Алтынчы сан

Ибадаттын маңызы
Мазмуну
Данияр Мурадилов
Акыл эстүү ар бир адам баласы: “Мен киммин”, “кайдан келдим”, “кайда барам”, “эмне үчүн бул дүйнөгө келдим”, “жаратуучум барбы”, “бул дүйнөгө келүүмдүн максаты эмне” жана “ал кандай максат” деген суроолорду өзүнө кайра-кайра берип, ушул суроолор тууралуу ойлонуп келсе керек?!
Адам баласы бул дүйнөгө келерде: кайсы динди тутунган үй бүлөдө төрөлүүнү каалайсың; кайсы улутту, жынысты тандайсың- эркекпи же аялбы; Акмат менен Айшанын баласы же кызы болуппу, же болбосо Жоробек менен Батманын уулу болгуң келеби; Кыргызстандабы же Таиландда төрөлгүң келеби, тулку боюңдун кандай болушун каалайсын; атаңа окшоппу же энеңе окшоппу; а түгүл: “бул дүйнөгө келгиң келеби же жокпу”?- деп эч суралбаптыр.
Так ошондой эле бул дүйнө менен кош айтышарда дагы: “бул дүйнөдөн кеткиң келеби же келбейби?” деп ал адамдан эч ким сурабайт экен. Демек, адам баласынын бул дүйнөгө кимдин буйругу менен келсе, максаты дагы Аныкы боло тургандыгын баамдообуз зарыл.
Кураны Каримде Жараткан Алла Таала биздин бул дүйнөгө келүүбүздүн максатын мындай деп жарыялайт : “Мен жиндерди жана инсандарды бир гана Мага ибадат кылсын деп жараттым”.
Ибадат деген сөздү алып көрсөк, бул сөз түпкү тамыры арабча болуп, кыргыз тилине которгондо “сыйынуу”, “табынуу”, “кулчулук”, “баш ийүү” деген маанилерге келет. Ал эми дин терминологиясындагы мааниси, араб тилинде “баш ийүү” дегенди билдирет. Жаратуучу Өзүнүн Ыйык Куран китебинде, баш ийүү, сыйынуу, табынуу, деги эле кулчулук жалгыз гана Өзүнө таандык болгонун эскертүү менен көптөгөн жерлерде баяндап өтөт!
Негизи кулчулукту кандай түшүнүүбүз керек? Кулчулук бул- Жаратуучунун буйруктарын аткарып, тыюу салган иштерге барбоо, Анын айткандарын кынтыксыз аткаруу.
Ислам дининдеги “укук илимдеринин негиздери” боюнча, ибадаттан тышкаркы нерселер, Куран менен Сүннөттө тыюу салуу терминдери менен ачыктан ачык айтылбаса, ал нерсе адал болуп эсептелет. Ал эми Ибадатка келгенде, ошол эле эреже боюнча Куран менен Сүннөттө гана айтылган түрү туура болуп эсептелет. Башка түрлөрү туура эмес, арам болуп саналат. Ибадаттын кандай түрдө кылына тургандыгы тууралуу Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Сүннөтүндө кеңири жана толук маалымат берилген. Бул тууралуу пайгамбарыбыз: “намазыңарды мен окугандай кылып окугула”, “ажылыгыңарды менден үйрөнгүлө”-деп, ибадаттын бир гана Куранда жана Сүннөттө айтылган түрлөрү туура болгондугун баса белгилеген. Эгер адам баласы ибадатын Пайгамбарыбыздын Сүннөтүнө баш ийип кылса, демек, ал Алланын сүйгөн кулу болуу менен максатына жеткен болот.
Ислам дини адам баласына бактысын, бейпилдигин өзүнүн жүрөгүнөн издөөсүнө түрткүлөйт, себеби бакыт да бейпилдик да жүрөктөн орун алат. Андыктан мусулман адам Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтүн чын дили менен сүйүүсү зарыл. Ошондо гана ибадатынын бир эле тышкы көрүнүшү эмес, ичи дагы чыныгы маанисине жооп берээрлик болот.
Ибадаттын эң негизгиси, эң маанилүүсү намаз экендиги Ыйык Куранда мындай деп айтылат: “Албетте, намаз силерди жаман, ыплас нерселерден тыйып, жана ал жаман, ыплас нерселерди да силерге жолотпойт”. Бул аят келгенде, бедуиндердин (чөлдө жашаган көчмөн арабтар) бири Пайгамбарыбызга(с.а.в.) келип: «Эй Алланын Элчиси, намаз окуп жүрүп, бирок жаман, ыплас нерселерди кылган адам кандай болот?»- деп сураганда, Пайгамбарыбыз(с.а.в.) ага: «Анын окуган намазы намаз эмес!»- деп айткан. Демек, адам баласын жаман, ыплас нерселерден бир гана чын ыклас менен окулган намаз сактай тургандыгын билүүбүз кажет.
Пайгамбарыбыз көптөгөн хадистеринде намаз ибадаттын негизи экендиги жөнүндө мындай деген: “намаз диндин тиреги”, “намаз көзүмдүн нуру”, “беш убакыт намаз, эшигиңердин алдында агып жаткан суу сымал, ал сууга беш маал киринген адамдын денесинде кир калбагандай эле, беш маал намаз окуган адамдын да руханий кири калбайт”.
Адам баласы Аллага ыйман келтирсе да, келтирбесе да, намаз окуса да, окубаса да мунун бардыгын жеке өзү үчүн кылып жаткандыгын билүүбүз зарыл. Бул тууралуу Алла Таала Кураны Каримде: “Албетте, Алла Таала эч кимге муктаж эмес”- деп айткан. Демек, бул аяттан ибадаттын баардык түрлөрүн символ катары түшүнүүбүз керек экендигин аңдадык. Мисалы, Алатоо аянтындагы Кыргызстандын туусу түшүп калса, же болбосо шамал учуруп кетсе, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү кыйрап калышы маанисине келбейт да?! Дал ошондой эле, адам баласы Алла Таалага ыйман келтиреби же келтирбейби, каалайбы, каалабайбы, Алла Таала бар экени шексиз. Адам баласы намаз окуусу менен Кудайына табынып сыйынып, Алла Таалага эч кандай пайда келтирип койбойт, намаз окубай коюсу менен да Алла Таалага зыян келтире албайт.
“Ибадат” деген бир гана намаз, орозо, ажылык зекет берүү менен чектелбейт, тескерисинче, жашоонун баардык жактарыны камтыйт. Башкача айтканда, адам баласы, эс тартып, балагатка жеткенден тартып, өлгөнгө чейинки жашоосунун бардыгы “ибадат” болуусу керек. Жашоосундагы өйдө төмөндүн бардыгы ибадаттын чегинде болушу зарыл.
Ага далил катары Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) көптөгөн хадистеринин биринде: “Дин деген мамиле” деп айтып кеткен сөзү бар. Пайгамбарыбыз(с.а.в.) бул хадисте, мусулман адамдын көңүлүн мусулман боордошу менен болгон мамилесине буруп жатат. Ал мамиле соодада болушу мүмкүн, кошуналык болушу мүмкүн, жумуш, көчө, мектеп, коомдук унаа, үй бүлө жана башка ушул сыяктуу коомдук жайларда болушу мүмкүн. Тагыраак айтканда, адам баласы, бала катары ата-энесине болгон мамилесин, ата же эне катары балдарына болгон мамилесин, коңшу катары кошунасына, күйөө же зайып катары жубайына же жолдошуна, деги эле бир макулук катары айлана-чөйрөсүндөгү башка макулуктарга да болгон мамилесинде өзүн, Куран жана Сүннөттөгүдөй алып жүрсө, бардыгын так аткарып, күнөө иштерге жолобой жүрсө, мына ошондо гана ибадаттын чыныгы мааниси келип чыгат!
Макулуктардын ичинен акыл менен напсиге бирдей ээ болгондор гана бейишке же тозокко барышат, тактап айтканда, адамдар менен жиндер гана түшөт.
Алла Таала жараткан макулуктардын саны миңдеген, балким миллиондогон ааламдарга бөлүнүп кетет. Анын ичинен периштелер, жин, инсан, айбанат ааламдарын алып көрөлү.
Периштелер: Нурдан жаралган. Акыл-эске ээ, напсиси жок, эркек-ургаачы болуп бөлүнбөйт. Алланын буйруктарын эч кынтыксыз, өз убагынан кечиктирбей, үзгүлтүксүз, так аткарышат. Эч бир күнөө кылышпайт. Алар мына ушундай макулук болгондуктан Алланын жанында өтө жогорку даражага ээ.
Жиндер: Акылы бар, напсиси бар, көзгө көрүнбөгөн түтүнсүз таза оттон жаралган макулуктар. Напсиси болгондуктан күнөөгө батуу ыктымалы бар.
Адам баласы: Топурак жана суудан жаралган. Акыл-эстүү, напсиси бар макулук. Адам баласы дагы жиндер сыяктуу напсиси болгондуктан күнөө-сооп иштерди кылышат.
Айбанат болсо, акыл-эси жоктугу менен адам баласынан айырмаланат. Топурак жана суудан жаралган жана напсиси бар. Напсиси болсо дагы, акылы жоктугунан күнөөгө батпайт.
Эми баарыбыз, жогоруда байкагандай, периште, жин, адамзаты акыл ээлери катары, бири-бирине дал келди. Напси ээлери катары жин, инсан, айбанат ааламдары бири-бирине окшошту. Алардын ичинен акыл менен напсиге бирдей ээ болгондор адамзаты менен жиндер болуп чыкты. Ошондуктан Кураны Каримде: "Мен жиндерди жана инсандарды бир гана Мага ибадат кылуусу үчүн жараттым" деп айтылат. Бейиш менен тозок бир гана акыл менен напсинин күрөшүүсүнүн натыйжасында келип чыккан нерсе экендигин баамдообуз зарыл. Тагыраак айтканда, адам баласы болобу, же жиндерден болобу кимде ким өз напсисин акылына баш ийдирип, Жаратуучусуна ибадат кылса, анын даражасы периштеден дагы жогору турат. Ал эми кимде-ким акылын напсисине баш ийдирип, Жаратуучусуна ибадат кылбаса, анын даражасы, айбанаттан дагы төмөн турат.
Андыктан адам баласы менен жиндер акылды, жогорку аятта айтылгандай ибадат үчүн колдонуулары керек. Ибадат – бул Алланын буйруктарын аткаруу жана тыюуларына моюн сунуу. Тагыраак айтканда, Алланын буйруктарын кандай, кантип, качан аткарары жана тыюуларына моюн сунары жөнүндө ой жүгүртүүгө акылды колдонуу маанисин берет.
Пайгамбарлардын баарынын түпкү теги адамзаттан болгондуктан, жана Алладан келген диндердин баардыгы тең акыл менен напсиге бирдей ээ болгон макулуктарга тиешелүү болгондуктан, бейиш-тозок түшүнүгү периштелер менен айбанатка тиешелүү болбой бир гана жиндер менен адамзатына тиешелүү.
Адам баласынын ички дүйнөсүндө бир боштук бар, ошол боштук бир нерсе менен толтурулушу керек. Ал - Алла Таалага болгон сүйүү. Аны кантип толтурабыз - деген суроо туулушу мүмкүн. Алла Таалага ибадат кылуу менен толтурабыз.
Адамдын жүрөгү Алланын затына эки жактан муктаждыгы бар:
1) Ибадат
2) Каниет
Адамдын жүрөгү Кудайына болгон Ибадатысыз, ар дайым канааты жок, тынчы кетип, бир нерседен коркконсуп жүрөт, ар дайым бир нерсеге жетпегенсип, бир нерседен кем болуп жүрөт, Жаратуучусунун сүйүүсүнөн кур калып ар дайым маң болуп жүрөт. Себеби адамзаттын жаратылышында, табийгатында табынуу, сыйынуу, Ибадат кылуу Жаратуучусу тарабынан тартууланган. Ал эми ошол жаратылышындагы табигый болгон “Ибадат кылууга” туура багыт берилбесе, адамдын жүрөгүндөгү баягы боштук ошол бойдон кала берет. Ошондуктан Ыйык Курандын “Фатиха” сүрөөсүндөгү “Сага гана Ибадат кылабыз Сенден гана жардам тилейбиз” деген жүзөгө ашпай калат да, жүрөгү ушул эки нерсеге жакыр бойдон кала берет.
Алла Таала Кураны Каримде: «Мени абдан кечиримдүү жана боорукер экенимди кулдарыма билдир» деп пайгамбарыбызга кайрылган. Бул ыйык аятта Алланын жазмышына ыйман келтирген адамды оптимизмге чакыргандыгын түшүнсөк болот. Адам баласы пендечиликтен кетип кандай гана күнөө кылбасын эч качан Алланын ырайымынан умүтүн үзбөөсү керек.
Анда эмесе кел бурадар, Алланын ырайымынан күдөрүбүздү үзбөй күнөөлөрүбүздүн кечирилишин тилейли.
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллага Ибадат кылып жаткан кезде Ал бизди угуп да, көрүп да, сезип да жатканын эсибизден чыгарбайлы.
Кудай Алла Таала, баардыгыбызга кубаттуу, толук ыйман берсин, бардыгыбыздын кылган Ибадаттарыбызды, жакшы тилектерибизди, дубаларыбызды, бирөөлөргө болгон жакшы каалоолорубузду кабыл кылсын. Ниетибизди оңдоп, дилибизди агартсын. Аамиин йаа раббаль аалямиин.