Ага ачууланган Абу Хамза ал аялын чанып, башка бир үйдө жашай баштайт. Убакыт учкан куштай зымырап өтүп жатты. Күндөрдүн биринде Абу Хамза өзүнүн мурдагы үйүнүн жанынан өтүп баратып, аялынын жаш кызыны мына минтип алдейлеп, уктатып жатканын кокусунан угуп калат:

Атаң Абу Хамзага эмне болду?
Үйүбүзгө такыр келбей койду.
«Ак жерден бизди каралап»
Колдон келбес талап койду.

«Уул бала төрөбөйсүң» - деп ачууланат,
Аны төрөө эрки биздин колдо эмес.
Ыйманы күчтүү болсо эгерде анын
Эч качан ал минтип айтмак эмес.

Ата баба дыйкан болсо,
Жер эне сымал зайыптары.
Жазында сепкенин дыйкан
Күзүндө алганы сыңары.

Ошентип ал аялынын алдына кайтып барды. Бирок, аялынын бул сөздөрүнөн ыйман тууралуу жакшынакай ибарат, сонун бир сабак алып, Жараткандын буйруган тагдырына ыраазы болууну, тагдырдын ачуусу менен таттуусунун жалгыз Алладан гана экендигин терең түшүнгөндөн кийин гана өзүнүн жасаган иштерине бушайман болуп, башы шылкыйган тейде ыйманынын алсыз жана бекем эмес экендигин мойнуна алып, кайтып келди. Аялынын сөздөрүнөн аябай таасирленген Абу Хамза үйүнө кирери менен эле жубайынын башын сылап эркелетип, сүйкүмдүү жана бал тилдүү кызын бооруна кыса кучактады. Ошентип Кудайдын буйругуна, Анын өзүнө ыроологон ырыскыларына чын көңүлдөн ыраазы болду.
Бул окуяда да далалат кылып тургандай эле кыз баланы төрөгөндүгү үчүн энелер күнөөлүү эмес. Эгерде энелерди күнөөлөй турган болсок, анда «андай күнөө» аталарга да тиешелүү болуп чыга келет. Анткени аялдар жер эне сыяктуу эле өзүнө эмненин уругу эгилген болсо, ошол уруктун түшүмүн берет. Ал эми аталар болсо баба дыйкан сыңары эмнени эккен болсо ошонусун гана алат. Демек, уул бала менен кыз перзентти тандоо бул адамзаттын каалоосу менен эмес, Алла Тааланын гана каалоосу менен боло турган иш болуп эсептелет.
Эми экинчи жагдайга, башкача айтканда, ата-энелердин кыз перзенттерине болгон адилетсиз, орой, копол мамилелерине келе турган болсок, Ислам дини кандай гана учурда, кандай гана жагдайда болбосун, ар дайым чыныгы теңдикке, адилеттүүлүккө үндөп да, буюруп да келет. Андыктан, ата- энелер перзенттерине болгон мээриминде, аларга болгон мамилелеринде эч качан уул бала менен кыз баланы бөлбөөсү зарыл. Тагыраак айтканда, ата-энелер перзенттеринин бирөөсүнө жакшы, ал эми экинчисине жаман мамиле кылбоосу керек. Мындай жагдайда Алланын төмөндөгү буйругун аткаруу эң туура жолго багыттайт: «Эй момундар (Аллага ыйман келтиргендер)! Алланын (ыраазычылыгы) үчүн күбөлүккө бекем тургула. Айрым адамдарга болгон жек көрүүңөр силерди адилетсиздикке түртпөсүн. Адилеттүү болгула! Ошол – такыбалыкка жакыныраак. Алладан корккула. Албетте, Аллах эмне иш кылып жатканыңардан кабардар!» (Маида сүрөсү, 5/8)
Жогоруда да айтылып өткөндөй эле ата-энелердин перзенттерине бирдей жана тегиз мамиледе болуусу тууралуу Мухаммад Пайгамбар (с. а. в.): «(Уул болсун, кыз болсун) балдарыңардын арасын бирдей туткула»- деп ачык түрдө буюруп кеткен. (Абу Давуд, Буюуъ – 83) Пайгамбардын (с. а. в.) осуяттарына таяна турган болсок, ата-энелердин балдарына бирдей мамиледе болуусу - бул балдарынын ата-энелеринен талап кылчу акылары жана укуктары: «Перзенттердин сенден (б.а. ата- энелеринен) талап кылчу укугу – бул аларга сенин бирдей мамиледе болууң». (Ахмад бин Ханбал, VI, 269)
Исламда кыздардан уул балдарды артык көрүү туура эмес. Буга мисал жана далил катары мына бул окуяны айта кетсек болот:
Бир адам Пайгамбар (с. а. в.) менен чогуу отурган учурунда ал адамдын уулу кирип келет. Ал адам уулун өөп, тизесине отургузат. Бир аздан кийин эле кызы кирип келет. Ал адам кызын өппөй эле каршысына (арыраак) отургузат. Мына ошондо Пайгамбар (с. а. в.) ал адамга: «Эй бай болгур, сен экөөнө тең бирдей мамиле кылсаң болбойт беле?»- деп, ал адамды балдарына бирдей мамиледе болуусун дагы бир жолу эскертет.
Керек болсо Пайгамбар (с. а. в.): «Алла бардык нерседе, а түгүл өбүүдө да балдарыңарга бирдей мамиле кылууңарды жакшы көрөт» - деп айткан. (Мунавий, Мухаммад Абдуррауф, «Файдул-кадир шархул жаамиис-сагиир», Бейрут, Даарул-маърифа, ІІ, 297)
Эгерде Ислам дининдеги уул менен кыздын теңдигин жакшылап изилдей турган болсок, анда биз айрым жагдайларда эркек балага караганда кыз баланын бааланаарына, аларга сылык-сыпаа мамиледе болуу керек экендигине күбө болобуз. Баарынан мурун кыз жана уул балдар бул - Алланын пенделерине берген бир белеги экендигин баяндаган аятта кыздар биринчи айтылат. Мына ушул аятка таянышкан айрым аалымдар өздөрүнүн көз караштарын минтип айтышкан: “Бир аялдын тунгуч перзентинин кыз болуусу бул ошол аялдын кут алып келе тургандыгынын жана жакшы (касиеттүү) экендигинин жышаанасы. Анткени Алла Таала Курани каримде биринчи кыздар жөнүндө айтып өткөн.” (Мунавий, VІ, 11; Kurtubi, El-Cami-u li Ahkami’l-Kur’an, XV, 437)
Мухаммад Пайгамбар (с. а. в.) тартуулоо жана белек берүү иштеринде да уул жана кыз перзенттерге бирдей мамиле кылууну буюргандан кийин: «Эгер алардын бирөөсүн артык көрө турган болсом, кыз баланы артык көрөт болчумун» - деп, эркек балдарды кыздардан жогору коюу жана кыз перзенттерди кордоо түшүнүктөрүн жер менен жексен кылган. (Мунавий, ІV, 84) Дагы башка бир мисал – бул  Пайгамбардын (с. а. в.) жортуулга чыгаардан мурун эң акыркы коштошкон адамынын да, жортуулдан кайткан учурунда эң биринчи учурашкан адамынын да кызы Фатима (р. а.) болгондугун билдирген маалымат болуп эсептелет. (Абу Давуд, Таражжул – 21)
Жогоруда айтылган хадистердин негизинде диний таалим-тарбиялык китептерде: “Базардан белек-бечкек жана башка нерселерди алып келип балдарына таратууда (сүннөттүн негизинде амал кылууну каалаган адам) баарынан мурун кыз перзенттеринен баштоосу абзел. Ошондой эле айрыкча кыздарга көбүрөөк мээримдүүлүк кылыш керек. Анткени алардын көңүлү назик болушат,”- деген эреже (түшүнүк) болгон. (Canan, İbrahim, Peygamberimizin Sünnetinde Terbiye, İstanbul – 2000, Tuğra Neşriyat, 370)
Мухаммад Пайгамбарыбыз (с. а. в.) кээ бирки эркине ээ боло албаган, ыйманы алсыз адамдардын көңүлдөрүнөн түркөйлүктүн, жахилийятчылыктын калдыктарын жок кылуу максатында өзгөчө кыз балдар тууралуу аябай көп насаат-осуяттарын айткан. Ата-энелер менен тарбиячылардын кыз балдарга жакшы, жумшак мамиледе болуусу балким алардын бейишке кирүүлөрүнө себепкер болот. Анткени буга төмөндөгү хадисти далил катары айта кетсек болот:
«Кимде-ким эки кыз перзентин балагатка жеткенге дейре чоңойтуп, (жакшы) тарбия берген болсо, кыямат күнү ал адам менен мен мына мындай жанаша турабыз»- деп эки (сөөмөй менен ортон) бармагын бири-бирине жанаштыра көрсөттү. (Муслим, Бирр – 149)
Мухаммад Пайгамбардын (с. а. в.) педагогдор менен тарбиячыларга бул темадагы мындай жол көрсөтүүсү-Ислам дининин буйругу (шарият) менен жүрүү, перзенттердин ортосунда адилеттүүлүк менен теңдикти камсыздоо болуп эсептелет.
Макаланын аягында жыйынтыктап айта турган нерсе-бул, биз, момун мусулмандар, куру сөз менен гана «Кудайыма шүгүр! Мен Аллага, тагдырга жана анын ачуусу менен таттуусу жалгыз гана Алладан экендигине ыйман келтирдим, өзүм момун мусулманмын»-деп эле койбостон, жашообуздун кыйын кездеринде, турмушубуздун ысык-суугунда ыйманыбызга шек, динибизге зыян келтире турган ар кандай жаман сөздөр менен иш-аракеттерден оолак бололу. Кыз перзенттүү болууну бир кордук катары көрбөйлү, “уул бала төрөбөйсүң” деген күнөөнүн баарын аялдарга, тагдырыбызга оодарып, кыздарды уул балдардан төмөн коюп, же болбосо аларга одоно мамиле жасап Жараткан Алланын алдында күнөөгө батып, тозокко карай кадам таштабайлы демекчибиз.
Кудайым баарыбызга эки дүйнө бактылуулугун насип кылган болсун. Аамиин.

Башына