Бешинчи сан

Дин менен каада-салтты кантип айырмалайбыз
Мазмуну
Токонов. Кубанычбек.
Баарыбызга белгилүү, азыркы учурда элибизде дин менен каада-салттарды алмаштырып, бирин экинчисинен айырмалабай калган учурлар кездешүүдө. Бирибиз каада салтты дин катары кармансак, бирибиз динди каада-салт катары кабылдап жатабыз.
Ата-бабадан калган мурас салтка айланып, калктын калың катмарына терең сиңип, ооздон оозго өтүп, айтыла берет эмеспи. Кагаз бетине түшүп колжазмага айланган соң анын автору ким экени билинбей элдик болуп калат тура. Бирок ар улуттун каада-салты, үрп-адаты, макал-лакаптары, дастандары, дүйнө, адам жана турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрү бар. Учурубузда элибиз каада-салт, үрп-адат дин деген сөздөрдү туура эмес түшүнүп, туура эмес колдонуп жатканын көрүп-билип жүрөбүз.
Ошондуктан ата-бабадан калган салт, үрп-адат, каада жана диндин маани- маңызын так билүүбүз парз. Анда алгач салт, үрп-адат жана каадалардын маани маңызына көңүл бурсак.
Салт- укумдан тукумга өтөт. Узак убакыт бою сакталуучу коомдук жана маданий мурас элементтери, белгилүү бир коомдук тартип, жүрүм-турум эрежелери, дөөлөттөрү, идеалары, каадалары, адаттары.
Демек, салт муундан муунга тынымсыз өтүп, узак мөөнөт бою сакталып келген социалдык мурастын элементи. Салт сөзсүз түрдө кайталанып турат. Кайталанбаган нерсе салт болалбайт. Бирок эски көрүнүш жаңы муунда ошол бойдон кайталанбайт. Ал сөзсүз жаңы көрүнүштөр жана жаңы нерселер менен азда болсо толукталат.
Үрп-адат , диний ырым-жырымдар, ата-бабалардан бери турмуш-тиричиликте, күндөлүк өмүр жашоодо колдонулуп келаткан эреже-тартиптердин системасы болуп саналат. Аларга курманайт, орозоайт, кой союу, аластоо, ысырык салуу ж. б. атоого болот.
Демек, үрп-адат коомдук психологияга, салт болсо идеалогияга жакын. Каада-салт коомдук мамилелердин негизги принциптерин, муну менен чогуу үрп-адатты, ырым-жырымдарды да өзичине камтыйт. Каада-салт менен үрп-адат экөө тең рухий жана материалдык мамилелердин бардык туруктуу формаларын чагылтат.
Каада сөзү араб тилиндеги «каида» (эреже) сөзүнөн келип чыккан. Ар бир иш өз эрежеси, өз тартиби менен кылынса, оңой да, туура да бүтөт. Себеби бул эрежелер миң жылдар бою иштелип, тажрыйбадан, замандын сынактарынан өтүп келген. Элеман тогуз уулун сүннөткө да отургузбай, үйлөнтпөй да койгон. Ошондуктан эл анын балдарын топ аңги деп аташып, аябай чычалаткан. Элеманды ошол үчүн Төштүк: «Кааданы билбей кайда өскөн,Кагыраган чөлдө өскөн» - дейт
Каада салттардын, үрп-адаттардын компаненти болуп саналат. Ар кандай салттар, үрп-адаттар белгилүү бир каадалардан, башкача айтканда, тартип жана эрежелерден турат. Алсак меймандостук кыргыз элинин орчундуу салттарынан болуп саналат. Ал эми мейман күтүүдө, кыз берүүдө ар кандай каадалар колдонулат. Мисалы, конок каадасы, кыз каадасы сыяктуу сый-урмат көрсөтүүнүн нормаларын каада деп түшүнсө болот.
Каада, үрп-адат жана салт, кайсы коомдо болбосун,ал коом тарыхта кандай диндерди тутунбасын, ошол диндин таасиринде калат. Бирок алар диндин негизи деп эсептелбейт. Ошондуктан диндин эмне экенин да билүүбүз зарыл.
Дин-акыл парасаттуу инсандардын өз каалоолору менен кабыл алган жана аларды эки дүйнөдө тең жакшылык жана бактылуулукка жеткизген Алла Таала тарабынан коюлган бир мыйзам. Ал мыйзам адамдарга жаралуу максатын жана бар болуунун сырын үйрөтөт. Улуу жаратуучу болгон Аллага кандай кулчулук кылуусун үйрөтөт. Жакшы жана пайдалуу нерселерди аткарууга үндөйт.
Эң алгачкы пайгамбар Адам Атадан бери келаткан дин канчалык этаптарды басып өтсө да, анын мазмунунда эч кандай өзгөрүштөр жок. /згөрүү бир гана адам баласынын жашоосунда болуп келет. Ошондуктан Аз. Адам атадан баштап акыр заман пайгамбарына чейин уланып келген дин «Ислам» деп аталат.
Исламдан мурунку самавий (Алла тарабынан келген диндер самавий дин деп айтылат.) диндердин ишеним негиздери туура болгон, бирок кийинки убакта адамдар тарабынан өзгөртүлүп бузулган.
Ислам дини алгачкы инсан жана алгачкы пайгамбар Адам (а.с.) аркылуу келген алгачкы тавхид дини (Адам атадан бери келе жаткан жалгыз Аллага үндөгөн динге тавхид дини деп айтылат) менен башка самавий диндердин эң акыркысы жана эң толугу болуп эсептелет.
Демек, дин менен каада-салттын айырмасы мында: дин Алла тарабынан жиберилген бир мыйзамдар жыйнагы болуп эсептелсе, каада-салт инсандардын коомдук тажрыйбасынын негизинде калыптанган эреже болуп эсептелет.
Жогоруда айтып өткөн каада-салттар, туурабы же туура эмеспи, бир диндин таасиринен пайда болушу мүмкүн. Биз кыргыздар тарыхыбызда Шаманизм динин да, Теңирчилик динин да басып өттүк. Эң акырында Ислам динин кабыл алып, мусулман болуп жашап келатабыз. Ошол басып өткөн диндердин таасиринде пайда болгон каада-салттар азыр да аз да болсо колдонулуп келүүдө. Колдонгон каада-салтыбыз эмнени билдирет? аны билбейбиз. Анысы аз келгенсип аны диндин бир буйругу катары да карайбыз.
Ошондуктан ар бирибиз өз динибизди туура үйрөнуп туура кармансак, дин менен каада-салтты бир бирине аралаштырбасак, ошондо элибизде да жерибизде да бактылуулук ынтымактуулук тынчтык береке болор эле.
Алла Таалам ар бирибизге динибизди туура үйрөнүүнү, дин менен салтты айырмалоону, эки дүйнөдө тең бактылуу болууну насип кылсын. Элибизге, жерибизге тынчтык, ынтымак, береке берсин!