Бешинчи сан

Курмандык тууралуу суроо – жооптор
Мазмуну
Абдурахман Хачкалы
Курмандык деген эмне?
Курмандык – бул белгилүү учурда белгиленген шарттардын негизинде Жаратканга жакындоо, Ага ибадат кылуу ниети менен чалынган мал. Имам Азам агымы боюнча, белгиленген өлчөмдө мал-мүлккө ээ мусулман адам үчүн Курман айттын алгачкы үч күнүнүн биринде курмандык чалуу важип болуп саналат. Калган үч мазхап боюнча, курмандык чалуу сүннөт. Куранда: «Эгеңе (сыйынып) намаз оку, курмандык чал» (Кавсар сүрөсү, 2). «Курмандык мал-жандыктарын силер үчүн Алланын белгиси катары жараттык...» (Хаж сүрөсү, 36) деп буюрулат. Азирети Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Мүмкүнчүлүгү жете туруп, курмандык чалбаган адам биздин мечитке жакындабасын» (Ибн Маажа, Адахи, 2). Имам Азам агымынын аалымдары мына ушул хадиске таянып, курмандыктын важип болгондугун айтышат. Дагы бир хадисте: «О, эл-журт! Ар бир үй-бүлөгө ар жыл үчүн бир курмандык чалуу керек» (Тирмизи, Адахи, 18) делет.
Курмандык - бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тооба келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-нематтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.
Курмандык чалуунун диний өкүмү кандай?
Ханафи мазхабы боюнча, курмандык чалуу важип. Мунун далили «Раббиң үчүн намаз окугун жана (жандык) союп, курмандык кылгын» (Кавсар 108/2) аяты менен Хаж сүрөсүндөгү 28, 34 жана 36 аяттар. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын «Мүмкүнчүлүгү болуп турса да курмандык чалбагандар биздин намаз окуучу жерибизге жакындашпасын» деген хадиси да буга далил.
Курмандык чалуу кимдерге важип?
Курмандык чалуу: Акылы жайында, эркин, жолоочу болбогон жана динибизде бай деп эсептелген мусулмандарга важип. Бай деп эсептелүү үчүн ар кандай муктаждыктарынан тышкары 80г алтынга же буга тете акчага же байлыкка ээ болушу керек. Бир үй-бүлөдөгү бай деп эсептелген милдеттүүлөрдүн (балакатка жеткендер) ар бири бирден Курмандык чалуусу парз.
Курмандык чалбай, анын ордуна садага берилсе, курмандык чалынган болуп эсептелеби?
Курмандык чалуу ибадаты курмандыкка чалынган мал-жандык аркылуу ишке ашат. Курмандык чалганда жандыкты союп, кан агызуу керек. Болбосо, курмандык чалуу ибадаты аткарылбаган болуп эсептелет. Мындан тышкары кылынган нерселерге курмандык деп айта алабыз. Ошондуктан назир атоодо же курман айт майрамында союлуучу мал-жандыктын ордуна анын акчасын колунда жокторго берсек, курмандык чалуу ибадатын аткарбаган болобуз.
Курмандык качан чалынат?
Курман айттын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү курмандык чалууга болот. Курмандыкты биринчи күнү чалуу абзел. Айт намазы окулган жерлерде курмандык айт намазынан мурда союлбашы керек. Бул Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын буйругу. Айт намазы окулбаган жерлерде айт күнү багымдат намазынын убагынан баштап курмандык чала берсе болот. Курмандыкты айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга мүмкүн.
Курмандыкка чалынуучу мал-жандыктар кайсылар?
Курмандык кой, эчки, төө жана уй түрлөрүнөн гана чалынат. Буйволдор да уй тукумуна кирет. Курмандыктын жашы боюнча төмөнкү шарттар талап кылынат: кой-эчки 1 жаш болушу керек. Эгер 8 айлык козу 1 жашка чыккан токтудай тулку бою ири жана семиз болсо, аны курмандыкка чалууга уруксат берилет. Уй түрү эки жашты толуктап үчүнчү жылга кирген болушу кажет. Ал эми төө беш жашка толгон болушу керек.
Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок-өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт. Курмандык – бул өзүнчө ибадат. Аны аткаруу таризин Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз өзү көрсөтүп кеткен. Мына ошол көрсөтмө боюнча гана союлган мал курмандык болуп саналат.
Курмандыкты ортоктошуп союуу.
Кой-эчкиден бир гана курмандык болот. Ал эми уй жана төө түрүнөн болсо эң көп жети курмандык болот. Демек, кой-эчкини биргелешип курмандыкка чалууга болбойт. Аны бир гана киши чалышы керек. Уй же төө түрүндөгү курмандыкты эң көп жети киши биргелешип сойууга болот.
Курмандыкка биргелешкен адамдардын баары мусулман, Жаратканга ибадат кылуу ниетинде болушу керек. Ошондой эле бардыгы важип же мандуп болгон курмандыктардын бирине ниет кылуулары кажет. Эгер араларынан бири гана эт алуу үчүн ортоктош болсо, бардыгынын курмандык ибадаттары жараксыз болуп саналат.
Ортоктош союлган курмандыктын этин таразага тартып бөлүшүү зарыл. Курмандык көз божомол менен бөлүнбөйт.
Курмандык чалынып жатканда эмнелерге көңүл буруш керек?
Алгач курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алпаруу кажет.
Малды мүмкүн болсо өз ээси сойгону дурус. Мүмкүн болбосо дайындаган өкүлү сойот. Малды сойо турган адам курмандыкты кыбыла тарапка карата жаткырып, «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп мууздайт. Курмандыктын ээси жанында туруп төмөнкү аятты окуйт: «инна солаатии ва нусукии ва махйаайа ва мамаатии лиллаахи роббил-ааламиина лаа шариика лаху» (Анаам сүрөсү, 162). Аяттын маанисин дуба иретинде да айтса болот. Аяттын мааниси төмөнкүчө: «окуган намазым, курмандыгым жана башка ибадаттарым, жашоо-өмүрүм жана өлүмүм ааламдардын эгеси Алла Таала үчүн гана. Анын эч бир шериги жок»
Шариятка ылайык мууздоо үчүн мал-жандыктын дем алуу түтүгүн, кекиртегин жана бул экөөнүн жанында орун алган эки кан тамырды (күрөө тамыр) кесүү зарыл. Имам Азамдын пикиринде, мунун эң азынан үчү кесилсе жетиштүү болуп саналат.
Малды өткүр бычак менен мууздап, жаны чыкканга чейин башы денесинен бөлүнбөшү керек. Ошондой эле жаны чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.
Мал-жандыкты кыбыла тарапка каратып мууздоо сүннөт болуп эсептелет. Уй жана кой түрү сол ыптасынан жаткырылып, ал эми төө алдыңкы сол буту байланып өйдө турган калыбында мууздалат.
Курмандык этин пайдалануу.
Курман айтта союлган курмандык малдын этинен өз ээси да, башка адамдар да пайдалана алат.
Курмандыктын этин үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө калтырып, экинчисин жоро-жолдошторуна, үчүнчү бөлүгүн кедей-кембагалдарга таратуу мустахап болуп саналат. Муктаж болсо, эттин бардыгын өз үй-бүлөсүнө калтырса да болот. Кааласа, бардыгын кайыр-садага кылып жиберүү да мүмкүн.
Курмандыкты ээсинин атынан сатууга же ээсине киреше алып келчү башка бир нерседе колдонууга шариятта уруксат берилбейт. Курмандыктын этин же терисин өз ээси сатса, андан түшкөн акчаны кайыр-садага кылышы керек.
Касапчынын акысы курмандыктын этинен берилбейт. Ага өзүнчө акча төлөп берүү кажет.
Курмандыктын терисинен жайнамаз ж.б. жасоого болот.
Курмандыктын этинен мусулман эместерге да берсе болот.