Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Ажылыктагы ыйык жерлер

Мазмуну


Кааба


Алгачкы курулган мечит жана мусулмандардын кыбыласы. Сауд Аравиянын Мекке шаарындагы Масжиди-Харамдын ортосуна таштан тургузулган төрт бурчтуу имарат. Байтулла, Байтул-Харам, Бакка, Байтул-атиик, Хатиима, Басса, Кадиис, Назиир, Каря-и-Кадима сыяктуу аттар менен да белгиленген. Каабаны алгачкы жолу Аз. Адам атабыз периштелердин жардамы менен курган. Риваяттарга боюнча, Алла таала Аз. Адамга мындай деп буюрат: “Эй Адам! Тирүү кезинде Байтулланы оңдоп тур. Сенден кийин келе турган пайгамбарлар жана үммөттөр дагы аны оңдоп эң акыркы пайгамбарга чейин ушундай болуп улана берет”. Ал Аз. Нухтун доорундагы топон-сууга чейин оңдолуп турган. Топон-суудан кийин Аз. Ибрахимдин дооруна чейин орду жер менен жексен болуп жоголот. Алла тааланын буйругу жана көргөзүүсү боюнча Аз. Ибрахим уулу Аз. Исмаил менен эски ордун таап, Каабаны кайрадан тургузушат. Аз. Ибрахимден кийин анда-санда оңдолуп келген Кааба, Пайгамбарыбыз 35 жашына келгенде Меккеликтер тарабынан кайрадан жаңыланып оңдолот.

Арафат

Мекке шаарынын түштүк-чыгышында 25 км узактыкта жайгашкан тоо жана ажылык парздарынын бири болгон “вакфа” кылына турган ыйык жер. Алла Таала аятында мындай дейт: “... Арафаттан түшкөнүңөрдөн кийин Машар-уль-Харамда Алланы зикир кылгыла (эске алгыла)! Ал Зат силерди туура жолго баштаган сыяктуу силер да Ал Затты эстегиле-зикир кылгыла!” (Бакара, 198). Арафатта вакфа - Ажылыктын парздарынан бири. Арапа күнү Арафаттын “Вадийи Урана” деген жерине пешим, дигер намаздарынан кийин бир канча убакыт туруу (вакфа кылуу) керек. Арапа күнү же түнү Арафатка турбагандардын ажылыгы ажылык болуп эсептелбейт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз каза болоруна жакын коштошуу кутпасын Арафатта окуган. Адам атабыз жана Обо энебиз бейиштен жерге түшүрүлгөндө бири-бирин Арафатта табышкан. Ошондуктан бул куттуу жердин аты жолугушуу, таанышуу маанисиндеги Арафат сөзү менен аталып калган.

Савр үңкүрү

Алланын Элчиси (с.а.в.) Меккеден Мединага Аз. Абу Бакир менен чогуу көчкөндө артынан кууган мушриктерден жашынган үңкүр. Савр тоосу Меккенин түштүк тарабында 5 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Меккедеги мушриктер мусулмандарга күн көргөзбөй кордоп, кээ бирлерин өлтүрө баштаганда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Ислам үчүн ылайыктуу болгон Медина шаарына көчүүлөрүн буйрук кылат. Өзү болсо Алла тааланын уруксаты менен ордуна Аз. Алини таштап, жанына Аз. Абу Бакирди алып хижрат жолуна чыгат. Меккеден чыгып, Савр тоосун көздөй багыт алышып, Савр =ък=р=н\ кирип бекинишет.
Риваяттар боюнча, Алланын Элчиси менен Аз. Абу Бакирдин артындагы куугунчулар үңкүргө жакындап калганда, Алла тааланын кудурети менен бир жөргөмүш желе тартып, эки көгүчкөн учуп келип уя салып, жумуртка басып жатып калышат.
Курайш уруусунун бай-манаптары чогулуп, Аз. Мухаммаддын \лт=рг\н кишиге же тирүүлөй кармап келгенге жүз төө берилерин жарыя кылышат. Муну уккан бир топ киши Мединаны көздөй кеткен жолдорду тинтип башташат. Ошентип отуруп Савр үңкүрүнө жакындап келишет. Муну сезген Аз. Абу Бакир тынчсыздана баштайт. Бирок бул тынчсыздануу өзүнүн жаны үчүн эмес, тескерисинче, ааламдардын ардактуусу болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үчүн эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага карап: “Эй Абу Бакир! Эки кишинин үчүнчүсү Алла таала болсо, сен эмне тынчсызданып жатасың?” деп жубатат.
Аз. Пайгамбар (с.а.в.) менен Аз. Абу Бакир үңкүрдө үч к=н калышат. Бул үч күндүн ичинде Меккедеги мушриктердин пландарын Аз. Абу Бакирдин уулу Абдулла келип айтып турду. Амир бин Фухайра койлорун үңкүргө жакын жерге жайып, кечкисин аларга кой сүтүн берип турган эле.
Төртүнчү күнү таңга маал Амир жана жол көрсөтүү үчүн жалданган Абдулла бин Урайкут экөө эки төө менен Пайгамбарыбызга келишет. Ошентип алар төрт киши болуп Мединага сапар тартышат.

Муздалифа

Мина менен Арафаттын арасындагы жер. Ажылык учурунда Арафаттан келе жатып, Муздалифага бир канча убакыт туруу важип. Арапа күнү кечинде Муздалифада түнөө сүннөт. Арафаттан Муздалифага келип, куптан намазынын убакыты киргенде, шам менен куптан намазы бириктирилип жамаат менен окулат. Шам намазын Арафатта же жолдо окугандар Муздалифага келгенде кайрадан жамаат менен же жалгыз окуусу зарыл.

Масжид аль-Харам

Ыйык Каабанын айланасына салынган үстү ачык мечит. Алла таала мындай дейт: “Намаз окуганда жүзүңдү Масжид аль-Харам тарапка бургун. Бул Раббыңдан келген буйрук. Алла таала силердин баардык ишиңерден кабардар” (Бакара, 149). “Масжид аль-Харамда окулган намаз менин мечитимде (Масжиди-Набии) окулган жүз намаздан дагы жогору” деп пайгамбарыбыз бир хадисинде анын маанисин белгилеп кеткен. Кааба жана анын айланасындагы Масжид-аль-Харам бүткүл мусулмандардын кыбыласы болгондуктан баардык мусулмандар намазда жүздөрүн Масжид-аль-Харамга буруусу парз. Масжид-аль-Харам жер жүзүндө алгачкы курулган мечит. Ар тавафтан кийин эки ирекет намаз окуу сүннөт.

Сафа жана Марва

Ыйык Каабага жакын жердеги эки чокунун аты. Ажылык жана умра кылынып жаткан учурда “саьий” аттуу ибадат ушул эки чокуга жети жолу барып келүү аркылуу аткарылат. Алла таала Куранда бул тууралуу мындай дейт: “Албетте, Сафа жана Марва Алла таалага ибадат кыла турган жышааналар, аламаттар. Кимде ким Каабаны ажылык же умра ниети менен зыярат кылса жана буларды (Сафа жана Марваны) таваф кылуусунда эч кандай күнөө жок” (Бакара, 158).
“Аз. Ибрахим уулу Аз. Исмаилди жана аялы Аз. Хажарды Меккеге таштап койгондо, алардын азыгы түгөнүп, ичип-жээрге эч нерсе калбай калат. Баласына суу издөө үчүн Аз. Хажар адегенде Сафа чокусуна чыгып, коктунун ичин карайт. Коктудан эч кимди көрө албай, кайрадан коктуга түшөт. Коктуга түшөрү менен чалынбайын деп этегин көтөрүп алып коктунун ичи менен чуркайт. Коктудан чыгып, Марва чокусуна келет. Ал жерден кимдир бирөө чыгып калар бекен деп бираз тегерегин карайт. Аз. Хажар ушунтип отуруп Сафа менен Марвага жети жолу барып келет. Мына ошондуктан ажыга баргандар дагы бул эки чокуга жети мертебе барып келет” (Хадиси-Шариф).
Сафа менен Марванын арасынан жети жолу чуркоо ажылыктын важиби. Чуркоо Сафадан башталат. Сафага чыгары менен Каабага кайрылып, такбир, тахлил жана салаваттар айтылат. Андан соң колдорду жогору көтөрүп дуба кылынат. Булар аткарылгандан кийин Марваны көздөй жөнөлөт. Сафадан Марвага төрт, Марвадан Сафага үч жолу барылат.

Мина

Меккенин чыгышындагы тоолордун этегинен Арафатка кеткен жолго чейинки жер.
Ажылар ажылык учурунда курмандык чалуу жана шайтанга таш ыргытуу үчүн ушул жерге барышат. Аз. Ибрахим дагы уулу Аз. Исмаилди курмандыкка чалуу үчүн Минага алып келген. Мина менен Меккенин арасы 4,5 чакырым. Ажылыктын он бир сүннөтү бар. Ошолордун бири имамдын үч жерде кутпа окуусу. Биринчиси, Зульхижжа айынын жетинчи күнү Меккеде, экинчиси, тогузунчу күнү пешим жана дигер намаздарынан мурун Арафатта, үчүнчүсү он биринчи күнү (Курман айттын экинчи күнү) Минада окулат. Курман айттын биринчи күнү күн чыгардан мурун Машар аль-Харам деген жерден Минаны көздөй жөнөлөт. Минага келгенде Жамраи-акаба деген жерден шайтанга жети таш ыргытылат. Андан кийин ал жерден чыгып курмандык чалынат. Айттын биринчи күнү Минада болгондор жана башка ажылар айт намазын кылышпайт.

Маками Ибрахим

Аз. Ибрахим Каабаны куруп жатканда үстүнө чыгып, таштарды коюу үчүн коюлган бийик таш.
Ибн Аббастын айтуусуна караганда: Аз. Ибрахим Меккеге келгенде Алла тааладан Каабаны тургузуу боюнча буйрук алат. Буйрукту баласы Исмаилге айтып, экөөлөп Каабанын пайдубалын тургуза башташат. Куран боюнча экөө пайдубалын тургузуп жатканда мындай дуба кылышкан: “Эй Раббим! Сенин ыраазычылыгың үчүн кылып жаткан бул ишибизди кабыл кыл. Эч шек күмөнсүз Сен ар дайым Угуучусуң жана Билүүчүсүң” (Бакара, 127). Пайдубалы бүтөрү менен дубалдарын тургуза башташат. Баласы таш ташып, карыган атасы таштарды коюп дубалды бийиктете баштайт. Акыры Аз. Ибрахимдин бою дубалдын башына жетпей кыйналгандыктан баласы ага бийик таш алып келип берет. Аз. Ибрахим ташка чыгып дубалды андан ары улантат. Мына ошол таштын аты Маками Ибрахим деп аталат. Аз. Ибрахим үстүнө чыгып иштегендиги үчүн “үстүнө Ибрахим чыккан таш” маанисинде Маками Ибрахим деп айтылып калган. Кийин бул таш атайын тосмо менен корголуп, азыркы учурга чейин сакталып келүүдө.
Кураны каримде бул таш тууралуу: “Албетте, адамдар ибадат кылуулары үчүн курулган биринчи үй Кааба жана Маками Ибрахим жана ага кирген адам ар кандай коркунучтан аман болуусуна ачык аят-белгилер бар” (Аали-Имран, 97).


Замзам:


Каабанын Хажарул-Асвад жайгашкан бурчунун маңдайынан чыккан суу.
“Аз. Ибрахимдин аялы-Аз. Исмаилдин апасы Хажар суу издеп Сафа менен Марва чокулары арасында эки жакка чуркап жүргөндө Замзам суусу жайгашкан жерде Жабрайил периште көрүнөт. Согончогу же канаты менен топуракты казып Замзамды чыгарат. Хажар суу токтоп калбасын деген ойдо дароо суунун айланасын тосуп, көлмө кылып бир жактан кумурасын да толтурууга аракет кылып жаткан болчу. Суу болсо уучтап алынган сайын атырылып чыгып жатты. Алла таала Исмаилдин апасына ырайымдуулук кылсын! Эгер ал Замзамды ошол бойдон таштап койгондо же сууну уучтап албаганда Замзам сөзсүз шарылдап аккан дарыя болот эле” деп пайгамбарыбыздын хадисинде айтылат. “Замзам суусу баардык дартка дабаа” (Хадиси-Шариф). Замзам суусун ичип жатканда кыбылага карап, өйдө туруп жана үч жолу ууртап ичүү керек. Аны ичүүдөн мурун төмөндөгү дубаны окуу зарыл: “Аллахумма инни асалука илман нафиан ва ризкон ваасиан ва шифаан мин кулли даин ва сакамин бирахматика йа архамаррахимиин (Аллам, сенден пайдалуу илим, көп ырыскы, ар түрдүү ооруга шыпаа тилейм. Эй ырайымдуулардын эң ырайымдуусу! Буларды сенин ырайымдуулугуңа ишенип тилеп жатам)”.


Хажарул-Асвад:


Каабанын чыгыш бурчунда бир жарым метрдей бийиктикте жайгашкан жана бейиш жакуттарынан болгон жылтырак кара таш. Аз. Ибрахим менен Аз. Исмаил Каабаны куруп жатканда периштелер таш алып келишип Аз. Исмаилга жардам беришкен. Кезек Хажарул-Асвадка келгенде Аз. Ибрахим: “Эй Исмаил, ажыларга белги болсун үчүн бир таш алып кел” дегенде Абу Кубейс тоосунан: “Жабраил (а.с.) топондо мага бир таш аманат кылган. Келип ошону ал!” деген үндү угат. Ошентип Хажарул-Асвад ташы Абу Кубейс тоосунан алынып, Каабадагы ордуна коюлат. Аз. Умар Хажарул-Асвад ташына карап: «Сен эч нерсе кыла албайсың. Бирок пайгамбар өпкөнү үчүн гана өбүп жатам» деген. Аз. Али муну укканда Пайгамбардын «Хажарул-Асвад кыямат күнү шапаат кылат» деген сөзүн айтты. Аз. Умар бул сөзү үчүн Аз. Алиге ырахмат айтты. Тавафка (Каабаны айланууга) Хажарул-Асваддан баштоо жана ушул жерден бүтүрүү сүннөт болуп эсептелет.

Башына