Төртүнчү сан

Журналдын төртүнчү саны

Мен канчалык мусулманмын?

Мазмуну

Ашимов Жумашбек

  Бул окуя Европа мамлекеттеринин биринде мусулман эркек менен христиан аялдын ортосунда болуп өткөн. Бул эки жаш бири-бирине ашык болуп, акырында баш кошуу чечимине келишет. Бирок жигиттин үй-бүлөсү (жигиттин өзү да) баш кошууга каршы чыгып, кыздын мусулман болуп, исламды кабыл алуусун талап кылышат. Араларындагы тунук сүйүүдөн баш тарта албаган кыз бул шартка макул болот. Бир чети, ал кыз өзү тутунган христиан динин бекем тутунбагандыгы үчүн ага дин алмаштыруу анчалык деле кыйынчылыкка турган жок. Ошентип эки жаш муфтийге барышып, дин алмаштыруу жөрөлгөсүн өткөрүшөт. Үйлөнүп баш кошушат.

         Турмуш жолун жаңы баштаган жаш келин ислам динине кирүүгө жана аны үйрөнүүгө абдан басым жасайт. Балким сүйүктүү жарын катуу сүйгөндүгү же жаңы үй-бүлөгө дагы да жагымдуу болуу үчүн бул ишке баргандыр. А балким чынында эле диндар мусулман болгусу келгендир. Айтор, исламды ар тараптан үйрөнүүгө шашат. Ислам жөнүндө китептерди окуйт. Диндар кыздар менен дос болуп, алардан Куран окуганды үйрөнөт. Натыйжада исламдын негизин жакшы билген мусулманга айланат. Жашоосу бүтүндөй башка нукка өзгөрөт. Бара-бара намаз окуй баштайт. Жоолук салынып, узун кийимдерди (ислам шариятындагыдай) кийүүгө өтөт. Жада калса, адеп ахлагына, коом менен болгон мамилерине да көңүл бура баштайт.
Ал эми күйөөсү болсо, өзүн төрөлгөндөн бери мусулманмын деп эсептегени менен ислам динин толук билбейт. Аялы сураган диний суроолорго эптеп-септеп жооп берип кутулат. Ошентип күндөрдүн биринде умра мезгили келет. Аял жолдошуна:

         - Умрага барып келбейлиби? – деп сунуш кылат. Мындай сөздү биринчи жолу уккан жолдошу таң калып:
- Умраң эмне? - деп сурайт. Жубайынан исламды үйрөнөм деп жүргөн келин, жубайынан мындай суроону уккандан кийин жубайынын исламдан анчалык деле кабардар эмес экендигине толук ишенет. Ал тургай, жолдошунун намазды толук окубагандыгын, исламды аялы билгенчелик билбегендигин ойлоп, «Менин мусулман болуумду каалаган күйөм кандай мусулман болуумду каалады эле...?» деген ойго чөмүлөт.
Чындыгында, кыска убакыт ичинде мусулман болуп, Хелга атын Фатима кылып өзгөрткөн бул келин менен узун убакыттан бери мусулман болуп келе жаткан күйөө баланын ортосундагы диний айырмасы чоң болчу.
Албетте мунун баары исламга чын жүрөктөн берилүү, ага маани берүү жана үйрөнүүгө болгон аракеттин натыйжасында келип чыккан көрүнүш.

 

 

«Мен канчалык мусулманмын?» суроосу күндөрдүн биринде суракка тартыла тургандыгын билген адамдар үчүн «өзүн өзү көзөмөлдөө» куралы. Ошондой эле баардык иштерди Алла ыраазычылыгы үчүн жасоого көмөк болот.

         Ислам - Алла таала тарабынан түшүрүлгөн дин. Башкача айтканда, адамдарга Алла тарабынан билдирилген диний өлчөмдөрдүн жыйындысы.
Мусулман болсо, исламды жашоо мыйзамы деп кабыл алган жана жашоосун ошого жараша калыптындырган адам. Ар бир мусулман исламды жеке инсандык көз карашы менен жоромолдойт. Ошондуктан исламды кабыл алууда жана аны күнүмдүк жашоодо айрымачылыктар болуусу мүмкүн. Бирок, негизги максатыбыз «Алланын ыраазычылыгына жетүү» болсо, катачылык болбостур.
Эгер биз жаңыдан гана мусулман болгон болсок, жана мусулманчылыгыбызды маанилүү деп эсептесек, анда «калимаи шахадатты» айтып, ыйман келтиргенден кийинки аткара турган ишибиз адам баласынын жашоосундагы ислам рамкасын таанып билүү. Андан кийин мыйзамдарын күнүмдүк жашоодо аткаруу.
Эч шек-күмөнсүз ислам дини биздин инсандык мамилебизди тагыраак айтканда, аң-сезимибизди, ички дүйнөбүздү, ал тургай баардык органдарыбызды жүрөк сезими менен кыймылга келген жаңы адамгерчиликке өзгөртөт. Эски жашообузду исламдын чөйрөсү менен жаңыдан калыптандырат.
Ошондой эле, ислам дини бүтүндөй аалам менен байланышы бар, бүтүндөй ааламды курчаган дин болгондугу үчүн асман менен жердин ортосундагы бардык нерселерден жоопкерчиликтүү болууну үйрөтөт. Тактап айтканда, Алланы жана анын Пайгамбарын (с.а.в.) сүйүү, коомдогу адамдар менен жакшы мамиледе болуу, жаман мүнөздөрдөн арылуу, Алладан коркуу, андан мээримдүүлүк тилөө, кетирген каталарды, күнөөлөрдү моюнга алып тобо кылуу, жокко сабыр, барга шүгүр кылуу, кичи пейил болуу, улууларга урмат, кичүүлөргө ызат көрсөтүү, байлык-бийликтин артынан түшүүдөн алыс болуу, ата-энеге жакшы мамиле кылуу, балдарды ислам тарбиясы менен тарбиялоо, тууган-урук менен карым-катнашты үзбөө, адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзүү, аманатка кыянаттык кылбоо, барына бирдей мамиледе болуу... деги койчу, санай берсең сан жеткис жакшылыктарга үйрөтөт.
Мына ушундай төрт тарабы төп келишкен эч бир кемчиликсиз динибиз бар. Бирок аны тутунган мусулмандардын баары бирдей эмес. Кээ бир мусулмандар жогоруда сөз кылып өткөн жигит сыяктуу төрөлгөндөн бери мусулман болсо да, кайдыгер. Ал эми кээ бири болсо, ал жигиттин аялы сымал диндар, такыба болушат. Ырас, балким биз өзүбүздү чыныгы мусулман деп эсептеген менен чын-чынына келгенде алсыз мусулман болушубуз мүмкүн. Башкача айтканда, динде кайдыгер экендигибиз жөнүндө өзүбүздүн кабарыбыз жок чыгар. Ошондуктан «мен канчалык мусулманмын?» деген суроо мусулмандарды дайыма контролдоп турган каражат. Эгер биз бүгүн мына ушундай суроолорго жооп таап, өзүбүздү оңдоп түздөбөсөк, кыямат күнү мындан да татаал суроолор менен суракка тартылаарыбызды унутпаганыбыз дурус. Адам баласы үчүн бул дүйнөдө каталарын оңдоп, кемчиликтерин толуктоого мүмкүнчүлүк бар. Ошон үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чыныгы мусулман болуу үчүн колдон келген баардык күч-аракетибизди жумшайлы. Ичээр суубуз, жашаар күнүбүз бүтүп Жаратуучубуздун алдына барганда жүзүбүз жарык болсун.

«Мен канчалык мусулманмын?» суроосу «жаратуучум менен болгон мамилем канчалык туура, Куран өкүмдөрүн кандай деңгээлде аткарып жатам, пайгамбарга болгон ыйманым жана анын сүннөтүн аткаруум кандай абалда, булардын баары күнүмдүк жашоомо канчалык чагылууда, окуган намаздарымдын жана туткан орозолорумдун канчасы кабыл болууда?» ж.б.у.с.маанилерди ичине камтыйт.

         Урматтуу окурман! Кел эмесе ойлонуп көрчү, сен канчалык мусулмансың?!

Башына