Алтынчы сан

Орто Азия жана Өзбекстан
Мазмуну
Абдулла Айдоган Калабалык
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркменстан, Тажикстан, Афганистан, Кытайдын бир бөлүгү (Чыгыш Түркстан), Россия жана Пакистандын бир бөлүгүнөн турган аймак жана ал аймакты белгилөө үчүн колдонулган географиялык термин Орто Азия (?) деп аталат.
Тарыхка Түркстан деген ат менен кирген бул географиялык аймакка орустар жана менен ориенталисттердин (чыгыш таануучулардын) аймактагы жергиликтүү элдерге Түрк атын унуттуруу максатында берилген бир ат катары белгилүү.
Советтер Союзунун тарашынан кийин Орто Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнө ээ болушу менен бирге мурдагысына караганда дагы да көбүрөөк эл аралык кызыгууну туудура баштаган. АКШнын Афганистанды каратуу жана дүйнөлүк терроризм менен күрөшүү компаниясы Орто Азия аймагына Жакынкы Чыгыш аймагынын уландысы катары өз таасирин дагы да арттырды. Аймактын эң маанилүү өзгөчөлүгү деңизге чыгуу жолу жок болгондугунда.
Өзбекстан
Өзбек аты, Алтын Ордо башчысы Өзбектин атынан келип чыккан. Алтын Ордо тактысына Өзбек хан (1313-1340) келгенден кийин, анын колундагы элдер өзбек деп атала баштаган. Башкача айтканда башында адам аты болгон Өзбек, убакыттын өтүшү менен белгилүү бир түрк элинин аты катары колдонула баштаган. Өзбек тили азыркы уйгур тили менен бирге түрк тилинин (dil ailesi-?) түндүк чыгыш же болбосо Чагатай группасына кирет.
Өзбек хандыгынын курулушу
Чынгыз хандын урпактарынан Батый хан тарабынан курулган Алтын Ордо Хандыгынын (1227-1502) башына 9-хан катары 1313-жылы Өзбек Хан келген. Ал такка отургандан баштап чечкиндүү жана бекем саясат жүргүзгөн, Кутлуг Тимур Нойандын насааттарынын негизинде кыска убакыт ичинде бир кыйла атаандаштарынан жана душмандарынан кутулган. Өзбек Хан Дунай жээктериндеги Ногойдун замандаштарынан кийин чогулган Византия жана Славян элдерин кырып, кайрадан мусулман түрктөрдүн басып алуучулугун арттыра баштаган. 1319-жылы Дунайды кечип өтүп, Эдирнеге чейин келген. Өзбек Хандын аскерлери 1314-жылы Болгар Ханы Свентослав өлгөндөн кийин Король Джордж Тертерге Византияга жардам деген шылтоо менен Тракияга, 1330-жылы Тертердин сербтер менен болгон согушунда ага жардамчы болуу максатында Көстендилге кирип барышкан. Бул учурда айрым мамлекеттер менен кудаа-сөөк күтүү жолу менен да байланыш түзүп, абалын дагы бекемдөөгө аракет кылган. Мисалы, 1320-жылы Тулун Бигени Каирге аял катары жиберген, ошол эле учурда Византиядан да кыздарды алдырган (алдырткан).
Чындыгында эле Өзбек Хан Волга жээгиндеги Сарай шаарын абдан өнүктүргөн жана чоңойткон. Бул шаарга жаңы мечиттердин салынышын камсыз кылган. Бир гана Волганын жээгинде эмес, Крымда да жаңы имараттарды курдурган. Анын доорунда бардык Дашту Кыпчак уруулары түрк тилинде сүйлөшкөндүгү да белгилүү.
Орус падышачылыгынын доорундагы өзбектер
Эмир Саид Хайдардын (1801-1826) убагында өзбектер өтө өнүккөн. Душмандары менен күрөшкөнү сыяктуу илимге да маани бергени менен, ал өлгөндөн кийин карама каршылыктар жана ички келишпестиктердин натыйжасында башкаруу да начарлаган. 1826-жылы такка келген Насруллах Хан (1826-1860) орус коркунучу тууралуу англичандардын эскертүүсүн этибарга алган эмес.
Кийинчирээк орустардын Түркстанга карата чечкиндүү чараларды көргөндүгүн белгилүү. Түндүктө Хива Ханы Мухаммед Рахим узак убакыт коргонуудан кийин шаарды таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ташкент шаары болсо 1863-жылы 29-июнда орус аскерлеринин башчысы Генерал Черняев тарабынан орус падышачылыгына каратылган.
Советтер Союзу убагында өзбектер
Россияда 1917-жылдагы революциядан кийин режим алмашса да аймакта эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Мустафа Чокай 1917-1918-жылдары азыркы Өзбекстандын бир бөлүгү болгон Фергана аймагындагы Кокондо көз карандысыз бир мамлекеттин убактылуу башчысы болгон. Бирок, тилекке каршы ал туулуп өскөн жеринде эмес, миңдеген километр алыстыкта Германияда 1942-жылы дүйнөдөн кайткан.
1919-жылдын башында Фергана аймагындагы Советтик орус жергесинин башкаруусу Ферганадагы басмачылардын иш-аракеттерин жок кылуу максатында убактылуу аймактык комиссияларды түзгөн жана бул комиссиялардын уюштурулуусуна тиешелүү тапшырмалар берилген.
1919-жылдын 11-августунда орус Генералы М. В. Фрунзенин командачылыгы астында Түркстан фронту курулаган. Түркстан фронтунун командири М.В Фрунзе 1920-жылы 22-февралда Ташкентке келери менен ал жердеги советтик орус кызматкерлеринин милдеттери да арткан жана Өзбекстан Советтер Союзунун курамына кирген.
Көз карандысыз Өзбекстан мамлекети
Өзбекстан 1990-жылы 20-июньда эгемендүүлүгүн, ал эми 1991-жылы 1-сентябрда көз карандысыздыгын жарыялаган. 1991-жылдын 29-декабрында өткөрүлгөн референдум аркылуу көз карандысыздыгы бекемделген. Көз карандысыз Өзбекстандын аянты 447.400 км2. Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Кыргызстан жана Түркмөнстан менен чектешет. Борбору - Ташкент. Калкы: 26 851 195 (июль, 2005). Ири шаарлары: Наманган, Фергана, Андижан, Самарканд, Бухара, Хива, Кокон, Каршы, Үргөнч жана Нукус.
Эң чоң көлү - Арал. Климаты Орто Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле жайы ысык жана кургак, кышы суук келет. Калкынын 70%(ы) өзбектер, алардан сырткары 15%ын башка түрк тектүү улуттар, ал эми 10%га жакынын болсо орустар түзөт Өзбекстандагы түрк элдеринин дээрлик баары эле мусулман болуп эсептелет.
Өлкөдө дагы эле Элдик Демократиялык партия менен Мекеним Алга (“Мекеним Алга”) партиясы иш жүргүзүшүүдө. Алгачкы парламенттик шайлоо 1994-жылы болгон. Башкаруу түрү - Мамалекеттик. Мамлекеттин карамагында Өзбекстан Мамлекеттик Телекөрсөтүүсү жана Басмаканадан тышкары үч менчик телекөрсөтүү мекемеси бар. Алар: 31-канал, 29-канал жана Марказ ТВ.
Экономикасы
1991-жылдан кийин көз карандысыз Өзбекстан Борбордук Банкы курулган. Өзбекстан жер алдындагы ресурстарга бай өлкө. Мында алтын, жаратылыш газы, алюминий, көмүр, мрамор кендери алдынкы орунда турат. 1991-жылдагы көрсөтмө боюнча жылына 41 миллиард м3 табигый газ өндүрүлөт.
Билим берүү жана саламаттыкты сактоо
Совет бийлигинин басымына карабай өзбектер окуу жайларында тилин жана маданиятын коруй алган. Учурда Өзбекстанда 4 миңден ашуун мектеп, 4 миллионго жакын окуучу бар. Өткөн жылдагы түзөтүүлөрдүн негизинде башталгыч мектеп сегиз жылдык системага өткөрүлгөн. Элдин билим деңгээли жогору. Өзбекстанда Самарканд Мамлекеттик Университети билим берүү жаатында маанилүү роль ойнойт жана бардык институттарды өз ичине камтып турат.
Тышкы Саясаты
Өзбекстан деңиз менен чектешпеген өлкө. Экономикасы көбүнчө сырьну тышка сатууга ыңгайланышкан. Ошондуктан Өзбекстан сырьёлорду деңиз жолу аркылуу ташуу үчүн коңшу мамлекеттерге жана ири тышкы капиталга муктаждыгы бар.
Диний аракеттер: Өзбекстан исламдык мураска бай өлкө. Бүгүн Өзбекстандын территориясында, жайгашкан Бухара, Самарканд жана Ташкент сыяктуу шаарлар тарыхта маанилүү илим-билим борборлору болуп келген. Өзбекстан Советтер Союзу убагында да Орто Азия жана Казакстан мусулмандары үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон. Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын диниий башкармалыгы Өзбекстандын борбору Ташкентте жайгашкан эле. Ошондой эле Советтик бийлик тарабынан иштөөсүнө уруксат берилген эки медресенин экөөсү тең Өзбекстанда болгон. Алар: Бухарадагы Мир Араб жана Ташкенттеги Исмаил Бухари медресеси.
Эгемендүүлүктөн кийин диний иш аракеттер жанданып, жаңы-жаңы мечиттер ачыла баштаган. Ошону менен бирге эле ислам илимдерин окуткан жаңы медреселер жана институттар да ачылган. Алардын бири ар кандай Ислам илимдерин окуткан жана 4 жылдык диний жогорку билим берген Имам Бухари Институту. Бирок, бийлик исламдык жетишкендиктерден жана жандануудан кооптонгондугу үчүн айрым исламий иш-аракеттерге жолтоо болуууда. Эгемендүүлүктөн кийин суфизм агымдары да жанданып, тынымсыз иш-аракет жүргүзө баштаган. Бул агымдардын башында Накшибендилик Кубревилик, Йесевилик, Кадирилик жана Календерлик (Накшибандия, Кубравия, Йасавия Кадирия жана Календерия) агымдары келет.
Исламда Курани Каримден кийинки орунда турган жана Аз. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сөздөрүнүн бизге жеткирген хадис китептеринин эң барктуусу “Сахихи Бухари” эмгегинин муаллифи (автору) Мухаммад бин Исмаил аль-Бухари болгон.
Имам Бухари ким болгон?
810-жылы Бухарада туулган Имам Бухаринин чыныгы аты Мухаммад бин Исмаил, кошумча аты Абу Абдиллах болгон. Атасынан бала кезинде ажыраган Бухари алгач Бухарада окуган. Ал 10 жашка чыкканда хадис аалымдарынан сабак ала баштаган, ал эми 15 жашында 70 миң хадисти жатка билген. 16 жашка келгенде апасы жана иниси менен биргеликте ажылыкка барган. Ажылыктан кийин үйүнө кайтканда ал Меккеде калып, хадис топтоо ишин уланткан.
Имам Бухари 18 жашына чейин сахабалардын жана табиундардын (сахабаны көргөн адамдар) фатваларын (шарият маселелери боюнча өкүмдөрдү) топтогон. «Таарихул-кабир» аттуу чыгармасын Пайгамбарыбыздын (с. а. в.) кабырынын башында отуруп жазган. Мекке жана Мединадан башка Багдат, Басра, Куфа, Каир, Нишабур, Балх, Марв, Аскалан, Дамаск, Хумс, Рай сыяктуу ошол замандын илимий борборлорун кыдырып, миңден ашык хадис аалымынан хадис жана башка диний маалыматтарды үйрөнгөн.
Эстутуму өтө күчтүү болгон Имам Бухари билим алуусун аяктагандан кийин Бухарага кайтып келип сабак бере баштаган. Андан 70 миңден ашык окуучу сабак алгандыгы айтылат. Шакирттеринин арасында кийин атагы чыккан Тирмизи, Насаи, Абу Зуръа сыяктуу адамдар да болгон.
Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Бухара шаарынын өкүмдары Имам Бухарини балдарга өзүнчө хадис сабагын өтүүсүн суранган. Бул суранычка макул болбогондугу үчүн ал өкүмдар менен Имам Бухаринин мамилеси солгундаган. Бул окуяны уккан Самарканддыктар аны өздөрүнө чакырып, сабагын шаарда берүүнү суранышкан. Имам Бухари жолго чыккан кезде Самарканддагылардын бир тобу анын сабак берүүсүн каалабагандыгы ага айкын болгон. Ошондо Ал Самаркандга барбастан Харкент айылына жөнөгөн. Рамазан айына туш келген бул окуя Бухариге бир кыйла оор келди. Ошол түнү окуган тахажжуд намазынан кийин: «Йа Рабби! Жер жүзү ушунча кеңдиги менен мага тардык кылды. Мени өзүңө ал!»- деп дуба кылды. Ошентип, бир ай бою Харкентте калган Бухари 870-жылы Орозо айт күнү кечинде дүйнөдөн кайткан.
Имам Бухари Каабада жазган «Сахих-и Бухари» аттуу атактуу китебин мындайча баяндайт: « Жамиус-Сахих» («Сахихи Бухари») китебин 600 миң хадистин ичинен алып жаздым. Ар бир хадисти китепке жазаардан мурун гусул алып, эки рекет истихара намазын (жасала турган иштин пайдалуу же зыяндуу экендигин, жакшы же жаман жакка болоорун билүү максатында (Алла Таала тарабынан) бир белги алуу үчүн окулган намаз) окуп дуба кылдым. Андан кийин гана ал хадисти китепке киргиздим. Мына ушуларды аткарбастан туруп эч бир хадисти китепке жазган жокмун. Ошентип, 7275 хадисти камтыган бул китепти 16 жылда бүтүрдүм». Мындан тышкары Имам Бухари хадистерди баяндаган равилер (хадистерди риваят кылган адамдар) жана алардын өмүр таржымалы менен бирге фикх илимине, сахабалардын жашоосуна байланыштуу он алты китеп жазган.
Которгон Бакыт Жунусалиев