Бешинчи сан

Абалтан келген салт
Мазмуну
Курманбек Өгөбай. Публицист жазуучу. Бишкек-2006.
Кууралда жанбай курчунан,
Куураган сайын курчуган.
Абройлуу бир уюм дүйнөдөгү кайсыл эл өзүн бактылуу деп эсептей турганын билүү үчүн сурамжылоо жүргүзгөн экен. Ошондо жүздөгөн өлкөнүн ичинен Кыргыз эли бактылуумун дегендердин ОН БИРИНЧИСИ болуп чыгат. Буга таң калууга да, таң калбоого да болот. Таң кала турган жагдайы: туташ саясатташып, экономикасынын сайда саны табылбай калган өлкөнүн элдери кандайча бактылуумун дей алат? деген ой пайда болот. Таң калбай турганы: кыргыз элинин абалтан келаткан менталитеттик касиетине байланышат.
Адатта, бактысыздыктын эмне экенин билбегендер бактылуулукту да баалай албайт. Андайлар курсагы бөксөрсө, бактысызмын деп ыйлайт, курсагы кампайса, бактылуумун деп чамгарактайт.
Өмүр жашоосун ат жалында өткөргөн көчмөн кыргыз эли кудум жаратылыш сыяктуу ач менен токту, бар менен жокту, ачык менен бүркөөнү, жарык менен караңгыны, кайгы менен кубанычты, ый менен күлкүнү, жамандык менен жакшылыкты, күн менен түндү, бакыт менен бактысыздыкты болгонун болгондой сабырдуулук менен кабылдап келет. Ошол себептен азыркы көйгөйдүн түбөлүк эмес экендигине үмүт байлап, эртенки бактысын утурлагандыктан, сурамжылоочуларга «мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм» десе керек. Кыргыз баласынын оозунан эч качан «жаман» деген сөз чыкпайт. Непаада оорусу кабылдап өлүм алдында жаткан адам да көңүлүн сурап барган адамдарга «жакшымын» дейт. Анткени ал эч качан жакшылыктан үмүт үзбөйт. Башкаларды да ошондой сабырдуулукка, эртеңки күнүнөн үмүт үзбөөгө үндөйт. Бул кыргыз элинин жашоону сүйүп, өмүрдү баалагандыгы.
Кыргыз элинин өткөндөгү көчмөн жашоосун азыркылар элестете албагандай романтикалуу болгон десек көпчүлүгүнө түшүнүксүз. Азыркылардын түшүнүгүндө андай жашоо кынтыксыз «жыргализм» болуш керек.
Ал эми көчмөндөр болсо ар бир күнүн жыргал деп кабылдап жашашкан. Алар үчүн бала-чакасы аман-эсен, эли-журту тынч буйруган насибин көрүш чыныгы жыргал болгон. Ошон үчүн алар жашоосундагы ар бир өзгөрүштү акылга калчап кабылдап, келечегине үмүт артып той менен белгилеп, бир эле үй-бүлө эмес, бүтүндөй жана жамаатташ эл менен бирге көрүшкөн. Бул асыл салт Кыргыз жаралгандан уланып келаткан салт, салт жазылбай сакталып келаткан салт
х х х
Непаада кимдир бирөө балалуу болсо, ал бир эле ата-эненин эмес, ага-тууган, бүтүндөй айылдын да кубанычына айланган. Ымыркайдын жарык дүйнөгө келишин Азан чакырып, Жаратканга жалынып, бүтүндөй ааламга жар салышкан. Баланын киндигин кескен киндик эне болуп калган.
Бала төрөлгөн күнү таң эртеден балакайлар айылды түрө кыдырып сүйүнчүлөп, сүйүнчү алып элди кубантышкан. «Буйруса журтубузга дагы бир баш кошулду» деп кубанган чоң-энелер секелектерин ээрчитип, ымыркайды көрүшүп «көрүндүгүн» беришкен. Балалуу болгон үйдө ошол эле күнү «Жентек-той» өткөрүлгөн. Секелектердин улам бири ымыркайды алдына алып отурушуп көрүндүк алышкан. Мындай тойлор айыл элине чактап мал союлуп, чакан таң-тамаша менен өткөн. Ошондой эле элден алыс жашаган куда-сөөк, жакшы санаалаштарга сүйүнчү айтылган. Алар да көп узабай ымыркайды көрүп, аманчылыкты билип кетүүгө келишип катыш уланган. Мындай кубанычтуу күндөрдө «баланын боосу бек болсун» деген тилек айтылган. Жаңыдан дүйнөгө келген баланы «келгин куш» сыяктуу көрүшүп, ошол «куштун» боосу бек болуп өмүрлүү болсун деген ниеттерин билдиришкен. Мындай тилектин мааниси: көчмөндөр өздөрүн учкан куштай бул дүйнөгө келип кетүүчү мейман катары түшүнүшкөндүктөн ошол «меймандын өмүрү узак болсун» деген жакшы санаасын билдиришкен.
х х х
Жоокер көчмөн кыргыз эли кыз балага караганда уул баланы артык көрөт. Анткени уул бала ата салтын улантуучу мураскор саналат.
Бала бир жашка толуп там-туң баса баштаганда тушоо-той өткөрүшкөн. Айылдагы балакайлар жарышкан. Жарыштан чыгып келген балага бөбөктүн ала-жип менен тушалган бутундагы тушоону кестиришип, кой-козуга чейин белек беришкен. Калган балдарды да кур кол койбой белек беришип, уулун катарга кошушкан. «Ушул байкелериңден калышпай тең жарышып, эсен-соо жүрүп, ата-энеңди кубанткан уул бол» деген тилегин жолдошкон. Албетте, той болгондон кийин үй-бүлөнүн оокатына жараша ат чабышка чейинки тамашалар, эр эңиш, оодарыш, көкбөрү мелдештери болгон.
Ал эми бала үчкө, бешке же жетиге толгондо «Сүннөткө» отургузулуп чоң той берилген. Сүннөттүн мааниси мусулманчылык жолун жолдоо менен катар баланын денсоолугуна да өбөлгө түзүүчү жагдайдан улам жүргүзүлгөн.
Мындай тойго адатта, айылдаштардан башка куда-сөөктөр менен катар эл кадырына ээ болгон карылар, уруу башчылары атуулата чакырылган. Той кээде бир жумага созулуп, сый меймандарга атайы мал союлуп, алдына ат мингизип, чапан жаап, аялына жоолук, көйнөктүк кездеме тартуулап узатышкан.
Х Х Х
Көчмөндөр жашоосу негизинен көч менен көчтүн ортосунда өткөн. Ошол себептен көч шаанисине чоң маани берилген.
Иралды малчылар көк кубалап кичи жайлоолорго чыгышып, улам арылап тоо койунуна киришип, улуу жайлоолорго көчкөндөрдү утурлай турушкан.
Улуу жайлоолорго көчүүнүн алдында айыл аксакалдары уруу башчыларынын айланасына топтолушуп, конуш маселесин талкууга алышкан. Эл ичи жер танабына канык көсөм кишилерди ээрчиген. Жигиттер тоо аралап жайлоолордун ыңгайын көрүшүп, кайсы айыл кайсы жайлоону жайлаша тургандыгын элге айтып сөз бекиген. Ошондон кийин көчкө камылга көрүлө баштап, качан, кайсы маалда көч серпилери аныкталган. Ошол учурда бир айылдан кимдир бирөөнүн көзү өтүп кетсе, маркумдун КЫРКАШЫ өткөнчө көч козголбой күткөн. Аза күйүтү басылды дегенде гана маркумдун жесири кара кийинип, кайрылып келерин үмүткө байлап көчкө кошулуп, көч башкаргандардын камкордугуна алынган. Адатта, көч сабынан эч ким бөлүнүп калган эмес. Эгер кимдир бирөөнүн көөлүгү кемчил болуп же дагы бир карыпчылык менен көчтөн кала турган болсо, мындай окуя уруу башынын бетине чиркөө болгон. «Баланчы элин журтка таштап көчө качыптыр» деген сөзгө калган.
Көчкө ар бүлө өз чамасына жараша камынышкан. Эгерде бойго жеткен кызы болсо, анда атасы кызына жакшы ат, адатта, жорго камдап, жакшылап жабдышкан. Үстү-башын жаңылап, башкалардан өзүн кем санабагыдай кылып, Тотудай кулпунтуп алып чыгышкан. Ошондой эле көч шөкөтүнө жаш өспүрүмдөр көп кубанып күтүнүшкөн. Аларга тай, кунан энчилеп, топойто кийиндирип, көңүлүн гүл кылып кубантышкан.
Көч алды эл ичиндеги зергер, усталарга кардар көбөйгөн. Алар, негизинен, кыздардын сөйкө-билериктерин, айымдардын чачуштуктарын бабына келтире жасашып, ат жабдыктарын шайлашкан. Колунан көөрү төгүлгөн уздар ат жабуудан баштап кыздардын такыя-тебетейлери менен үстүнө кийүүчү кийимдерин, байбичелер менен келиндердин элечектерин жасап көргөндүн көз жоосун алып ачышкан.Ошентип, белгиленген күнү жаңы кошуна бет алган.
Бул улуу кыймылды утурлаган малчылар кичи жайлоодон көч тосуп, бир жума өргүтүп узатып турушкан...
Х Х Х
Жайлоодон конуш алуунун да эзелтен калыптанган салты болгон. Башат-булактардын башына конуп алып же малга тепсетип булгоо чоң күнөө болгон. Айыл-айылы менен жамаатташ конгон. Акбоз үйлөр күнгөй менен тескейдеги көкжайсаң түзөңдөргө тигилген.Ээн жаткан тоо койну жанданып, үйлөрдөн түтүн булап, бала-чаканын бака-шакасы, маарган кой, кишенеген жылкы, мөөрөгөн уйлар, өзөндөрдүн шоокуму аралашып, өзүнчө бир шаарга айланган. Адамдар жаратылышка, жаратылыш адамдарга көрк берип, биригип келип Жайлоо ажайып дүйнө көркүн ачкан.
Жайлоо-жаздоосуна келген эл бир жумача баш-аягын жыйып алгандан кийин Өрүлүк шаан-шөкөтү башталат. Мунун мааниси: эриккендиктен эмес, адамдардын бир-биринин «конуш жайлуу болсун» айтышып, эсенчилигин билишип, карым-катнашты улоо вазифасын баштоосу болот.
Жаңы конушка конуунун да илгертен келе жаткан өзүнчө расмилери бар. Жер тандап, шамалдан окчун, жаан-чачында кыян-селден тыш тектирчеге кыркалай конгон айыл экинчи айылды беттеп эшик ачып жайгашат. Үй тигүү жөрөлгөсү да адамдардын «ушул журтубуз акжолтой болсун, бала-чака, мал-жаныбыз эсен-аман, эл тынч, эл ичинде биз тынч бололу» дешип балпайган Чоң Энелер очок-коломтонун ордун тегеректеп көрсөтөт. Чоң аталар уук сайып, Үйдүн эр азаматтары Түндүк көтөрөт. Ошону менен жайлоо ырахаты жадырай баштайт...
X X X
Кыргыз элинин менталитетинде уул үйлөп, кыз берүүгө өтө чоң маани берилет. Алар гендик айкалышты бек сакташкан. Жакын ага-инилер менен тайке-жээндердин ортосундагы никелешүү келечек тукумдун уланышы үчүн канчалык залал экенин ийги билишкен. Ошол себептен кыз берип, уул үйлөгөндө ушул жагына аяр карашкан. Тукумдун таза сакталышына кам көрүшкөн.
Дегинкиси, кыргыз эли кыз баланы сыйлашкан. Ошол себептен орун-очогуна узатарда кыздын ата-эне, ага-туугандары колдон келген сыйын көрсөтүп, аптадан айга созулган оюн-зоок куруп узаган.
Мындайда - кыз-оюн, алты бакан селкинчек» куруп, жаштар түгөл чогулуп, ырчы-чоорчулар менен өнөрпоздор кыз-күйөөнүн урматына айлуу түндө таң аткыча селкинчек тебишип, ак-чөлмөк, жолдош сурамай, дүмпүлдөк деген оюндарды ойногон. Жаштар арасынан бир-бирин сүйүп калышкандар «баланчанын тоюнда таанышканбыз» болушуп, келечекте үй-бүлөө куруну арзуу этишкен.
Уул-келиндин ортосундагы калыс-күбө аркылуу дуба окулуп нике кыйылат. Нике үй-бүлөнүн пайдубалы катары ыйык касиетке ээ болот. Никени бузуу кесир катары кабылданып, келечектеги куттуу журттун кутуна кесир кылуу менен барабар болот. Эки жаштын кол кармашкан убада-шертине нике күбөсү жана эл ичинен шайланган Өкүл ата экөөнүн ынтымак-ырашкерлигине кепил болуп калышат.
X X X
Кыргыз элинин ушул сыяктуу абалтадан келе жаткан асыл салттары бир үй-бүлөнүн бекем ынтымагы аркылуу бүтүндөй журттун ынтымагынын сакталышына негиз түзүү максатын көздөйт. Бардыгы бул расмини ыйык сактап, баш ийишет, улантышат.
Бир караган көзгө кыргыз эли өзүнүн түйшүктүү көчмөн жашоосун баштан-аяк тойго айландырып жыргап өтүшкөн экен деген ойго алынышыбыз мүмкүн. Андай эмес, турмуштун нечен катаал ашуусун ашкан калк жарыкчылыктагы тирүүчүлүгүн бактым деп жакшылыгына үмүт арта жашаган. Азыркылардын тили менен айтканда, биздин эл оптимисттик маанайды эч кимден сураган эмес. Кудум күн нуру сыяктуу үшүгөндөрдүн жүрөгүн жылытып, өз катарына кошуп турган.
Сөз башында мисалга тарткан – бактылуулуктун алдыңкы катарына чыгышы деле калктын эзелден энчи кылган айкөлдүгү менен ар нерсени сабырдуулук менен кабылдаган кеңпейилдүүлүгүнөн деп түшүнүү керек.
Мындай асыл сапаттарга негиз болгон көптөгөн салт-санаалар бар. Ошол көп түр чогулуп келип бир чоң касиетти түзүп, КЫРГЫЗ элинин атын чыгарып турат.
Ал сөздөр алдыда.