Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Мазмуну

Мазмуну

  • Куран жана сүннөттө курмандык чалуу
  • Башка диндердеги майрамдар
  • Ажылыктагы ыйык жерлер
  • Оштун орошон залкары
  • Курман айт майрамы жана анын майрамдалышы
  • Эки тил маданияты
  • Ыйман
  • Чоң ата
  • Ысырапчылык
  • Россия мусулмандары жана Татарстан
  • Дос
  • Сөзунөн жаңылган Папа
  • Абалтадан келген салт
  • Шүгүр
  • Абдуррахман Ибн Авф
  • Ислам дининде соодагерлик
  • Дин менен каада – салтты кантип айрымалайбыз
  • Ушак айтуу
  • Курмандык тууралуу суроо – жооптор

    Башына

    АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ АРДАКТУУ ОКУРМАНДАР!

    Убакыт учкан зымырык куштай болуп күндөр билинбестен өтүп жатат. Жашоонун оош-кыйышында күнүмдүк турмуштун кумарына азгырылып, арадан көз ирмелбей 60 күн өтүп кеткенин да байкабаган сыяктуубуз. Мына эми кайрадан сиздер менен жолугушуп отурабыз. Сиздердин сунуш-пикириңиздер жана журналга болгон кызыгууңуздар, биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, күнүмдүк турмушта керек болгон ар кандай кызыктуу окуяларды жана маалыматтарды сиздер менен тең бөлүшүүгө ансайын шыктандырып жатат. Ошондой эле Ак Башат журналына келген суроо-талаптардын өсүшү окурмандарыбыздын артып бараткандыгынан кабар берет. Сиздерден келген ар кандай сын-пикирлер, көз караштар албетте журналыбыздын сапатын арттырып, жакшыруусуна өбөлгө болмокчу.

    Сүйүктүү окурмандар!
    Айлардын эң ыйыгы жана берекелүүсү болгон Рамазан айы да соңуна чыгып бул айдын ичинен орун алып, миң айдан да артык болгон Кадыр түн бизге көптөгөн пайдалуу жана сооптуу амалдарды аткарууга мүмкүнчүлүк түздү деген үмүттөбүз. Алдыда дагы мусулман боордошторубузга; Мен келе жатам, ар бириңер Кудайдын алдында жакшы амалдарды аткарууга даярдангыла!-деп жагымдуу кабар берип “Курман айт майрамы” келе жатат. Андыктан биз Ак Башаттын бул санында Курмандык, Курман айт тууралуу кеңири маалымат берүүнү туура көрдүк.

    Ислам дининде курмандык чалуу Алла Таала менен пендесинин арасын жакындатып, адамдарды Алланы сүйүүгө чакырып, коомчулукта кайрымдуулук иштерин жандандырган ибадат экендиги шексиз. Ошондуктан, колунда бар мусулмандар бул майрамда Алла Таала берген ырыскысынан курмандык чалууга ниеттенип, колунда жок карыптардын, багаар-көрөөрү жок жардамга муктаж болгон пенделердин ажаатын ачып кайыр-садага берүүлөрү зарыл. Анткени Алла Таала пенделерине, ал ырыскыларды силер жоктон бар кылып өзүңөр тапкан жоксуңар, баарын Мен берип жатам. Ошондуктан Мага шүгүр кылып, Мени эстеп курмандык чалгыла- деп буйруп жатат.

    Андыктан бул майрамда жалпы мусулмандар бири-бирин зыярат кылышып, кубанычтарын тең бөлүшөт. Дасторкондорго түркүн даамдарды толтурушуп, келген-кеткендерди бай-кедей деп айырмалабастан баарын бирдей тосуп-узатышып токчулуктун жана бейкуттуктун маанайын көргөзүшөт. Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалышат.

    Урматтуу окурмандар, баарыңыздарды келе жаткан мусулмандардын Курман Айт майрамы менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана бейкуттукту, иштериңиздерге ийгиликтерди тилеп, баарыңыздарга бакубат турмушту каалап кетмекчибиз.

    Айтыңыздар маарек, курмандыгыңыздар кабыл болсун!

    Башына