Бешинчи сан

Ыйман
Мазмуну
Мустафа Аксой
Antepli2005@hotmail.com
Алла Тааланын адам баласына ыйгарган ныйматтарынын эң жакшысы ыйман болуп эсептелет. Адам баласы ыймандын даамын алуу менен гана өзүн бул ааламда эң кадыр-барктуу экендигин терең түшүнөт. Өзүн канчалык алсыз, күчсүз жана башкаларга муктаж болгондугун билип, ар дайым жанында чексиз күч-кудурет ээси болгон, түгөнгүс ырыскы казынасы менен муктаждыгын кетирген тек бир Алла Тааланын болгондугун билип, ар дайым көңүлү жайдары жүрөт. Бул ааламда да бактылуу жашап, тиги дүйнөдө да чексиз бактылуулукка бөлөнөт.
Ыйман тууралуу кеңири маалымат берерден алдын ыймандын кыскача аныктамасын берип, бир адамды момун деп айтуу үчүн ал кишинин эмнелерге ыйман келтириши керек экендигин жана ыйманды курчута турган жакшы иш-амалдар тууралуу маалымат берип кетүүнү туура көрдүк. Алла насип кылса келерки сандарында адам баласы эмне үчүн ыйман келтириши керек экендиги, ыймандын зарылдыгы жана пайдалары туурасында сөз козгойбуз. Ошондой эле ыймандын бул жашоодо да, акыретте да адамдарга жана коомчулукка тийгизген таасирлеринен, эмнелерге ыйман келтириши керек экендигин, ыймандын азайып көбөйүшү жана курчуп мокошу тууралуу ж.б.у.с. темаларда сөз кылабыз .
Ыйман сөзү; арап тилинен “эмн” таамырынан алынып коркуунун антоними болгон ишенич, коопсуз деген маанилерге келет. Ыймандын негизи-бул бир нерсени толугу менен тастыктоо. Башкача айтканда бир нерсеге (бир адамга, бир кабарга же бир өкүмгө) эч шектенбестен чын жүрөгү менен ишенүү. Адамдын көңүлүндө тастыкталган ишенимди башкалар жалганга чыгарышса да ал адамдын ички дүйнөсүндө ошол тууралуу кыпындай да шектенүүнүн пайда болбошу зарыл.
Диний термин катары “ыйман” Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (с.а.в.)дын Алла Таала тарыбынан алып келген кабарына, диний буйрук-мыйзамдардын туура жана чындык экендигине шек-күмөнсүз ачык-айкын ишенүү. Аларга ыйман келтиргенди тил менен айтып, жүрөгү менен ырастоо. Толуктап айтканда; Аллага, Аз. Мухаммеддин эң акыркы пайгамбар болгондугуна, Курандын Алланын сөзү экендигине, өлгөндөн кийин тирилгенге жана акырет жашоосунун чындык экендигине ишенүү болуп эсептелет. Намаз, орозо, зекет, ажылык сыяктуу ибадаттардын парз экендигине, зына, шарап, сүт кордук, адам өлтүрүү жана жалган айтуу сыяктуу арам иштердин Ислам дининин койгон буйрук-өкүмдөрү экендигине ишенүү. Ошондой эле ачык-айкын билдирилген бул сыяктуу диний негиздерге момун мусулман баш тартпастан ар дайым ишенүүсү керек.
Ижмали жана тафсили ыйман:
Пайгамбарыз аз. Мухаммед (с.а.в.)дын адамбаласына алып келген диний негиздердин жана Алланын буйруктарынын баарына ыйман келтирүү бул “ижмали ыйман” (жалпы ыйман) деп аталат. Кыскача айта турган болсок; “Алладан башка кудай жок болгондугуна жана аз. Мухаммед (с.а.в.) Алланын пайгамбары болгондугуна” чын жүрөктөн ишенүү. “Тавхид” же болбосо “шахадат сөзү” деп аталган “лаа илааха иллаллах Мухаммадур-расуулуллах” сөзүн адам чын жүрөгү менен тастыктоосу керек. Ыйман шарияттын биринчи тепкичи жана Ислам динине кирүүнүн алгачкы баскычы. Алла таала жаратуучулардын жаратуучусу болгондугун жана аз. Мухаммед (с.а.в.) Алланын пайгамбары экендигин тастыктоо, бул - анын алып келген баардык диний негиздерине, Алланын өкүмдөрүнө жалпы ишенүү дегендик.
Эрезеге жеткен акыл-эси жетик ар бир момун пенденин “ижмали ыйманды” билүүсү парз. Аны менен эле жетинип калбастан Ислам дининдеги ыйман жана ибадат негиздерин, фыкых жана адеп-ахлакка тиешелүү өкүмдөрдү -күчү жеткенче- үйрөнүп ар бирине өз алдынча ишенүүсү зарыл.
Тафсили ыймандын даражалары жана ыйман негиздери:
Тафсили ыймандын үч даражасы бар. Биринчи даражасы үчкө бөлүнөт;
- Алла тааланын барлыгына, бирлигине, жалгыз жаратуучу жана Андан башка кудай жок экенине ишенүү.
- Аз. Мухаммед (с.а.в.) Алланын пайгамбары экенине ишенүү.
- Өлгөндөн кийин кайра тирилгенге, акыретке жана акыретке байланыштуу окуялардын (бейиш жана анын ныймат ырыскылары, тозок жана анын азаптары ж.б.) акыйкат экендигине ишенүү.
Экинчи даражасы, ыймандын алты негизине ишенүү. Тактап айтканда Аллага, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, акырет күнүнө жана тагдырга ишенүү. Бул негиздер Кураны каримдин бир канча аяттарында билдирилип өткөн.
Ал эми үчүнчү жана эң жогорку даражасы, аз. Мухаммед (с.а.в.)дын бизге билдирген диндин негиздерине жана Алланын койгон баардык өкүмдөрүнө өз алдынча ишенүү. Ачыктап айта турган болсок, Алланын сөзү болгон Кураны каримдин аяттарында ачык-айкын билдирилген жана Пайгамбарыбыздын хадистеринде буйрулган намаз, орозо, зекет жана ажылык сыяктуу парз болгон ибадаттарга ишенүү. Ошондой эле адам өлтүрүү, зынаа кылуу, шарап ичүү, жалган сүйлөө сыяктуу арам болгон амалдарды, кыскача айтканда Алланын буйрук-мыйзамдарынын жана тыюу салынгандардын баарына ишенүү. Ыйман, жакшы амал жана адеп-ахлакка тиешелүү баалуулуктарды күчү жетишинче үйрөнүп алардын парз, важип, арам же адал экендигин ырастап ар бирине өз алдынча ишенүү керек. Анткени алардын баары тафсили ыймандын эң жогорку даражасы болуп эсептелет. Ыймандын бул даражасына жетүү дин багытында илимин тереңдетип жогорку билимдүү болууну талап кылат.
Тафсили ыймандын даражалары ар мусулмандын мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө жараша өзгөрөт. Ар бир адам алган билимине жана жөндөмүнө жараша жоопкерчиликтүү. Андыктан жалпыга парз кылынган ыйман, ыймандын алгачкы даражасы болгон “ижмали ыйман”. Ислам динине кирүү үчүн бул биринчи даражадагы ыйманды айтуу керек. Бирок ижмали ыйманды айтуу менен чектелип калбастан, Ислам ишеничтеринин негизги фундаменттеринен болгон ишеним негиздерин колдон келишинче үйрөнүү, аларга күмөн санабастан ишенип ыйманды бекемдөө керек. Анткени аларды толук аткаруу менен гана мусулман такыбалыгын бекемдеп, ыйманын күчөтө алат.
Ыйман келтирүү бир гана жүрөктүн иши болгондуктан, чыныгы ыйманга жетүү үчүн «ишендим» деп тил менен гана айтып койбостон) аны жүрөк менен тастыктоо керек. Андыктан ыйманды тастыктоонун зарылдыгы эмнеде? Ыймандын өзөгүн түзгөн өкүм-буйруктар эмнелер? Ишендим деп чын дилинен айтуу керекпи же тил менен эле айтуу жетиштүүбү? Же дили, жүрөгү менен ырастап тили менен айтуусу керекпи? Же болбосо тил менен жүрөккө кошумча кылып мүчөлөр менен аткарылган жакшы амалдарбы? Жүрөгүндө ишеним негиздерине эч күмөнсүз ыйман келтирген адам акыйкатта жана Алланын дининде мусулман. Тил менен күбөлүк кылуу, жүрөктөгү ыйманга тил менен гана далил боло тургандыгы жана адамдын Исламды кабыл алып албагандыгы билиш үчүн шариятта тил менен айтуу шарты коюлган. Эч күмөнсүз амалдар башкача айтканда диний буйруктар жана эрежелерге баш ийип, тыю салынган нерселерден узак болуу-ыймандын жетилгени, берген мөмөсү.
Ыйман жана жакшы амал
Жакшы амал менен ыймандын арасында өтө тыгыз байланыш бар. Себеби, ибадат жана жакшы амалдар адамдын ыйманын бекемдейт. Алла тааланын убада кылган жана пайгамбарыбыз (с.а.в) сүйүнчүлөгөн чексиз нематтарга жана ыраазычылыкка ээ кылат. Ошондуктан жүрөктөгү ыйман нурун чачуу жана күчөтүү, аны эң жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн Аллага ибадат кылуу, жакшы амалдарды кылуу керек. Себеби, эзели жашоодо жана коомдо көрүнбөгөн ыйман, түшүм бербеген бак сыяктуу. Диндин да жана анын негизи болгон ыймандын да бир максаты жана мүдөөсү бар. Бул максат жакшы адеп-ахлак, адамдарга пайдалуу болуу жана Алланын ыраазычылыгына ээ болуу. Алла тааланын ыраазычылыгына ээ болуу, жүрөктүн жана абийирдин иши болгон ыйман менен гана эмес, ал ыймандын мөмөсү болгон ибадат менен; жакшы амалдар жасап жана эң жакшы адеп-ахлакка ээ болуу менен; башкача айтканда ишенген нерселердин талабын иш жүзүндө аткаруу менен болот. Андай болсо ыйманды эң жогорку деңгээлге жеткирүү жана бекемдөө үчүн Алланын буйруктарын аткарууга киришүү, тыюу салган нерселерден узак болуу, башкача айтканда жакшы амалдарды кылуу керек. Ошондо гана Алланы ыраазы кылып, чексиз бакытына бөлөнөбүз. Раббим бизди чыныгы мусулмандардан кылып, ыйманын жакшы амалдар менен бекемдеген кулдарынан кылсын!