Алтынчы сан

Элдик нарк салт жөнүндө
МазмунуСалт-салам берүүдөн башталат.
Байыртадан бери кайсы калк, кайсы улут болбосун саламдашууну биринчи орунга коюшкан. Аз. пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.): «Саламдашуу мээр нурун төгөт»,-деген экен. Демек, «саламды озунуп айкан-сооп табат» деген ой атам замандан бери айтылып келген. Кыргыз элинде таанышпы, тааныш эмеспи, «Ассалоому Алейкум!» ар кимдин оозунда болгон. Бул: «Сизге жакшылык каалайм», - деген мааниде. «Валейкум Салам!» - деп, экинчиси алик алат. Ал эми анын мааниси: «Мен дагы сизге бакыт тилейм», - дегени. Андан соң гана ал-жай сурашкан. Албетте, сөздү улуусу баштаган:
-Мал – жаныңар, ат – көлүңөр аманбы?
- Кудайга шүгүр, жакшы эле жатабыз.
Эмнеликтен малды оболу сураган? Себеби, мурунку заманда эл малдын эмчегин эмген, көргөн күнү, тиренчи мал болгон. Көчмөн элде көлүк болбосо, көчү узабай калган. Ошол себептен «ат – көлүгүңөр аманбы» демейин алымсынышпаган. Аты, унаасы болсо, бири- бирине катташкан, кудалашкан, алыш-бериш тутунушкан. Кедей- кембагалдардын аты болбосо, топко, аш-тойго бара албай, очок башында зарлаган.
Салам айтуунун жол жобосу, наркы, салты өкүм сүргөн. Салт боюнча атчан –жөөгө, аз –көпкө, кичүү-улууга, жогортон келаткан-төмөнтөн баратканга, бийикте турган-жапызда турганга салам узатышкан. Атчан жигит аксакалды беттеп салам айтса, атынан түшө калып, колун бооруна ала коюп:
-Ассалоому алйкум ата, ал-жайыңыз, бала-бакыраңыз, мал-жаныңыз аманбы?-деп, кош колдоп кол алышкан соң жай сураган.
-Шүгүрчүлүк, уулум, өзүңөр эл журтуңар менен эсенчиликте турасыңарбы?
-Аллага шүгүр, жалпы жайык эсен турабыз. Сизге салам дуба айтышты.
- Аа, бар болушсун! Кудай кырсыктан алыс кылсын.
-Ыракмат ата, бала-бакыранын убайын, элиңиздин урматын көрүңүз!
-Мага тилегениң өзүңөда болсун уулум!
Ошентип, жай маани сурашкан соң жигиттин кай элден, кай жерден, кайсы уруудан экенин, жакшылары ким, ата – тегин сурап, узак сөзгө өтүшкөн. Кийин, алтымышынчы жылдардан баштап, саламдашуу өзгөрө баштаган. «Ассалоому алейкум!»-дегендин ордуна: «Саламалейкум» -деп, ал эми алик алганы деле: «Алеки салам» -деп калды. Демек, бул жерде «Валейкум салам»-деп алик алууну кай бирлери унутуп коюшту, ал тургай бир айылдан келген чоочун жигит экинчи айылдын элине салам берсе берип, бербесе тим болушту. Анан калаада, базарда салам, албетте, айтылбайт. «Базарда миң киши бар, сүйгөнүңө салам айт», - деген кеп бар. Экинчиден, мектептерде мугалимдер сабак бергени киргенде: «Саламатсыңарбы» -дешет. Ушундан улам «Ассалоому алейкумду» жоготуп алдык. Ал эми өзбек мектептеринде мугалимдер менен учурашууда алиге дейре «Ассалоому алейкум» -деп айтылат. Бул ошол элдин салтын сактай билген улуулугу десек да туура болот. Анткени, аларда аял, кыз-келиндеринен бери учурашууда «Ассалоому алейкумду» оозунан түшүрүшпөйт.
Ал эми бизде аялдар: «Саламатсыздарбы!»-деп мектептен тарбия көрүп, илим билимге жеткенин айтышат. Кай бирлери: «Амансыңарбы? Жакшысыңарбы?» -дешчү болду. Мында да, биринчиден, «Жакшысыңарбы?»- деген собол оорулуу адамга айтылат. Ошентип, сөзгө онок, сөз бакпагандар уккандын көңүлүн иренжитет. Алп ооз аялдар: Ооруй элекмин!-деп, кайра уят кылып коет. Саламды түзүктөп айта албагандар атага наалат, энеге кеп келтирет; өнүп-өскөн жерин, элин сөзгө калтырат.
Ал эми жаш келиндер жоолугун астына бүркөй салынып алып, улууларга жүгүнүп, таазим эте колун бооруна алып учурашкан. Бул салтты азыр деле таалим тарбиялуу жерден чыккандар такай карманышат. Тарбиясы жоктор келин болуп келген жеринде орусча сүйлөп, чачын жазып, делделеңдеп басып, жоолап кетет. Азыркы келин- кыздар ыйбаа кылып, кары адамдын алдынан кыя өтпөй, жол бошотуп берүүнү билишпейт. Кийинки он-он беш жыл улуттук каада-салтты тебелеп-тепсеген, уятсыздыкка жана туура эмес көрүнүштөргө жол ачкан жыл болду.
-Ассалоому алейкум!- деп учурашсаң, айрым жаш жигиттер:
-Жакшысыңарбы?- деп, араң эле ооз учунан жооп берет.
-Оо, атаңа наалат,-деп ичтен тынасың. Мындан өткөн жүрөккө таш батырар жорук кайда. Жаш болобу, кары болобу:-Кандайсың?-дешет. Аялдар да, балдар да ушул сөзгө көчтү.
Кандайсың?! –бул сөз кош маанилүү, бири-кандайсың деп кеселманга берилген собол, экинчиси- Ии, кандайсың?!-табанын нак өзү. Басмырлаган кыязды туюнтат. Ак дилден айтса деле, нарк билгенге таш менен ургандай сезимине оор тиет. Кыргыз эли: «Ассалоому алейкумдун» үрөнүн узуп баратышы үрөй учурбай койбойт. Бирок, кубанычтуу жагы- жыл өткөн сайын мечиттерге барып, намаз окуган жаштардын көбөйүшү, Түркиядан келип, илим үйрөтүп, куранкана ачышкандар, ал тургай, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин курашып, дарс окуган инсандарга таазим этебиз. Бул улуу иштер батыштан агып келип жаткан ыпластан арачалайт.
Калканбай Ашымбаев
Жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
720073. Бишкек
5-мкр. Дом 18,кв 25
Тел: 47-22-57