Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Абдуррахман ибн Авф

Мазмуну

Cебетов Жаркынбай

Бешене тер менен тапкан байлыгыңды бирөөгө бере салуу кандай гана кыйын. Бирок жүрөгүңдө Алла ыраазычылыгы үчүн деген ниет болсо, мындан өткөн оңой нерсе жок. Асры-Саадатта (пайгамбарыбыз жашаган убакта) болгон туугандык карым-катыштар, жардамдар, берилген садагалар ж.б. көптөгөн нерселердин баары ушундай ниет, ушундай максатка такалган. Мал-мүлк керек болсо жан да Алла жана анын элчиси үчүн арналган болчу. Бүгүнкү макалабыздын каарманы болгон Абдуррахман Ибн Авф ошондой адамдардын бири десек жаңылышпаспыз.
Абдуррахман ибн Авф 580-жылы туулган. Исламга кире электеги аты Абдулка же башка маалыматтарга караганда Абду Амр болгон. Ал эми Абдуррахман ысымын ага Пайгамбарыбыз койгон. Ал Исламга эң биринчилерден болуп кирген сегиз адамдын бири. Ошондуктан Курайштын заалымдарынын азап-тозокторуна чыдабай, Эфиопияга көчүүгө да аргасыз болгон. Кийин Медина шаарына көчүү буйрулганда, ал да сахабалар менен бирге ал жакка көчкөн. Аз. Пайгамбарыбыз Ансарлар менен Мухажирлерди бири-бирине биртууган деп жарыялаганда, Абдуррахман Сайид Ибни Рабиге туш келет. Сайид Ибни Раби Мединанын бай адамдарынан болгон. Ал Абдуррахман Ибн Авфка өзүнүн байлыгынын жарымын берүүнү каалады. Бирок Абдуррахман буга көнбөдү жана:
-Тууганым. Алла сага, мал-мүлкүңө, бала-чакаңа береке берсин. Андан көрө сен мага базарга бара турган жолду көрсөтүп кой. Мен соода менен алектенип өзүмдү багайын деди.
Пайгамбарыбыз бул окуяны укканда аябай кубанды жана Абдуррахманга батасын
берди. Көп өтпөстөн байып кеткен Абдуррахман Ибн Авф: Эгер бир таштын үстүнө жата турган болсом, ал таштын астында алтынга же күмүшкө туш болгондугуму көрүп жатам деп соодадагы ийгилигин белгилеп, дайыма аракет кылууга үгүттөп жаткан болчу.

Бир күнү ал Пайгамбарыбыздын: Абдуррахман Ибн Авф бейишке жөрмөлөп кирет” дегенин угуп дароо анын жанына барды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз аны көрөрү менен: “Аллага Карзы-хасен (карыз) бер. Ошондо сенин буттарың түзөлөт деп кеңеш берди.
Кийин Жабрайил келип Пайгамбарыбызга:Ибни Авфка айткын. Конок күтсүн. Кедей-кембагалдарды тойгозсун. Өзүнөн бир нерсе сурап келген адамды кур кол жөнөтпөсүн. Булар нематтын жоголуусуна тоскоол болот деди.
Абдуррахмандан мынча байлыкты кантип таптың дегенде ал минтип жооп берген:
-Киреше аз болсо да, көп болсо да, ыраазы болдум. Эч бир кардарды нааразы кылбадым. Жада калса бир күнү бир төөнү өз баасына саттым. Бир гана жиптери пайдага калды”
Аз. Пайгамбардын өлүмүнөн кийин бир күнү Мединада адамдар топтолуп калды. Аз. Айша мунун себебин сурады. Ага Абдуррахмандын кербенин келгенин айтышканда ал:
-Расулалла мындай деген: Абдуррахман сыраттан өтүп баратып түшүп кетейин
деди, бирок түшпөд.” Бул сөздөрдү уккан Абдуррахман беш жүз төөлүк кербенин жүктөрү менен баарын Алла ыраазычылыгы үчүн элге берип жиберген. Анын мындай кайрымдуулук иштери бир гана жогорудагы менен чектелүү эмес. Ал мындан башка да көптөгөн байлыгын Алла жолунда садага кылган. Үч жолу мал-мүлкүнүн жарымын тараткан. Ухуд согушунда отуз кулун бошоткон. “Жайшул –Усра” деп аталган Табук согушу үчүн байлыгынын баарын берген. Пайгамбарыбыз каза болгондон кийин багын кырк миң динарга сатып, акчасын Пайгамбарыбыздын аялдарына бөлүп берген. Аз. Айшага бул акчаларды алып келишкенде буларды ким бергенин сурайт. Абдуррахман Ибн Авфтын берип жибергенин айтышканда, ал:Аз. Пайгамбар:
-Менден кийин Алланын сабырдуу кулдары силерге боорукерлик менен мамиле
кылышат. Алла таала Абдуррахман Ибн Авфка бейиштин булактарынан тойо тойо ичүүнү насип кылсын дегенин айткан.

Табук согушунан кайтканда Пайгамбарыбыз даарат ушатуу үчүн алыс басып
кеткен болчу. Сахабалар багымдат намазынын убактысы өтүп кетпесин деп Абдуррахманды имамдыкка өткөрүп намаз окуй башташты. Пайгамбарыбыз келип алардын намаз окуп жатканын көрүп, экинчи ирекеттен кошулду. Намаз бүткөндөн кийин: “Жакшы кылдыңар. Бир пайгамбар жакшы бир адамдын артынан кылмайынча руху алынбайт деп Абдуррахман Ибн Авфтын баркын жана даражалуу адам экенин билдирген. Башка бир хадисинде:Абдуррахман Ибн Авф жердегилер жана асмандагылар жанында ишеничтүү адам деп айткан. Жана бир хадисинде Абу Бакир бейиште. Умар бейиште. Осмон бейиште. Али бейиште. Талха бейиште. Зубайр бейиште. Абдуррахман Ибн Авф бейиште деп айткан.
Бардык нерсесин Алла ыраазычылыгы үчүн багыштаган, өтө берешен адам
болгон Абдуррахман Ибн Авф 653-жылы 75 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Башына