Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Шүгүр

Мазмуну

Имаров Кубатали

            Шүгүр бизге берилген белек. Алланын берген ырыскыларына сөз, кыймыл-аракет жана жүрөк аркылуу билдирилген ыраазычылык.
Сөз менен кылынган шүгүр - ырыскы бергенди эскерүү, аны мактоо жана ыраазычылыгын тили менен айтуу.
Кыймыл-аракет менен кылынган шүгүр - денедеги органдарды Алла ыраазычылыгы үчүн колдонуу. Башкача айтканда, жакшы иштерди аткаруу, элге, динге пайдалуу иштерди кылуу.
Жүрөк менен кылынган шүгүр - ырыскы бергенди таануу жана жүрөк менен аны тастыктоо.
Тил жана жүрөк менен кылынган шүгүр толук болбой калат. Ошондон улам толук шүгүр кылуу үчүн буларга кыймыл-аракетти да кошуу керек. Алла таала бардык нерсени бир максат жана себеп менен жаратканындай эле, ырыскыны да адамдарга бир максатты көздөп берген. Улуу Алла таала инсанды жоктон жаратып жана ага ар түрдүү немат бергендиги үчүн шүгүр кылуусу керектигин Куранда мындайча билдирет: «Алла силерди энеңердин курсагынан бир да нерсе билбеген абалыңарда чыгарды жана шүгүр кылууңар үчүн силерге кулак, көздөрдү жана дилдерди (жүрөктөрдү) берди». Алла адамга баш берген. Мунун шүгүрү үчүн сажда кылуусун каалайт. Бут берген, мунун шүгүрү үчүн кызмат жана ибадат кылуусун каалайт. Кыскасы. берилген бүтүн нематтарга шүгүр кылуу үчүн аларды Алла жолунда колдонуу керек.
Чындыгында Алла Таала адамдардын шүгүрүнө муктаж эмес. Анын улуулугу, кудайлыгы кайсы бир адамдын шүгүр кылуусу же кылбоосу менен эч качан төмөндөп же жогорулап кетпейт. Бардык нерсеге күч-кудурети жетет. Куранда: «Ким шүгүр кылса, анда албетте ал жалаң өзү (пайдасы) үчүн шүгүр кылат. Ким шүгүрсүздүк кылса, анда албетте Раббим (анын шүгүр кылуусуна) муктаж эмес жана ал берешен, жоомарттык ээси» . (Намл 27/40).
Аятта айтылгандай, адам баласы шүгүр кылуу менен өзүнө гана пайда алып келет. Ал эми шүгүрсүздүк менен Алла таалага кыпындай да зыян келтире албайт. Дагы бир аятта: «Ант болсун, эгер берген нематтарыма шүгүр кылсаңар, албетте (аларды дагы да ) арттырамын». (Ибрахим 14/7).
Адам байыганда жана чоң күчкө ээ болгондо мүнөзү өзгөрүп, катуулашып, көөп, заалым боло баштайт. Ал эми шүгүр болсо, адамды мындай жаман көрүнүштөрдөн сактап, бир калыпта кармап турат. Шүгүр кылган пенде, колундагы жыргалчылыктардын Алла тарабынан келгенин билет жана аларды Алла жолунда колдонууга колунан келген күч-аракетин жумшайт. Аз. Сулайман байлыгына жана даражасына карабай, өтө жөнөкөй болгон. Колундагы байлыгына көзү тумандап жаман жолго түшүп кеткен Карундун жаман акыбетке учурашынын негизги себеби да шүгүр кылганды билбегендигинде болуп жатат.
Эми шүгүргө байланыштуу аз. Пайгамбарыбыздын турмушунан бир-эки мисал берип кетсек. Себеби ал биз-мусулмандар үчүн жашоонун кайсы жагдайында болсо да өрнөк эмеспи. Пайгамбарыбыз өзүндө болгон нематтардын башкасында болбогонун көрөрү менен дароо Аллага шүгүр кылат эле. Бир жолу катуу ооруган алсыз бир адамдын абалын көрүп, ошол замат атынан түшүп, шүгүр саждасын кылган. Бир нерсенин кадырын билүү жана бирөөдөн көргөн жакшылык үчүн ырахмат айта билүү жетик инсандардын өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз үммөтү жетишкен жакшылыктарга да шүгүр кылуу үчүн дароо саждага барган. Бул туурасындагы көргөн окуясын Сад бин Абу Ваккас мындайча баяндайт: «Бир күнү Пайгамбарыбыз менен бирге Мединага баруу үчүн Меккеден жолго чыктык. Азвара деген жерге келгенибизде Пайгамбарыбыз атынан түштү. Кийин колун көтөрүп көп дуба окуду, андан кийин көпкө чейин башын көтөрбөстөн сажда кылды. Буларды үч жолу кайталады. Бүткөндөн кийин мындай деди: «Жараткандан үммөтүм үчүн шапаат берүүсүн сурандым. Ал үммөтүмдүн үчтөн бирин мага шапаат үчүн берди. Мен да Жаратканга шүгүр кылуу үчүн саждага бардым. Кийин башымды көтөрүп Алла тааладан үммөтүмдү кечирүүсүн сурандым. Ал үммөтүмдүн үчтөн бирин кечирди. Ошондон улам мен да шүгүр саждасын кылдым. Кийин кайра башымды көтөрүп Алла тааладан үммөтүмдү сурадым. Ал мага шапаат кылуу үчүн калган үчтөн бирин берди. Мен да Жаратканга шүгүр кылуу үчүн кайра саждага бардым» (Абу Давуд, Жихад, 162)
Пайгамбарыбыз дайыма мындай деп дуба кылчу: «Аллам! Сени эскерүүм, Сага шүгүр кылуум жана Сага эң жакшы ибадат кылуум үчүн мага жардам бер»
Алланын Расулу: «Момундун иштерине таң калам. Чындыгында анын бүт иштери жакшылык болуп эсептелет. Мындай нерсе момун-мусулмандан башка эч кимде жок. Ага бир немат берилгенде, ал буга шүгүр кылат жана бул нерсе ал үчүн жакшылык болот. Ага бир кыйынчылык келсе, буга сабыр кылат жана бул да ал үчүн жакшылык болот» деп айтуу менен нематтарга шүгүр жана кыйынчылыкта сабыр кылуу момун-мусулман үчүн өтө маанилүү иш экендигин билдирген.
Макаланы төмөндөгү аят менен аяктамакчымын: «Ким дүйнө сообун кааласа, ага ошол эңсеген нерсесин беребиз. Ким акырет сообун эңсесе, ага да эңсеген нерсесин беребиз. Шүгүр кылуучуларга келе турган болсок, аларды сөзсүз сыйлайбыз»

Башына