Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Ысырапчылык

Мазмуну

            Жараткан Алланын  жамы адамзаадага болгон ырайымдуулугу, мээрмандыгы жана сүйүүсү Анын сан миң баа жеткис нематтарынан байкалып турушу жалпы эле көкүрөгүндө ыйманы бар киши баласына маалым. Мындай кудайы нематтар адам уулуна акысы эч талап кылынбай белекке тартууланган. Кудай Таала Куран аяттарынын биринде мындай дейт: «Ал көк-асманда жана жерде эмне бар болсо, ошонун баарын силерге сунуп, (ыроолойт). Арийне, бул жерде ой-жүгүртчү коом үчүн көптөгөн ибарат-сабактар бар»
            Бул жерде, аятты «эми нематтар бизге белек катары берилиптир, аны каалаганыбыздай, ой келди жакка жумшаш керек» деп түшүнбөө абзел. Ар бир нематтын пайдаланыла турган өз орду болот. Асыресе, дагы башка бир аятта мындайча буйурулат: «Инсан эмне, өзүн жөн гана, эч максатсыз жаратылган, деп ойлоп жатабы?!»
            Демек, Кудай Таала тарабынан биз адамзатына ыроолонгон сан жеткис нематтарды дайыма кудайы буйруктардын жана тыйуулардын негизинде  колдонууга аракет кылуу - зарыл иш. Бул иш, нематтарды ар дайым ак менен караны, адал менен арамды эстен чыгарбай, жакшылыкка гана пайдалануу, деген түшүнүк менен аныкталат. Нематтар жогоруда айтылган негизги эрежеден сырткары колдонулган чакта «ысырапчылык»- деген жат ишке кадам ташталган болот. Ысырапчылык шариятта арам иш катары каралат. Анткени ысырапчылык - бул, адам баласын бакытка алып баруучу кудайы мыйзамга баш ийбей, Алла Тааланын жакшылыгына кыянаттык кылып, жакшылыкты тепсөө, дегендикке жатат.   
Бизде  «ысырапчылык»-деген сөз, мал-дүйнө, байлык үчүн гана колдонулат. Ошентсе да, бул анын бир гана бөлүгүн камтыйт. Чынында анын түпкү мааниси терең, кең. Ысырапчылык деген, материя менен гана чектелчү түшүнүк эмес. Ысырапчылык - бул, адамдын ойуна келген бардык материалдык жана рухий баалуулуктарды өз ордунан тышкары, чек тааныбай пайдалануу, дегенди түшүндүрөт.  Демек, кудайы мыйзамдарга баш ийбөө, бул -ысырапчылык.
Ысырапчылык туурасында Ислам аалымдарынан бири Ияз (Алла Таала ага өз ырайым-мээримин төксүн!) мындай дейт: «Алла Тааланын буйруктарына ылайык келбеген ар бир иш бул-ысырапчылык»
Жараткан Кудай Таала ысырапчылыктан да, сараңдыктан да алыс болушубузду буйурат. Мына ошондуктан  ысырапчылыкка да, сараңдыкка да жол бербей жашоо – бул мусулман баласынын үлгүлүү жашоосу. Ар дайым ушул эки жат көрүнүштүн ортосунда теңсалмактуулукту сактоого аракет кылуу абзел.
Бизди дүйнө жана акырет жашообузда бактысыздыкка, зыянга алып барчу ысырапчылыктын эң негизгилерин мындайча тизмектөөгө болот:

            А. Ыйман жана ишенимде ысырапчылык.

            Ысырапчылыктын эңкоркунучтуусу - бул, ишенимдеги ысырапчылык эсептелинет. Бул деген, акылыбыздын жана көөдөнүбүздүн тизгинине ээ чыгалбай, акыл-эси жайында болгон адамдын ой-жүгүртүүсүнө, акылына сыйбаган туура эмес түшүнүктөргө, мифтерге, жомокторго ишенип, анын негизинде жашоо курууга аракет кылуу, төрөлгөндө эле жаныбызга ширетилип куюлган «Ислам-түз туура жол; ак менен караны, жалган менен акыйкат-чындыкты айырмалоо» -деген жөндөм, аң-түшүнүктү четке кагып, наадандыктын туңгуюгуна мадалып, түбөлүк бакыт жашоодон куржалак калуу дегендик.    
Ой-жүгүртүүнүн өзү эле чоңнемат. Мына ушундай баа жеткис ойлонуу деген жөндөм- шыкты туура эмес максатта колдонуу, ыйманга түздөн-түз залакасын тийгизет. Кудай Таала туура ой-жүгүртүүгө залакасын тийгизчү жат көрүнүштөрдөн оолак болуу үчүн мындайча эскертүү берет: «Аяттарыбыз туурасында ар кандай (туура эмес) сөз сүйлөгөндөрдү көргөнүңдө, башка сөзгө өткөнгө чейин алардан оолак бол! Эгер шайтан сага унуттуруп алар менен отуруп калсаң, эстээриңменен ал жерден басып кет!»
Ислам жөнүндө терс көз караштагы, өзүнүн пикири жаңылыш болсо да сөзүнөн,ойунан кайтпаган, дин Исламды түшүнгүсү келбеген адам менен ымала куруу, мамиле түзүү мусулман адамга кандайдыр бир даражада терс таасирин тийгизүүсү толук мүмкүн.
Ыйман ысырапчылыгынын эңбашкы себептери Куран аяттарында мындай берилет: «Бейиштегилер күнөөкөрлөрдөн: Силердин ушундай алоолонгон тозок отуна түшүп калышыңарга эмне себеп болду? – деп сурашат. Күнөөкөрлөр болсо мындай деп жооп кайтарышат: Биз дүйнөдө жүргөнүбүздө намазга турбай, кедей-кем багалдарга жардам берип алардын курсагын тойгузуп койгонго жарабай, дүнүйөнүн аркасынан сая куугандар менен кошо биз дагы ошол байлык, мансаптын аркасынан сая кууп, такыр эле аркасынан түшүп алган элек. Жаза-кыямат күнүнө дагы ишенчү эмеспиз.»
            «Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула! Туура-түз, (Алланын жолунда) жүргөндөр менен бирге болгула!»
            Демек, көөдөн көзү менен мыйзамга ылайыксыз келген нерселерди караган, Алла Тааланын айдан ачык аяттарын түшүнгүсү келбеген кишилер, рухий жоготууга дуушар болуп, ишеним ысырапчылыгына кадам таштаган адамдар катары каралат.
Куранда ысырапчылыктын жана жалган сүйлөөнүн кесепети туурасында мындайча баян этилет: «Кудай Таала ысырапкор жана жалганчы адамдардын туура-ак жолго түшүүлөрү үчүн атайын, өзүнчө багыт-жол ачып бербейт»
Ооба, ишенимде адашуу бул- эңчоң, эңкоркунучтуу ысырапчылык. Ишенимде адашуунун өз ичинен дагы, эңэле коркунучтуулары бар. Мындай адашуулардын бири салих-Кудайдын жолунан тайбаган адамдардын мүрзөсүнө барып, анын арбагына-рухуна Куран окуп, анан болгон муктаждыктарын түздөн-түз ошол адамдан сурап, жалынып-жалбаруу. Бул өтө чоңжаңылыштык. Себеби дин Исламда жалгыз Улуу Алла Тааладан башка заттарга жалынып-жалбаруу, муктаждыгын айтып тиленүү, Кудайга эч качан шерик-орток кошпоо деген аруу түшүнүккө терс, каршы. Кудайга шерик кошуу – бул, эч кечирилгис иш. 

            Б. Ибадатта ысырапчылык

            Ар бир ишти так, толугу менен, майын чыгара жасоо, бул- динибиз Исламдын мусулман баласына койгон талабы. Мусулман баласы бир ишти майын чыгара жасоого аракет кылышы абзел.
Ибадатта ысырапчылыкка даарат же гусул алууда сууну ашыкча колдонуу да кирет. Арийне, күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз даарат алып жаткан Саад деген жигитти көрүп:
-Саад, эмне ысырап кылып жатасын?!-дейт, анда Саад:
-Дааратта да ысырап болмок беле?- дейт. Анда Алланын Элчиси:
-Ооба Саад, агып жаткан дарыянын үстүндө даарат алып жатсаңдагы!» деп жооп кайтарат.
Мүмкүнчүлүк болуп туруп жамаат менен намаз окуудан баш тартуу, намазды жөн гана парздан кутулуу үчүн гана, рухий деми жок, көөдөнсүз окуу  да ибадаттагы ысырапчылыкка жатат. Намазды көңүлсүз окуган адамдар жөнүндө Кудай Таала мындай буюрат: «Эх, намазды ошондой абалда окугандарга кандай гана өкүнүчтүү! Алар намазды оңой-олтоң, жөнөкөй иш катары көрүшөт. (Намазга маани беришпейт)» 
Мухаммед Пайгамбарыбыз да куттуу хадистеринин биринде мындай дейт: «Бир адам намазга турат. Бирок ал намаздын жартысы же үчтөн бир бөлүгү, төрттөн бир бөлүгү, бештен бири, алтыдан бир бөлүгү, жетиден бири же сегизден бир бөлүгү же болбосо тогуздан бир бөлүгү, жадагалса ондон бир бөлүгү гана өзүндө калышы мүмкүн»
Демек, Алла Таала биз алсыз пенделеринен акыл, ой, аң-сезим, ички дүйнө көөдөн, чын дил менен ибадат кылуубузду каалайт. Жараткан Алла: «Саждага жыгылгын да мага жакын кел!»-деген жарлыгы менен, маңдайыбыз саждада турган кезде, жүрөк ааламыбыз менен Улуу Кудай Алланын алдында жалынып-жалбарып, тиленип дуба кылган абалда болушубузду буйурат. Чындыгында эле адамды момун-мусулмандыктын туу чокусуна алып барчу күч – бул, акыл менен көөдөндүн биригиши.
Аяттардын биринде намазды толугу менен окуган момун-мусулмандарга мындай сүйүнчү берилет: «Момундар (тозок отунан) кутулушту. Анткени алар намазды хушуу менен окушат»
Исламдын беш негизинен бири- орозо жөнүндө Пайгамбарыбыз: «Кимде-ким калп-жалган сүйлөөнү токтотпой, бирөөнү алдап, анын акысын жеп иш кылса, Алла Таала анын орозо кармап ач калышына эч кандай баа бербейт» «Орозо кармаган нечелеген адамдар бар, бирок алар ач болгону болбосо, андан эч кандай сооп табышпайт»
Рамазан айында жалганчылык, ушак-айың, уурулук кылуу өңдөнгөн терс жоруктарды жасоо менен орозо кармоо, бул- орозо ысырапчылыгы. Рамазан айы бул- ырайымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, берекенин, айкөлдүктүн айы.


(уландысы бар..)   

Башына