Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

ОШТУН ОРОШОН ЗАЛКАРЫ

Мазмуну


Кенжебек Чыйбылов

Сиражиддин Али бин Осман ал-Ошинин Ислам дүйнөсүндөгү ээлеген орду

            Мавереннахр - Амударыянын (Жайхун) чыгыш тарабындагы Исламдан кийин ушундай аталыш менен белгилүү болгон аймактын аты. Бул аймакта: Термез, Насаф, Ташкен, Фергана, Бухара, Самаркан, Ош сыяктуу маанилүү маданият борборлору жайгашкан. Алардын ичинен Самаркан шаары Ислам илимдеринин эң башкылары болуп саналган калам-итикад, фикх, хадис жана тафсир сыяктуу түрдүү тармактар боюнча билим берүүнүн негизги борборуна айланган. Айрыкча Самаркан аалымдары фикхти да, хадисти да, калам илимин да өтө терең өздөштүрүп бул аймактагы бидатчыларга жана туура жолдон тайган кайырдиндерге каршы катуу күрөш жүгүзүп келишкен. Ислам илиминин мына ушундай бийик сересине улашкан Мавереннахр аалымдарынын бири - жердешибиз факих, мухаддис, адабиятчы, акын жана мутакаллим (теолог) Сиражиддин Али бин Осман ал-Оши.
Атактуу жердешибиздин толук аты - Абу Мухаммад Сиражиддин Али бин Осман бин Мухаммад бин Сулайман бин Али ат-Тайми аш-Шахиди ал-Уши.
Ошинин эмгектериндеги өзү тууралуу эскерте кеткен үзүл-кесил маалыматтарга таянсак, ал ХII-кылымдын орто ченинде жашап өткөн экен. Анын туулган жылы белгисиз, бирок өлгөн жылы Ислам булактарында б.з. 1179-жыл деп катталган. Жердешибиз Ислам дүйнөсүндө факих, мухаддис жана мутакаллим катары аттын кашкасындай таанымал болгон. Ошол эле маалда адабиятчы жана акын катары белгилүү болгон. Ошинин лакап аты - Абу Мухаммад, Абул Хасан.  Бирок тарыхый булактарда Шамсул Ислам (Исламдын күнү), Сиражиддин (диндин чырагы) жана Рукнуддин (диндин тиреги) деп эскерилет. Негизинен ал ахли сүннөт акыйдасын ыр түрүндө баяндап түшүндүргөн «Ал-Амали» деген эмгеги менен таанылып атагы чыккан. Оши Ислам дүйнөсүнүн калам тармагында «Ал-Амали» поэмасы менен улуу теолог катары таанылса да чындыгында анын өз доорунун атактуу факихи жана мухаддиси болгондугу эч талашсыз. Илимпоз Оши муну менен эле тим болбостон чыгыш адабиятында да оозго алынган адабиятчы жана акын катары белгилүү болгон. Өзүнүн илимпоздугу менен бир нече илим тармагында Ислам дүйнөсүнө таанылган Оши жергебиздеги эң байыркы касиеттүү Ош шаарында төрөлүп, бул жерде эрезеге жеткен. Ош шаары ал мезгилде айланасы чептер менен курчалган, үч чоң кириш эшиги жана өз дооруна ылайык заңгыраган имараттары бар гүлдөгөн шаар болуп, Селжук мамлекетине карап турган. Ал мезгилде Ош шаары бүтүн илим-билим жаатында белгилүү аалымдары жана калкынын көптүгү боюнча өзгөчөлөнүп турган. Ушундай илим-билим бешигинде дүйнөгө келген Оши билим алуунy ушул шаардан баштаган. Ал алгач Шайхул Ислам Насируддин Абу Абдиллах Мухаммад бин Сулайман ал-Ошиден хадис илимин үйрөнгөн. Ал хадис илимин окуп-үйрөнүү менен бирге устазы Шайхул Ислам Насируддин ал-Ошинин риваят кылган хадистерин кагазга түшүрүп, «Муснаду Анас бин Малик ан Расулиллах саллаллаху алайхи ва саллам» («Анас бин Маликтин Алланын Элчисине (с.а.в.) таяндырган хадистери») аттуу хадистер жыйнагын жазган. Бул чыгарма анын эң алгачкы эмгеги эле. Андан соң ошол кезде Мавереннахр аймагынын чордону болуп турган Самаркан шаарындагы Ханафилерге таандык белгилүү Кусам медресесине сапар тарткан.
Алгачкы убактарда исламий илимдер азыркыдай өз алдынча илим катары калыптанбай жалпы берилгендиктен, Оши ошол мезгилдин аалымдарындай эле акаид, фикх жана хадис илимдерин бирдей өздөштүрүүгө жетишкен.
Биз бул жерде илимпоз жердешибиздин илим алган учурларын ийне-жибине чейин териштирбей,  окурмандарыбызга ал тууралуу учкай маалымат берүүнү туура көрдүк. Ошондуктан анын өмүрбаянын жалпылай турган болсок, амалда (фикхта) Имам Абу Ханифанын, итикадда болсо Имам Матуридинин жолун жолдогон. Илим, такыбаалык, иршад (жол көрсөтүү) сыяктуу чечендик жагынан белгилүү имамдардан фикх, хадис, акаид-калам илимдерин жакшы өздөштүргөн. Ислам дүйнөсүндө мухаддис, факих, чечен жана мутакаллим катары атагы чыккан. Өмүрүнүн акыркы мезгилдерин илим окутуу, талаба жетиштирүү жана инсандарга насаат берүү менен өткөргөн. Ошондой эле күндөлүк маселелер боюнча ортого чыккан окуялар туурасында эл-журтка өзүнүн акыл-оюн айтып, кеңешин берип, алардын диний муктаждыктарын камсыздоо менен талыкпастан илимий иш-аракеттерин уланта берген. Ош жана Фергана шаарларынын казысы (диний соту) болуп иштегендиги тууралуу тастыкталган тарыхый маалыматтар бар. Ошондой эле ажыга тез-тез барып тургандыгы да эскертилет.
Ошинин Ислам динин өнүгүшүнө жана жайылып уланышына кошкон зор салымдары, көптөгөн эмгектери жана ошондой эле өз өмүрүн бул жолго арнагандыгы ага «Имаму ал-Харамайн» («Мекке жана Мединанын имамы») жана «муфтиййу ал-Умма» («үммөттүн муфтиси») деген атак-даңкты алып келген.
Илимпоз, аалым Сиражиддин ал-Оши мухаддис, факих жана мутакаллим катары бул тармактарда көзгө көрүнөөрлүк чыгармалар жазып калтырган. Илимий булактарда анын эмгектери деп эскертилген 11-12 ге жакын чыгармалары бар. Алардын ичинен алтоосу хадис илимине таандык чыгармалар болуп, анын эмгектеринин 60 % ын түзөт. Ал эми калган чыгармалары калам жана фикх тармагында жазылган.
Ошинин эмгектерин төмөндөгүдөй топторго бөлүп кароого болот:
1. Ошини мухаддис катары тааныткан эмгектери.
Анын бул тармакта жазып кеткен эмгектери толугу менен бүгүнкү күнгө чейин жеткен эмес. Жогоруда анын эң алгачкы чыгармасы катары айтылган «Муснаду Анас бин Малик ан Расулиллах (с.а.в.)» деген эмгеги бизге колжазма түрүндө келип жеткен. Ал эми Багдади менен Катиб Чалабинин Ислам аалымдары жана алардын эмгектери тууралуу жазышкан китебинде Ошинин «Машарику ал-анвар» («Нурлардын жайылуусу») жана «Савакибу ал-ахбар» («Курч кабарлар») деген чыгармалары айтылып өткөн. Тилекке каршы, алар бизге чейин келип жеткен эмес. Ошинин мухаддис болгондугун ырастаган башка эмгектери да бар. Атай турган болсок, «Гурару ал-ахбар ва дурару ал-ашар» («Кабарлардын эң этибардуусу жана ырлардын бермети») жана «Нисабу ал-ахбар ли тазкирати ал-ахяр» («Тандалмаларды эскертүү үчүн кабарлардын башаты») деген эмгектери анын эң көрүнүктүү чыгармалары деп айтууга болот. Бул эки чыгарма жүз бөлүмдөн түзүлүп, кыска мазмундуу миң хадисти ичине камтуу менен кыскартылып жазылган эмгектери болуп эсептелет. Анын бул чыгармалары колжазма түрүндө Берлинде, Мюнхенде, Каирде жана бир бөлүгү Мусулда сакталууда. Айрыкча Ошинин «Нисабу ал-ахбар ли тазкирати ал-ахяр» эмгеги абдан бааланып, колжазма түрүндө Түркиянын айрым чоң китепканаларында, Азербайжандын Баку Илимдер Академиясында жана Египеттеги Каир университетинин китепканасында бир нече нускалары катталган.
2. Ошини факих катары тааныткан эмгектери.
Факих Сиражиддин ал-Оши фикх мухитинде жетишкен жана акыл-ой жүгүртүүлөрү да бул чөйрөгө жараша калыптанган аалым болгондуктан фикх тууралуу да эмгектер жазган. Ал бул тармакта эки эмгек жазган, экөө тең учурга жеткен. Бул эки чыгарманын көбүрөөк билингени “Ал-фатаваа ас-Сиражийя” (“Нур чачкан диний өкүмдөр”) болуп саналат. Ислам адабиятында көрүнүктүү чыгармаларды жазган Катиб Чалабинин айтуусу боюнча, Оши бул чыгармасын 1173-жылдын 14-августунда Ошто жазып бүтүргөн. Бул китебинен аалым Сижистани “Муняту ал-Муфти” аттуу китебин жазган учурда көп пайдаланган. Ошондой эле анын фикх тармагындагы экинчи эмгеги “Жаваахиру ал-ахкаам” (“Өкүмдөрдүн маңызы”) деген китеби болуп саналат. Бул китеп ханафий фикхинин күндөлүк маселелери туурасында болуп, Оши аны перс тилинде 1174-жылы жазып бүтүргөн.
3. Ошини мутакаллим (теолог) катары тааныткан эмгектери.
Ислам дүйнөсүндө улуу теологдордун бири катары аттын кашкасындай таанымал илимпоз
жердешибиз калам илиминде эң сонун чыгармаларды жазган. Алсак, бул илим боюнча анын үч чыгармасы белгилүү. Алардын ичинен “Уюуну ал-масаили фи илми ал-калам” (“Калам илиминдеги маселелердин башаттары”) деген эмгеги бизге колжазма түрүндө келип жеткен. Автор бул чыгармасында калам илиминин башкы маселелерин (негиздерин) далилдери менен жазган. Ошондой эле анын “Шарху манзумати Умар ан-Насафи” (“Умар ан-Насафинин поэмасынын түшүндүрмөсү”) деген эмгеги бар экендиги Ислам Аалымдары Энциклопедиясында эскерилет. Ал эми анын эң атактуу жана сүймөнчүктүү улуу чыгармасы болуп эсептелген “Ал-Амали” аттуу эмгегине келе турган болсок, бул эмгек анын калам илиминде илим жылдызы катары эң абройлуу аалымдардан болушуна себепкер болгон. Бул чыгарма 1174-жылы жазылган. Бул поэма кээ бир колжазма жана басма нускаларында 66-68 ыр сабынан турса да, ал негизинен 66 ыр сабынан турары кабылданган. Арадан жүздөгөн жылдар өткөнүнө карабастан “Ал-Амалинин” колжазма нускалары өтө эле көп жана бизден башка көптөгөн Ислам өлкөлөрүндө бир нече ирет басылган. Сөз кылынып жаткан чыгарманын 30 га жакын түшүндүрмөсү бар. Башка эмгектериндей эле бул поэманын да түпнускасы арап тилинде жазылган. Поэма чагатай, перс тилдерине жана ошондой эле чыгыш изилдөөчүлөрү тарабынан 1825-жылы латын тилине которулган.
Бул көрүнүш чыгарманын ары Ислам дүйнөсүндөгү, ары акаид-калам илиминдеги маанисинин жана деңгээлинин канчалык бийик экендигин айгинелеп турат. Улуу Ислам аалымдарынын бири Шайхул Ислам Иззуддин Мухаммад бин Абу Бакр бин Жамаа “Ал-Амали” тууралуу түшүндүрмөсүндө мындай дейт: “Жакшылап билгин! “Касидату ал-ламия” диний маселелердеги ахли сүннөт вал жамааттын ишеним негиздерин, чалкыган деңиз сыяктуу ичине камтыган. Бул касыйда канчалык көлөмү чакан болсо да, анын пайдалары өтө эле көп.”
Ошентип, Ошинин Ислам дүйнөсүндөгү ээлеген оордун анын жазып калтырган чыгармаларына таянуу менен корутундулай турган болсок, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келүүгө болот:
Оши амалда Ханафи, ал эми итикадда болсо Матуриди мазхабын кабылдап, бул мазхаптын көз-караш, ой-пикирлерин жигердүү коргоочусу катары өзүнүн зор салымын кошо алган. Ошондой эле ал башка диндердин жана мазхабтардын жол-жобосун эң жакшы билген, ар кандай ой-пикир жана итикадий мазхаптарды да терең түшүнгөн илимпоз аалым болгон. Жадагалса, анын философия илиминен да өз үлүшүн алгандыгын айтууга болот. Дагы айта кетүүчү нерсе, ал өз мезгилиндеги дин бузарлар, туура жолдон чыгып кеткендер менен аябай күрөшкөндүгү жана аларды илимий жактан катуу сынга алгандыгы айрыкча анын “Ал-Амалисинен” ачык-айкын да, каймана-кыйыр түрдө да көрүнүп турат. Баарынан да анын калам илимине киргизген жаңылыгы жана эң чоң салымы сунний итикадын корутунду түрүндө ырга айландыргандыгы жана ошондой эле бул илимий эмгектин Матуриди каламына таандык эң алгачкы манзума (поэма) болуусунда.

Башына