Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

ДОС

Мазмуну

Вьетнам согушу жаңы гана аяктаган жылдар... Үйүнө кайтып бараткан жоокер Сан Франсискодон ата энесине телефон чалды:
« Ата, апа үйгө кайтып келатам, Бирок силерден чоң өтүнүчүм бар, жанымдагы досумду ала барсам болобу? »
« Албетте, - деди ата – эне кубанычтуу – таанышып алсак кубанычта болот элек.
«Бирок…- деп мукактана калган жоокер андан ары шар кетти – Айта турган нерсе, ал согушта оор жарадар болгон, мина басып алып оң колу менен оң бутунан ажырап калды. Эми анын барчу жери да жок, ошондуктан биз менен чогуу биротоло калса дейт элем»
Өңү бир аз кубара түшкөн ата,
«Кандай гана өкүнүчтүү, мейли келсин, балким биз аны жайгаштырууга башка жер таап бере алаарбыз»
«Жок ата деди так кесе мен анын биз менен гана жашашын каалайм»
«Эх балам, - деди атасы көшөргөн калыбында Майып адамдын биз үчүн канча жүк болоорун билбейсиңби? Ар кимдин өз жашоосу бар, туурабы, анан өзүң ойлонсоң, андай немелердин биздин турмушка кедерги болушуна жол берүүгө болобу деги? Кой уулум, ал досуңду эмтеден унут да тезирээк үйгө кайт. Өз кара жанынын камын өзү көрсүн»
Бул жоопту күтпөгөн болсо керек. Жигит оор  үшкүрүнүп алды да эч кың дебей туруп телефонду коюп таштады. Жаңы эле уулунан кабар алып кубанып отурган ата-эненин кубанычына суу сепкендей эле болду. Анан барып:
«Балким катуу айтып шагын сындырып койгондурмун, бирок чындыгын айттым да. Акылы бар эмеспи түшүнөөр. Көрөсүң бир эки күндөн кийин эле келип калат деп жооткотуп жатты атасы көз жашын кылгыртып отурган аялын.
Ошону менен бир топ убакытка чейин жигиттен эч кабар болгон жок. Эми ошончо согуштан аман келиптир, өз элинде эмне болмок эле дегендей ата эне да тымызын санааркап коюп күтүп жата беришти. Чынында ошончо чоң штаттын кыжы кыйма элинин арасынан деле издеп көрүүнү кыямат көрүп турушту.Арадан жума өттүбү өтпөдүбү, айтор бир күнү Сан Франсиско полициясынан чалып калышты. Трубканы алып сүйлөшүп турган атаны мээден нары келтирип туруп уруп калгандай эле болду бул кабар. «Уулуңар чоң имараттан боюн таштаптыр деп жатты ар жакта, изилдөөлөргө караганда  өз жанын өзү кыйган». Кың дей албай туруп калган атанын колунан трубка түшүп кеткенде гана эсине келди. Эсине келгени курусун, болгонду болгондой угуп жанында турган жубайынын эстен танып кулап баратканын коруп турса да кармаганга жетише албай калды. Ошол ошо болду. Канчалык кайра кайра телефон чалып, чын эле каза болгон өздөрүнүн уулу экенин тактап угушса да, балким адашкандыр деген үзүлбөгөн үмүт менен Сан-Франсискону көздөй жол тартты ата – эне. Полициянын айткан дареги боюнча дароо эле моргго кайрылышты алар Сан-Франсискодо. Эхх, тагдырдын адамдарды адаштыруусу, жаңылтуусу турмушта канчалык көп кездешсе да, бул жолу полиция жаңылбаптыр. Сакал чачы өсүп өңдөн азып кеткен уулунун сөөгүн дароо эле көргөзүштү. Ооба, канчалык өңдөн азып арыктап, сакал муруту өсүп жүдөгөн болсо да ата  - эне үчүн баласынын келбети дале сүйкүмдүү дале тааныш эле. Бирок... Бирок мына сөөктү өткөрүп алганда экөөнү тең оор соккуга дуушар кылган чоң өзгөрүү чыга келди алдыларына. Мындайды алар уулунан такыр күтпөгөн чыгар... Керилген жигитти кудум бирөө шылып алгандай жалгыз кол жана жалгыз бут менен өтүп жатты колдон колго....

Башына