Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Ушак айтуу

Мазмуну

Шакиров Мурзали

            Ар бир адамдын мал-мүлкү, жаны да, намыс-укугу да корголууга тийиш. Буларга доо кетире турган айрым жагымсыз жүрүм-турум жана мүнөздөр бар. Ошондой мүнөздөрдүн эң ыпластарынын бири – бул ушак айтуу.
Ушак - бир адамдын артынан айыбын же кемчилигин айтуу, жалган жалаа жабуу. Адамдын жүрүм-турумун, келбет-көрүнүшүн, адеп-ахлагын жамандоо ушак болуп эсептелет. Жада калса, кийген кийимине, үйүнө, мүнөзүнө, аны кедей деп теңсинбей кемсинтип башка бирөөгө айтуу да аны ушактоого жатат. Жанындагы адамды кол менен жаңсап же кыймыл-аракет менен кемсинтүү, айрыкча адамдын сүйлөгөн сөзүн, кыймыл-аракетин тууроо, аны келекелеп шылдыңдоо-ушактын дагы бир түрү. Анткени тууроо адамга катуу, терс таасир берет. Аз. Айша (р.а): Бир күнү үйүбүзгө бир аял келди. Ал кеткенден кийин колум менен анын боюнун кыска экенин ишарат кылдым. Пайгамбарыбыз мага :«Сен ал аялды ушактап жатасын» деди. Ушактоо тууралуу ыйык китебибиз Курани каримдин «Хужурат» сүрөсүнүн 12-аятында мындай деп айтылат: «Эй момундар, көп шек-күмөндөрдөн сактангыла! Анткени кээ бир күмөндөр күнөө! (бирөөнүн артынан) тыңчылык кылып жүрбөгүлө, бири-бириңди ушактабагыла! Силердин ичиңерден ким өлгөн досунун этин жегиси келет?! Мына, жаман көрдүңөрбү?! (ушактын күнөөсү мындан да артык, ушактан оолак болгула)! Алладан корккула! Албетте, Алла тоболорду кабыл этүүчү, Мээримдүү». Алла таала ушак айтууну өлгөн бир тууганынын этин жегенге окшоткон. Өлгөн адам өзүн-өзү башкалардан куткаралбаса, жаныңда болбогон адам да ошол убакта ушакталганын билбегендиги үчүн ушак сөздөн өзүн куткаралбайт. Ошондуктан бирөөлөрдүн артынан ушак сөз сүйлөө өлүктүн этин жегенге барабар болуп эсептелет. Бул салыштыруу адеп-ахлак жана диний жактан алып караганда канчалык жаман мүнөз экендигин көргөзүп турат. Мындай жийиркеничтүү абалдан момундар өзүн-өзү сакташы керек.

Ушак айтууга багыт берген бир канча жол бар. Мисалы: Башка бирөөгө болгон душмандыгынан же болбосо ага көрө албастык кылып, өзүнүн күнөөсүн башкасына жүктөп, өзүн актап көргөзүү, текеберленүү, башкаларды теңсинбөө, кемсинтүү же шылдыңдоо сыяктуу жаман нерселер ушакка алып барган жолдордун себептери болуп эсептелет
Себептер.
1-Кек сактоо. Бир адам башка бир адамга кандайдыр себеп менен ачууланган учурда, ал жөнүндө жаман сөз сүйлөнсө, ага кошулуп жамандайт. Кек сактоо ушак сөздүн негизги себепчиси.
2-Кээде достор бир киши жөнүндө ушакташат, ал да досторунун сөзүн колдоп аларга кошулушу мүмкүн. Эгер досторунун сөзүнө кошулбаса, достуктан айрылып калуудан коркуп башкаларды жамандоого аргасыз болот.
3-Эгерде бир кишиге жаман иш жасаганы айтылса, ал ишти башка бирөөгө жүктөөгө аракет кылат. Же болбосо башкалардын айыбын ачуу менен өзүнүн жүгүн жеңилдетүү үчүн ушак айтат. Ал ишти тиги же бул киши менен чогуу жасадык, деп айыбын башкаларга жүктөп коюуга аракет кылат. Анткени адамдын табиятында ушундай нерсе бар.
4-Текеберленүү, теңсинбөө үчүн, анын акылы жок, пайдасыз сөздөрдү сүйлөйт деп ушактоо менен эл алдында өзүнүн кадыр-баркын жогорулатуу үчүн башкаларды жамандайт.
5-Көрөалбастык. Айрым адамдар бирөөнү мактап, ага сый-урмат кылганды көрсө, ал адамды көралбай ал жөнүндө ушак таратат. Мындай учур достордун арасында көбүрөөк кездешет.
Бул туурасында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай дейт: «Мираж кечесинде асманга көтөрүлгөнүмдө бир жамаат көрдүм. Эттери жулунуп өз ооздоруна тыгылып жатыптыр. Ошол эле убакта аларга мындай сөздөр айтылып жаткан эле. Досторуңардын эттерин жемекчи болдуңар эле эми жегиле!....Мен мындай кырдаалды көргөндө «Эй Жабраил булар кимдер?» деп сурадым. Жабраил: булар сенин үммөтүңдүн ичиненушак айткан адамдар» деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дагы бир хадисинде: «Ушактан сактангыла, чындыгында ушак зинадан да жаман. Анткени киши зина кылат, бирок артынан чын ыкласы менен тообо кылса Алла таала аны кечириши мүмкүн. Бирок ушак айткан адамды, ушакталган адам кечирмейинче Алла таала да кечирбейт» деп айткан.
Азыркы учурда ушак айтуу көнүмүш адат болуп калды. Дайыма ушак айтуунун себеби - кудайдан коркуу сезиминин аздыгы же жоктугу.
Ушак айтуунун төмөнкүдөй түрлөрү бар:
1-Дене кемчилигин айтуу (ушактоо): кылый көз, бир көзү көр, аксак, таз баш, боюу кыска же узун, өңү сары же кара, семиз же арык сыяктуу адам кемчиликтерин келекелеп, шылдыңдап, кемсинтип айтуу. Адамдын дене кемчилигин айтып кемсинтүү ал адамды эмес, аны жараткан Алла тааланы кемсинтүү болуп эсептелет. Тескерисинче, ошол адамдан үлгү алуу керек. Алла таала майып адамдардын бизге сабак болуулары үчүн,  аларды көрүп көбүрөөк шүгүр кылуубуз үчүн жараткан. Эгер Алла таала кааласа, бизди да ошондой кылып жаратып коёр эле.
2-Тегин жамандоо: Атасы жаман киши, сараң адам, бой көтөргөн адам, энеси жаман, ушул уруунун балдары деген сөздөрдү айтуу.
3-Мүнөз ушак: Мактанчаак, мүнөзү начар, сараң, зыкым, ташбоор, бойкөтөргөн, адепсиз деген сөздөрдү айтуу.
4-Диний ушак: жалганчы, аракеч, элдин акысын жеген, намазын убактында окубайт, зекетин бербейт, ата-энесинин тилин албайт, орозо кармабайт деген сыяктуу ушак сөздөрдү айтуу.
5-Кийим ушак: Кийген кийими кең же тар, узун же кыска, таза же кир деп ушактоо. Ушулардын баары ушак. Мындай ишке баруу арам деп эсептелет. Адам ушак сөздөн алыс болуу үчүн, өз кемчилигин сезип, аны оңдоого аракеттенүү керек. Кемчиликсиз адам болбойт. Ар бир адам өз кемчилигин оңдоого умтулушу абзел.
6- Ушактаган адамды колдоо. Ушак айткан адамды көкүтүп, көбүрөөк сүйлөтүү. Ушак айткан адамды угуп отурган адам да ушак айткан сыяктуу. Анткени ушакты угуу ага колдоо бергендик болот. Бул туурасында Пайгамбарыбыз : «Ушакты уккан адам да, ушактаган адамдай» деп айткан.
Ыйык динибиз Ислам ушак айтууга тыюу салат. Ушак айтуу мындай турсун, бирөөгө жаман күмөн саноону да тыят. Анткени ушак айтуунун терс жактары айтпаса деле көрүнүп турат. Ар адам кемчиликти башкалардан эмес өзүнөн издеши керек. Ушак айтуудан сактануу үчүн ушак кылып жаткан учурда Алла тааланын суракка аларын жана азапка тартарын унутпашыбыз керек. Ушак сооп иштерди жокко чыгарат. Кыямат күнү ушакталган адамга жасаган жакшы амалдарынан берилип, сообу жок болсо, ошол адамдын күнөөсү ушактаган кишиге жүктөлөрүн дайыма билүүбүз керек. Кыямат күнү өлүктү жегенден жана Алланын азабына дуушар болуудан оолак болуубуз керек.

Башына