Алтынчы сан

Азирети Пайгамбардын үй-бүлөлүк турмушу
Мазмуну
Док. Доц. Челик Өмер
Үй-бүлө - коомдун эң негизги пайдубалы. Организмде клетка кандай мааниге ээ болсо, коом үчүн үй-бүлө да дал ошондой мааниге ээ. Диний, улуттук жана коомдук баалуулуктардын корголуусу жалпысынан үй-бүлөнүн таза сакталуусуна байланыштуу.
Исламды үйрөнүү жана үйрөтүү үчүн эң ылайыктуу-жер бакубат жашаган үй-бүлө болуп саналат. Алла Тааладан коркуу жана Аны сүйүү, Пайгамбарды сүйүү сыяктуу негизги пайдубалдар үй-бүлө ичинде тургузулат. Дин, тил, үрп-адат, тарбия үй-бүлө аркылуу кийинки урпактарга өткөрүлөт. Жакшылап көз чаптырып көрсөк, улуттар мына ушул жерден өнүгөт же болбосо түп тамыры менен чирип жок болот. Ошондуктан, үй-бүлөнүн ынтымагын бекемдеп жана бактылуу абалга алып келе турган бардык иш-аракеттерге маани берип карашыбыз абзел.
Алла Таала адам баласынын табиятына жараша жыныстык арзууларды берген жана буларды канааттандыруу жолдорун дагы белгилеп көрсөткөн. Ал эми булардын эң жакшы жолу Пайгамбарыздын сүннөтүнө жараша курулган үй-бүлө болуп эсептелет. Ислам динине туура келбеген турмуш куруулар жана никелерге тыюу салынган.
Ислам дининде үй-бүлө куруунун эң негизги максаты – эркек менен аялды бактылуу кылуу, урук-тукумун көбөйтүү жана күнөөлөрдөн сактоо. Эркек менен аялды бири-бирине жагымдуу кылып жараткандыктан, Алла Таала булардын бактылуулугун да никеге байлаган. Курани Каримде мындайча айтылат: «Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да- Анын белгилеринен. Чындыгында ой жүгүрткөн эл үчүн ушуларда белгилер бар.» (Рум, 30/21).
Бири-биринин кемчиликтерин оңдогон, кемтигин бүтөгөн жубайлар жашоодогу ар кандай кыйынчылыктарды бирге чечишет. «Аялдарыңар силердин кийимиңер (күнөөлөрдөн коргогон), силер дагы алардын кийимисиңер (бири-бириңе муктажсыңар)» (Бакара, 2/187) аяты муну айтып турат. Ибадаттардын даражасы дагы мына ушундай бири-бирине жөлөк болгон үй-бүлөдө көтөрүлөт. Бул боюнча Пайгамбарбыбыз (с.а.в.): «Колдо бар нерсенин эң баалуусу - Алланы эстеп жүргөн тил, шүгүр кылган жүрөк жана күйөөсүнүн ыйманына жардамчы болгон ыймандуу зайып.» (Тирмизи, Тафсир, 9/9) деген.
Алла Таалага ибадат кыла турган урпактын көбөйүүсү жана тукум улоосу аял менен эркектин махабатына жараша болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үй-бүлө курууга дем берип, шыктандыруу максатында мындай деген: «Нике – менин сүннөтүм. Кимде ким менин сүннөтүмө амал кылбаса, анда ал бизден эмес. Үйлөнгүлө! Анткени мен бөлөк үммөттөрдүн алдында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанам. Шарты болгондор дароо үйлөнсүн» (Ибни-Маажа, Никах, 1).
Жубайлар арасындагы байланыш.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дагы үйлөнгөн, баардык адамзатка үлгү боло турган үй-бүлө жашоосун жашаган жана чыныгы эркек жубайына кандай мамиле кылуусун көрсөтүп кеткен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) калтырып кеткен принциптер бекем жана бактылуу үй-бүлө куруу үчүн жетиштүү. «Момун мусулмандардын ыйман жаатынан эң кадырлуусу – адеп-ахлагы жакшы болгону. Ал эми эң кайрымдуусу жубайына аяр мамиле кылганы.» (Тирмизи, Радаа 11, Абу Дауд, Сүннөт, 15).
Пайгамбарыбызга (с.а.в.):
-«Эй Алланын Элчиси! Аялдарыбызга кандай акыларыбыз бар?», - деп сахабалар сурашканда, Пайгамбарыбыз мындай деп жооп берген:
-«Өзүңөр жеген өлчөмдө жегизүү, кийиндирүү, урбоо, кылган иштери жана өзү жаман экенин айтып урушпастан төшөктөн бөлүп коюу. Бирок муну бир гана үй ичинде кылуу керек.» (Абу Дауд, Никах, 40-41; Ибни-Маажа, Никах, 3).
Ошондуктан эркектин эң биринчи милдети – үй-бүлөсүнүн материалдык муктаждыктарын камсыз кылуу. Анткени Алла Таала эркекке табият жана өкүм катары бул милдетти берген. Аятта мындай айтылат: «Алла кээ бирин кээ биринен артык кылгандыгы жана өз малдарынан аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер аялдардын кожоюну жана коргоочусу (кавваам).» (Ниса, 4/34).
Аяттагы эркектердин сыпаты катары айтылган «кавваам» сөзү «аялдардын бардык муктаждыктарын камсыз кылган, аларды кыйынчылыктардан сактаган, үйдөн тышкаркы оор иштерди кылган» деген маанилерди жана ошондой эле «аялдарын тарбиялоочу» деген түшүнүктү берет.
Алланын Элчиси (с.а.в.) үй-бүлөсүн өзүнүн маңдай тери менен баккан. Үй-бүлөнү багуу ибадат жана садага сыяктуу экендигин билдирип, мынабу хадисин айткан: «Алла жолуна сарптаган акчаң, кулду азаттыкка чыгаруу үчүн каржаган акчаң, кедей-кембегалга садака кылып берген акчаң жана ошондой эле үй-бүлөңө каржаган акчаң бар эмеспи! Мына ушулардын ичинен эң сооптуусу - үй бүлөң үчүн сарптаган акча.» (Муслим, Зекет, 39).
Үй-бүлөдөгү тарбия
Тарбия - үй-бүлө ичиндеги эң маанилүү вазыйпалардан. Келечектеги урпактардын жана алдыдагы кылымдардын тагдыры үй-бүлөдө берилген тарбияга байланыштуу. Ардактуу Пайгамбарыбыз жубайынын ыймандуу жана баласынын кайрымдуу болушун каалагандарга мындай кеңеш берген: «Башкалардын аялдары тууралуу абийирдүү, чынчыл, ар-намыстуу болгула, силердин аялыңар да абийирдүү болсун. Ата-энеңерге жакшы мамиле кылып сыйлагыла, балдарыңар да силерди сыйласын.» (Хаким, IV, 170/7258).
Балдардын тарбиясы эненин курсагында, атүгүл ата менен эненин мурунку жашоосунан жана өздөрүнүн тарбиясынан башталат. Ал эми жубайдын тарбиясы үйлөнгөн күндөн баштап башталат. Тарбиянын алгачкы басамагы диний маалыматтар болушу керек. Тактап айтканда үй бүлө мүчөлөрүнө диний өкүмдөрдү үйрөтүү. Андан кийин бөлөк тарбия негиздерин жеткирүү. Анткени биринчиси түбөлүктүү жашоодогу бейишти камсыз кылат. Ал эми экинчиси, убактылуу болгон азыркы жашоого багытталат. Алла Таала диний тарбия үй-бүлөдө үзгүлтүксүк берилиши керек экендигин маалымдап, мынабу аятты түшүргөн: «Үй-бүлөңдү намазга буйруп, өзүң дагы аны сабырдуулук менен улант. Биз сенден ырыскы сурабайбыз. Сага Биз ырыскы беребиз. Жакшы акыбет – такыбаларга.» (Таха, 20/132).
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аялдарды тарбиялоо керек экендигин, бирок тарбияда өтө ашыры жана өтө төмөн кетпестен ортодо болуубузду сунуш кылган. Бир хадисинде мындай дейт: «Аялдарга жылуу мамиледе болууңарды кеңеш кылам. Анткени аял заты карбыргадан жаратылган. Кабырганын эң ийри жери үстү жагы. Ийри сөөктү түздөйм десең, сындырып аласың. Тийбей таштап койсоң, ийри бойдон калат. Ошондуктан мен айткан кеңешти аткаргыла.» (Бухари, Анбия, 1; Муслим, Радаа, 60).
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жубайларын тарбиялап жана бул тарбияларын символдоштурууга аракет кылчу. Багымдат намазы үчүн мечитке бараарда сүннөттү үйдөн окуп, жубайларын намазга ойготкондон кийин мечитке барчу (Ибни Ханбал, VI, 236). Тарбиянын бир бөлүгү катары нафил намаздарды үйүндө окучу жана муну сахабаларына дагы буйурчу (Абу Дауд, Татавву,15/1300; Насааи, Кыям аль-Лайл, 1).
Адамдардын тозок отунан алыс болушу үй-бүлөдөгү тарбияга жараша болот. Улуу Алла Таала Курани Каримде муну мындайча эскертет: «Эй момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар болгон тозоктон сактагыла!» (Тахрим 66/6).
Бул аят тууралуу Аз. Али мындай деген: «Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» аяты «өзүңөргө жана үй-бүлөңөргө жакшылыкты, илимди, адеп-ахлакты үйрөткүлө» дегенди түшүндүрөт. Зайд бин Аслам мындай дейт: «Бул аят түшкөндө сахабалар: «Эй Алланын Элчиси өзүбүздү коргошубуз мүмкүн, бирок бала-чакабызды кантип оттон сактайбыз? – деп сурашат. Алланын Элчиси: «Аларга Аллага кулдук кылууну, баш ийүүнү, ибадатты буюргула. Аллага баш көтөрүүнү жана күнөө кылууну жойсоңор, мына ушулар аларды тозоктон сактоо болуп эсептелет.» - деп жооп берди.» (Алуси, XXVIII, 156).
Мына туугандар бардыгыбыз байкагандай Пайгамбарызбыз үй-бүлө турмушуна өтө маани берген, жубайларын Алланын аманаты сыяктуу сактаган жана бул аманка өтө кылдат жана назик мамиле кылган.
Которогон: Коңурбаев Бакыт