Алтынчы сан

Журналдын алтынчы саны

ЭСИБИЗ БАРДА ӨЗҮБҮЗГӨ КЕЛСЕК.

Мазмуну

КЕНЖЕБЕК ЧЫЙБЫЛОВ


Батыш коомчулуктарында үй-бүлө түзүлүшүнүн абалы.
Алвин Тофлер, “Үчүнчү толкун” деген чыгармасында заманбап батыш коомчулуктары туурасында өзүнүн кээ бир иликтөөлөрүн берип кетет. Бул иликтөөлөрдү биз да окусак пайдасы бар деп эсептейм. Анда эмесе Тофлердин кээ бир тиркемелерине көз жүгүртүү менен сөз баштасак.
Америкада мыйзамдуу түрдөгү жаш үй-бүлөлөр жип сөгүлгөндөй эле тез ылдамдык менен ыдырап сөгүлүүдө. Бүгүнкү учурда мыйзамдуу түрдөгү жаш үй-бүлөлөр Америка калкынын 7% араң түзөт. Ал эми калктын 93% болсо ар кандай түрдөгү үй-бүлө формалары ичинде жашашат. “Жалгыз башына” жашагандардын саны, 14-34 жаш курактагылар арасында 1970-78-жылдары 1.5 миллиондон 4.3 миллионго жогорулаган. Жашы улгайыңкы муундарда болсо “эски (мурун, башында) үйлөнгөндөр” тобу алдыңкы орундарга чыгууда. Мындай түрдөгү топтордун көбөйүшү менен АКШда “Жалгыз-жеке адамдык маданияты” пайда болууда. Үйлөнүп баш кошпостон эле эриш-аркак чогуу жашап, “нике” сыяктуу мыйзамдуу түрдөгү жолдорду таназарга албаган адамдардын саны 10 жылда эки эседен ашып түшкөн. Ошондой эле үй-бүлө куруунун “Балалуу болуудан арынган үй-бүлө” деген формасы да учурдагы Америка коомунун социал билимдеринен кадимкидей орун алган нормалдуу түшүнүк деңгээлине келип жеткен. Сөзүбүз куру болбос үчүн мисал келтире кете турган болсок, 1970-жылдагы аныкталган иликтөөлөр боюнча үйлөнүп жайланган үч үй-бүлөнүн ичинен болгону бирөөнүн гана үйүндө 18 жашынан төмөн бир бала болгондугу такталган. 1960-жылында болсо, эң аз дегенде бир жолу үйлөнгөн 30 жашынан төмөнкү Америкалык аялдардын 20% баласыз болгон. Ал эми 1975-жылында бул көрсөткүчтүн деңгээли 32% өсүп жеткен. Мындайча айтканда, 15 жыл ичинде 61% өсүүнү пайда кылган. Бул аз келгенсип балалуу болууну каалабагандардын укуктарын коргоо жана алардын таламын талашуу максатында төрөттү үндөгөн көз караштар менен күрөшүү үчүн атайын уюмдар түзүлгөн. Америкада балалуу болууну каалабаган үй-бүлөлөр көбүнчөсү бакубат, бардар жашаган адамдардан турат. Демек булар үчүн балалуу болбой коюуга шылтоо жана негиз боло турган эч кандай деле экономикалык кыйынчылык жок. Ошондой эле Америкада аял-эркек экөөнөн жалгыз гана ата же болбосо эне тарабынан жүргүзүлгөн үй-бүлөлөрдүн саны да тездик менен өсүүдө. Ажырашуу жана айрылуулар ушунчалык көбөйгөндүктөн бүгүнкү күндө Америкада ар жети баланын бирөөсү ата-энелүү бир бүтүн үй-бүлөдө эмес, жалгыз бирөөсү тарабынан гана тарбияланып чоңойтулууда. Шаарларда бул көрсөткүчтүн деңгээли мындан да жогору өсүүдө. Атап айтсак, ар төрт баланын бирөөсү жалгыз апасынын же атасынын колунда өсүп чоңоюуда. Ушул эле абалды Европа үчүн да айтып кетүүгө болот. Салыштыра кетсек Ангилияда ар он баланын бирөөсү жогоруда айтылып өткөн абалда. Америка жана Европада “ажырашкан аялдар жана эркектердин” кайра эле башкалары менен баш кошууларынан улам пайда болгон жаңы үй-бүлөлөрдүн саны да бат өсүп жатканын байкабай коюуга болбойт. Мындай үй-бүлөлөрдү Америка коомчулугунда Кошумчаланган үй-бүлө” деп аташат. Ушундан улам Америкада балдардын 25% ушундай кошумчаланган үй-бүлөлөрдө жашоодо жана алар да коом тарабынан “Көп ата-энелүү балдар” деп аталууда. Мындай үй-бүлө түзүлүшүнүн жайылуусунун натыйжасында өгөй ата-энелер менен өгөй балдар ортосунда мыйзам ченемсиз жат көрүнүштөгү байланыштардын көбөйүп кеткендиги катталган. Алвин Тофлер учурдагы батыш коомчулуктарынын кадимки нормалдуу үй-бүлө ордуна ойлоп чыгарган “альтернативдик үй-бүлө” моделдери арасынан бир канчасын тизмектеп жатып төмөндөгү таң каларлык фактыга да токтолуп өтөт: Алвин Тофлердин айтуусу боюнча эки иликтөөчү Чикагого жакын негрлер байырлаган бир эле райондун өзүнөн 86 түрдөгү үй-бүлө формасын такташкан.
Батыш үй-бүлөсүндөгү бузулуулардын артында жаткан себептер.
Эми урматтуу замандаш, жогоруда айтылып өткөн иликтөөлөрдүн жергебиздеги кыргыз коомчулугу үчүн кандай мааниге келип жатканын жана бул нерселер бизге эмнелерден кабар берип жаткандыгы туурасында азыноолак ой жүгүртүп көрөлүчү. Ошон үчүн алгач батыш үй-бүлөсүндөгү сөгүлгөн жиптей болгон бул ыдыроолордун түп тамырында кандайча көз караш, кабылдоолордун жана эмнелердин сүңгүп жатканын иликтеп чыгарууга аракет жасап көрөлү. Андай болсо бул жат көрүнүштөрдүн артында кымтылып жаткан себептерди төмөндөгүчө тизмектеп кетүүгө болот:
1-Менчилдик жана өзүмчүлдүк. Батыш инсаны күн өткөн сайын оожалган өрттөй дагы да менчил, дагы да өзүмчүл болуп баратат. Аларда башкаларга болгон боорукер-мээрбандык жана айкөл-камкордук сыяктуу асыл сезимдер күндөн күнгө жок болуп барат. Ошондой эле инсандарды бири-бирине жакындаштыруучу жана аларды өз ара ажырагыс бир бүтүндүк катары кармап туруучу дин, мыйзам жана каада-салт , үрп-адат сыяктуу маданий баалулуктары да дээрлик өз күчүн жоготууда. Мунун натыйжасында батыш инсаны эч ким менен, эч убакта, эч кандай эсептешкиси келбеген, эмне гана болбосун, кандай гана жолдон болбосун өзүнүн гана кызыкчылыгын, пайдасын жана айбандык кумар ырахатын биринчи орунга койгон маанисиз адам катары калыптанып келет.
2-Жыныстык жана экономикалык кызыкчылык. Батыш коомчулуктарында үй-бүлө куруу, жөн гана жыныстык жана экономикалык биригүү катары кабылданчу абалга келип жеткен. Алардын үй-бүлө куруу туралуу түшүнүк кабылдоолорунда булардан сырткары инсаният баалуулугу жана муундардын уланышы сыяктуу асыл негизги баалуулуктардын эч бир деле мааниси жок. Мына ушундан улам “жыныстык жана экономикалык эркиндик” деп, адамды чектен чыгаруучу тынымсыз ураандардын астында камырдай жуурулган өзүмчүл жекелешме маселеси, үй-бүлөнүн фундаментин бомбадан бетер талкалап жарууда.
3-Фрейдистик жыныстык түшүнүк. Жыныстык түшүнүк жагдайында, Америка жана батыш өлкөлөрү Фрейдистик көз караш түшүнүктөрдөн жана кабылдоолордон эпидемияга кабылгандай эле ууланышкан. Мына ушундай кабылдоолордон улам бир батыш инсанына “жыныстык каалоолорун орундатуу” үчүн эч кандай чектөөлөрдүн болушу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндөгү батыш коомчулуктарынын күн тартибиндеги башкы маселесине айланган, гомосексуалдыктан тартып бүтүндөй жыныстык оорулардын кесепети, мына ушундай өтө эле “төрт тарабың кыбыла” дээрчелик чектен чыккан ашыкча эркиндиктин акыбети болуп жүрбөсүн?
4-Балага карата мээримсиздик. Бала деген нерсе батыш үй-бүлөсү үчүн бакыт эмес эле балекет, тоскоолдук жана кыйынчылык болуп эсептелет. Тагыраак айтканда балалуу болуш алар үчүн өзүнчө эле машакат, азап-тозок болуп саналат. Анткени ушунчалык эго-центиристик жана ушунчалык жекечил мүнөздөгү кишиликтер кантип балалуу болууну каалашмак эле? Бир баланын күнү-түнү колду байлашына алар кантип чыдашмак? Бир наристени тогуз ай көтөрүп, аны төрөө кыйынчылыгына алар кантип чыдай алышмак? Жок, батыш аялзаты мындай жаратылыштан берилген аялдык өзгөчөлүктөрүн орундатуунун ордуна тескерисинче “балалуу болуудан биротоло узак” болуучу кандайдыр бир биригүү, кошулуу аракетинде болуп келет. Алар үчүн ата же эне болуу бүтүндөй адамзаттын жоопкерчилигин моюнга алган менен эле барабар. А чындыгында болсо батыш инсаны өзүнүн жыныстык кумары жана материалдык талаптарынан сырткары эч кандай жоопкерчиликти жүктөнгүсү келбейт.
5-Карыларга болгон таш боордук. Батыш үй-бүлөсүндө карылардын көрөр күндөрү качан эле бүткөн десек да болот. Ал жылуу коломтодон эчак эле узак кубаланган. Анын бараар көрөр жери болсо болду же карылар үйү, же майып-алсыздар үйү же болбосо неберелерден жана бала-чакадан жып-жылас болгон кутсуз, берекесиз ырайы суук төрт дубал ичинде өлүмдү гана күтүүдөн башка чаралары жок.
Эсибиз барда өзүбүзгө келсек.
Бирок сыртынан карасаң жалтырак, ичинен карасаң калтырак көрүнгөн батыш, тилеке каршы өздөрүнүн мына ушундай баалулук өзгөчөлүктөрүн (Кайдагы баалуулук? Тескерисинче материалдык байлык-ырахаттулуктун аркасынан эси оогончо кууп жүрүп олтуруп байкабай кең казып алган орлоруна бир күн өздөрү түшүп калганы аз келгенсип башкаларынын да түшүшүн каалап) бүгүнкү күндө бизге, ал гана эмес бүт дүйнөгө “универсалдуу (бүткүл дүйнөлүк) акыйкаттар” катары өздөрүнүн аркасынан ээрчиген сокур түшүнүктөгү туурамчыларына каалагандай таңуулап жаткан кези. Алардын бул кылып жаткан иштерин бүгүнкү учурдун тили менен айтканда, өздөрүнүн жогоруда айтылып өткөн баалулуктарын акыр-чикирине чейин дүң соода сыяктуу чыгышты көздөй каалашынча “экспорттоп” жаткан учуру. Бул абалды “ыңкылап экспорту” же болбосо “жыныстык ыңкылап” деп да мүнөздөп койсок болот. Анткени он беш жылдык аз гана убакыттын ичинде батыштан соккон бул суук шамалдын зыяндуу эпкиндери, түп тамырдан бери өзгөртүүнү талап кылган ыңкылап сыяктуу эле элибиздин нарк-насилин жана өзүнө таандык улуттук өзгөчөлүктөрүн бир кыйла жаңылап салгандыгын байкабай коюуга болбойт.
А негизинде үй-бүлө деген бизде “сүйүүнүн, мээримдүүлүктүн, боорукердиктин, ынтымак ырашкердиктин, камкордуктун жана жашоонун соолубас булагы болуп, анын ар бир мүчөсүнө кут, бейкуттук, тынчтык нурун чачып туруучу касиеттүү ыйык, ысык коломто болуп эсептелет эмеспи. Түрк элдеринин ойчул акылмандарынан Деде Коркут, ислам үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөлөрүн кандай гана сонун дүйнө ичинде сүрөттөйт жана аларды эң сонун баалуулуктар менен кооздоп айтып кетет: “Эсеп берчү күндө жума жакшы, жума күнү окулган кутба жакшы, кулак салып тыңшаган үммөт жакшы. Мунарадан азан окуса му-аззин (софу) жакшы, ыйбаалуу мүнөзү менен аягын жыйнап олтурса халаллии (ак никелүү адал болгон аял) жакшы. Сакалынан агарса ата жакшы, ак сүтүнү тойгуза эмизсе эне жакшы. Сүйүктүү бир тууган жакшы. Жан тарапта, үй жанына тартылса келиндин көшөгөсү жакшы. Кенен жарык үй жакшы, намысын сактаган кыз жакшы, учукту улаган уул жакшы. Эч бир зат Ага окшобогон, жаамы ааламды жараткан Алла жакшы.”
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, биздин ой пикирибиздин максаты батыш коомчулуктарындагы үй-бүлө түзүлүшүн биротоло жараксыздыка чыгаруу эмес, болгону бул көрүнүштөрдөн сабак алуу аркылуу, батыштан соккон ар бир эле шамалды көкүрөк тазартуучу, жанды ыракатка бөлөөчү желаргы ойлоп алып, көкүрөгүбүздү кере ача бербестен, өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү сактап калуучу асыл баалуулуктарыбызды, маданиятыбызды, нарк-насилибизди карманып жашасак жана алардан үйрөнүп көргөн билгендерибиздин баарын эле “маданияттын жетишкендиги” же болбосо “цивилизациянын өнүккөндүгү” катары кабылдай бербестен, элек-сүзгүчтөн өткөрүү аркылуу пайдалуу жакшы жактарын алып, зыяндуу жаман жактарын ажырата билип, бармакты тиштеп калаар күн келбестен мурун, эрте жазда өзүбүзгө келсек деген гана аруу тилек.

Башына