Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

Күнүмдүк турмушта көңүл буруулуусу керек болгон кээ бир жагдайлар

Мазмуну

Ибрахим Өзкылыч


«Ыймандын жетимишке
жакын даражасы бар.
Эң жогорку даражасы
«Ла илаха иллаллах» деп айтуу.
Эң төмөнкү даражасы жолдо жаткан
жана адамдарга зыяны тие турган
нерселерди алып кою»

            Адам баласы өзү жашаган коом менен терең байланышта болгондугу үчүн жападан жалгыз жашоосу акылга туура келбеген нерсе. Улуу Алла Таала адамдарды бири-бирине муктаж кылып жараткан. Ошондуктан коомдук турмушту жакшыртуу үчүн айланабызда жашаган адамдардын укуктарына да көңүл буруубуз керек. Жалгыз өзүн гана ойлогон, өзүмчүл адамдар жашаган коомдо адамдар арасында сүйүү жана бири-бирин урматтоо сыяктуу өзгөчөлүктөр болбойт. Себеби, мындай жерде эч ким башкалардын кызыкчылыктарын ойлобойт, бири-биринин укуктарына шек келтиришет.
Айрыкча шаардашуу системасынын өнүгүүсү жана метрополь деп аталаган тар айланада көп калктын отурукташышы бул абалдын маанилүүлүгүн арттырууда. Натыйжада ар түрдүү адамдар тобунан түзүлгөн коомдогу жаъы маданият түшүнүгүн тарыхта болгон тажрыйбалардан үлгү алып заманга ылайыкташтыруу абзел. Ушундай коомдо жашаган адам өзүнө, үй бүлөсүнө, коңшуларына, жашаган жерине, коомго жана мамлекетке болгон милдеттерин унутпашы керек. Бул милдеттердин кээ бирлерине токтолуп өтсөк:
1. Башкаларга зыян бербөө. Адамдардын байлыгына, жанына, жашаган жерине, эркиндигине, намысына зыян келтирүүгө тыю салынат. Бир философ ахлакка мындайча аныктама берген: «ахлак-сага карата кылынуусун каалабаган бир нерсени сенин да башкаларга карата кылбашың», башкача айтканда, жаныңдагыларды өзүнүн ордуна коюп көрүү. Психологияда бул «эмпати» деп аталат. Дүйнөлүк жашоо системасы болгон Ислам дини бул чындыкты да камтыган. Аз. Пайгамбарыбыз Мухаммед(с.а.в.) бир хадисинде мындай деген: «Мусулман адам-башка адамдарга колунан жана тилинен зыян келбеген адам болуп эсептелет».
2. Жардамчы болуу. Материалдык жактан жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болсо да адамдарга жакшы сөздөрдү сүйлөп, жылуу жүз менен кароо садака сыяктуу сооптуу иш болуп эсептелет. Куран аятында: «Жылуу с\з, бир кемчиликти кечирүү, кемсинтип берген жардамдан (садакадан) артык»Бакара, 263). Ал эми Аз. Пайгамбарыбыз: «Мусулман бир тууганыңа жылуу жүз менен карооң да садака болуп эсептелет»- деп айткан.
3. Улууларга урмат, кичүүлөргө ызат. «Улууларды урматтабаган, кичүүлөрдү ызаттабаган бизден эмес»(Хадис). Замандын өзгөрүүсү, батышты ээрчүүнүн жана технологиялык өнүгүүнүн таасиринде калган адам баласы чыгыш маданиятындагы «улууга урмат, кичүүгө ызат» дегенди унутуп бара жатканы маалым. Алланын элчиси бир жолу кушу өлүп калган жаш балага көңүл айтуу үчүн сахабаларын ээрчитип барган. Азыркы учурда мындай нерсени учуратуу өтө кыйын. Ата-бабаларыбыз да «туура кабарды балдардан алгыла»- деп, жалган эмне экенин билбеген жаш балдарга ишенген болсо, азыркы учурда чын айтса да ишенбестен, аларга жалганчы катары мамиле кылынууда. Бир күнү апендиге кошунасы келип, жүк ташууга эшегин сурайт. Апенди: «эшегим үйдө жок эле»- деп айтып бүтөр- бүтпөс короодон эшектин аңгыраган үнү чыгып калат. Кошунасы: «Эшегим үйдө жок дейсиң, бирок тигил жактан үнү чыгып атат»-дейт. Апенди: «Сен мага ишенесиңби же эшекке ишенесиңби?»-деген экен. Кээде биздин абалыбыз да ушундай болуп калат. Балдарыбызга чынчыл болуусун үйрөткөнүбүз - аларга калтыра турган эң чоң мурасыбыз. Хадисте: «Эч бир ата эне балдарына жакшы тарбиядан артык мурас калтыра албайт!» -деп айтылат эмеспи.
4. Саламдашуу: «Саламдашууну араңарда жайылткыла»(Хадис). Саламдашуу сүйлөшүүнүн баштапкы сөзү. Шаар турмушу адамдарды материалдык жана физикалык жактан бир жерге топтогондугу чындык, бирок, аларды руханий жактан да бир жерге топтогон деп айтуу кыйын. Тескерисинче, шаар турмушу адамдардын бири-бири менен үйүр алышуусунан алыстатат. Адамдар метрополдогу кээ бир проблемалардын айынан бейтааныш кишилер менен сүйлөшүүнү жактырышпайт жана бала-чакаларына ушундай тарбия беришет. Бирок, бир имаратта көптөгөн жылдар бою коңшу жашаган адамдар үчүн мындай деп айтуу албетте туура эмес. Ошончо жыл бир жерде жашагандан кийин эч болбосо жаныбызда жашаган адамдын ким экендигин, жакшы адамбы же жаманбы, билип коюушубуз үчүн аз да болсо диалог керек эмеспи. Тилекке каршы, бир имаратта жашагандарына карабастан, лифтте баратаканда жерди карап, сүйлөшпөстөн бири-бирине бейтааныш боюнча калышууда. Ал эми диалогдун башталуусу үчүн салам берүү-сүннөт, алик алуу-парз. Дайыма саламдашып жүрүү солгундап бара жаткан турмушубузга бир аз болсо да өз салымын кошот.
5. Технологиялык жалгыздык. Радио, телевизор, компьютер, интернет сыяктуу баш айлантуучу технологиялар бир жагынан күнүмдүк жашообузду жеңилдетүүдө. Бирок, абдан пайдалуу болгон бир нерсени да көп пайдаланганда зыяндуу болушу турган иш. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү да турмушубуздун тең салмактуулугун бузбай турган түрдө колдоонууубуз керек. Мындан мурун телевизор туурасында айрыкча жаш балдардын адаттан тышкары көп көрүүсүнүн зыяндары жөнүндө кеп козголгондо, алардын жашына жараша программалар керек экендигин айтаар элек. Ал эми азыркы учурда болсо буларды интернет басты. Күнү-түнү интернеттен жана компьютерден жылбаган, пайдалуу болобу, пайдасыз болобу, керек болсо өтө зыяндуу маалыматтарга жетүүнүн оңой болуп калганы, учурдагы адамдардын, айрыкча жаштардын абалы ойлондурбай койбойт. Изилдөөлөргө таянсак, интернетте көп отуруу адамдарды жалгыздыкка түртөт, айрыкча жаштардын коомго аралашуусуна тоскоол болот жанаал процессти кечеңдетет. Өмүрүн электр жарыгы менен ажырагыс кылып байланыштырган жаштар кээде электр өчкөндө өздөрүн башка дүйнөгө туш келип калгандай сезишет. Мындай шартка өздөрүн ылайыкташтыра албагандыктан жана буга жөндөмсүз болгондуктан стресске түшүүдө. Ошондуктан технологиялык өнүгүүлөр жашоодо кандай гана керектүү жана маанилүү болсо дагы, аларды ченеми менен колдонуу да өтө маанилүү экенин жадыбыздан чыгарбообуз зарыл. Айрыкча жаш балдарды ата-энелери контролдоп туруулары керек. Мына ушуларды эске алып, Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) белгилеп кеткен ченемге көңүл буруп убактыбызды үчкө бөлгөнүбүз туура болот. Бир бөлүгүн иштөөгө, экинчи бөлүгүн ибадатка, калганын эс алууга. Ата-энебизге, үй-бүлөбүзгө жана балдарыбызга да убакыт бөлүү диний, адамдык жана коомдук-маданияттык милдетибиз болуп эсептелет.
6. Кирип-чыгуу. Үйлөргө кабарсыз кирүү жахилият (Араптардын караңгылык доору) адаттарынан болуп саналат. Бирөөнүн үйүнө айттырбай кирип баруу-терс адат жана адамгерчиликке жатпаган көрүнүш. Кире турган жерибизге эшикти тыкылдатып, эгер ичкериден ким экенибизди сураса, атыбызды айтып жооп берүүбүз керек. Бара турган жерибизге да алдын ала кабар берип, эгер мүмкүнчүлүгү болсо барганыбыз, убактысы болбосо анын иштерине тоскоол болбогонубуз турмуштун тең салмактуулугун сактоодо өз салымын кошот. Ачык болсо да эшикти такылдатуу, уруксат берилсе кирүү же болбосо кайра кетүү адамдык сапаттардан. Жашоосу бир калыпта системалуу болбогон адамдын ибадаты да ошондой болот. Ошондуктан Алла Таала үйлөргө кирүүдөн мурун уруксат суроо керек экендигин билдирген аяты биздин көз алдыбызда жөнөкөй сыяктуу көрүнгөнү менен, чындыгында,  турмушта өтө маанилүү орунду ээлейт.
7. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы. Жолдор жалпы коомго тийиштүү. Ошондуктан буларды башкаларга зыян бербегендей кылып пайдалануу керек. Ар ким өзүнүн короосун таза кармаса, бир айыл, керек болсо бүтүндөй бир өлкө таза болот. Эң жакшы жана эң оңой тазалык-айлананы булгабоо жана буга тоскоол болуу. Көрүнгөн жерге таштандыларды таштабоо жана түкүрбөө зарыл. Булар медицинилык жактан да ден соолукка зыяндуу экени илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгону баарыбызга эле маалым. Билбестен буларды тепселеп алып, натыйжада микроптор башка жерлерге да жетет. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө ар жерге тамекини таштоочу куту, таштанды челектер коюлган жана көрүнгөн жерге түкүрүүгө тыю салынган. Мисалы, Кытайда ар жерге түкүргөндөргө акчалай штраф салуу боюнча мыйзам чыгарылган. Адамдар жыш жашаган шаарларда ушуга окшогон мыйзамдарды кабыл алуу пайдалуу. Айрыкча калкы мусулман болгон өлкөлөрдө буларга көңүл бурулуусу керек. Себеби, Ислам динининде тазалык системасына өзгөчө маани берилет. Ыймандын эң жогорку даражасы «Ла илаха иллаллах» деп айтуу, ал эми эң төмөнүсү- жолдо жаткан жана адамдарга зыяны тие турган нерселерди алып коюу. Ошондой эле, Осмон Империясы  доорунда жолдогу түкүрүктөрдү тазалай турган атайын кызматчылар болгон экен. Ислам илимдерин топтоодо жана үйрөнүүдө аалымдар көрүнгөн жерге түкүргөн адамдардын маалыматтарынын тууралыгына жана туура эместигине карабастан кабыл алган эмес. Ачылбан шишедеги даарынын оорулууга кандай пайдасы болбосо, амалга үйрөтүлбөгөн теория илиминин ошондой эле эч пайдасы жок.
            8. Жол акысы. Азыркы учурда түрдүү авто унаалары пайда болуп, бир жерден бир жерге жетүү оңой болуп калган эмеспи. Өзгөчө шаар жеринде машиналар тим эле баш айландырат. Ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында жолдорго светафорлор коюлган. Ошондой болсо деле кээ бир адамдар буларды колдонууда түркөйлүк кылып жатканы көңүл кейитет. Карылар, оорулуулар жана жаш балалуулардын жолдон өтүүсү кээде кырсыктарга алып келип жатат. Ар ким өзүнүн баса турган жана өтө турган жерлерин билсе. Болбосо кээ бир адамдар өзү каалаган жерден басып, каалаган жерден өтүп жатат. Кыскасы жол эрежелерине көңүл бурбастан, өзүнүкүн гана туура деп эсептегенден адамгерчиликке туура келбеген иштер да болууда. Бул жерде кул акысы (бирөөнүн акысы) бар экендигин унутпастан, башка адамдардын укугун тебелебешибиз керек.

Которгон: Себетов Жаркынбай

Башына