Бешинчи сан

РОССИЯ МУСУЛМАНДАРЫ ЖАНА ТАТАРСТАН
Мазмуну
Мусулмандар азыркы мезгилдеги Россия Федерациясында азчылыкты түзгөнү менен мусулман калкы саны жагынан арбын экендиги жана алар менен Кремль да эсептешери чындык. Буга далил катары президент В.В. Путиндин 20 миллион мусулман калкынын атынан Ислам Мамлекеттеринин Уюмуна Россияны мүчө кылуу үчүн кайрылуу жасашын көрсөтсөк болот.
Көпчүлүгү татар, башкыр, карачай, кумук, балгар, ногой өңдүү бизге тектеш элдерден жана черкес, чечен, ингуш сыяктуу бизге тектеш эмес элдерден турган Россия Мусулмандары СССРдин кулашынанан кийин бир учурларда либералдык жана диний лидерлердин колдоосуна ээ болгон салттуу ислам менен түбү Жакынкы Чыгышка барып такалган ислам агымдарынан бирөөнү тандоого мажбур болду.
Россия мусулмандарын Америка жана Европада азчылыкты түзүп жашаган диндештеринен айрымалаган чоң өзгөчөлүктөр бар. Биринчиден, бул мусулмандар өз ата-мекенинде жашашса, экинчиден, расмий дини христиан болгон мамлекеттин өкүмдарлыгын нечен кылымдан бери таанып келет.
Башкырстандын борбор каласы Уфада башкырлардын элдик баатыры Салават Юлаевдин айкели тургузулган. Дал ошол баатырдын учурунан баштап, тактап айтканда, 17-кылымдан башталып болжолу бир кылымга созулган башкыр көтөрүлүшүн, 19-кылымдагы Имам Шамилдин Кавказдагы элдик күрөшүн жана соңку эки Чечен согушун эсептебегенде, 1552-жылы 2-октябрда Казандын Иван Грозный тарабынан басып алуусунан тартып азыркы күнгө чейин, 450 жылдан бери мусулмандар менен орустар тынчтыкта жашашууда.
Россия мусулмандарынын эң бейпил учуру XX-кылымдын башы эле. Акыры жексен болорун сезген падышалык Россия ошол мезгилде мусулмандарга өзгөчө кенен укуктарды берди. Мечиттердин көпчүлүгү ошол мезгилдерде курулган. Бирок бул эркиндик көпкө созулбады. Большевиктердин төңкөрүшүнөн кийин христиандар, иудейлер, шамандар сыяктуу эле мусулмандар үчүн да кыйын кезеңдер келди. Режимге каршы чыккандар түрмөгө отургузулду, сүргүнгө айдалды өлтүрүлдү, мечиттердин кай бирлери жок кылынды, калгандары кампа, маданият үйү... ж.б.у.с. имараттар катары колдонулуп калды.
Совет мезгилинде мусулмандар тили, диний түшүнүгү, кийим-кечеси, жашоо мүнөзү жана ой жүгүртүүсү боюнча орус коому менен интеграция болушту. Майрам, той, жаназа сыяктуу маанилүү учурларда мечитке баруу вазыйпасын аткарышса да, өз тилин мусулман тили деп эсептешкендиктен Москвада дагы 2000-жылдардын башына чейин мечиттерде, татарлардын айтымында, орусча сүйлөөнү жана кутпа окууну анчейин көп каалашпады. Москвадагы төрт мечиттен проспект Мира, Тарыхый Мечит, Москванын мэри Лужков курдурган Поклонная Гора мечиттеринде мурда татарча кийинчерээк орусча кутпа окулса, Отрадное мечитинде, башка мусулман жамааттардын нааразылыгына карабай, алигече татарча гана кутпа окулат.
Россия мусулмандарынын арасында Путиндин бийликке келишинин биринчи жылдарында Горбачев жана Ельцин мезгилинде берилген эркиндиктер тартылып алынат деген көзкараш таркаган болчу. Мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч туудурган бир катар маселелерде Путин өз позициясын көрсөтсө да, абал анчейин өзгөргөн жок.
Ельцин мезгилинде тарыхый жана географиялык шарттар эске алынып өтө кеңири укуктар ыйгарылган Татарстан жана Башкырстандын статустарында өзгөртүүлөрдү киргизип, бул эки республикага жөнөкөй автономия деген статус ыйгарылды. Татарстанда президент Шаймиевдин бийлиги латын алфавитине өтүүнү чечишкен жана 1999-2000 окуу жылында пилоттук аймактарда латын алфавитинде окуу процесстери жүргүзүлө баштаган. Чынында, Москвада жашаган татарлардын бир бөлүгү жана башкырлар бул процесстин башталышы али эрте деп ойлошсо да, баары бир Путиндин жүргүзгөн саясатына каршы экенин билдиришкен.
Россия Федерациясынын Европа бөлүгүнүн муфтийи Равил Гайнуддин РТР каналына берген интервьюсунда «Россия мусулмандары үчүн диний билим берүү жаатында кадрлар жетишсиз. Ушул боштукту Түркия жана Аль-Азхар университетинин жардамы менен толтуруудабыз» деген. 2005-жылдын октябрь айында россиялык бир гезиттеги репортажда «Ислам бүгүн Россияда мурда такыр албаган укуктарга ээ болду. Мусулмандар падышылык Россия же коммунисттердин мезгилинде да ушундай укуктарга ээ эмес эле» дегени маалымдалган.
ТАТАРСТАН
Аянты: 68. 000км2
Калкынын саны - 3.642.000. Борбор шаары - Казань
Татарстан Орто Волганын түндүгүндө, Россиянын Европа бөлүгүндө Кама жана Волга дарыялары кошулган аймакта жайгашкан. Волга дарыясы түндүктөн түштүккө карай агып, республиканын көпчүлүк аймагын суу менен камсыз кылат. Татарстан жалпысынынан алганда, жапыз жана дөбөлүү өрөөндөрдөн турат. Республиканын көпчүлүк бөлүгү кара топурак токойлуу талаа тилкесинде орун алган.
Азыркы күндөгү Казан татарлары Волга-Кама булгарлары менен бирге 13-кылымда Орто Азиядан көчүп келген кыпчак (куман) түрктөрүнүн урпактары. Бүгүнкү күндө татар аты Казан жана Крым татарларына карата колдонулат. Падышалык Россия мезгилинде татар аты бардык түрктөр үчүн жалпы ат катары колдонулган болсо да, кийинчерээк мындай атоодон баш тартылган. Татар аты, чындыгында, моңгол уруусунун аты. Крымдыктар жана казандыктар өздөрүн татар эли деп кабылдашат. Эдил–Урал аймагында жайгашкан Татарстандын калкы мусулман. Россияда падышалык кулагандан кийин (1917-ж., Февраль революциясы) саясий ишмердүүлүк арта баштады. Москвада 1917–жылы бүткүл Россия Мусулмандарынын Курултайы уюштурулуп, биринчи жолу падыша тарабынан дайындалбаган лидер шайланган. Ал Алимжан Баруди болгон. Ошол эле жылы Казанда өткөн курултай Борбордук Россия жана Сибир мусулман татарларынын автономиясын жарыялап мажлис курушту. 1917-жылы 29-ноябрда Эдил-Урал мамлекети жарыяланды. Бул мамлекет 1918-жылы большевиктер улуттук мажлисти таратканга чейин жашады. 1918-жылы 23-мартта большевиктер Советтик Социалисттик Татар-Башкырт Республикаларын негиздешти. Кийинчерээк ички проблемалардын натыйжасында 1928-жылы 29-майда Автономдуу Татар Республикасына айлантышты. СССРдин ыдырашынан кийин Татарстанда да чоң масштабда улуттук боштондук кыймылы башталды. 1992-жылы Татарстан толук саясий көзкарандысыздыгын жарыялап, Россиядан бөлүнүү ниетин билдирди. Тилекке каршы, Россиянын Парламенти буга каршы чыгышты. Бүгүнкү күндө Татарстан Россия Федерациясына караштуу автономдуу республика болуп эсептелет.
КАЛКЫ
Бүгүнкү күнү Татарстан Республикасынын калкынын жарымына жакыны түрк тектүү татарлардан турат. Болжолу 4 000 000 калкы бар Татарстанда шаарда жашагандар 51%ды, элет жергесинде жашагандар 49%ды түзөт. Дүйнөдө жашаган татарлардын 27%ы гана өз республикасында жашайт. Татарстандан тышкары башка жакта жашаган татарлардын саны 9 миллион. Казан татарлары меймандос келишет, ишенимдүүлүгү жана жакшы кулк-мүнөздөрү менен айрымаланат. Байыркы замандардан бери татар элинен жана татар хандарынан ар-намыстуулук жана абийирдүүлүк деген түшүнүктөр жашап келет.
АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК СИСТЕМАСЫ
Татарстанда 16 шаар жана 24 район бар. Булардын ичинен эң чоңдору: Бугулма, Зеленодольск, Алматьевск, Чистопол, Лениногорск, Нижнекамск, Набережные-Челны жана Казан. Татарстан Республикасында 1991-жылы Мажлис жана Президенттик шайлоодо президент болуп Минтимир Шаймиев шайланган. Министрлер кабинети президентке баш ийет. Мамлекет мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги болуп бийликтин үч бутагына бөлүнөт.
ЭКОНОМИКАСЫ
Татарстан экономикасында айылчарба жана малчарбачылыгы өнүккөнү менен тери иштетүү, текстил, металлургия жана мунай өндүрүү, табигый газ, учак заводу, компьютердик жана оптикалык жабдыктарды жасоочу заводдору да бар. Өнөржай жакшы өнүккөн. Жылына орточо эсеп менен 100 млн тонна мунай өндүрүлөт. Азык-түлүк, ичимдик, тамеки, кийим тигүүчүлүк, тактай тилүү, кагаз, резина, пластика, химия, жерсемирткич, айнек, электр, цемент, электроника, учак чыгаруу сыяктуу өнөржай тармактары да кыйла өнүккөн.
БИЛИМ БЕРҮҮ
Билим берүү орусча жана татар тилинде жүргүзүлөт. Элинин 99%ы сабаттуу. 1925-26-жылынан кийин латын арибине өтүшкөн. Бирок бул жагдай көпкө узабай, Түркиянын латын алфавитине өтүшү коркунуч катары бааланып, Совет бийлиги башка Түрк жумурияттарын кошкондо 1940-жылдарынан кийин латын арибин кирилл алфавити менен алмаштырган. Буга карабастан Татарстанда билим берүүдө улуттук жагына өзгөчө басым жасалууда. Татарстанда 13 университетте 70.000 студент окуйт. Казань университети - Европанын үчүнчү эски университети. Башталгыч мектептердин саны 63, анда 58.000 окуучу окуйт. 2320 орто мектепке 505.000 окуучу барат. Мамлекет боюнча 1800 китепкана бар жана 135 гезит жарык көрөт. 14-кылымда Исламды кабыл алган татарлар Түркстандын исламдашуусунда маанилүү рол ойногон. Татарстан Россия Федерациясынын эң бай жана эң өнүккөн республикасы.
Которгон: Төрөбай Эшеналиев