Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Курман айт майрамы жана анын майрамдалышы

Мазмуну


Шамшидин Маматкулов


Алла Таала буйруган улуу Ислам дининин жана Алланын Элчиси болгон Мухаммад Пайгамбардын (саллаллаху алайхи ва саллам) туура жолун тутунган жамы момун мусулмандардын эки чоң майрамы бар. Алар – орозо айт жана курман айт майрамдары.


Араб тилинде «ийдул фитр» жана «ийдул адха» деп аталган бул эки майрам хижраттын (Ислам жыл санагынын) экинчи жылынан тартып майрамдала баштаган. Рамазан айында кармала турган орозо да ошол эле жылы парз кылынган. Ошондуктан бул айды орозо кармоо менен өткөргөн момун мусулмандар кийинки айдын (Шаввал айынын) алгачкы үч күнүн майрам катары шаан-шөкөт менен өткөрүшөт. Ошол себептен бул майрам «ийду Рамадан» («орозо айт») майрамы жана айттан мурун битир (фитр) садагасы бериле тургандыгы үчүн «ийдул фитр» («битир» майрамы) деп аталып калган.
Ал эми хижрий жылнаамасынын эң акыркы айы болуп эсептелген Зулхижжа айынын онунан тарта төрт күн удаа майрамдалган айт майрамында курмандык чалына тургандыктан, ал «ийдул адха» («курман айт») майрамы деп аталган. Негизи ажылык ибадаты хижраттын тогузунчу жылында парз кылынганы менен курман айтта курмандык чалуу жана ал күнү окула турган айт намазы Рамазан айында кармалуучу орозо менен орозо айттагы айт намазы сыңары эле хижраттын экинчи жылында эле Алла Таала тарабынан буйрулган болчу.


Ушул жерде эскерте кете турган нерсе, «айт» («ийд») деген сөз арап тилинде майрам деген маанини туюндурат. Ошондуктан «орозо айт» деген сөз «орозо майрамы», «курман айт» сөзү «курман майрамы» деген маанилерди билдирет.


Орозо айт майрамын мусулмандар андан мурунку айды толук ибадат менен өткөрүшүп, Алланын мээримине жетүү үмүтүнүн сүйүнүчтөрү үчүн майрамдашат. Ал эми курман айт майрамында болсо Азирети Ибрахим пайгамбардын, алайхис салам, өзүнүн канынан жаралган сүйүктүү уулу Азирети Исмаил пайгамбарды, алайхис салам, курмандыкка чалууга камдануусун жана Исмаил пайгамбардын да өз атасынын мындай амалына чын жүрөктөн ыраазы боло моюн сунуп бергендигин, анан да Аллага чын жүрөктөн берилүүнү туюнтуу ниетинде малдарды курмандыкка чалуунун жана ошондой эле жогоруда аты аталган эки пайгамбардын Алланын бу дүйнөдөгү чоң сыноосунан өтүшкөндүктөрүнүн сүйүнүчтөрүн майрамдашат.


Бул эки майрамды тең майрамдоо алгач күн найза бою көтөрүлгөндө окула турган айт намаздары менен башталат. Арийне, диний жана коомдук майрамдардан болуп эсептелген эки айт майрамы күнү эртең менен Азирети Пайгамбарыбыздын, саллаллаху алайхи ва саллам, доорунда, мусалла деген чоң аянтта эркектер менен жамаат болуп аял кишилер да (эркектерден оолак туруп) айт намаздарын окуй турган.


Ошондой эле курман айт майрамынын арапа күнүнүн (айттан мурунку күндүн) өзгөчө пазилети бар. Анткени ажылыктын негизги түркүктөрүнүн бири болуп эсептелген вакфа (Арафат тоосунда туруу) ушул күнү аткарылат. Ал күнү дүйнөнүн төрт тарабынан ажылык милдетин өтөгөнү келишкен момун мусулмандардын баары Арафат тоосунда топтолушуп, Аллага жалынып жалбарышат. Арафаттагы мындай көрүнүш мусулмандардын биримдик менен биртуугандыкка маани берүүлөрүн ачык-айкын айгинелейт.


Ошентип, курман айт майрамында айт намазынан кийин кудурети жеткен адамдар курмандык чалышат. Мусулмандар айт күндөрү бири-бирин куттукташып, айтташып, бири-бирине зыярат кылышат. Барган жерлеринен албан түркүн даам татышып, шариятка шайкеш майрамдык маанайда шаң салтанатта өткөрүшөт. Айт күндөрү ак жолдун алкагында ар кандай майрамдык иш-чараларды, оюн-зоокторду өткөрүүгө жол берилет. Бул жерде айта кетчү нерсе, калайык-калкыбыздын арасында «айт күнү жети (кээ бир жерлерде жетимиш) үйдү кыдыруу керек экен» деген сөз кеңири жайылып кеткен. Ал эми Ислам дининде айт күнү мынча, же түкүнчө үйдү кыдыруу керек деген түшүнүк да, буйрук да жок. Жогоруда айтылган сөз, балким, айт күнү мусулмандар көптөгөн үйлөрдү кыдырып, алардын ал-жайын сурап, майрамдалбай калган үй-бүлөлөргө да колдон келишинче майрамдык маанай тартуулашсын деген түшүнүктөн келип чыккандыр. Азирети Мухаммад пайгамбар, саллаллаху алайхи ва саллам, да мындай деген: “Арапа, курман айт жана ташрик күндөрү бардык мусулмандардын майрамы. Бул күндөр жеп-иче турган күндөр болуп эсептелет. Мына ошол себептен орозо айттын алгачкы күнү, курман айттын төрт күнү тең орозо кармоо Ханафи мазхабы боюнча тахриман макрух (арамга жакын макүрөө иш) болуп саналат.


Айт күндөрү эрте туруп айтка даярдануу, таза жана жакшы кийим кийүү, гусл алуу, тиш тазалоо, жыпар жыттуу мускус (атырларды) колдонуу, ачык көңүл, көтөрүңкү маанайда жүрүү, орозо айт күнү айт намазынан мурун курма, же болбосо башка таттуу нерселерден даам татуу, ал эми курман айт күнү болсо таң эрте ачкарын айт намазынан кийин союла турган курмандыктын этинен жеш, мүмкүн болсо айт намазына жөө баруу жана кайтканда башка жол менен кайтуу, ал күндөрү кудурети жетишинче көп-көп садака берүү, битир садагасын болсо айт намазына дейре берүү, айт намаздарына бараткан учурда такбир айтуу мандуб (жакшы, сооптуу амалдардан) болуп саналат.


Курман айтта арапа күнү аталган төрт күн менен бирге (ушул беш күн) «ташрик күндөрү» деп аталат. Бул күндөрү парз намаздарынан соң такбир айтылгандыгы үчүн «такбир күндөрү» деп аталып калган. Бул такбирлер арапа күнү багымдат намазынан башталып, айттын төртүнчү күнү дигер (аср) намазына дейре жыйырма үч жолу (намаз маалында) айтылат. Курман айт күндөрү парз намаздарынан кийин ташрик такбирлерин айтуу Ханафи мазхабы боюнча аял-эркектердин баарына важиб болуп эсептелет.


Айт намаздарынан кийинки кутпалар айтылып бүткөндөн кийин үйдө Алланын ыраазычылыгы үчүн төрт рекет намаз окуу сүннөт болуп саналат. Бирок айт намазынан мурун эч кандай нафил намаздар окулбайт.
Алла Таала баарыбызды ошондой улуу күндөргө жеткирсин жана бизди бул майрамдарды сооптуу, изги амалдар менен өткөргөн салих кулдарынан кылсын.

Башына