Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Эки тил маданияты

Мазмуну

Кандайдыр бир коом эки тилде өмүр сүрсө, ал коомдо  эки маданият жанаша жашап, бири-бирин дайыма толуктап турат деп саноого болбойт. Ошол эле маалда эки тилде сүйлөгөн коомдон эки тилде сүйлөгөн адамды айырмалай билүү абзел. Себеби бир адамдын эки тилди билиши шарт, бирок коомдогу бардык адамдардын эки тилде бирдей сүйлөй билиши шарт эмес.
Маселен Кыргызстандын элин алсак, бул жагынан аларды бешке бөлүүгө болот:

  1. кыргызча гана сүйлөгөндөр,
  2. орусча гана сүйлөгөндөр,
  3. кыргызча да, орусча да бирдей сүйлөгөндөр,
  4. кыргызча жакшы сүйлөп, орусча начар сүйлөгөндөр,
  5. орусча жакшы сүйлөп, кыргызча начар сүйлөгөндөр.

Эми жогоруда беш түр адамдын ичинен үчүнчүсүн алып көрөлү. Адам бир тилде сүйлөп же жазган учурунда, экинчи тилдин элементтерин аралаштырбаса, мындай учур“толук эки тилдүүлүк” же болбосо “идеалдуу эки тилдүүлүк” деп аталат.
“Толук эки тилдүүлүк”, лингвисттердин пикири боюнча, төмөнкү шарттарды ичине камтыйт:

  1. укканды толук аңдап түшүнүү,
  2. ойду оозеки толук айта билүү,
  3. окуганды толук аңдап түшүнүү,
  4. жазуу түрүндө ойду толук туюнта билүү,
  5. жогорудагы төрт шартты бардык учурда аткара билүү.

Тил менен маданият бири бири менен тыгыз байланышта жана бир бүтүндүктө өркүндөп өсөт. Ошондуктан экинчи тилди үйрөнүү аркылуу өзгө маданияты өздөштүрө баштайбыз.
Эгер кимдир бирөө эки тилди бирдей алып жүрбөй, экинчи тилди көбүрөөк колдонгон болсо, эне тилинен алган маданиятын, менталитетин, ой жүгүртүүсүн, баалуулуктарын жоготуп коюусуна жол ачылат. Мисалы, кыргыз элинин киргиздерин айтсак болот.
Жогорудагы беш шартты толук аткарып кетүү өтө кыйындыкка турат. Бирок экинчи тил үйрөнүү дагы абдан жакшы. Эгер экөөнү бирдей колдонсо, үйрөнгөн тили эне тилине, менталитетине, маданиятына, баалуулуктарына да эч кандай коркунуч туудурбайт, тескерисинче, экинчи тилдин канчалык сапаты жогорулаган сайын ошончолук коомдогу даражасы, интеллекти аны менен кошо маданияты да жогурулайт.
Экинчи тилдин маданиятын таануубуз зарыл. Себеби экинчи тилдин өкүлү менен мамиле курганыбызда биздин тилибизди же маданиятыбызды билбесе, мына ошол учурда экинчи тилдин маданиятынын пайдасы тийет. Маданиятты таануу менен аны жашоо, экөө эки бөлөк нерсе. Эки тилди бирдей колдонуу эки маданиятты аралаштыруу эмес. Тарых бою бүгүнкү күнгө чейин кыргыздар бир канча тилде сүйлөп, өзүнүн кыргыздыгын жоготкон эмес. Ушул сапатты колдоп улантып кетүү кыргыз тилинин сакталып калуусу эмес, гүлдөп, өнүгүп кетүүсү экени күмөнсүз.

Учурда дүйнө жүзүндөгү 200 ашуун өлкөгө 3-4 миң тил бар экендиги маалым.
Албетте, 3-4 миң тил дегенде, бул санга диалекттер кирбейт. Мына ошончо тилдин жанагы 200 ашуун өлкөгө бир гана эки тилдүүлүк жолу менен гана батат. Андан башка эч кандай чара жок.
Тил түзүлүшү боюнча өлкөлөрдү үч чоң топко бөлсөк болот:

  1. Мамлекеттик жана расмий тили бир тилде болгон өлкөлөр. Мисалы, Түркия, Германия, Франция, Япония өлкөлөрү.
  2. Мамлекеттик жана расмий тили эки тилде болгон өлкөлөр. Мисалы, Кыргызстан, Белгия, Канада,  Финляндия, Шведцария ж. Б.
  3. Мамлекеттик жана расмий тили көп тилдүү болгон өлкөлөр. Мисалы, Советтер Союзу эле.

Бир тилдүү өлкөлөрдүн ар кандай тилде сүйлөшү мүмкүн, бирок мамлекеттик тили же расмий тили бирөө эле. Мындай өлкөлөр көбүнчө ири жана экономикасы күчтүү болгондуктан, саясий абалы да жогорку даражаларды ээлейт. Андан тышкары жергиликтүү калктын саны да көп болот. Мисалы, Японияда жергиликтүү калктан тышкары кытай жана кореялыктар жашайт. Алар көбүнчө согуш же саясий качкындар же болбосо жумуш издеп келген иммигранттар. Булардын коомдук статусу төмөнүрөөк болгондуктан тил талап кылууга акысы да, алы да жок.
Эки тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик тили экөө же болбосо Кыргызстандыкындай бирөөсү мамлекеттик, экинчиси расмий тил болуп эсептелет. Мындай өлкөлөрдүн экономикалык абалы күчтүү же начар болуусу шарт эмес. Экономикасы күчтүү Канада менен Финляндияда эки тилдүүлүк бар. Экономикабыз начар болгон бизде дагы эки тилдүүлүк бар.
Финляндиянын 92% жергиликтүү финдер, 7% шведдер түзөт. Ошондой болсо да, финдер шведдердин тилин  фин тили менен бирдей алып келе жатышат.
Ал эми көп тилдүү өлкөлөрдү алсак, буларга көбүнчө Азия жана Африка өлкөлөрү кирет. Ал өлкөлөрдө жергиликтүү калк өзү көп тилде сүйлөгөндүктөн, дилеммага келип такалышкан. Бул маселени чечүүгө эки эле жол бар:
1) Сырттан бир тил алып, мамлекеттик статусун берүү.
2) Жергиликтүү калк сүйлөгөн тилдеринин бирөөсүнө мамлекеттик статусуту ыйгаруу.
Замбия, Гана, Чад, Габон, Сенегалга сыяктуу өлкөлөр биринчи жол менен маселеге чекит коюу чечимине келишкен. Замбия менен Гана англис тилине, ал эми Чад, Габон, Сенегал, француз тилине мамлекеттик статусун берүү чечимине келишти.
Албетте, буга алардын бир мезгилде Англия менен Франциянын коллониясы болгондуктары түрткү болгон.
Ал эми Танзания жергиликтүү калкынын сауахил тилине, Филиппин филиппин тилине, Малайзия малай тилине мамлекеттик статусун берип маселеге соң берген.
Жогоруда айтылгандын сөздөрдөн экинчи тилди үйрөнүү өтө зарыл жана маанилүү экендигин баамдасак болот. Бирок экинчи тилди үйрөнүүдө мөөнөт жана сапат жагынан таасир бере турган бир канча нерселерге токтоло кетсек, аларды төмөнкүдөй кылып караштырып көрүүгө болот:

  1. Үйрөнө турган адамдын жашы (эске тутуу күчү).
  2. Биринчи тилдин үйрөнө турган тилине болгон таасири (арап, перс,орус тилдеринин кыргыз тилдерине болгон таасири сыяктуу).
  3. Үйрөнө турган адамдын кишилиги, эрки, күчү (үйрөнүүнү калоо күчү).
  4. Тил даярдыгы, жалпы лингвистикалык маалыматы (алдын ала алган жалпы эле тил жөнүндө маалыматы).
  5. Үйрөнө турган тил жөнүндө маалымат.
  6. Экинчи тилди үйрөнүүгө түрткү болгон нерсенин маанилүүлүгү.
  7. Үйрөнө турган тилге болгон көзкарашы.
  8. Үйрөнүүнүн методдорунан эң таасирлүүсүн тандоо.

Тил үйрөнүү үчүн чөйрөнүн өтө чоң таасири бар экендиги бардыгыбызга маалым. Чөйрөнүн таасиринде да тил үйрөнүү табигый жол жана жасалма жол менен болуп экиге бөлүнөт:

  1. Табигый жол: экинчи тилдин чөйрөсүндө үйрөнүү.
  2. Жасалма жол: аудиторияда, жасалма чөйрөнүн айланасында үйрөнүү.

Эки тилде сүйлөгөн адамдар кээде эне тилинде сүйлөп жатып, үйрөнгөн тилинин сөздөрүн кошуп кетишет. Мунун себеби эки тилдин бирөөсүнүн күчтүүрөөк болгондугу. Кээ бир адамдар эки тилди бирдей аралаштырып сүйлөшөт. Мындай көрүнүштүн коркунучу көбүрөөк. Себеби бир учурда эки тилдин логикасы менен ой жүгүртүү мүмкүн эмес. Адам эки логиканы аралаштырып, тагыраак айтканда, биринчи тилдин логикасы менен ой жүгүртүп, экинчи тилдин сөз түрмөктөрүн колдонушу мүмкүн, же тескерисинче, экинчи тилдин логикасы менен ой жүгүртүп биринчи тилдин сөз түрмөктөрүн колдонушу мүмкүн. Ошентип, эки логиканын кагылышуусунун натыйжасында, эки тилде тең туура эмес сүйлөгөн болот. Ал эми эки логиканын аралашып кагылышуусу эки маданияттын аралашып кагылышуусунан келип чыккан нерсе экенин эстен чыгарбайлы. Бул маселеге чечим табуу оңой эмес, бирок окумуштуулар бул маселени изилдеп бир канча ыкманы караштырган экен:

  1. Өз маданиятын кабыл алып, экинчи тилдин маданиятын четке кагуу.
  2. Эне тилинен алган маданиятын четке кагып, толугу менен экинчи тилдин маданиятына өтүү.
  3. Эки маданиятты бирдей колдоно билүү, бирок бир учурда эмес, ар маданиятты учуру келгенде, ыгы жана чени менен колдонуу.
  4.  Биринчи тилде кайрылган адамга, ошол тилде жооп берүү. Экинчи тилде кайрылган адамга экинчи тилде жооп берүү.

Эгер бардыгыбыз ушул ыкмаларды колдонсок, мындай мүшкүл маселелерден оолак болуубуз күмөнсүз.

Башына