Бешинчи сан

Сөзүнөн жаңылган Папа
Мазмуну
Док. Ресеп Өздирек
Католик чиркөөсүнүн башчысы Папа XVI. Германияда Бенедикт шаарында 1969-жылдан 1977-жылга чейин сабак берген Ресенбург Университетинде шейшемби күнү 11-сентябрда сүйлөгөн сөзүндө чиркөөнүн Исламга жана аз. Мухаммеддин (с.а.в.) адамзатка алып келген баалуулуктарына байланыштуу пикирин билдирди. Бул орунсуз сүйлөгөн сөзү дүйнө мусулмандарынын олуттуу реакциясына дуушар болуп дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде күчтүү протесттерди жаратты.
Папа эмне деди?
Папа сүйлөгөн сөзүндө 14-кылымда жашаган Византия императору Мануел Палеологос 2- нин Ирандык бир окумуштуу менен болгон талашында ага айткан төмөндөгү сөздөрүн мисал келтирип: «Мухаммед жаңы эмне алып келди, көргөзчү мага; бир гана жамандык менен адамга жакпаган нерселер. Алып келдим деген ишенимин кылыч менен жайылтууну буйруганы сыяктуу» деп, Исламга жана Аз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) акарат келтирген бул сүйлөмдөрдү кайталады.
Жогорку даражалуу папанын башка диндин пайгамбары жөнүндө мындай сөз сүйлөшү - өтө өкүнүчтүү. Бүткүл дүйнөнүн мусулмандары андан кечирим суроону талап кылганда, ал: «бул сөздөр мага тиешелүү эмес, мен жөн гана мисал келтирдим»-деди.
Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) улуктугун жеткирүү үчүн нечендеген китептер жазылышы мүмкүн, муну далилдөө үчүн жүздөгөн, миңдеген мисалдар келтирилиши мүмкүн. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) адамзатка алып келген баалуулуктарын түшүндүрүү үчүн океанга тете болгон көлөмдүү чыгармалар керек. Биз мында ошол чексиз океандын бир нече тамчысын, урматтуу окурмандарыбыз, сиздердин назарыңыздарга сунмакчыбыз.
Аз. Мухаммеддин адамзатка үлгү болгон кеменгерлиги
1-Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жер жүзүнө чыйыр салган Ислам маданиятын негиздеген. Коомдо болсун, соодада болсун, санатта болсун, экономикада болсун, архитектурада болсун, музыкада болсун, ток этээрин айтканда Ислам маданиятынын кайсы гана жеринде болбосун анын издерин, акылман сөздөрүнүн таасирлерин көрө алабыз. Коомду бириктирип ынтымакты орнотуп, өзүнүн акылмандыгы, айкөлдүгү жана адамгерчилиги менен элине өрнөк болуп көчмөн элге гумандуулукту үйрөткөнүн көрбөстүктөн келүү акылга сыйбас. Дурустугу, адамгерчилиги менен таанылган мусулман соодагерлер дагы адептик изги саппаттарын ошол заттан үйрөнүшкөн.
2-Аз. Мухаммеддин (с.а.в.) мусулмандар аркылуу адамзатка үйрөткөн эң маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири болуп тазалык эсептелет. Ал эми Xристиандардын көрүнүктүү адамдарынын бири Бенедик мырза адам кыйынчылыкка дуушар болгондо гана жуунуусу динге ылайык келерин айтса Франсиз мырза: жуунбаган дене диндарлыкты билдирет- деп аны кубаттаган. Мындай адатка көнгөн адамдардын, тазалык туурасында Аз. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) акылман сөздөрүнө көңүл бурбагандары анчалык таң калтырбас. Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сууга таңкыс кургак чөлдөрдө туулуп өскөнүнө карабастан күнүнө беш маал намаз кылуу үчүн даарат алууну буйруган. Даараты бузулса намаз сайын жаңылап ар дайым таза болууга үгүттөгөн. Сууну үнөмдөөгө көңүл буруп; «бир дарыянын жээгинде болсоңор дагы сууну ысырап кылбагыла» деп, сууга өтө кылдаттык менен мамиле кылган.
Аз. Мухаммед (с.а.в.) мусулмандарга тишти тазалоону үйрөтүп сахабаларына ар дайым тиштерин мисфак менен тазалап турууну буйруган. Азыркы тиш доктурлары 15 кылым мурун жасаган бул иши үчүн анын алдында башын ийип таазим кылуулары керек.
3-Аз. Мухаммед (с.а.в.) кургак чөлдөрдө каатчылыкта жашаган көчмөн жана жарым көчмөн болгон мектеби, китепканасы жок сабатсыз жана билимсиз бир элдин сабатын жоюп билимдүү элге айландырган. Алла Тааланын пайгамбарыбызга (с.а.в.) берген биринчи буйругу «Оку» болгон. Ошондуктан окуу, жазуу, окутуп-үйрөтүү бул Исламдын негизги талабы болгон. Аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «илим үйрөнүү ар бир мусулманга парз» деп буйруган. Ошондуктан мусулмандар бул буйрукка баш ийишип окуп-үйрөнүү жана үйрөтүү жаатында өтө так мамиле кылышкан.
4-Аз. Мухаммед (с.а.в.) Ислам мамлекетинин куруучусу. Кыска убакытта, тактап айтканда 23 жыл ичинде дүйнөдөгү эң чоң мамлекеттердин катарына кирген Ислам мамлекетин негиздеген. Дүйнө жүзүндө мындай кыска убакыттын ичинде курулган андан башка бир нече мамлекеттер бар. Мисалы, Александр Македонский өтө кыска заман ичинде Индияга чейин созулган бардык жерди басып алган. Бирок ал өлгөндө курган мамлекети да кошо ыдырап кеткен. Андан сырткары Чыңгыз хан дагы моңголдорду чогултуп, чоң мамлекет курган. Бирок бул мамлекет да анын өлүмүнөн кийин майдаланып, кыска мезгилде жок болуп кеткен. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в.) түптөгөн Ислам мамлекети убакыттын өтүшү менен күчтөнүп улам кеңейе берген.
5-Аз.Мухаммед (с.а.в.) адамзат тарыхынагы эң улуу лидер жана кеменгер жол башчы. Анын айланасында өзүндөн да пайгамбарыбызда (с.а.в.) артык көргөн, ал үчүн жан берүүгө даяр болгон асхабы бар эле. Алардын аз. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) мынчалык жакын болушунун түпкүрүндө ага болгон сүйүү жана ишеним эле. Башка жол башчылар бийлигин күч колдонуп башкарса ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в.) болсо бул ишти сүйүү менен жасаган.
6-Аз. Пайгамбар (с.а.в.) уруучулдук өкүм сүрүп турган мезгилде ишенимдин (ыймандын), ой-пикирдин негизинде жаралган жакындыктын андан дагы жогору тураарын эч тартынбастан адамзатка үйрөткөн. Өзү түзгөн коому ыйманы, ишеними менен боордош болуп, бүткүл адамзатка үлгү болгон. Меккенин динден безген ыймансыз ак сөөктөрүнөн дагы мусулман карапайым кедейлерге жана кулдарга жакын болгон. Мисалы теги Ирандык Селман Фаристи кул болгонуна карабастан үй бүлөсүнүн мүчөсү катары кабыл алган.
7-Аз. Мухаммед (с.а.в.) дүйнөдөгү жашап өткөн эң улуу жол башчы болгон. Албетте армиясы жана аскерлери жок мамлекет болбойт. Дүйнө жүзүндө армиясы, полициясы, тартип сакчысы жок мамлекетти элестетүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, Ислам мамлекетинин башчысы болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ошол эле убакта Ислам армиясынын жол башчысы да болгон. Мусулмандарды ойрон кылып бүлгүн салууга аттанган Курайш уруусуна каршы Мединада даярлык көрбөстөн дуба кылып эле отуруп аларды күткөн эмес. Мекенине кол салган душмандарына каршы даярдык көргөн ар бир мамлекеттин жол башчысы сыяктуу эле ал дагы сахабаларынан армия куруп, душмандарынын максаттарын таш каптыруу үчүн аларга каршы күрөшкөн.
8-Дүйнөдөгү эң чоң мамлекетти негиздеген аз. Мухаммед (с.а.в.) ошол эле учурда мамлекетти бийлеген улуу башкаруучу болгон. Хандар, негизинен мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, шаан-шөкөт жана салтанат ичинде өмүр сүрүшсө ал эми аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) болсо элдин эң жакыры сыңары жашаган. Бул жагдайды аз. Айша энебиз мындай түшүндүрөт: «Кээде аз. Пайгамбарыбыздын үйүндө үч күнгө чейин от жагылып, тамак бышчу эмес. Жегенибиз көбүнчө курманын кагы же бир сындырым арпа наны боло турган».
9-Аз. Мухаммед (с.а.в.) адеп-ахлакты толуктоо үчүн жиберилген. Ал жашоосу менен жана өзү жетиштирген үлгүлүү урпактары ошол адеп ахлактын изги сапаттарын толуктаган. Биз, мусулмандар, отурууну, турууну, басууну, ичип-жегенди, адамдарга кайрылууну, уктоону ойгонууну, башкача айтканда, күнүмдүк турмушта эмнени кантип жасоо керектигин андан үйрөндүк.
10-Аз. Пайгамбар (с.а.в.) аялдардын укугун коргоп, аларды адам катары көрбөй «аялдардын руху барбы же жокпу, аялдар адам санына киреби же жокпу?» деген негизсиз илимий талаш-тартыштар болуп турган учурда «бейиш аялдардын таман алдында» деп атып, бейишке чыгуу аялдардын ыраазычылыгы менен боло тургандыгын баса белгилеп кеткен.
11-Аз. Мухаммед (с.а.в.) дүйнөдөгү эң чоң укук системасы болгон Ислам укугун түзгөн, аны коомдо ишке ашырып адам укугуна кылдаттык менен мамиле жасаган коомду жараткан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сыяктуу зулумдукту жоюп адилеттүүлүктү орноткон, кулчулукту жоюп азаттыкты орноткон, кордоону жоюп мээримдүүлүктү орноткон адамды түшүнбөгөндөргө Раббим акыл берип туура жолго салсын. Омиин!
Которгон Бакыт Жунусалиев