Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Ислам дининде соодагерлик

Мазмуну

Октай Четин

Соода-сатык адам баласынын жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Бардык адамдар күнүмдүк муктаждыктарын толуктоо үчүн соода-сатык кылышат. Кээ бир адамдар соодагерликти кесип кылып, ырыскыларын ошондон табышат. Эгер жашообузга жакшылап көз жүгүртүп карап көрсөк, алдыбызга жалпысынан эки  түрдүү адам чыгат. Биринчиси сатуучулар, экинчиси алуучулар. Ислам дини бул эки тарап бири-биринин акысын жебеши үчүн соода-сатык боюнча эрежелерди коюп, адилеттүүлүктү сактаган.
Ислам динибиз башка бирөөлөрдүн колун карап, кедейликте жашоону эч качан колдобойт. Тескерисинче, эмгек кылуу, ырыскы табуу үчүн маңдай терди төгүү жана арамга кол салбастан адал эмгек кылуу ибадат болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Берген кол алган колдон артыгыраак”; “Өлбөчүдөй болуп бул дүйнө үчүн, эртең өлчүдөй болуп акыр-кыямат үчүн эмгек кылгыла” деп үндөгөн. (Бухари, Зекет, 18; Муслим, Зекет, 94, (103,3); Муватта, Садака, 8, (2,998); Абу Дауд, Зекет 28, (1648); Насаи, Зекет, 52, (5,61). Ошондой эле дагы бир хадисинде: “Кирешенин 9/10 бөлүгү соодагерликтен келет” деп соодагерликке чакырган. Эгер Пайгамбарыбыздын жашоосун карап көрсөк, анын да тажрыйбалуу соодагер болгондугун байкайбыз.

Соодагерликте көңүл бурула турган жагдайлар:

  1. Соода-сатык адамга Алла тааланы унуттурбашы керек.

Соода-сатык иши менен алектенген адам эч качан Алла тааланы эсинен чыгарбай, колундагы байлыкка шүгүр кылышы керек. Анткени адам баласына мал-мүлктү берген бир гана Алла таала. Соодагердин эң чоң катасы Алланы унутуп, көзүн байлык майы басып калуусу. Бул боюнча Алла таала: “Аны эртели кеч аруулай турган кишилер бар. Аларды соодагерлик да,  алды-сатты да Алланы эстөөдөн, намазды толук аткаруудан, зекетти берүүдөн алаксыта албайт. Алар дилдер жана көздөр калтырап кала турган Кыямат күндөн коркушат” (Нур, 36-37) дейт. Алла тааланы эстеген адамдар мындай келип кетүүчү нерселерге алаксып, акыр-кыяматтагы жашоосуна коркунуч туудурбайт. Бул аят бизге бул дүйнө үчүн гана киреше таппастан, акырет жашоосуна да киреше дайындообузду эскертип турат.

  1. Буюмдун кемчилигин жашырбоо

Сатуучуга тиешелүү эң маанилүү нерселердин бири - сатып жаткан буюмунун сапаты. Ошондуктан соодагер буюмдун сапаттуу болушуна көңүл бурушу керек. Эгерде буюмда кандайдыр бир кемчиликтер болсо, анда аларды алуучуга айтуусу мусулман сатуучуга важип. Бул жаатта төмөндөгү хадис өтө зор мааниге ээ:
Ваасила ибн аль-Асканын баяндамасы боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кимде ким бир нерсенин айыбын айтпай алдап сатса, ал Алланын каарына жана периштелердин наалатына калат» дейт. Башка хадисинде болсо: «Чынчыл жана түз соодагер пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана жакшылар менен бирге боло.» деп, чынчыл соодагердин акыбети жогору боло тургандыгын кабарлаган.

  1. Соодада алдабоо

Соодагер үчүн дагы бир маанилүү жагдай,  соода ишинде алуучуларды алдабоо керек. Ибни Умардын айтуусуна караганда, бир адам Пайгамбарыбызга келип, аны соода кылып жатканда алдашканын айтат. Расулулла ага: «Бир нерсе алып жатканда соодагерге «алдоо болбосун» деп айткын» деп алдоонун тыюу салынган нерсе экенин билдирген.

  1. Таразаны туура тартуу

            Тараза тартууда ишеничтен чыккан коом бүтүн адеп-ахлагын жоготот. Ислам дини таразада так болууну буйруп, аз тартып кардарларды алдоого катуу тыюу салган. Мындай көрүнүш бирөөнүн акысын жегенге жол ачат жана коомдук адеп-ахлаксыздыктын башаты болуп эсептелет. Бул жөнүндө Алла таала: «(Ортоңордогу алыш-бериш, соода-сатыктан бир нерсени) өлчөгөн убагыңарда өлчөөнү толук кылгыла жана туура таразада тарткыла. Мына ушул эң жакшы жана кооз-адилеттүү чечим-өкүм» (Исра 35) дейт. Аятта соода ишинде таразаны туура жана так колдонгон адамдар бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да жакшы натыйжаларга туш болору билдирилет. Алла таала дагы бир башка аятында: «(Эй инсандар, өз ара алды-берди мамилеңерде) туура адилеттүүлүк менен тарткыла жана таразадан уруп калбагыла» (Рахман 9) деп айтуу менен бардык мусулмандарга тараза тартууда адилеттүү болууну жана аз тартуу менен башка бирөөгө зыян берүүдөн алыс болууну буйруйт.
Бул туурасында Пайгамбарыбыз биртоп хадисинде соодагерлерге кээбир сунуштарды айткан. Аз. Осмондон риваят кылынган бир хадисте Пайгамбарыбыз: «Сатып жатканда тартып бер, алып жатканда тарттырып ал» деп тартуунун маанилүүлүгүн билдирген. Бул хадис алуучуларга да, сатуучуларга да соодада тартуу-өлчөө ишине катуу көңүл буруулары керек экендигин көрсөтөт.
Жыйынтыктай турган болсок,  жогоруда айтылган жагдайларга көңүл бурган соодагерлер бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да көбүрөөк пайда табышат.


Которгон: Коңурбаев Бакыт

Башына