Алтынчы сан

Аз. Хамза
Мазмуну
Cебетов Жаркынбай
Баатырдык, эр жүрөктүүлүк, тайманбастык эркек адамга тиешелүү болгон өзгөчөлүктөрдөн болуп эсептелет. Бирок буларды да колдонуунун орду, убактысы бар. Кайсы жолго колдонуу керек бул адамга калган нерсе. Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн, жакшылык иштерде пайдалануу эң жакшы, эң пайдалуу экени аттын кашкасындай белгилүү. Себеби булардын баарын берген Алла таала өзү эмеспи. Демек ага шүгүр кылуу үчүн анын жолунда пайдалануу анын алдындагы пенделик милдетибиз.
Ислам тарыхында да баатырлар, эр жүрөктөр аябай эле көп болгон. Алардын баары Алла жолунда колдон келишинче кызмат кылышкан. Улуу динибизди коргоого жана жайылтууга аракет кылышып, Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишип, шейит болушкан. Бүгүнкү макалабызда ошондой Ислам баатырларынын бири Хамза ибн Абдулмутталип жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Анда эмесе сөз башынан болсун...
Аз. Хамза- «Алланын арстаны» жана «Шейиттердин мырзасы»-деген наамдар менен белгилүү болгон сахаба. Абдулмутталиптин эң кичине баласы. Болжол менен 567-69-жылдары Меккеде жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен Пайгамбарыбыз (с.а.в) менен бирге чоңойгон, бирге ойногон, өмүрү өткүчө анын эң жакын адамы болуп динге кызмат кылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) да аз. Хамзаны аябай жакшы көргөн.
Аз. Хамза орто бойлуу, күчтүү, айбаттуу, намыскөй адам болгон. Жардамга муктаждарга, алсыздарга жардам берүүнү жакшы көргөн. Ошондой эле согушуу ыкмаларын эң жакшы өздөштүргөн Курайш уруусунун атактуу аскери эле.
Пайгамбарыз (с.а.в) жакын туугандарына Исламды жайып жатканына карабастан аз. Хамза мусулман боло элек болчу. Ошондой болсо да, ал Аз. Мухаммедди (с.а.в) чын көңүлдөн урматтап-сыйлап, ага ишенген. Бирок, айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын ушактары, үрп-адаттар анын Исламга кирүүсүнө тоскоол болуп жатты. Бардык нерсенин убакты-сааты бар деп коет эмеспи. Анын сыңарындай аз. Хамза да ошол убакыттын келишин күтөт. Акыры күттүргөн мезгил да келет...
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир күнү Сафа дөбөсүндө отурган эле. Жанынан өтүп бара жаткан Абу Жахил ага жаман сөздөр менен акаарат кыла баштайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в) ага көңүл бурбастан унчукпай отура берет. Бул окуяга күбө болгон күң аял уучулуктан кайтып келе жаткан аз. Хамзага кабар берет. Муну уккан Хамзанын каны кайнап, дароо Сафага жетип барып: «Менин тууганымдын көңүлүн ооруткан сенсиңби?»- деп колундагы жаасы менен Абу Жахилдин башын жара чабат.
Андан бир күн өткөндөн кийин Аз. Хамза Пайгамбарыбыздын (с.а.в) жанына келип, анын көңүлүн көтөрөйүн деп Абу Жахилден өч алганын айтып берет. Аз. Мухаммед (с.а.в) «бир гана сен мусулман болсоң көңүлүм көтөрүлөт»-дейт. Көптөн күткөн убактысы келгенин сезген аз. Хамза келиме келтирип мусулман болот. Анын Исламга кириши Пайгамбарыбызды (с.а.в) аябай кубантат. Себеби Хамза сыяктуу баатырдын мусулман болушу мусулмандардын күчүнө күч кошот эле. Хамза мусулман болгонун жана мындан кийин Пайгамбарыбызды (с.а.в) коруй турганын, ага жардам берерин мушриктерге жарыя кылат. Муну уккан мушриктер бир титиреп алышат.
Кийин Мадинага көчүү буйрулганда ал да башка сахабалар менен бирге көчкөн. Ал мусулмандар менен мушриктердин ортосунда болгон алгачкы согушка катышып эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын көрсөткөн. Ал мезгилде согуштар алгач жекеме-жеке урушуулардын кийин башталат эле. Ошондуктан мушриктерден үч киши ортого чыгат. Мусулмандардан Хамза, Али жана Убайда чыгат. Убайда жаракат алып калат. Хамза менен Али душмандарын бир сокку менен эле өлтүрүшөт. Хамза дароо Убайдага жардамга барып берки мушрикти да бир шилтөө менен жыга урат. Ошентип согуш башталат. Хамза баатырларча согушуп, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) ыраазычылыгына ээ болот.
Бадр согушунан кийин келишимди бузган Кайнука уулдарына Пайгамбарыбыз (с.а.в) аз. Хамзаны бир топ аскер менен жөнөтөт. Хамза барып аларды багынтып келет. Бадрда жеңилип калганына ыза болгон мушриктер башкадан согушуу үчүн катуу даярдык көрө башташат. Башка уруулар менен байланыш түзүп чоң армия түзүшөт. Ошол учурда мусулмандарга кабар жөнөтүлөт. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дароо кеңешме өткөрө баштайт. Ал шаардын ичинен согушууну жана коргонууну сунуштайт. Бадр согушуна катыша албай калгандар болсо сыртта согушууну каалашкан. Пайгамбарыбыз (с.а.в) да буга макул болот. Аз. Хамза да сыртта согуушуну каалагандардын тарабында эле.
Ошентип эки армия Ухуд тоосунун жанына келишет. Аскерлер тартипке салынып адаттагыдай эле жекеме-жеке башталат. Биринчи Али чыгып душманын өлтүрөт. Андан кийин Хамза да мушриктер тараптан чыккан Осман ибн Абу Талханы жеңет. Ортодо кымгуут башталып, мушриктер артка чегине башташаат. Аз. Хамза: «Мен Алланын арстанымын»-деп бакырып, кылычын оңду солду шилтеп, бир топ мушриктерди жерге сулатат. Аны өлтүрүү үчүн жалданган Вахши Хамзаны аңдып жүргөн болчу. Жекеме жеке күчү жетпесин билген Вахши алыстан өлтүрүүнүн амалын ойлоп чоң ташка бекинип карап турат. Акыры күткөн убактысы да келет. Ал найзаны мээлеп ыргытат. Мусулмандардын баатыры, эр жүрөгү, тайманбас аз. Хамза шейит болот. Аны байкап турган Хинд аттуу мушрик аял анын жанына келип Хамзанын мурдун, кулагын кесип, денесин кескилеп, жадагалса өпкө-боорун чыгарып, тиштегилеп акылга сыйбас иштерди кылган. Эх, чиркин!, Адам дегениң ушундай да жапайылык, айбандыкка барат экен да!...
Согуштан кийин аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) шейит болгондорду аралап жүрүп Хамзаны көрөт. Анын абалын көрүп ыйлай баштайт. Ага дуба кылат. Жаназа намазыны окуп Ухутка көмөт.
Пайгамбарыбыздан (с.а.в) эки же төрт жаш чоң болгон аз. Хамза өлгөндө элүү жети жашында болгон. Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в) бардык шейиттердин жаназа намазын окуган. Ар бир шейитке кошуп Хамзанын жаназасын кайталайт. Ошентип ошол күнү жетимиш эки жолу Хамзанын жаназа намазын окуган. Хамзанын үй бүлөсү Меккеде болгондуктан анын өлүмү үчүн ыйлаган эч ким болбогон. Муну байкаган аз. Пайгамбар (с.а.в): «Эмне үчүн Хамза үчүн ыйлаган адам жок»-дейт. Муну уккандар алгач Хамза үчүн кийин өздөрүнүн өлүктөрү үчүн ыйлаган экен. Тарыхчы Вакидий (өл.207/223) анын убагына чейин бул адаттын уланып келгенин белгилейт.
Аз. Хамза Пайгамбарыбыздан (с.а.в) төмөнкү хадисти риваят кылган: «Ушул дубаны эч таштабагыла: Аллохумма иннии асалука бисмикал-азам ва ридваникал-акбар»
Шейиттердин мырзасы, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) эң жакшы көргөн абасы аз. Хамза кыяматка чейин мусулмандардын эсинен чыкпайт.