Бешинчи сан

Журналдын бешинчи саны

Куран жана сүннөттө Курмандык чалуу

Мазмуну

Доцент, доктор Өмер Челик

Момун мусулман - Аллага кулдук кылуу сезими менен жашаган жана жашоосундагы эң зарыл муктаждыктарын да ибадатка айлантууга күч жумшаган адам. Анын эң башкы максаты - Улуу Жаратуучусуна жакын пенде болуу. Ошондуктан ал ар түрдүү ибадат-мамилелер, кыймыл-аракет, иш-кызматтарын бул максатка жетүү үчүн тепкич кылат жана бул тепкичтер менен жогорулоого аракет жасайт. Курмандык чалуу ибадаты да бул максатка кызмат кылган эң маанилүү ибадаттардын бири болуп эсептелет.
Курман - «жакындоо» деген мааниге келет. Аллага жакындоону, моюн сунууну жана байлыкты Алла жолуна багыштоону, шүгүр кылууну билдирет. Фыкых илиминдеги (Ислам укугу илими) терминологиялык мааниси: «белгилүү бир убакта, белгилүү бир жаныбарды ибадат максатында өз эрежеси менен союу».
Кураны каримде Курмандык ибадаты тууралуу аяттар бар. Алар курмандыктын тарыхын, союлушун, чалынуучу жаныбардын абалын, кандай ыклас, кандай ниет менен аткаруу керектигин камтыйт:

  1. Курмандык тээ Адам пайгамбардын доорунда башталган. Аз. Адамдын эки уулунун Курмандык чалуулары, булардын бирөөсүнүн Курмандыгынын кабыл болушу жана экинчисинин четке кагылуусу аятта төмөндөгүдөй сүрөттөлөт: «Аларга Адамдын эки уулу жөнүндөгү кабарды чындык менен окугун. Ошондо ал экөө Курмандык кылышканда, бирөөсүнүкү кабыл болуп, экинчисиники кабыл болбой калган эле. Ошондо ал: «Касам ичем, сени өлтүрөмүн» дегенде, бир тууганы айткан эле: «Алла такыбаалардын гана (Курмандыктарын) кабыл кылат»

            Тафсирчилердин көпчүлүгү бул эки уул аз. Адамдын уулдары Кабыл менен Абыл экендигин, кээбирлери болсо булар Исраил уулдарынан чыккан эки адам экендигин айтышкан. Бирок бул окуядан сабак алуу үчүн каармандардын ким экендиги өтө деле маанилүү болбогондуктан, жөн гана «Адамдын эки уулу» деп айтылган.  «بالحق -чындык менен» сөзү мунун уламыш эмес, окуянын чындык экендигин белгилейт. «Курман» жогоруда айтылып өткөндөй Аллага жакындоо үчүн чалынган курмандык болсо да негизги мааниси Аллага жакындоо үчүн сунулган ар түрдүү нерсеге да айтылат.

  1. Аз. Ибрахим түшүнө байланыштуу уулу Ысмайылды курмандыкка чалууну каалаган. Бирок Алла таала анын ордуна көктөн бир кочкор жөнөткөн. Буга байланыштуу аятта мындайча айтылат: «Эми качан ал (бала Ибрахим ) менен жүрө турган болгондо,(Ибрахим): «Эй уулум, мен түшүмдө (улам)  сени (курмандык үчүн) союп жатканымды көрүп жатам. Эми сен (\з=н бул т=шт=) жоруп көргүн»,-деген эле, ал айтты: «Эй ата, (түшүңдө Раббибиз тарабынан) буйрулган ишти кылгын. Иншаалах (эгер Алла кааласа) мени сабыр кылуучулардан табаарсың» (Саффат 37/102) Аяттын уландысы төмөнк=ч\: «Ошол убакта экөө тең (Алланын буйругуна) моюн сунуп, (эми Ибрахим өз уулу Ысмайылды Курмандыкка чалуу үчүн) бешенеси менен (жерге) жаткырган эле. Биз ага добуш салдык: «Эй Ибрахим, акыйкатта (көргөн) түшүңдү ырас аткардың». Албетте биз жакшы иш кылуучуларды мына ушинтип сыйлайбыз. Албетте бул (Ибрахимдин өз уулунун Курмандыкка чалуу үчүн буйрулушу) ачык-айкын сыноо үчүн гана. Биз Ысмайылдын ордуна (Ибрахимге чоң бир кочкор) союуну Курмандыкты орун басар кылып бердик» (Саффат 37/103-107).

            Аз. Ибрахим бул түшүн кадимки эле түш сыяктуу ойлобостон, Алланын вахийи катары түшүнгөн жана аны аткарууга бел байлаган. Аз. Ысмайыл да моюн толгобостон чын көңүлү менен атасына макул болгон. Ал эми карыганда көргөн жалгыз уулун жерге жаткырып, колундагы бычак менен Алла ыраазычылыгы үчүн союуга даярдануусу себебинен Алланын чексиз ырайымдуулугунун жана боорукердигинин белгиси катары көктөн курмандык үчүн бир кочкор түшүрүлгөн. Аятта айтылып өткөн «чоң бир курмандык» сүйлөмүнөн «кочкор» деген маанини түшүнсө болот жана мунун минтип аталуусунун бир топ себептери бар:
а) Анын аз. Ибрахимдин урматы үчүн жөнөтүлүүсү жана сабырдуу, тайманбас уулунун жанынын ордуна белек болуусу. Ошондуктан Алла таала аз. Ибрахимдин теңдеши болбогон курмандык чалуу ниетин бул кочкор менен орундатууну каалаган.
б) Аз. Ибрахимдин сүннөтүнүн кыяматка чейин улануусу жана мусулмандардын ар дайым бул окуяны жандыктарды курмандык чалуу менен аткаруусу.

  1. Мусулмандарга курмандык чалуу буйругун бул аяттан көрүүгө болот: «Раббиң үчүн намаз окугун жана (жандык) союп курмандык кылгын!» (Кавсар 108/2)

Тафсирчилердин көпчүлүгүнүн ою боюнча, бул аят Курман майрамы намазын окууну жана намаздан кийин курман чалууну билдирет. Бул аяттан мурунку жана кийинки аяттарды эске алып караганда мунун мааниси төмөндөгүдөй болот: «Эй пайгамбар, Раббиң сага ушунчалык жакшылык кылды жана өтө көп нематтарды берди. Ошондуктан сен ал үчүн намаз окугун жана курмандык чалгын!» Бул буйрук келгенде бир гана Курайш же Аравиядагы мушриктер эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү мушриктер өздөрү жасап алган кудайларына ибадат кылышчу жана аларга арнап курмандык чалышчу. Бул жердеги максат мушриктердин кылганынын терсине намаз жана курмандыкты бир гана Алла үчүн аткаруу болуп эсептелет. Себеби Алла үчүн окулбаган намаз намаз болуп эсептелбегендей эле Алла үчүн чалынбаган курмандык да курмандык эмес. Жада калса Алланын аты аталбастан жана билип туруп муну аткарбаган же Алладан башкасынын аты аталып мууздалгандар «Алладан башка нерсе үчүн мууздалган» (Маида 5/3) өкүмүндө болот жана союлган катары эсептелбейт, өлгөн айбан сыяктуу жегенге арам болот.

  1. Курмандык мурунку башка диндерде бар болгон ибадат. Аятта мындайча айтылат:

«Биз (силерден мурдагы момун үммөттөрдөн да) бардык үммөткө (Алла) аларга
ырыскы кылып берген үй айбандарынын үстүндө туруп Алланын атын зикир кылуулары үчүн Курмандык чалууну буйруганбыз. (Баарыңардын) Илах-кудайыңар бир Кудай. Демек, ага моюн сунгула. Баш ийүүчү заттарга куш кабар бергин» (Хаж 22/34).
Аятта билдирилгендей курмандык чалуу вахий берилген бүт диндерде бир гана Аллага ибадат кылуунун маанилүү бөлүгүн ээлейт. Алла таала жүрөктөргө тавхид сезимин жайгаштыруу үчүн өзүнөн башка бирөөгө атап курмандык чалууга тыюу салган. Ошондой эле Алладан башка бирөөгө сажда кылуу, андан башкасынын атына касам ичүү, орозо тутуу, Алла белгилеген жерлерден башка жерлерди ыйык деп эсептеп зыярат кылуу сыяктуу диндин тавхид негиздерине терс болгон ар түрдүү кыймыл-аракеттер арам кылынган.
5. Курмандык чалуудагы негизги максат Аллага жакындоо жана бир гана анын ыраазычылыгына жетишүү болуп эсептелет. Төмөнкү аят ушул чындыкты баяндайт:
            «Аллага (кылган Курмандыктардын) эттери да, кандары жетпейт. Бирок ал затка силердин такыбаалыгыңар, ыкласыңар жетет. Алла силерди туура жолго салганы себептүү Ал Затты улукташыңар үчүн (тактап айтканда, Курмандыгыңарды чалып жаткан чагыңарда Алланын ысымын эстешиңер үчүн) аларды силерге моюн сундуруп койду. Жакшылык кылуучуларга куш-кабар бергин» (Хаж 37).
Тактап айтканда, союлган жандыктын эти жана каны жерде калат, пендеден Аллага бир гана такыбаалык жетет. Силердин көңүлүңөрдү Алланын буйругун аткарып ага урмат менен мамиле кылууга жана силерди ыклас менен Аллага жакындоого чакырган нерсе - такыбаалыгыңар. Айрыкча бул аят Аллага ибадат кылуу үчүн союлган курмандын маанилүү шартын белгилейт. Курмандык бир гана чын ниет жана такыбаалык менен союлса, Алла кабыл кылат. Бул аятта ошол эле мезгилде исламдан мурунку араптардын курмандыктын эттерин Каабага алып барып кандарын анын дубалдарына сүртүү жолу менен аткарган адаттарына тыюу салган.
Аяттагы «Ал Затты улукташыңар үчүн» сүйлөмү бул жандыктардын башкаларга эмес, Аллага таандык болгондугун тастыктоо үчүн курманды союп жатканда Алланы улуктоо керектигин, тактап айтканда, «Бисмиллахи Аллаху Акбар» деп айтуу керектигин билдирет. Курман союп жатканда айтыла турган сөздөрдүн бирөөсүн төмөндө айтып өтмөкчүбүз: «Аллахумма минка ва лака» : «Аллам, бул жандык сенден келген жана сен үчүн, сага арнап союп жатам» Ансыз деле Алладан башка бирөөнүн наамына атап жандык союу арам жана буга көңүл бурбагандарды аз. Пайгамбар: «Алладан башка бирөөнүн атын атап жандык сойгондорго Алла тааланын наалаты болсун!» (Муслим, Эдахи,43-45) сыяктуу сөздөрү менен эскерткен.
6. Төмөндөгү аят курмандыкты кайсы дубаны окуп жана кандай ниет менен союу керектигин баяндайт:
«Айткын (эй Мухаммед): «Албетте намазым, ибадаттарым, тирилүүгүм жана өлүгүм бүткүл ааламдардын Раббиси болгон Алла үчүн. Ал заттын бир да шериги жок. Мына ушуга (жалгыз Аллага сыйынууга) буйрулганмын. Демек, мен мусулмандардын алгачкысы-биринчисимин» (Анам 162-163). Башкача айтканда, бүтүн жашоом Алла үчүн. Анын эч бир шериги жок. Ар бир ибадат, ар бир ишти ушул ниет жана ыклас менен аткаруу керек. «Демек мен мусулмандардын биринчисимин, Алланын буйругуна моюн сунгандардын алгачкысымын, эң баштамын» деген сүйлөмү Пайгамбарыбызга буйрук кылынган нерселер, аларды аткаруу бир гана ага тийиштүү болбостон бүт мусулмандарга тиешелүү экендигин жана аларды аткаруу керектигин билдирет.
Пайгамбар (с.а.в.): «Мүмкүнчүлүгү бар болуп, бирок курмандык чалбаган адам биздин намазканабызга жакындабасын» (Ибни Маже, Эдахи, 2) деп айтуу менен курмандык чалуунун мусулмандар үчүн өтө маанилүү экенин билдирген.
Курмандык чалуу ибадатынын буйрук кылынуусунун биртоп себептери бар. Алар төмөндөгүлөр:
1. Алла таалынын буйругу болгондугу үчүн курмандык чалган мусулман муну менен Алланын бардык буйруктарын аткарууга даяр экендигин көрсөтөт. Анын жолунда ар түрдүү жакшылык иштерин аткара ала турганын, керек болсо байлыгын, жанын Алла үчүн берүүгө даяр экендигин белгилейт. Негизгиси - өз жанын Аллага жана анын динине арнай билүү. Бейишке киришибизге да ушул нерсе себеп болот.
2. Курмандык - аз. Ибрахим жана аз. Ысмайылдын Аллага болгон моюн сунуусунун белгиси. Ошондуктан курмандык чалуу аз. Ысмайылдын Курман болуудан кутулуусун эскерүүгө себепчи болуп эсептелет. Алла таала бул эки пайгамбарын өтө оор сыноого туш кылып, алардагы ишеничтүүлүк жана моюн сунуунун туу чокусун түбөлүк мисал кылып берген.
3. Курмандык, өңүндө мындай турсун, үч уктаса түшүндө эт көрб\г\н кедей-кембагалдар Алланын бул нематынан даам татууга мүмкүнчүлүк жаратат.
Колубуздагы ар түрдүү нематтардан Алла жолунда садага кылуубуз керек. Балдарыбызды динге жана адамзатка адал кызмат кылууга үйрөтүп, аларды ушул жолго багышташыбыз керек.
Кыргызстан калкын жана бүтүн мусулмандарды Орозо айы жана Рамазан Майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Которгон: Себетов Жаркынбай

Башына