Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Башка диндердеги майрамдар

Мазмуну


Док. Мурзараимов Б.


Дүйнө жүзүндө өкүмү сүрүп жаткан бир нече дин бар. Бул диндердин өкүлдөрү ишенген динине жараша ибадаттарын, диний ритуалдарын жана үрп -адаттарын аткарышат. Диний ибадаттар жана ритуалдар алардын жашоосуна сиңип калган. Дин ар кандай себептер менен адамдарды бир идеянын алкагында кармап турат. Диний майрамдар адамдардын коомдук жашоосунда маанилүү орунду ээлейт. Анткени диний майрамдар бөлөк майрамдарга караганда адамдардын аң-сезиминде ыйык каралат. Азыркы учурда ири диндердин катарына кирген Ислам, христиан, иудаизм жана индия диндери дал мына ушундай өзгөчөлүктөргө бай. Бул макалада Исламдан башка диндерде кандай майрамдар бар экендиги жана алардын таризи тууралуу сөз кылмакчыбыз.


Иудаизм дининдеги майрамдар


Иудаизм дининде бир нече майрам бар. Бул майрамдар алардын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ. Анткени алар күнүмдүк ибадаттар менен кошо майрамдар аркылуу да кудайга сыйынышат. Иудаизмдеги негизги майрамдар - «Рош Хашана», «Йом Киппур», «Песах» (пасха), «Шавуот», «Суккот», «Сим ха Тора», «Пурим» жана «Ханука» майрамдары.
Рош Хашана майрамы жөөттөрдүн жыл эсебинин башталышы болуп эсептелет. Мусулмандар сыяктуу жөөттөрдө да жыл саноо ай календары боюнча жүргүзүлөт. Ошондуктан жөөттөрдүн бул майрамы Тишри (сентябрь – октябрь) айынын биринчи күнүнөн башталып, эки күн уланат. Бул күндөрү жөөттөр убактысын ибадат жана тобо кылуу менен өткөрүшөт.
Йом киппур майрамы Рош хана майрамынан кийин башталат. Бул майрамды жөөттөр жалаң гана ибадат менен өткөрүшөт. Ошондой эле жыйырма алты саат орозо кармалат. Эч кандай жумуш кылышпайт. Майрам күнү иштөө күнөө деп эсептелет.
Песах майрамы Египеттеги кулчулуктан кутулган күндүн урматына майрамдалат. Бул майрам апрель айынын он бешинде башталып бир жумага созулат. Песах майрамында ачыткысыз бышырылган нан жешет.
Шавуот майрамы Тоораттагы «Он буйруктун» Кудай тарабынан Муса пайгамбарга берилишинин урматына майрамдалат. Бул майрам эки күнгө созулат жана ибадат кылуу менен өткөрүлөт.
Суккот майрамында жөөттөр үйлөрүнүн жанына чатыр тигип, ал чатырдын ичинде оюн–зоок уюштуруп, көңүл ачуу менен өткөрүшөт. Жөөтөр Египеттеги кулчулуктан кутулганда кырк күн чөлдө калышкан. Ошонун урматына Суккот майрамын майрамдашат.
Сим ха Тора майрамы жыл сайын бир жолу Тооратты баштан-аяк окуп чыккандан кийин майрамдалат. Ар бир жөөт жылына бир жолу Тооратты баштан-аяк окуп чыгууга милдеттүү. Бул майрам синагогдо майрамдалат. Эгерде кимдир-бирөө Тооратты жерге түшүрүп жиберсе же ага урматсыздык кылса, отуз күн орозо кармашы керек.
Жогоруда аталган майрамдар жалаң гана диний өзгөчөлүктөрдү камтыйт. Ал эми Пурим жана Ханука майрамдары болсо улуттук майрамдардын катарына кирет. Бул майрамдарды алар ар кандай оюн-зоок менен өткөрүшөт.


Христиан дининдеги майрамдар


Христиан дининдеги диний майрамдарга төмөндөгү майрамдар кирет: Ноел, Пасха, Мариям эне күнү жана Эвхаристия майрамдары. Ноел майрамы христиандарда Иса пайгамбардын туулган күнү катары майрамдалат. Иса пайгамбардын туулган күнү христиан агымдарында ар кандай даталарга туура келет. Ар бир агым өзүнө тиешелүү даталарда майрамдашат. Мисалы, Батыштагы христиандар бул майрамды 25–декабрда майрамдашса, Чыгыш жана Армян чиркөөлөрү бул майрамды 6–январда майрамдашат. Ноел майрамына бир күн калганда христиандар чиркөөдө жана үйлөрүндө оюн–зоок менен көңүл ачышат. Майрам күнү конокторго дастаркон жайып даам таттырышат жана жакындырына зыярат кылышат. Бул майрам эң алгачкы жолу 336–жылы Римде майрамдалган. Азыркы учурдагы христиандардын көпчүлүгү бул майрамды 31–декабрда майрамдашат.
Пасха майрамы христиандарга жөөттөрдөн кирген. Христиан дининин алгачкы доорлорунда бул майрам ар бир жекшемби күндөрү майрамдалып турган. Ал христиандардын ортосунда өзгөчө мааниге ээ. Майрам учурунда христиандар ар кандай тамактарды бышырышып, чиркөөдө жана үйлөрдө жешет. Жумуртка жана балык сыяктуу тамактарды жебей, орозо да кармашат. Чиркөөлөрдө Исага сыйынуулар жүргүзүлөт. Православ чиркөөсү менен Католик чиркөөсүнүн ортосунда бул майрамды майрамдоо боюнча айырмачылыктар бар.
Мариям эне күнү деп аталган майрамда христиандар өзгөчө дубаларды кылышат. Мариям энеге багыштап ыр ырдашат жана көңүл ачышат. Бул майрам эң алгачкы жолу 1477–жылы Римде майрамдалган. Ошол күндөн тартып майрамдалып келет. Жылына бир жолу аткарылат жана датасы жылдан жылга өзгөрүлүп турат.
Эвхаристия майрамы - христиандардын эң негизги майрамдарынын бири. Бул майрамды биздин тилге «нан–арак» майрамы деп которсок болот. Католик протестант христиандары бул майрамды жылына бир же төрт жолу майрамдашса, православ христиандары ар бир ишемби күнү майрамдашат. Ал эми католик христиандары күн сайын эртең менен майрамдашат. Бул майрамдын өзгөчөлүгү христиандар нан менен аракты (шарапты) аралаштырып ичип жешет. Нан Исанын денеси, ал эми арак болсо, Исанын каны деп эсептелет. Ким ушул эки нерсени биргеликте жесе Иса алардын жанына келет деп ишенишет.


Индуизм дининин майрамдары


Индуизм ишениминде да диний майрамдар абдан көп. Башка диндерге салыштырмалуу эң көркөмдүү майрамдар жана диний ритуалдар ушул динде аткарылат. Алардын эң негизгилеринен болуп «Сома» деп аталган курмандык чалуу майрамы болуп эсептелет. Бул майрамда алар ар кандай даамдуу тамактарды даярдашып ар бир уруу өзү ишенген кудайына же айкелине тартуулашат. Ошондой эле ал айкелдин жанында ар кандай диний ибадаттарды аткарышып, йога кылышат. Йога аркылуу алар өздөрүн кудайлар менен бирге болдук деп эсептешет.

Башына